Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                          КР Өкмөтүнүн     2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтомуна ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 11-январы № 117                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө      Кыргыз Республикасынын   жарандары   болгон   балдарды асырап алуужол-жоболорун тартипке  келтирүү, ушул маселе боюнча Кыргыз Республика-сынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Респуб-ликасынын Үй-бүлөлүк  кодексинин 130-беренесине ылайык Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү                            ТОКТОМ КЫЛАТ:     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы №121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жаран-дарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эре-желери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген КыргызРеспубликасынын жарандарына,  ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырапалууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндөжобонун "Кыргыз  Республикасынын  жараны  болуп эсептелген балдарды четөлкөлүк жарандардын  асып  алуусу" деген 3-бөлүмү күчүн жоготту деп та-былсын.     2. Кыргыз Республикасынын балдарын чет  өлкөлүк  жарандардын  жанажарандыгы жок  адамдардын асырап алуусу Кыргыз Республикасынын чет мам-лекет менен  эл аралык келишими болгондо гана ишке ашырылаары белгилен-син.     3. Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги жанаКыргыз Республикасынын  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бел-гиленген тартипте 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө балдарды асы-рап алуу  тартибин жөнгө салуучу жоболорду өркүндөтүү боюнча сунуштардыкиргизишсин.     4. Балдарды  асырап  алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын облус-тук жана райондук мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлсүн.     5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-це-премьер-министрине жүктөлсүн.       Премьер-министр                                  И.Чудинов