Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы
№ 736 токтому менен
бекитилген
Кыйыр ыкмалардын негизинде
салык милдеттенмелерин аныктоо
ЫКМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №818 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава
Жалпы жоболор
1. Бул ыкма кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык эсепке алууну жүр-
гүзүү тартиби бузулган учурда салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин
аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 119-берене-
сине ылайык иштелип чыкты.
2. Кыйыр ыкмалардын негизинде салык милдеттенмелерин эсептөө Кыр-
гыз Республикасынын Салык кодексинин 118-121-беренелерине ылайык салык
органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Ыкма салык төлөөчү экономикалык ишти кыйыр ыкма менен жүзөгө
ашырган учурда келип чыккан салык милдеттенмелеринин суммаларын салык
кызматынын органдары аныкташынын өз ара байланышкан жолдорунун жана ык-
маларынын жыйындысын аныктайт.
2-глава
Салык салуу максатында товарлардын, жумуштардын же
кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу
4. Эгерде салык мыйзамдарында башкача каралбаса, салык салуу мак-
саттары үчүн бүтүмдүн тараптары иш жүзүндө колдонуучу товарлардын, жу-
муштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эске алынат. Эгерде тескери
жагы далилденбесе, баа рыноктук баалардын дењгээлине ылайык келет деп
эсептелет.
5. Салык кызматынын органдары салык толук эсептелишин контролдоону
жүзөгө ашыруу учурунда бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын
төмөнкүдөй учурларда текшерүүгө укуктуу:
1) өз ара көз каранды жактар менен - башкача айтканда бүтүмдүн ка-
тышуучулары болгон жактар менен бүтүмдөрдүн учурунда, анын натыйжалары
салык милдеттенмелерин аныктоого түздөн-түз таасир этсе;
2) товар алмашуу (бартердик) операциялары боюнча;
3) тышкы соода бүтүмдөрүн жасоо учурунда. Мында салык кызматы тыш-
кы соода бүтүмдөрү жөнүндө ар кандай, анын ичинде төмөнкүдөй маалыматты
пайдалана алат:
- бажы органдарынын маалыматтарын;
- чет мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын маалыматын;
- бүтүмдүн тараптарынын биринин маалыматын;
- укук коргоо органдарынан алынган маалыматты;
- ушул бүтүм тарабынан таламдары козголгон үчүнчү жактардын маалы-
маттарын жана башка маалыматты;
4) КНС боюнча каттоону жойгон жана/же салык төлөөчүнү жойгон учур-
да;
5) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө
ырастаган документтер жок болгон учурда;
6) аракеттенбеген жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүм учу-
рунда.
Эгерде салык органдарында салык милдеттенмелерин аныктоо учурунда
салык төлөөчү салык милдеттенмесин төмөндөтүүгө негиз болгон жалган до-
кументтерди пайдалангандыгы жөнүндө күбөлөгөн фактылар болсо, салык
кызматы салыкты, туумду жана салык санкцияларын кошумча эсептөө жөнүндө
негиздүү чечим чыгарууга укуктуу.
6. Бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын, жумуштардын же кызмат
көрсөтүүлөрдүн баалары рыноктук баадан төмөн болгон учурда, салык кыз-
матынын органы бул бүтүмдүн натыйжалары тиешелүү товарларга, жумуштарга
же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонууга таянуу менен баа-
лангандай түрдө эсептелген салыкты, туумду жана салык санкцияларын ко-
шумча эсептөө жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарууга укуктуу.
Эгерде салык төлөөчү бүтүм иш жүзүндө документтерде көрсөтүлгөн
баалар боюнча түзүлгөндүгүн жана рыноктук баадан четтөө экономикалык
жактан негиздүү экендигин далилдей албаса, бүтүмдүн рыноктук баасы кол-
донулат.
Ушул пункттун максаттарында рыноктук баалар төмөнкүдөй учурларда
колдонулушу мүмкүн:
1) тараптардын бири жасалган бүтүмгө катышкандыгын танганда;
2) салык кызматы сунуш кылынган документтерге ылайык тараптардын
бири болуп төмөнкүлөр санала тургандыгын аныктаганда:
а) жасалган бүтүмгө тиешеси жок жалган жак;
б) аныкталбаган жак;
в) аракеттенбеген жактын белгиси бар субъект ж.б.;
3) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 185 жана 188-берене-
леринде аныкталгандай бүтүм анын тийиштүү кесепеттерин түзүүгө ниеттен-
бестен же берүүлөр башканы далдалаган бүтүм болуп саналган учурда;
4) салык кызматы сатылгандыгынын фактысы документ менен ырасталган
товарлар субъектте жок экендигин белгилегенде;
5) бүтүмдүн тараптарынын ортосунда салык милдеттенмелерин негизсиз
төмөндөтүүгө таасир эткен келишүү бар болгондо;
6) рыноктук баадан экономикалык жактан негизсиз четтөөнүн башка учурлары.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №818 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Рыноктук бааны аныктоо учурунда баага демейки үстөк акылар же
өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын ортосунда бүтүмдөрдү жа-
соо учурунда белгиленүүчү кемитүүлөр эске алынат. Атап айтканда,
төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан кемитүүлөр эске алынат:
1) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө су-
роо-талабынын сезондук жана башка өзгөрүүлөрүнөн;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте товарлар са-
патын же башка керектөө касиеттерин жоготушунан;
3) товарлардын жарактуулугунун же сатылышынын мөөнөтү аякташынан
же аякташы жакындашынан;
4) маркетингдик саясаттан, анын ичинде окшоштору болбогон жањы то-
варларды рынокко чыгаруу учурундагы, ошондой эле товарларды, жумуштар-
ды, кызмат көрсөтүүлөрдү жањы рынокторго чыгаруу учурундагы саясаттан;
5) товарлардын тажрыйбалык моделдери жана үлгүлөрү менен тааныш- тыруу максатында аларды сатуудан.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №818 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук
бааларын аныктоо учурунда өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын
ортосундагы бүтүмдөр эске алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосун-
дагы бүтүмдөр бул жактардын өз ара көз карандылыгы мындай бүтүмдөрдүн
натыйжаларына таасир этпеген учурда гана эске алынат.
9. Өз ара көз каранды жактар деп өздөрүнүн ортосундагы мамилелер
алардын ишинин же алар туюнткан субъекттердин ишинин шарттарына же эко-
номикалык натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болгон субъекттер таанылышы
мүмкүн, атап айтканда:
1) субъект уюмга түздөн-түз же кыйыр катышат же мындай катышуунун
суммалык үлүшү 20 пайыздан ашыкты түзөт;
2) эки уюм, аларга алардын ар бириндеги катышуусунун түздөн-түз
жана/же кыйыр үлүшү 20 пайыздан ашыкты түзгөн үчүнчү субъект катышат же
ушундай субъект тарабынан контролдонот;
3) кызматтык абалы боюнча бир жеке жак башка жеке жакка баш иет;
4) өздөрүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен
жөнгө салынуучу мамилелер келип чыккан субъекттер;
5) жакын туугандар;
6) башкарманы уюштуруучу жана ишенимдүү башкаруучу.
Сот субъекттерди, эгерде бул субъекттердин ортосундагы мамилелер
алардын ортосундагы бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этиши мүмкүн бол-
со, башка негиздер боюнча өз ара көз каранды деп табышы мүмкүн.
10. Товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө бааны аныктоо жана таануу
учурунда товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө рыноктук баалар жана мам-
лекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
маалымат базаларынын биржалык котировкалар жөнүндө маалыматтын расмий
булактары, салык төлөөчүлөр салык органдарына берген маалымат, ошондой
эле башка тиешелүү маалымат колдонулат.
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин рынокто
түзүлгөн товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын квартал
сайын чыгуучу бюллетенинин маалыматтары товарлардын, жумуштардын же
кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы катары колдонулат.
Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (та-
рифтер) боюнча сатуу учурунда салык салуунун максаттары үчүн
көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) колдонулат.
12. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул
товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учуруна карата салыштырылу-
учу шарттарда окшош жана/же бир тектүү товарлар, жумуштар, кызмат
көрсөтүүлөр жагынан түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде
аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын көлөмү (мисалы, товар-
дык партиянын көлөмү) милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү сыяктуу бүтүм
шарттары, демейде ушундай бүтүмдөрдө колдонулуучу төлөм шарттары, ошон-
дой эле баага таасир этиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар
эске алынат.
Мында окшош товарлардын, ал эми алар жокто - бир тектүү товарлар-
дын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногундагы бүтүмдөрдүн шарт-
тары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырма ушундай товарлардын,
жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасир этпесе же
түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо, салыштырылуучу
шарт деп табылат.
13. Рыноктук бааны аныктоо үчүн кийин сатуу баасынын ыкмасы колдо-
нулат, мында сатуучу сатып жаткан товарлардын, жумуштардын же кызмат
көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы сатып алуучу аларды кийин кайра саткан
учурдагы мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баа-
сынын жана мындай учурларда бул сатып алуучу сатуучудан сатып алган то-
варларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайра саткан же рынокко
чыгарган учурда тарткан демейки чыгымдардын, ошондой эле иштин бул
чөйрөсү үчүн сатып алуучунун демейки пайдасынын айырмасы катары аныкта-
лат.
Мисалы: субъект жалпы суммасы 10 мињ сом болгон товарды сатып ал-
ды. Субъекттин бул товарды сатып алуу жана кийин сатып-өткөрүү менен
байланышкан чыгымдары (ташуу, сактоо, жүктөө-түшүрүү ж.б.) 2 мињ сомду
түзгөн. Иштин бул чөйрөсү үчүн демейки пайда 20%ды түзөт. Ошентип, бул
товарды рыноктук баа 14400 сом (10000 + 2000 + 20%) суммасында аныкта-
лышы мүмкүн.
14. Кийин сатуу баасынын ыкмасын колдонуу мүмкүн болбогон учурда
наркты кошуунун негизиндеги ыкма колдонулат, мында сатуучу са-
тып-өткөрүп жаткан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн
рыноктук баасы өндүрүштүк чыгымдардын жана иштин бул чөйрөсү үчүн де-
мейки пайданын суммасы катары аныкталат. Мында товарларды, жумуштарды
же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга
ушундай учурлардагы демейки түз жана кыйыр чыгымдар, ташууга, сактоого,
камсыздандырууга ушундай учурлардагы демейки чыгымдар жана башка ушун-
дай чыгымдар эске алынат.
Мисалы: субъект 14400 сом суммасындагы товарды саткан. Иштин бул
чөйрөсү үчүн демейки пайда 20%ды түзөт. Мындай учурлардагы демейки чы-
гымдар (ташуу, сактоо, жүктөө-түшүрүү ж.б.) - 2 мињ сом. Сатып алуунун
рыноктук баасы 10 мињ сомду (14400- [14400 x 20 / 120] - 2000) түзөт.
15. Салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо жөнүндө салык
кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу тууралуу ишти
карап чыгуу учурунда сот ушул методикада саналган кырдаалдар менен чек-
телбестен, бүтүмдүн натыйжаларын аныктоо үчүн маанилүү болгон ар кандай
кырдаалдарды эске алышы мүмкүн.
3-глава
Активдерге, милдеттенмелерге, жүгүртүүгө, коромжуларга,
чыгымдарга жана салык постунун маалыматтарына баа
берүүнүн негизинде кыйыр ыкмаларды колдонуу
16. Калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу-
нун тартиби бузулган, баштапкы эсепке алуу документтери болбосо, эсепке
алуу документтери жоготулган же жок кылынган учурда салык кызматынын
органдары активдер, милдеттенмелер, жүгүртүү, коромжу, чыгымдар жана/же
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте орнотулган салык пос-
тунун натыйжалары боюнча алынган маалымат ыкмалары сыяктуу кыйыр ыкма-
лардын негизинде салык милдеттенмесин аныктайт.
17. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын аныктоонун
кыйыр ыкмалары деп салык төлөөчүнүн чыгымдарын баалоо боюнча алардын
салык милдеттенмелеринин суммаларын, анын активдеринин кошумча өсүшүн,
аны менен жалдоо мамилелеринде болгон адамдардын санын, ошондой эле са-
лык милдеттенмесин эсептөө үчүн кабыл алынган салык базасынын башка
элементтерин аныктоо түшүнүлөт.
18. Кыйыр ыкмаларды колдонуу учурунда салык базаларынын элементте-
рин аныктоо үчүн салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке жак-
тардан алынган ар кандай маалыматты пайдалана алат, ал салык төлөөчүнүн
салык милдеттенмелерин аныктоого тикелей же кыйыр таасир этиши мүмкүн.
19. Активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, коромжуларды, чыгым-
дарды жана салык постунун маалыматтарын талдоонун негизинде салык мил-
деттенмелерин аныктоо ыкмасы салык төлөөчүнүн экономикалык ишин
мүнөздөгөн ар кандай экономикалык көрсөткүчтөрдүн өз ара байланышына
жана өз ара көз карандылыгына негизденет.
20. Активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, коромжуларды, чыгым-
дарды талдоо төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү салыштыруу жолу менен
жүргүзүлүшү мүмкүн:
- өндүрүштүк кубаттуулуктардын абалын;
- пайдаланылган чийки заттын, материалдардын, электр жана жылуулук
энергиясынын, суунун, идиштин саны жана башкаларды;
- кызматкерлердин санын жана алардын эмгек акысынын өлчөмүн;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана
сатууга башка чыгымдарды;
- салык төлөөчүнүн активдеринин кошумча өсүшүн же азайышын;
- отчеттук мезгилдин башталышына жана аягына карата товарларды
(даяр продукцияны) түгөлдөө;
- банк мекемелериндеги эсептерде акча каражаттарынын кыймылы;
- салык базасын аныктоого таасир эткен башка көрсөткүчтөр.
21. Кыйыр ыкма менен салык милдеттенмелерин аныктоо Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жа-
на жеке жактардан алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, салык кызматы текшерилип жаткан чарбакер субъект менен
түздөн-түз финансылык мамиледе болбогон, бирок мында өзүнүн
мүнөздөмөлөрү боюнча салык төлөөчүнүн ишине окшош ишти жүзөгө ашырып
жаткан үчүнчү жактардан алынган маалыматты пайдаланышы мүмкүн. Мында
төмөнкүлөр салык базасын эсептөө үчүн көрсөткүч болушу мүмкүн:
- киреше, чыгаша, баалар;
- салмак, көлөм, саны;
- суроо-талап;
- аймак.
Мисалы: Текшерүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүнүн эсепке алуу маалы-
маттарына ылайык калдыкта 100 мињ сом суммасындагы (сатып алуу баасы
боюнча) товардык-материалдык байлыктар бар экендиги, мында бул салык
төлөөчү алардын калдыктарды алып салуу үчүн көрсөтө албагандыгы айкын
болду. Салык кызматы бул товарды сатылды деп тааныйт жана ишканалардан,
мекемелерден, уюмдардан жана/же жеке жактардан зарыл маалыматты алуу
аркылуу рынокто бул товар 120 мињ сом тураарын аныктайт, ага таянуу ме-
нен салык базасы аныкталууга тийиш.
Салык кызматы салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын резиденти
башка мамлекеттин аймагында үчүнчү өлкөдө өндүрүлгөн товарды саткандыгы
жөнүндө маалыматты алды. Бул операциянын натыйжалары салык отчетторунда
чагылдырылган эмес же толук эмес чагылдырылган. Салык кызматы колдо
болгон маалыматка ылайык кайра эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
22. Салык милдеттенмесин аныктоонун кыйыр ыкмасы салык постунун
натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде колдонулушу мүмкүн.
Эгерде салык постунун маалыматтары салык төлөөчүнүн маалыматтарына дал
келбесе, салык кызматы салык төлөөчүнүн отчеттуулугуна тиешелүү не-
гиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4-глава
Салык милдеттенмесин аныктоонун кыйыр
ыкмаларын пайдалануу менен текшерүү жүргүзүү
жана анын натыйжаларын тариздөө
23. Кыйыр ыкмалардын негизинде салык милдеттенмелерин аныктоону
көчмө жана камералык текшерүүлөрдүн учурунда салык кызматы жүргүзүшү
мүмкүн. Мында бул аракеттер үчүн атайын милдеттендирүүчү катты толтуруу
талап кылынбайт.
24. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө, салык милдеттенмесин аныктоонун
кыйыр ыкмалары колдонулган учурда мында пайдаланылган бардык материал-
дар, ошондой эле эсептер көчмө текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетто
чагылдырылууга тийиш, ал Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
105-беренесине ылайык толтурулат.
Көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын жетекчиси же
анын орун басары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 106-беренесине
ылайык чечим чыгарат, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексинин белгиленген тартипте салык төлөөчүгө билдирүү тапшырылат.
25. Камералык текшерүүнү жүргүзүү учурунда, салык милдеттенмелерин
кыйыр ыкма менен аныктоонун натыйжалары боюнча маалымкат түзүлөт, ал
жүргүзүлгөн кошуп эсептөөлөрдүн себептери жана негиздери, мында колдо-
нулган документтер жөнүндө толук маалыматты камтууга тийиш. Маалымкатка
зарыл документтер же алардын көчүрмөлөрү, эсептер жана эсептөө учурунда
пайдаланылган башка материалдар тиркелүүгө тийиш.
Эгерде салык милдеттенмелерин аныктоонун кыйыр ыкмаларын колдонуу
менен камералык текшерүүнүн жүрүшүндө салыктын суммасын төмөндөтүү фак-
тылары белгиленген болсо, салык органы аларды 15 календарлык күндүн
ичинде жоюу талабы менен аныкталган эреже бузуулар жөнүндө салык
төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.
26. Эгерде салык төлөөчү салык кызматынын чечимине макул болбосо
ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ага датта-
нууга укуктуу.