Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 3-марты № 141                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын          Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү       тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык  Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү                             ТОКТОМ КЫЛАТ:     1. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толук-тоолорду  жана  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталаган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын  Финансы  рыногун көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталганмыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын.      Премьер-министр                                        И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ             "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын              Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү                           киргизүү тууралуу      1-берене.      "Аудитордук иш  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,  2002-ж., № 10, 435-бе-рене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. 1-1-беренеде:     - биринчи  бөлүгү  "Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  банкы" дегенсөздөрдөн кийин "(мындан ары - Кыргызстан банкы)"  деген  сөздөр  менентолукталсын;     - үчүнчү бөлүгү "текшерүүлөргө" деген сөздөн кийин "ушул банк" де-ген сөздөр менен толукталсын.     2. 2-берененин  үчүнчү   бөлүгүндө   жана   5-берененин   төртүнчүбөлүгүндө  түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы"деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргызстан банкы" деген  сөздөргөалмаштырылсын.     3. 3-беренеде:     - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Төмөнкүлөр жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш:     - Кыргызстан банкы лицензиялоочу банктар жана башка уюмдар;     - камсыздандыруу уюмдары;     - коомдук компаниялар;     - инвестициялык фонддор;     - мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;     - Кыргыз Республикасынын  ченемдик  укуктук  актыларында  каралганучурлардагы башка жактар.";     - үчүнчү бөлүктөгү "жеке аудитор жана (же)" деген сөздөр алып  са-лынсын;     берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:     "Жүргүзүлгөн милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттелчү жактартөмөнкүлөргө милдеттүү:     - жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету)менен бир комплекте финансылык отчетторун жарыялоого;     - милдеттүү  аудит жүргүзүлгөндүгү жана жалпыга маалымдоо каражат-тарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте  финансылыкотчетторунун жарыяланганы жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарымукуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.".     4. 5-берене  төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толуктал-сын:     "Аудитордук уюмдар  алар  тарабынан  жүргүзүлүүчү  аудитордук тек-шерүүлөрдүн сапатына ички контролдун стандарттарын белгилөөгө жана сак-тоого милдеттүү. Аталган стандарттарга коюлуучу талаптар аудиттин стан-дарттары менен жөнгө салынат.".     5. 6-берене  төмөнкүдөй  мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толуктал-сын:     "Аудитордук уюмдар  жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жөнгө са-луучу ыйгарым укуктуу  мамлекеттик  органга  ошол  эле  мезгилде  аудитжүргүзүлгөн  жактарды  билдирүү  менен аудитордук корутундуга (отчетко)кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде  финансылык  от-четтуулуктун  стандарттарын бузуулар аудиттин жыйынтыгында табылгандыгыжөнүндө билдирүүгө милдеттүү.".     6. 7-берене  "буйрутмачыдан"  деген  сөздөн кийин "жана аудитордукишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан"  деген  сөздөрменен толукталсын.     7. 9-беренеде:     - экинчи бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "- башка жогорку (экономикалык эмес) же орто кесиптик-экономикалыкбилими  барлар  жана экономикалык адистик боюнча жети жылдык стажы бар-лар;";     - үчүнчү бөлүгү "комиссия түзөт" деген сөздөн кийин ",  анын кура-мына,  ошондой эле кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлчүлүктөрү кир-гизилет" деген сөздөр менен толукталсын;     - берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:     "Квалификацияны жогорулатуу  боюнча курстан өткөндүгүн тастыктоочудокумент кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен аудитор тарабынаныйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.".     8. 10-беренеде:     - биринчи бөлүгүнүн 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "4) Аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайлап жалган чыга-рылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;".     9. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "12-берене. Аудиторлордун, жеке аудиторлордун, аудитордук                 уюмдардын жана аудиттелчү жактардын жоопкерчиликтери      Аудиторлор, жекё аудиторлор,  аудитордук  уюмдар  жана  аудиттелчүжактар  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын,  анын ичиндеушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".      2-берене.      Бул Мыйзам  расмий  жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      Кыргыз Республикасынын Президенти