Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №818
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109, 110 жана 120-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "салыктык милдеттенме" деген сөздөрдөн кийин "салык төлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзацтагы "акчалай эсептешүүлөр" деген сөздөрдөн мурда "калк менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун, каттоонун жана пломбалоонун тартибинде:
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "акчалай эсептешүүлөр" деген сөздөрдөн мурда тиешелүү жөндөмөдө "калк менен" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктта:
- жетинчи абзацтагы "ККМ чарбакер субъекттер жайгашкан жердеги салык органдарында милдеттүү түрдө катталууга жана пломбаланууга тийиш" деген сөздөр "салыктык жана/же эсепке алып каттаган жердеги салык органдарында милдеттүү түрдө катталууга жана пломбаланууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Төлөм терминалдарында милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машиналар (фискалдык каттоочулар) орнотулууга тийиш.";
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыйыр ыкмалардын негизинде салык милдеттенмелерин аныктоо ыкмасында:
6-пункттун биринчи абзацындагы "рыноктук баадан төмөн" деген сөздөр "рынок баасынан айырмаланат" деген сөздөргө алмашылсын;
7-пункттун биринчи абзацы "келип чыккан кемитүүлөр" деген сөздөрдөн кийин "жана үстөктөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишинин өзгөчөлүгүнө же турган жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын тизмесинде:
Тизменин аталышында "акчалай эсептешүүлөр" деген сөздөрдөн мурда "калк менен" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бишкек-Ош жана Бишкек-Балыкчы трассасында жайгашкан бир ишкердик субъектинин (соода жүргүзүүчү, коомдук тамактануучу) залдарынын аянты 60 чарчы метрден ашкан стационардык соода түйүндөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Тизмеге ылайык алыскы жана барууга кыйын болгон калктуу конуштарда ишкердик кылган ишкердик субъекттери.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри | Д.Үсөнов |