Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 15-июну № 383 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы аталган мый-зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити,2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 167-берененин 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "35) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскер-дик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, жа-зык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, Кыргыз Рес-публикасынын Бањгизаттарды контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин ак-чалай үлүш жана азык-түлүк чен азыгынын ордуна берилүүчү компенсациятүрүндөгү кирешелери;". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти