КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-февралы № 123 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык, Кыр-гыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү жагындагы мамлекеттиксаясаттын негизги принциптеринин, иштешинин укуктук, уюштуруучулук жанафинансылык негиздерин аныктоо жана мектепке чейинки билим берүү систе-масын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө Бул Мыйзам мектепке чейинки билим берүү жана балдарды жетилтүү жа-гындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, Кыргыз Республика-сында мектепке чейинки билим берүү системасынын иштешинин укуктук, уюш-туруучулук жана финансылык негиздерин аныктайт. 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Негизги түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдардыбагуу" мамлекеттик стандарты (мындан ары - Мектепке чейинки билимберүүнүн мамстандарты) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан беки-тилген мектепке чейинки билим берүүгө жана мектепке чейинки билим берүүуюмдарынын менчигинин түрлөрүнө жана формаларына карабастан 6 айдан 7жашка чейинки курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүүгө жанабагууга коюлуучу бирдиктүү талаптарды белгилеген ченемдик документ. Өзгөчө муктаждыгы бар балдар - дене-бой, эмоциялык, социалдык,когнитивдик жактан жетилишине эртелеп кийлигишүүгө өзгөчө муктаждыктарыбар жана социалдык жардамга, реабилитациялоого, ошондой эле үй-бүлөнүн,адистердин жана коомдун өзгөчө көњүл буруусуна муктаж балдар. Мектепке чейинки билим берүү уюму - баланы багуу, окутуу, ага таа-лим-тарбия берүү, өстүрүп-жетилтүү жана мектепке даярдоо үчүнүй-бүлөнүн суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу макса-тында түзүлүүчү уюм. Мектепке чейинки билим берүү программасы - өнүгүүсүнүн курактыкжана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки тарбия берүү жанаокутуу мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү ченемдик документ. Интеграцияланган сабактар - мектепке чейинки билим берүүнүн базис-тик жана кошумча программаларын тематикалык жана ањдап билүүнүн өз арабайланышынын негизинде окутуу. 2-берене. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө мыйзамдары Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы бал-дарды өнүктүрүү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Мый-замга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына,ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналуучу, КыргызРеспубликасынын Мыйзамында белгилеген тартипте күчүнө кирген эл аралыккелишимдер менен макулдашууларга негизделет. 3-берене. Мектепке чейинки билим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы бал-дарды өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери бо-луп төмөнкүлөр саналат: - туруктуу өнүктүрүү үчүн мектепке чейинки билим берүү системасытарабынан көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана жо-горку сапатын камсыз кылуу; - балдарга таалим-тарбия берүүнүн, окутуунун, ден соолугун чыњдоо-нун, өстүрүп-жетилтүүнүн жана аларды багуунун биримдиги; - мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн уланмалуу-лугу жана үзгүлтүксүздүгү; - ар бир баланын сезиминдеги көрөњгөнү, шык-жөндөмдү, табият бер-ген зээнди ар тарабынан өнүктүрүү үчүн шарттардын бирдейлиги; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана программаларынынкөп түрдүүлүгү; - туулгандан тартып мектепке киргенге чейин бала үчүн жоопкерчиликтартуучу мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин жана мый-замдуу өкүлдөрүнүн ролун күчөтүү; - балдарды мектепке милдеттүү түрдө даярдоо. 4-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасы Мектепке чейинки билим берүү системасы - мектепке чейинки билимберүүнүн өз ара эриш-аркак мамлекеттик базистик жана кошумча программа-ларынын жана Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын, мектепкечейинки билим берүү уюмдарынын жана бул программаларды жана мамлекеттикстандарттарды жүзөгө ашыруучу адамдардын, ошондой эле билим берүүнүбашкаруу органдарынын жана ага караштуу уюмдардын жыйындысы. 5-берене. Мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттери Мектепке чейинки курактагы балдарга мектепке чейинки билимберүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мектепке чейинки билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө баланын укукта-рын камсыз кылуу; - баланын дене-бой, психикалык жана рухий ден соолугун сактоо; - жарандуулукка, ата журтту сүйүүгө, мамлекеттик символдорго, мам-лекеттик жана эне тилге сый мамиле кылууга, өзүнө жана айлана-чөйрөгөањ-сезимдүү мамиле жасоого тарбиялоо; - жаш курагына, интеллектуалдык жана дене-бой жактанмүмкүнчүлүктөрүнө ылайык баланын чыгармачылык жөндөм-шыгын өнүктүрүү; - мектепке чейинки курактагы балдардын дене-бой, социалдык, эмоци-ялык, психологиялык, рухий, адеп-ахлактык жана сөз сүйлөй билүү жагынаншайкеш өнүгүшүн камсыз кылуу; - баланын социалдык жактан жатыгуусун камсыз кылуу жана анын би-лимди улантууга даярдыгын калыптандыруу; - үй-бүлөнүн социалдык-педагогикалык патронатын жүзөгө ашыруу; - баланын өсүп-жетилүү жагындагы жеке муктаждыктарын эртелеп анык-тоо, ага тиешелүү атайын билимди жана аны менен байланышкан кызматкөрсөтүүлөрдү берүү; - балдарды мектепке даярдоо; - мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон учурунда баланын ко-опсуздугун камсыз кылуу; - баланы багууда ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) балдарды ба-гуу боюнча консультациялык жардам жана маалымат берүү. 6-берене. Мектепке чейинки билим алуу 1. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган мектепке чейин-ки курактагы балдар ата-энелеринин расалык таандыктыгына, саясий, динийжана башка ынанымдарына, жынысына, этностук жана социалдык тегине,мүлктүк абалына, жашаган жерине, тилине же дагы башка белгилерине кара-бастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектепке чейинки билималууга бирдей укуктарга ээ. 2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Мектепке чейинки билимберүүнүн мамстандартынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат. 3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында башкача каралбасаКыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөрдүн же жарандыгы жок адамдардын бал-дары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тартипте мектеп-ке чейинки билимди алышат. 4. Бала мектепке чейинки билимди мектепке чейинки билим берүү уюм-дарында же ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнчаүй-бүлөдө ала алат. 5. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кабыл алууКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашы-рылат. 7-берене. Мектепке чейинки курак жана мектепке чейинки курактын мезгилдери 1. Мектепке чейинки курак - баланын инсандыгынын дене-бой, психи-калык жана социалдык жактан торолуу мезгили 6 айдан 7 жашка чейин. 2. Мектепке чейинки курактын мезгилдери Мектепке чейинки билимберүүнүн мамстандарты менен аныкталат. 3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 6 айдан 7 жашка чейинкибалдарга арналган. 8-берене. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын түрлөрү жана милдеттери 1. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөргөбөлүнөт: - баланын телегейин текши өнүктүрүүгө жана мектепке даярдоого ар-налган негизги багыттарды өзүнө камтыган Мектепке чейинки билимберүүнүн мамстандартына ылайык базистик программалар; - баланы өстүрүп-жетилтүүдө бир же бир нече багытты камтыган ко-шумча программалар. Мектепке чейинки билим берүүчү кошумча программаларМектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын милдеттүү талаптарынантышкары белгиленет. 2. Мектепке чейинки билим берүү программалары аркылуу төмөнкүлөркамсыз кылынат: - баланы ањдап билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү; - баланын эмоциялык жактан ыњгайлуу шартта болушу; - баланын телегейи текши өсүп-жетилишин камсыз кылуу үчүн үй-бүлөменен өз ара иштешүү; - балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдин каада-салттарынааралаштыруу; - баланы социалдык жактан жатыктыруу; - атайын муктаждыгы бар балдар менен педагогикалык-түзөтүү жанамедицина-психологиялык иш жүргүзүү; - балдарды мектепке даярдоо. 3. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөндөгүлөрдү ка-райт: - окутуунун атайын уюштурулган формасы катары өтүлүүчү сабактарды; - оюн, тарбия берүү, баланы жетилтүү жана багууну; - балдардын жеке жана биргелешип иш-аракет жасашын мүмкүн болушун-ча айкалыштырууну. 2-глава Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар, алардын түрлөрү, статусу жана милдеттери 9-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түрлөрү 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөндөгүдөй түрлөрүболушу мүмкүн: - алты айдан үч жашка чейинки балдар үчүн ясли, мында ушул курак-тагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүп-жетилтүү камсыз кы-лынат; - алты айдан жети жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы, мында ушулкурактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүп-жетилтүү кам-сыз кылынат; - үч жаштан жети жашка чейинки балдардын бала бакчасы, мында ушулкурактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүп-жетилтүү кам-сыз кылынат; - өзгөчө муктаждыктары бар (сөз сүйлөй билүү, интеллектуалдыкөнүгүшү, көрүүсү, угуусу, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган) балдарүчүн атайын бала бакча; - балдар үйү - жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажы-раган балдарды, ошондой эле мамлекеттин эсебинен күтүлгөн үч жашка че-йинки атайын муктаждыктары бар балдарды медицина-социалдык жактан кор-гоочу саламаттык сактоо системасынын мектепке чейинки билим берүү уюму; - балдарды өнүктүрүү борбору, мында балдардын дене бой жана психи-калык өнүгүүсү, баланын өнүгүүдө жекече керектөөлөрүн эртелеп табуу,диагностикалоо жана атайын билимди жана аны менен байланышкан кызмат-тарды көрсөтүү, ошондой эле башка окуу жайларында же тарбиялооүйлөрүндө тарбияланышкан балдардын ден соолугун чыњдоо ишке ашырылат; - үй-бүлөлүк балдар үйү, мында экиден он сегиз жашка чейинки ку-рактагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдартарбияланат; - жамааттык бала бакча - ар кандай убакытта боло турган (толук,толук эмес күн) 6 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды багуу, тар-биялоо, окутуу камсыз кылынат. 2. Жарандардын мектепке чейинки билим берүүгө болгон муктаждыкта-рын канааттандыруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюм-дардын карамагында балдардын билим берүү уюмдары уюштурулушу мүмкүн. 10-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттерине төмөнкүлөркирет: - мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын Мектепке чейинки билимберүүнүн мамстандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу; - балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон муктаждыктарынканааттандыруу; - балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү, алардын дене-бой жак-тан өсүп-жетилиши жана ден соолугун чыњдашы үчүн санитардык-гигиеналыкталаптарга ылайык коопсуз шарттарды түзүү жана ушул талаптарды сактоо; - балдарда сергек жашоо ыњгайынын гигиеналык көндүмдөрүн жана не-гиздерин, коопсуз жүрүм-турумдун ченемдерин калыптандыруу; - балдардын ден-соолугун коргоого жана чыњдоого көмөк көрсөтүү; - балдарды багуу; - балдарды курагына жана азык-заттарды керектөөсүнүн физиологиялыкченемдерине ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу; - ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышты ишке ашы-руу; - ата-энелердин арасында мектепке чейинки курактагы балдардыөнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билим-дерди жайылтуу; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын топторун Мек-тепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык комплекттөөнүжүргүзүү; - финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сак-тоо; 2. Мектепке чейинки билим берүүнүн ишине жана натыйжаларына мони-торинг жүргүзүүнүн тартиби Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандар-тына ылайык аныкталат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда мектепке че-йинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү лицензиялоочу иш түрү болупэсептелет. 3. Менчиктин жекече түрүнө негизделген мектепке чейинки билимберүү уюмдары өзүнүн ишин мыйзамда белгиленген тартипте берилген мек-тепке чейинки билим берүү жагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүгөберилген укукка лицензиясы бар болгондо гана жүзөгө ашырат. 4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда иштөө режими, аларда бал-дардын болушунун узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкбелгиленет. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштин ийкемдүү режимин белги-леши мүмкүн, анда балдардын узак убакыт жана сутка бою болушу жагынанар кандай топторду түзүү, ошондой эле дем алыш, жумушчу эмес жана май-рам күндөрү дежур топтору каралат. Мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иштөө режими,балдардын тамактануусуна акчалай ченемдер, топтордун толукталышы, бал-дардын болуу убактысы белгиленген тартипте Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан бекитилет. Мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штаттары бел-гиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен типтүү штат-тарга ылайык аныкталат. 11-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун статусу, аны түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу 1. Мектепке чейинки билим берүү уюму юридикалык жак түрүндө уюшту-рулат; 2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруучусу (ээси) башийүүсүнө, менчиктигинин формасы жана түрүнө карабастан Мектепке чейинкибилим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобосунун негизинде устав иштеп чы-гат. 3. Мектепке чейинки билим берүү уюму мамлекеттик, муниципалдык жа-на жекече менчиктин негизинде түзүлүшү мүмкүн; 4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жа-на жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишкеашырылат; 5. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюм-дары коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулат. Жеке жана башка менчик түрүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюм-дары коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулушумүмкүн. 3-глава Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу 12-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу органдары 1. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруу Кыргыз Респуб-ликасынын билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органытарабынан ишке ашырылат. 2. Мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюм-дарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартиптедайындалат. 3. Мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюм-дарынын педагогикалык жана башка кызматкерлерин кызмат ордуна Мектепкечейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо менен белгиленген тар-типте контракттык-конкурстук негизде анын жетекчиси дайындайт (жанакызматтан бошотот). 4. Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Уюм-дун уставы менен белгиленген тартипте контракттык-конкурстук негиздекызматка дайындалат (жана кызматтан бошотулат). 5. Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогикалыкжана башка кызматкерлери Уюмдун уставы менен белгиленген тартипте конт-ракттык негизде кызматка дайындалат (жана кызматтан бошотулат). 6. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун туруктуу иштөөчү коллегия-луу башкаруучу органы болуп педагогикалык кењеш эсептелет. Педагогика-лык кењеш үчтөн кем эмес педагогикалык кызматкер болгон учурда бардыкмектепке чейинки билим берүү уюмдарында түзүлөт. 7. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда мектепке чейинки билимберүү уюмдарын коомдук башкаруу үчүн көзөмөлдүк кењеш түзүлүшү мүмкүн,анын иши жобо менен жөнгө салынат. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун Көзөмөлдүк кењешинин типтүүжобосун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 13-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруунун мамлекеттик органдарынын негизги милдеттери Мектепке чейинки билим берүү системасын башкаруунун мамлекеттикоргандарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттыжүзөгө ашыруу; - мектепке чейинки билим берүү системасында өзүнүн ыйгарым укукта-рынын чегинде мамилелерди ченемдик укуктук жактан жөнгө салууну ишкеашыруу; - балдарды финансылык, материалдык жактан камсыз кылуунун жанамектепке чейинки билим берүү уюмун материалдык-техникалык жактан жабду-унун мамлекеттик ченемдерин иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бе-китүү; - Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык мектепкечейинки билим берүүнүн ишине жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүү; - мектепке чейинки билим берүүнү илимий-методикалык жактан камсызкылууну уюштуруу, практикага илимдин, алдыњкы тажрыйбанын, эњ жањы пе-дагогикалык технологиялардын жетишкендиктерин киргизүү; - мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын мектепке чейинки билимберүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актыларды сакта-шын камсыз кылуу; - мектепке чейинки курактагы балдардын эсебин алуу; - мектепке чейинки билим берүү системасында Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну ишке ашыруу; - мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетектөөчү жана педагогкызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери бо-юнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү. 14-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишине мамлекеттик контролдоо жүргүзүү 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине мамлекеттик контрол-доо билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыру-уну камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. 2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине мамлекеттик контрол-ду Кыргыз Республикасынын билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуумамлекеттик органы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ишкеашырат. 3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине мамлекеттик контрол-доонун негизги формасы болуп Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстан-дартына ылайык билим берүү ишине жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүүсаналат. 4-глава Мектепке чейинки билим берүү уюмунда педагогикалык процессти уюштуруу жана мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-методикалык жактан камсыз кылуу 15-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин пландаштыруу 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары баш ийүүсүнө, менчигининтүрүнө жана формасына карабастан окуу жылына иш-план түзүүгө милдеттүү. 2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун иш планы тиешелүү дењгээл-деги билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мененмакулдашылат. 16-берене. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү кызматчылардын педагогдук жүктөмү Мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин педагогдукжүктөмү - окуу-тарбия процессин ишке ашырууга арналган убакыт. Тарбиячылардын (педагогдордун) жана тейлөө кызматкерлеринин педа-гогдук жүктөмү Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандарты менен анык-талат. Мектепке чейинки уюмдардын педагогдору статусу боюнча башталгычбилим берүү мугалимдерине тењештирилет. 17-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-усулдук жактан камсыз кылуу Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-усулдук жактан кам-сыз кылууну билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орга-ны, ага баш ийген илимий-усулдук мекемелер жана педагогикалык багыттагыжогорку окуу жайлар ишке ашырат. 18-берене. Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-усулдук жактан камсыз кылуунун милдеттери Мектепке чейинки билим берүү системасын илимий-усулдук жактан кам-сыз кылуунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - мектепке чейинки билим берүүнүн программалык-усулдук базасын,мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү; - тиешелүү билим берүү программаларына ылайык окуу-усулдук жанаокуу-көрсөтмө куралдарды түзүү; - педагогикалык алдыњкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу; - программалык-усулдук жактан камсыз кылуунун натыйжалуулугун жо-горулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башка окуу жай-лар менен кызматташуусун уюштуруу; - мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттерине ылайык билим берүүишинин абалына жана баланын өсүп-жетилиш дењгээлине мониторинг жанаталдоо жүргүзүү; - мектепке чейинки билим берүү системасынын педагог кызматкерлериндаярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; - жалпыга маалымдоо каражаттарында мектепке чейинки билим берүүмаселелери боюнча агартуучулук иш жүргүзүү. 5-глава Мектепке чейинки билим берүү системасынын педагогикалык процессинин катышуучулары. Алардын укуктары, милдеттери, социалдык жактан корголушу 19-берене. Педагогикалык процесстин катышуучулары Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү педагогикалык процесстинкатышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат: - мектепке чейинки курактагы балдар; - педагогдор; - балдар үйлөрүндөгү, ясли жана ясли-бакчалардагы жана башка мек-тепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиячылардын жардамчылары жананянялар; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын медицина кызматкерлери; - ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү); - үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн ата-эне-тарбиячылары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мек-тепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүжеке адамдар. 20-берене. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө баланын укуктары Бала мамлекет тарабынан кепилдик берилген төмөндөгүдөй укуктаргаээ: - мектепке чейинки билим алууга; - багуунун, окутуунун, тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн жана көз болуу-нун ден соолукка коопсуз шарттарына; - анын ден соолугуна, моралдык жана рухий жактан өсүп-жетилишинезыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн корголууга; - мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү ую-мунда акысыз медициналык тейленүүгө; - эксплуатациялоонун ар кандай түрлөрүнөн жана баланын ден соолу-гуна залал келтирүүчү иш-аракеттерден, ошондой эле дене-бой жана психо-логиялык жактан зордук-зомбулукка учуроодон, ар-намысын басынтууданкорголууга. 21-берене. Мектепке чейинки курактагы балдарды социалдык жактан коргоо 1. Мамлекет мектепке чейинки курактагы балдарды, жетим балдардыжана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, өзгөчө муктаждыгы бар балдар-ды, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын социалдык жактанкоргоону жана колдоону камсыз кылат. 2. Жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар-га туугандык мамилелерин сактоо, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчикжана башка формадагы мектепке чейинки уюмдарда акысыз багуу, ошондойэле алардын жеке, мүлктүк укуктарын коргоого Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык кепилдик берилет. 3. Өзгөчө муктаждыгы бар балдарга ийкемдүү иш режими бар мамлекет-тик, муниципалдык жана жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмда-рына баруу жана аларда мамлекеттин эсебинен багуу укугуна кепилдик бе-рилет. 4. Өзгөчө муктаждыгы бар балдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан белгиленген тартипте багууда, окутууда жана өнүктүрүүдөөздөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл каражаттар жана со-циалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылынат. 5. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларыната-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз Мектепке чейин би-лим берүүнүн мамстандартында каралган тест жүргүзүүгө жанаизилдөөлөрдүн ар кандай түрүн жүргүзүүгө жол берилбейт. 22-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдарды медициналык жактан тейлөө 1. Мектепке чейинки билим берүү системасында акысыз медициналыктейлөөнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттыксактоонун тийиштүү дењгээлдеги ыйгарым укуктуу органынын мекемелери та-рабынан ишке ашырылат. 2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балага акысыз негизде ал-гачкы медициналык жардам берилет, ал ушул мектепке чейинки уюмдун жетиешелүү саламаттык сактоо мекемелеринин штатына кирген медициналыккызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартип-те ишке ашырылат. 3. Тиешелүү дењгээлдеги саламаттык сактоо органдары тиешелүүдењгээлдеги билим берүүнү башкаруу органдары менен бирдикте жыл сайынбалдарды акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү, алардын ден соолугунунабалына мониторинг жүргүзүүнү жана коррекциялоону камсыз кылат, сани-тардык-гигиеналык ченемдердин сакталышына жана мектепке чейинки билимберүү уюмунда дарылоо-алдын алуу иш-чаралардын өткөрүлүшүнө жоопкерчи-лик тартат. 23-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамактануусун уюштуруу 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруучу балдар коопсузсапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз кылынат. 2. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарыныннакталай топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусунуюштуруу жана ага жоопкерчилик мектепке чейинки билим берүү уюмунун же-текчисине, билим берүүнү жана саламаттык сактоону башкаруунун тиешелүүдењгээлдердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт. 4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда тамак-аштын сапатын конт-ролдоо жана мамлекеттик көзөмөл саламаттык сактоону жана билим берүүнүбашкаруунун тиешелүү органдарына жүктөлөт. 24-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери 1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөндөгүлөргө укуктуу: - мектепке чейинки билим берүү уюмун жана баласынын мектепке че-йинки билим алуу түрүн тандоого; - балдарын окутуу, таалим-тарбия берүү жана өстүрүп-жетилтүү масе-лелери боюнча билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органдарына кайрылуу-га; - өз балдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого. 2. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) милдеттери: - баланын дене-бой, интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана социалдыкжактан өсүп-жетилишине негиз салуу. Балдардын мектепке чейинки билималышына жоопкерчилик алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө)жүктөлөт; - балдардын мектепке чейинки билимдин кандай да болбосун түрүналышына шарттарды камсыз кылуу; - балдардын дене-бой жактан ден соолугуна жана психикалык абалынакам көрүү, табигый көрөњгөсүн, шык-жөндөмдөрүн өөрчүтүшүнө тиешелүүшарттарды түзүү; - баланы үй-бүлөдө тарбиялоо, окутуу, өстүрүп-жетилтүү; - баланын ар-намысын сыйлоо; - баланы эмгекчилдикке, жашы улууларга, мамлекеттик жана эне тили-не, элдик каада-салтка сый мамиле жасоого тарбиялоо. 6-глава Мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансы-чарбалык иши 25-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансы-чарбалык иши 1. Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмункаржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 2. Балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билимберүү уюмдарында күтүү (багуу) акы төлөмө негизде жүргүзүлөт. Ата-эне-лерден акы алуу жана аны эсептөө тартиби белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 3. Мектепке чейинки билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мый-замдарында тыюу салынбаган ишмердиктен киреше алууга укуктуу. 4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын финансы-чарбалык ишинеконтролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте ишке ашырылат. 7-глава Корутунду жоболор 28-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл ичинде өзүнүн ченемдик укук-тук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти