Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 10-марты № 151
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын юридикалык жак статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын системасында мамлекеттик бийликтин функцияларына жана юридикалык жактын статусуна ээ болгон төмөнкүдөй ведомстволук бөлүмдөр бар экендиги белгиленсин:
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик агенттик;
- министрликтин алдындагы, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик кызмат;
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик инспекция;
- мамлекеттик органдын алдындагы департамент;
- мамлекеттик органдын алдындагы фонд;
- мамлекеттик органдын алдындагы борбор.
Аймактык түзүмдөр министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик кызматта, мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлүшү мүмкүн.
Башка ведомстволук бөлүмдөрдө аймактык түзүмдөр, эреже катары, түзүлбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Администрациялык реформага бүтүндүк жана системалуулукту берүү максатында мамлекеттик органдарды түзүү, өзгөртүп кайра түзүү төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен жүргүзүлсүн:
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат - тиешелүү аймактык түзүмдөрү бар белгиленген чөйрөдө ушул мамлекеттик органдын функцияларын аткаруучу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү;
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик инспекция - тиешелүү аймактык түзүмдөрү бар ушул мамлекеттик органдын контролдоочу жана инспекциялык функцияларын аткаруучу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү;
- департамент - башка мамлекеттик органдар менен координациялоону талап кылуучу ушул мамлекеттик органдын маселелерин чечүү максатында түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм;
- борбор - мамлекеттик органдын маалыматтык чөйрөдөгү маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм;
- фонд - социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча программалык-максаттуу башкарууну чечүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдарга карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |