Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 733
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-августу № 521
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын балдарын - жарандарын асыроо жол-жобосун иретке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорун турмушка ашыруу жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобо;
- адам ооруп калганда камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албай турган оорулардын тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 66-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 117 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген |
Эгерде адам төмөнкү оорулар менен ооруп жүрсө камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албайт, алар:
- I, II диспансердик эсепке алынган бейтаптарда локализациянын бардык формаларындагы кургак учук (активдүү жана өнөкөт);
- бардык локализациядагы залалдуу онкологиялык оорулар;
- наркомания, токсикомания, алкоголизм;
- бейтаптар жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген болуп белгиленген тартипте таанылган психикалык оорулар;
- ички органдардын, нерв системасынын, таяныч-кыймылдатуучу аппараттын толук эмес ремиссия жана декомпенсация стадиясындагы өнөкөт узакка созулган оорулары;
- инфекциялык оорулар: өнөкөт вирустуу гепатит "В", "Д" формасы менен айкалышканда жана өнөкөт вирустук гепатит "С", толук айыкканга чейин;
- диспансердик эсепке алуудан чыгарганга чейин бардык катуу кармаган жана өнөкөт инфекциялык оорулар;
- ВИЧ-инфекциясы, СПИД;
- бул тизмеге кирбеген жана эмгекке жөндөмсүз кылган, I жана II топтогу майыптыкка алып келген бардык оорулар жана травмалар.
|
|