КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 10-марты № 169 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Коргоо жаатындагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын
Конституция-сына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри аталган мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №517 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана коргоо жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"
токтому күчүн жоготту дептабылсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын коргоо иштеринин негиздерин жанааны уюштурууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин; уюштуруу-укуктук фор-масына карабастан юридикалык жактардын милдеттерин, Кыргыз Республика-сынын жарандарынын коргоо жаатындагы укуктарын жана милдеттерин; коргооүчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды; Кыргыз Республикасынын Ку-ралдуу Күчтөрүнүн курамын, түзүмүн жана арналышын; коргоо жаатындагыКыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти анык-тайт. I бөлүм Жалпы жоболор 1-берене. Коргоонун негиздери Коргоо улуттук коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эњ маанилүүфункцияларынын бири болуп саналат, мунун өзү куралдуу коргонууга даяр-дык боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана баш-ка чаралардын системасы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемен-дигин, аймактык бүтүндүгүн, коомун жана жарандарын куралдуу коргоонутүшүндүрөт. Коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун негиз болуучу принциптерине жананормаларына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге ылайык уюштурулат жана ишке ашырылат. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоо максатындаКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр),башка аскердик түзүмдөр, аскердик-экономикалык камсыздоонун бирдиктүүсистемасы түзүлөт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик милдет-тери жана мамлекеттик органдардын, уюштуруу-укуктук формасына карабас-тан юридикалык жактардын, ошондой эле транспорттук каражаттардын ээле-ринин аскердик-транспорттук милдеттери белгиленет. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн куралдары, ас-кердик техникалары жана мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат жанааларда чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда болот. 2-берене. Коргоону уюштуруу Коргоону уюштурууга төмөнкүлөр кирет: 1) согуш коркунучун жана согуш кооптуулугун болжолдоо, аныктоо жа-на баалоо; 2) коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишкеашыруу; 3) коргоо жаатында укуктук жөнгө салуу; 4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү түзүү, даярдоожана коргоого даяр абалда кармап туруу, ал эми мамлекеттин коргонуу по-тенциалын - коргоо мүмкүнчүлүгүн зарыл болгон жетиштүүлүккө чейин өзубагында жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү абалда кармоо; 5) коргонууну камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө мамлекеттинжана мамлекеттик органдардын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы; 6) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгили-нин шарттарында иштөөгө өткөрүүнү уюштуруу жана мобилизацияны пландоо; 7) калкты, аскердик үйрөтүлгөн резервдерди жана Кыргыз Республика-сынын аймагын коргонууга даярдоо; 8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын жана аба мейкин-дигин кайтаруу жана коргоо; 9) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн курал-жарак-ка, аскердик техникага, ок-дарыларга, аскердик-техникалык, буюм мүлккө,азык-түлүккө, күйүүчү-майлоочу материалдарга жана башка материал-дык-техникалык каражаттарга болгон тынч убактагы жана согуш мезгилинде-ги керектөөлөрүн канааттандыруу; 10) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин запастарын, мам-лекеттик азайбас запастарды түзүү; 11) курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып алуу, ошон-дой эле алардын запастарын түзүү; 12) коргоо жаатындагы мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды кам-сыз кылуу жана сактоо; 13) аскердик илимди жана аскердик кадрларды даярдоо системасынөнүктүрүү; 14) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү башкаруу сис-темасын түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле коргонуу кызыкчылыгында ра-диожыштык спектрин колдонууну пландоо; 15) аскердик иштерге байланыштуу курчап турган чөйрөнү коргоо бо-юнча иш-чараларды жүргүзүү; 16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы иштерин коор-динациялоо; 17) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондойэле аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык коргоону камсыз кы-луу; 18) жамааттык коопсуздук жана коргоо максатында эл аралык кызмат-таштык; 19) коргоо жаатындагы башка иш-чаралар. 3-берене. Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдары КыргызРеспубликасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республи-касынын башка мыйзамдарынан турат. II бөлүм Куралдуу Күчтөр, алардын арналышы жана курамы 4-берене. Куралдуу Күчтөрдүн арналышы Куралдуу Күчтөр - мамлекеттик аскердик уюм, ал Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялыктүзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эларалык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган. 5-берене. Куралдуу Күчтөрдү түзүүнүн принциптери Куралдуу Күчтөрдү түзүүнүн принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) өзүн өзү коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүгү; 2) аскердик жетекчиликти борбордоштуруу жана укуктук негиздеги бирбашчылык; 3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жарандык коом-дун контролдугунда болуу; 4) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жо-горку дењгээлде кармоо; 5) башкаруунун натыйжалуулугу; 6) өздүк курамды тарбиялоонун, окутуунун жана кадрларды даярдоонунбиримдиги; 7) жогорку дењгээлдеги кесипкөйлүк; 8) аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо жана социалдык коргоо. 6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн курамы Куралдуу Күчтөр Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мын-дан ары - Коргоо министрлиги) аскердик башкаруунун борбордук органынан,башкаруу органдарынан, кошундарынан, бөлүктөрүнөн, мекемелеринен жанаКыргыз Республикасынын Чек ара кызматынан турат. Коргоо министрлиги аскердик башкаруунун борбордук органы болуп са-налат, анын Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы болуп эсептелет. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого Кыргыз Рес-публикасынын ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын өзгөчөкырдаалдар органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук ор-гандарынын ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы-нын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башка ас-кер кызматы мыйзамда каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орган-дарынын аскердик түзүмдөрү тартылат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердикбөлүкчөлөрү жана бөлүктөрү гуманитардык милдеттерди аткарат жана тынч-тык мезгилде күжүрмөн иш-аракеттерге тартылбайт. Аталган мамлекеттик органдар согуш мезгилинде Куралдуу КүчтөрдүнБашкы штабынын оперативдүү баш ийүүсүнө өтөт. 7-берене. Куралдуу Күчтөрдү жетектөө Мамлекетти коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү жетектөөнү Кыргыз Рес-публикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүнүнБашкы кол башчысы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы)жүргүзөт, ал өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Коргоо министрлиги ар-кылуу Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр аткарышы үчүн мил-деттүү болгон Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын буйруктарын жанадирективаларын чыгарат. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоонун жалпыжетекчилигин Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жүргүзөт. Кыргыз Республикасын коргоо, тынчтык мезгилде стратегиялык пландоожана согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдүбашкарууну уюштуруу маселелери боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабыкоргоого тартылган башкы штабдарга жана мамлекеттик органдардын штабда-рына карата башкы болуп эсептелет. 8-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жайгашуусу Аскерлердин жайгашуусун коргонуу милдеттерине жана жайгашуу орду-нун социалдык-экономикалык шарттарына ылайык Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы аныктайт. Коргоо министрлигинин пайдалануусуна өткөрүлүп берилген аймактар-дын чегиндеги кошундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн (ме-кемелердин) кайра жайгаштырууну Кыргыз Республикасынын коргоо министри(мындан ары - коргоо министри) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын на-чальнигинин сунушу боюнча жүргүзөт. 9-берене. Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык контракт боюнча ыктыярдуу жана аскердик милдет-тин негизинде жергиликтүү аскердик башкаруу органдары аркылуу комплект-телет. 10-берене. Куралдуу Күчтөрдү колдонуу Куралдуу Күчтөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн,көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн,коомду жана жарандарды баскынчылыктан коргоо, мамлекеттин улуттук кы-зыкчылыктарына таасир тийгизген локалдуу жана башка аскердик чыр-чатак-тарда, террорчулуктан жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсузду-гун камсыз кылуу, куралданган мыйзамсыз түзүмдөрдү жана табигый жанатехногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кол-донулат. Террорчулук менен күрөшүү боюнча чараларды оперативдүү кабыл алуумаксатында жана куралданган мыйзамсыз түзүмдөрдү, табигый жана техно-гендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн коргоо ми-нистри Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин сунушу боюнчаандан ары Кыргыз Республикасынын Президенти Куралдуу Күчтөрдүн Башкыкол башчысына билдирүү менен өзүнчө аскердик бөлүктөрдү жанабөлүкчөлөрдү колдонууга чечим чыгара алат. Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралыккелишимдерге ылайык милдеттерди аткаруу үчүн колдонуу Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин чечими боюнча жүргүзүлөт. Ички мамлекеттик саясий маселелерди чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүпайдаланууга тыюу салынат. III бөлүм Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары. Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарынын жана башка юридикалык жактардын коргоо жаатындагы милдеттери. Жарандардын коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери 11-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти: 1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы -Коргоо кењешинин төрагасы болуп саналат; 2) Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын негизги багыттарынаныктайт; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жанаАскер доктринасын бекитет; 3) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу, түзүү (өнүктүрүү) пландарын, Курал-дуу Күчтөрдү мобилизациялык жайылтуу схемаларын, экономиканын мобилиза-циялык пландарын, коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын оперативдүүжабдуунун, аскерлердин жана аскердик объекттердин жайгашуусунун, КыргызРеспубликасынын аймактык коргонуусунун жана Кыргыз Республикасынын ас-кердик коопсуздугун камсыз кылуунун пландарын бекитет; 4) коргоо өндүрүшүн түзүүнүн мамлекеттик программаларын бекитет; 5) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайын-дайт жана кызматынан алат; 6) Куралдуу Күчтөрдүн курамын жана санын бекитет, жогорку команда-лык курамдагы адамдар ээлөөчү Куралдуу Күчтөрдөгү кызмат орундардынтизмесин белгилейт; 7) мыйзамда белгиленген тартипте жогорку аскердик наамдарды ыйга-рат; 8) Кыргыз Республикасынын Аймактык коргонуу жөнүндө планын жанажобону бекитет; 9) Куралдуу Күчтөр үчүн бирдей аскер форма кийимдерин белгилейт; 10) биргелешкен коргонуу, аскердик жана аскердик-техникалык кыз-матташтык жөнүндө жамааттык коопсуздук жана куралданууну чектөө маселе-лери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл ара-лык келишимдерине кол коет; 11) Кыргыз Республикасына баскынчылык болгондо же анын түздөн-түзкоркунучу учурунда согуш абалын, жалпы же толук эмес мобилизациялоо жа-рыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизет; 12) согуш аракетин жүргүзүүнү баштоого Куралдуу Күчтөргө директивачыгарат жана Куралдуу Күчтөргө жалпы жетекчиликти жүргүзөт; 13) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугун кызыкчы-лыгында коргоо таламдарында согуштук абал жарыялайт жана бул маселенидароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизет; 14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык согуш мезгилининнормативдик актыларын колдонууга киргизет жана алардын колдонулушунтоктотот, согуш мезгилиндеги мамлекеттик органдарды түзөт жана жоет; 15) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик жана альтернативдиккызматка чакыруу, мобилизация боюнча жана аларды запаска бошотуужөнүндө жарлыктарды чыгарат; 16) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамда-ры жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлгөн коргоожаатындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 12-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши: 1) аскердик анттын текстин, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарынбекитет; 2) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүүжылга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргоого кеткен чыгым-дарды карайт жана бекитет; 3) аскердик наамдарды белгилейт; 4) коргонуу, жамааттык коопсуздук жана аскердик-техникалык кызмат-таштык жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратифи-кациялайт жана денонсациялайт; 5) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык келишимдикмилдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Рес-публикасынын чегинен тышкары колдонуу жөнүндө маселелерди чечет; 6) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуштук абалды киргизет,согуш абалын жарыялайт, ушул маселелер боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 13-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: 1) Куралдуу Күчтөрдүн абалы жана аны комплекттөө үчүн жоопкерчиликтартат; 2) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынаткарылышын камсыз кылат; 3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине коргоого кеткен чыгым-дар боюнча Республикалык бюджет жөнүндө (тиешелүү жылга) Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзам долбоору боюнча сунуштарды киргизет; 4) Куралдуу Күчтөрдү курал-жарак жана аскердик техника менен жаб-дууну, аларды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана башкааскердик түзүмдөрдүн заказдарына ылайык материалдык каражаттар, ресурс-тар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну уюштурат; 5) аскердик курулуштун мамлекеттик программаларын жана курал-жа-рактарды өнүктүрүү пландарын аткарууну, ошондой эле аскер-каттоо адис-тиктери боюнча жарандарды даярдоону финансылык жана материалдык кара-жаттар менен камсыз кылат; 6) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн инфраструк-турасын түзүүнү камсыз кылат; 7) коргоо өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, моби-лизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана мамлекет-тик резервдерди (запастарды) топтоо пландарын иштеп чыгууну жана анынаткарылышын уюштурат; 8) аскердик каттоо тартибин аныктайт жана аскер кызматына, аскер-дик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырыла турган Кыргыз Республи-касынын жарандарынын контингенттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Пре-зидентине сунуш даярдайт; 9) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынын, уюмдардын мобилизациялык даярдыгын, ошондой эле транспорттун,коммуникациянын жана өлкөнүн калкынын даярдыгын жүргүзөт; 10) аскердик-транспорттук милдеттер жөнүндө, резервдик түзүмдөржөнүндө, чакыруу участкаларына жарандарды каттоону жүргүзүү жөнүндө,аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды аскердик каттоогоалуу жөнүндө жоболорду бекитет; 11) согуш мезгилинин (өзгөчө убакыттын) шарттарында иштөөгө мамле-кеттик бийлик органдарын жана өлкөнүн экономикасын которуу пландарыништеп чыгууну жана аткарууну уюштурат; 12) коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагын опера-тивдүү жабдуу иш-чараларын өткөрөт; 13) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктары үчүнжерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүүжана колдонуу тартибин аныктайт; 14) коргоо муктаждыктары үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалыкжактарынын жана жарандарынын мүлктөрүн колдонууга байланыштуу келтирил-ген чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт; 15) Куралдуу Күчтөрүнүн мобилизациялык керектөөлөрүнө ылайык аскерпродукциясын чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды, жогорку окуу жайлардынаскердик факультеттерин жана кафедраларын түзүү, кайра профилдештирүүжана жоюу жөнүндө чечим кабыл алат; 16) берилген ыйгарым укуктарынын чегинде коргоо маселелери боюнчаКыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенме-лердин аткарылышын уюштурат; 17) аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгон адамдарды жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыз кылуу боюнча иштердиуюштурат; 18) курал-жарактарды жана аскердик техниканы, коргоо объекттеринжана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага берүү, са-туу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин белгилейт; 19) курал-жарактарды жана аскердик техниканы, стратегиялык матери-алдарды, коргоо жаатындагы алдыњкы технологияларды жана кош маанидегипродукцияны экспорттоого жана импорттоого контролдукту уюштурат; 20) аскердик жана аскердик-техникалык маселелер боюнча эл аралыксүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мамлекеттердин ортосундагы ишенимди чыњдоо, ас-кер коркунучунун дењгээлин өз ара төмөндөтүү жана жамааттык коопсуздуксистемасын түзүү боюнча чараларды аныктайт; 21) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн тууларынын жана желектеринин жобо-лорун жана сүрөттөлүшүн бекитет; 22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери Мамлекеттик органдар коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон про-дукциялардын алынып келинишине, тармактын мобилизациялык даярдыгына жо-опкерчилик тартат, согуш мезгилинде мобилизациялык даярдык планына ыла-йык анын туруктуу болушун камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырат. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-лор жана аткаруу бийлигинин башка органдары: 1) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги астында коргоомаксатында баш ийген структураларынын мобилизациялык жана оперативдүүжайылтуу пландарын, куралданууну, коргоо өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, мамле-кеттик программаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдүүжабдуу планын иштеп чыгышат; 2) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планына ылайык Куралдуу Күчтөр мененбирге Кыргыз Республикасын коргоону жана куралдуу коргоону уюштуруугакатышат; 3) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоогокатышат; 4) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуубоюнча иш-чараларды камсыз кылышат; 5) коргоону уюштуруу маселелери боюнча Коргоо министрлиги менен өзара аракеттенүүнү жүргүзүшөт; 6) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте оперативдүү жана мобилизациялыкдаярдыкка тартылышат; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 15-берене. Коргоо министрлигинин ыйгарым укуктары Коргоо министрлиги: 1) Куралдуу Күчтөрдү түзүү (өнүктүрүү), колдонуу, мобилизациялыкжайылтуу, оперативдүү, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын;коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын оперативдүү жабдуу, аскерлер-ди жана аскердик объекттердин жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын ай-мактык коргоо жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсызкылуу пландарын иштеп чыгат; 2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын, аскер-дик доктринасын, экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгуугакатышат; 3) мамлекетти коргоого кетүүчү чыгымдар боюнча сунуштарды иштепчыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет; 4) Куралдуу Күчтөрдү түзүү, мобилизациялык жайылтуу, колдонуу,Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдүү жабдуу, аймактык коргоо жанааскердик коопсуздукту камсыз кылуу пландарына ылайык өткөрүлүүчү иш-ча-раларды камсыз кылат; 5) Кыргыз Республикасынын Президентине Куралдуу Күчтөрдүн өздүккурамы жана саны боюнча сунуштарды киргизет; 6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында бирге-лешип аракеттенүү үчүн штабдардын, мамлекеттик органдардын жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыкчам даярдыгын уюштурууга ка-тышат; 7) аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыктысактоо күчтөрүнүн курамындагы бөлүкчөлөрдүн курамы, саны, материал-дык-техникалык камсыздалышы жана каржыланышы боюнча сунуштарды кирги-зет; 8) коргоо жана коопсуздук кызыкчылыгында чалгындоо иштеринжүргүзөт; 9) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин коопсуздугун, мамле-кеттик, аскердик жана башка маанилүү объекттерди абадан кол салуу чабу-улунан коргоону камсыз кылат; 10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террорчулукка каршыкүрөшүү чөйрөсүндө жана аймактык, жарандык коргонууну уюштурууда КыргызРеспубликасынын башка мамлекеттик органдары менен бирге иштешет; 11) Кыргыз Республикасын аймактык коргоону уюштурат; 12) өзүнө баш ийген кошундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди финан-сылык, техникалык, ооруктук жана башка камсыздоонун түрлөрү менен өзкомпетенциясынын чегинде камсыз кылат, кошундардын, бөлүктөрдүн жанамекемелердин материалдык каражаттарынын, инфраструктурасынын аскердикзапастарын түзөт; 13) мамлекеттик материалдык резервде запастарды түзүүгө катышат; 14) коргоо кызыкчылыгында аткарылуучу иштерди каржылоону жанаконтролдоону өз компетенциясынын чегинде координациялайт; 15) бирдей аскердик форма кийимдерин белгилөө боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Президентине сунуштарды киргизет; 16) аскердик форма кийимин кийип жүрүү эрежелерин бекитет; 17) Коргоо министрлигинин жана ага баш ийген кошундардын,бөлүктөрдүн жана мекемелердин муктаждыктарын камсыз кылууга багытталганчарбалык жана башка иштерди уюштурат жана аларды жүргүзөт; 18) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аскердик жана альтер-нативдик кызматты өтөөнү уюштурат, аскер кызматчыларын, Коргоо минист-рлигинин жарандык персоналын, аскер кызматынан бошогон адамдарды жанаалардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман (каза) болгон аскер кызматчыларынынүй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылат; 19) Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын жана аскерлерининкүжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат, алардын абалынконтролдойт; 20) Куралдуу Күчтөрдү оперативдүү жана мобилизациялык даярдоонужетектейт, Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялык жайылтуунун базасынөркүндөтүүнү камсыз кылат; 21) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планына ылайык башкаруу, байланышжана билдирүү системаларын өнүктүрүүнү, башкаруунун автоматташтырылгансистемасын киргизүүнү жетектейт; 22) Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялык жана оперативдүү жайылтуунуалдын ала ар тараптуу камсыздоону уюштурат; 23) Куралдуу Күчтөрдө маалыматтык, моралдык-психологиялык камсыз-доо жана чет өлкөлүк чалгындын техникалык каражаттарына каршы аракет-тенүү боюнча иш-чараларды пландайт жана уюштурат, аларды ишке ашыруунуннатыйжалуулугун контролдойт; 24) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди пландайтжана уюштурат, Куралдуу Күчтөрдө мамлекеттик жана аскердик сырды сактообоюнча чараларды иштеп чыгат; 25) Куралдуу Күчтөрдү топографиялык камсыз кылууну жүргүзөт; 26) Коргоо министрлигинде шифрлөө кызматын уюштурат жана жетек-тейт, согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн бөлүкчөлөрү менен аскердиктүзүмдөрүнүн ортосунда биргелешип аракеттенүү боюнча байланышты уюшту-рат; 27) авиациялык кырсыктардын алдын алуу, аскердик (мамлекеттик)авиациянын аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жогорулатуу жанакамсыз кылуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат, жетекчиликке жеткирет жа-на аткарылышын контролдойт, Кыргыз Республикасынын аймагында жана четөлкөлөрдө аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгонавиациялык чыр-чатактарды жана авиациялык кырсыктарды изилдөөгө каты-шат; авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды изилдөөнүуюштуруу, өткөрүү маселелери боюнча кызыкдар болгон мамлекеттик орган-дар жана уюмдар менен оперативдүү өз ара аракеттерди жүргүзөт; 28) Куралдуу Күчтөрдө жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнчаиш-чараларды уюштурат жана өткөрөт; 29) Коргоо министрлиги жөнүндө жободо белгиленген коргоо жаатында-гы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы милдеттери 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өздөрүнүн ыйгарымукуктарынын жана аймагынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү; 1) коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгонадамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук жактан кор-гоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктукнормативдик актыларынын аткарылышын камсыз кылууга; 2) Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында өздөрүнүн аймагынын жана ком-муникацияларынын оперативдүү жабдуу планын иштеп чыгууга жана аны ишкеашырууга катышууга; 3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик каттоосун жанааларды аскер кызматына даярдоону жана мобилизациялоону, аларды аскеркызматына жана аскердик жыйымдарга чакырууну уюштурууга жана камсыз кы-лууга; 4) мобилизация учуруна жана согуш мезгилине мамлекеттик бийлик ор-гандарында жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарда иш-тегендердин арасынан Кыргыз Республикасынын жарандарын брондоонужүргүзүүгө; 5) коргоо муктаждыгы үчүн транспорттордун жана башка техникалыккаражаттардын мобилизациялык даярдыгын камсыз кылууга; 6) Кыргыз Республикасынын жарандарына аскердик-патриоттук тарбияберүүнү уюштурууга жана ишке ашырууга; 7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын согуш мезгилиндегижумушка которууну, ошондой эле мамлекеттик жана мобилизациялык резерв-дердин материалдык каражаттарынын чогулуусунун пландарынын жана тапшыр-маларынын аткарылышын камсыз кылууга; 8) өзүнүн аймагында жарандык жана аймактык коргоо боюнча иш-чара-ларды пландоого жана анын аткарылышын камсыз кылууга катышууга; 9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарандык жана аймактык коргоонууюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө; 10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилериөздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана аймактарынын чегинде төмөнкүлөрдүжүргүзөт: 1) өзүнүн аймагында тиричиликти камсыз кылуу системасынын иштөөсүнжана өнүгүүсүн уюштурат; 2) аскерлерди турак-жайларга жайгаштырууга көмөк көрсөтөт; 3) уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактардын коргоозаказдарын өз убагында аткаруусун камсыз кылат; 4) аскердик каттоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердиккызматка жана мобилизацияга даярдоону, аларды аскердик кызматка жанааскердик жыйындарга чакырууну уюштурат жана камсыз кылат; 5) өздөрүнүн аймагында аймактык жана жарандык коргоо боюнча иш-ча-раларды пландоого жана камсыз кылууга катышат; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 17-берене. Юридикалык жактардын коргоо жаатындагы милдеттери Уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызматадамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдикукуктук актыларына ылайык: 1) келишимдик милдеттенмелерин аткарышат, ал эми согуш мезгилинде- курал-жарактарды жана аскердик техниканы, башка аскердик-техникалыкмүлктү жана ресурстарды түзүү, чыгаруу, берүү жана оњдоо боюнча, Курал-дуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн келишим менен иштелүүчү иштер жанакызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик заказдарды аткарышат; 2) жарандык коргоо иш-чараларын уюштурушат жана өткөрүшөт; 3) эгерде мыйзамда башка жагдайлар белгиленбесе, келишимдик негиз-де мобилизациялык пландарда жана тапшырмаларда, мобилизациялык жанамамлекеттик резервдерди топтоо пландарында каралган иш-чаралардыжүргүзүшөт; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ас-кердик-транспорттук милдетти аткарышат; 5) өздөрүнүн кызматкерлерине аскердик милдеттерин аткаруу үчүн за-рыл шарттарды түзүп беришет; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин ас-кердик каттоосун жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген тартипте кеткен чыгымдарга андан ары компенсация алуу мененулуттук коопсуздукту (коргоону) камсыз кылуу максатында мекемелерди,курулмаларды, транспорттук каражаттарды жана алардын менчигинде болгонбашка мүлктөрдү беришет; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат. 18-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын коргоо жаатындагы милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын жарандары аскердик жана альтернативдик кыз-мат өтөө жолу менен Ата Мекенди коргоо боюнча конституциялык милдеттиаткарат. Аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби КыргызРеспубликасынын мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары ме-нен белгиленет. Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Мыйзамга ылайык: 1) өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныктал-ган, аскердик кызмат өтөөгө милдетүү; 2) жарандык жана аймактык коргоо иш-чараларына катышат; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кийин компен-сация алуу менен мамлекеттик органдардын талабы боюнча улуттук коопсуз-дукту (коргоону) камсыз кылуу максатында имараттарды, курулмаларды,транспорт каражаттарын жана өздөрүнүн менчигинде болгон башка мүлктүберишет; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагыбашка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. IV бөлүм Согуш (куралдуу чыр-чатак) абалы. Аскердик абал. Жарандык коргонуу. Аймактык коргоо 19-берене. Согуш (куралдуу чыр-чатак) абалы Согуш абалы Кыргыз Республикасына баскынчылык же баскынчылыктынтүздөн-түз коркунучу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан жарыяланат жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин кароосуна киргизилет. Согуш жарыяланган же согуш аракеттери башталган учурдан тартып со-гуш мезгили башталат, ал согуш аракеттери токтотулгандыгы жөнүндө жары-ялангандан кийин жана анык токтогондо бүтөт. Кыргыз Республикасынакүтүлбөгөн жерден кол салган учурда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жанааскер командачылыгы согушту жарыялоону күтпөстөн, баскынчылыктын мизинкайтаруу үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Куралдуу чыр-чатак курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдо-нуу менен куралдуу инцидент, аскердик акция жана чектелген масштабдагыаскердик башка кагылышуулар формасында болушу мүмкүн. Куралдуу кагылышууда маселелерди чечүү үчүн Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан аскерлердин бириккен (ведомстволор аралык) топторутүзүлүшү мүмкүн. 20-берене. Аскердик абал Аскердик абал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрымжерлерине киргизилет. Аскердик абалдын режими Кыргыз Республикасынын конституциялык Мый-замы менен аныкталат. 21-берене. Аймактык коргоо Аймактык коргоо душмандын аракеттеринен, диверсиялык, террордукакттардан жана коркунучтардын башка түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынынаймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды коргоо максатында, ошон-дой эле аскердик абал режимин орнотуу жана сактоо максатында уюштурулатжана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймактык коргоо аскердик башкаруу органда-рынын, Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гинин Ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко-опсуздук комитетинин кошундарынын жана бөлүктөрүнүн, аткаруу бийлик ор-гандарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынкүчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанбекитилген Аймактык коргоо планына ылайык тартылат. Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдүү жабдууга жалпы жетекчи-ликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт. 22-берене. Жарандык коргонуу Жарандык коргонуу авария, катастрофа, табигый кырсык кесепеттери-нен, ошондой эле күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүдө жок кылуунун каражат-тарынын таасир этүүсүнөн калкты жана экономиканын объекттерин коргоомаксатында уюштурулат. Жарандык коргонуунун милдеттери жана аны уюштуруу Кыргыз Республи-касынын мыйзамдары менен аныкталат. V бөлүм Корутунду жоболор 23-берене. Коргоону каржылоо Коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджетинен жүргүзүлөт. 24-берене. Куралдуу Күчтөрдө коомдук жана башка уюмдардын жана бирикмелердин ишмердигин чектөө Куралдуу Күчтөрдө саясий максаттарды көздөгөн коомдук жана башкауюмдардын жана бирикмелердин ишмердигине, ошондой эле алардынтүзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт. Ар кандай коомдук жана башка уюмдардын жана бирикмелердинтүзүмдөрүн түзүү жана алардын ишмердигин жүргүзүү үчүн КуралдууКүчтөрдүн аскер кызматчыларын жана финансылык каражаттарын колдонуугажол берилбейт. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юри-дикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенучурлардан тышкары, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында аркандай ишмердик жүргүзүшүнө жол берилбейт. Аскер кызматчыларынын саясий партияларга мүчө болушуна, ошондойэле алардын кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына жол берил-бейт. Куралдуу Күчтөрдүн кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелерининишмердигине ар кандай саясий үгүттөө иштерин жүргүзүүгө, ошондой элединий уюмдардын жана дин кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде, референдум өткөрүүдөКуралдуу Күчтөрдүн кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин айма-гында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жол берилет. 25-берене. Коргоо маселелери боюнча мыйзам бузууларга жоопкерчилик Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-дын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ведомстволук башийүүсүнө карабастан юридикалык жактардын коргоо боюнча жүктөлгөн мил-деттерди аткарбаган же коргоо милдетин аткарууга тоскоолдук кылган кыз-мат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжоопкерчилик тартышат. 26-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. БулМыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табыл-сын: - "Коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрыммыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы 82 Мыйзамынын 1-бе-ренесинин 4-пункту; - Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы N 2 "КыргызРеспубликасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-ду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренеси. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн норма-тивдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти