КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 3-марты № 141 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толук-тоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталаган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталганмыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-ж., № 10, 435-бе-рене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-1-беренеде: - биринчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" дегенсөздөрдөн кийин "(мындан ары - Кыргызстан банкы)" деген сөздөр менентолукталсын; - үчүнчү бөлүгү "текшерүүлөргө" деген сөздөн кийин "ушул банк" де-ген сөздөр менен толукталсын. 2. 2-берененин үчүнчү бөлүгүндө жана 5-берененин төртүнчүбөлүгүндө түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы"деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргызстан банкы" деген сөздөргөалмаштырылсын. 3. 3-беренеде: - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкүлөр жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш: - Кыргызстан банкы лицензиялоочу банктар жана башка уюмдар; - камсыздандыруу уюмдары; - коомдук компаниялар; - инвестициялык фонддор; - мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралганучурлардагы башка жактар."; - үчүнчү бөлүктөгү "жеке аудитор жана (же)" деген сөздөр алып са-лынсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Жүргүзүлгөн милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттелчү жактартөмөнкүлөргө милдеттүү: - жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету)менен бир комплекте финансылык отчетторун жарыялоого; - милдеттүү аудит жүргүзүлгөндүгү жана жалпыга маалымдоо каражат-тарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылыкотчетторунун жарыяланганы жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.". 4. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толуктал-сын: "Аудитордук уюмдар алар тарабынан жүргүзүлүүчү аудитордук тек-шерүүлөрдүн сапатына ички контролдун стандарттарын белгилөөгө жана сак-тоого милдеттүү. Аталган стандарттарга коюлуучу талаптар аудиттин стан-дарттары менен жөнгө салынат.". 5. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толуктал-сын: "Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жөнгө са-луучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол эле мезгилде аудитжүргүзүлгөн жактарды билдирүү менен аудитордук корутундуга (отчетко)кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде финансылык от-четтуулуктун стандарттарын бузуулар аудиттин жыйынтыгында табылгандыгыжөнүндө билдирүүгө милдеттүү.". 6. 7-берене "буйрутмачыдан" деген сөздөн кийин "жана аудитордукишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан" деген сөздөрменен толукталсын. 7. 9-беренеде: - экинчи бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- башка жогорку (экономикалык эмес) же орто кесиптик-экономикалыкбилими барлар жана экономикалык адистик боюнча жети жылдык стажы бар-лар;"; - үчүнчү бөлүгү "комиссия түзөт" деген сөздөн кийин ", анын кура-мына, ошондой эле кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлчүлүктөрү кир-гизилет" деген сөздөр менен толукталсын; - берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн тастыктоочудокумент кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен аудитор тарабынаныйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.". 8. 10-беренеде: - биринчи бөлүгүнүн 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайлап жалган чыга-рылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;". 9. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Аудиторлордун, жеке аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана аудиттелчү жактардын жоопкерчиликтери Аудиторлор, жекё аудиторлор, аудитордук уюмдар жана аудиттелчүжактар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, анын ичиндеушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык жоопкерчилик тартышат.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти