Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 323 токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн, макулдашууларды түзүүнүн ТАРТИБИ I. Жалпы жоболор II. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо III. Конкурстук комиссия IV. Конкурска катышууга арыздарды берүү жана кабыл алуу V. Конкурсту өткөрүү үчүн конкурстук документтердин мазмуну VI. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоону өткөрүү VII. Конкурска катышуу үчүн конкурстук сунуштарды баалоо VIII. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнүн жарыяланышы IX. Конкурстук тандап алуу жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун корутундусу X. Түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун корутундусу I. Жалпы жоболор 1. Бул: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигининжергиликтүү органы менен жана жеке адамдын же юридикалык жактын орто-сундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурс-тук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары -Тартип) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 6-беренесине ылайык иштелип чыккан. 2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) бардык долбо-орлору үчүн жеке өнөктөр конкурстук тандоого катышуу аркылуу же тикесүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен тандалышат. II. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) инвестиция-лык долбоорлордун тизмесин аныктайт жана алар жөнүндө маалыматты жалпыреспубликалык жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик жана расмийтилдерде жарыялайт. 4. Инвестициялык долбоорлордун тизмеси жарыялангандан кийин Өкмөт,аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы (мындан ары - заказчы) конкурсөткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жалпы республикалык жалпыга маалымдоокаражаттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт жана заказчы-нын расмий сайтына маалымат жайгаштырат. 5. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жарыялоонун жана жайгаш-тыруунун мөөнөтү конкурстук документтерде белгиленет жана конкурска ка-тышуу жөнүндө арыздарды тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин 90 иш күндөнкем болбоого тийиш. 6. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгөтийиш: - конкурс өткөрүүнүн мыйзамдык негиздери; - заказчынын аталышы, турган жери, почталык дареги, телефондорунунномерлери, Интернеттеги расмий сайтынын дареги жана башка реквизиттери; - макулдашуунун объектиси; - макулдашуунун иштөө мөөнөтү; - конкурстун катышуучуларына талаптар; - конкурстун критерийлери жана алардын параметрлери; - конкурстук документтерди тапшыруунун тартиби, орду жана мөөнөтү; - конкурстун заказчысы конкурстук документтерди тапшыргандыгы үчүналчу акынын өлчөмү, эгер мындай акы белгиленген болсо, аны төгүүнүнтартиби жана мөөнөтү; - конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын турган жери, почталык даре-ги, телефондорунун номерлери жана ал жөнүндө башка маалыматтар; - конкурска катышууга арыздарды тапшыруунун тартиби, орду жанамөөнөтү (бул мөөнөт башталчу жана бүтүүчү күн жана убакыт); - конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү (булмөөнөт башталчу жана бүтүүчү күн жана убакыт); - конкурска катышууга арыз салынган конверттерди ачуучу жер, күнүжана убактысы; - конкурстук сунуштар салынган конверттерди ачуучу жер, күнү жанаубактысы; - конкурстун жењүүчүсүн аныктоонун тартиби; - конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгыжөнүндө протоколго кол койчу убактысы; - макулдашууга кол коюунун мөөнөтү. III. Конкурстук комиссия 7. Конкурстук тандоо жүргүзүү үчүн заказчы конкурстук комиссиятүзөт. 8. Конкурстук комиссия Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жергиликтүүоргандарынын өкүлдөрүнөн, тийиштүү тармактагы адистерден түзүлөт. 9. Конкурстун жыйынтыгына жеке кызыкдар болгон жактар (анын ичиндежеке конкурска катышууга арыз берген же андай арызды берген жактар ме-нен эмгектик мамиледе турган жеке адамдар) же конкурстун катышуучуларытаасир эте алышы мүмкүн болгон жеке адамдар (анын ичинде юридикалыкжактардын катышуучусу (акционери), алардын башкаруу органдарынынмүчөлөрү, конкурска катышуучулардын кредиторлору) болушкан жеке адамдарконкурстук комиссияга мүчө боло алышпайт. 10. Конкурстук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес болууга ти-йиш. 11. Конкурстук комиссиянын курамына конкурстук комиссиянын төрага-сы, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары, конкурстук комисси-янын катчысы жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү киришет. 12. Конкурстук комиссиянын жеке курамын заказчы бекитет. IV. Конкурска катышууга арыздарды берүү жана кабыл алуу 13. Конкурска катышууга арызды (мындан ары - арыз) берүүнүнмөөнөтүн, арыздын формасын, мазмунун, талаптарын, конкурска катышуучу-лар аларга карата коюлган талаптарга ылайыктыгын ырастачу документтер-дин жана материалдардын курамын конкурстук комиссия мыйзамдын жана ушулТартиптин талаптарын эске алуу менен аныктайт. 14. Арыздар конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү белгиленген тар-типте жарыяланган күндөн баштап бериле баштайт жана арыз салынган кон-верттерди ачуу жол-жобосу башталаардын алдында токтотулат. Мында арыздыберүүнүн конкурстук документтерде белгиленген мөөнөтү конкурсөткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү белгиленген тартипте жарыяланган күндөнбаштап 90 иш күндөн кем эмес болууга тийиш. 15. Арыз конкурстук документтерде белгиленген форма боюнча жазуужүзүндө таризделүүгө тийиш. 16. Арыз мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада (түп нускажапа көчүрмө) таризделип, ар бири же конкурстук документтердекөрсөтүлгөн санда арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт жана конкурс-тук документтерде белгиленген тартипте конкурстук комиссияга өзүнчөчапталган конверт менен тапшырылат. 17. Конкурстун катышуучусунун баштапкы тандоонун атайын талаптары-на ылайыктыгы жөнүндө маалыматты ырастачу документтер катары төмөнкүдөйдокументтер тиркелет: - конкурстун катышуучусунун макулдашуунун объектисине окшош объек-ттер боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасынын толукмүнөздөмөсүн камтыгандар; - конкурстун катышуучусунун макулдашууну ишке ашыруу максатындакаражаттардын керектүү көлөмүн камсыздоого жарактуулугун жана инвести-ция салууга даярдыгын жана (же) аталган максаттар үчүн жеке каржылоотартууга жарактуулугун ырастагандар. Конкурстук документтерде конкурстун катышуучусу баштапкы тандоонунатайын талаптарына ылайыктыгын ырастоочу кошумча башка жана (же) кон-курстун катышуучусу арыз менен кошо тапшыруучу документтер белгиленишимүмкүн. 18. Арызга конкурстун катышуучусу кол коюп күбөлөндүргөн катышуучутарабынан берилген документтердин жана материалдардын тизмеси тиркелет,анын түп нускасы конкурстук комиссияда, көчүрмөсү конкурстун катышуучу-сунда калат. 19. Конкурстук комиссияга берилген арыз берген датасы жана мезгили(сааты жана мүнөтү) так көрсөтүлүп, катар номери коюлуп, арыздар журна-лына катталууга тийиш. 20. Конкурстук комиссияга арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каа-лаган убакта конкурстун катышуучусу тарабынан өзүнүн арызын өзгөртүүгөже кайрадан алууга жол берилет. Арызды өзгөртүү же аны кайра алуужөнүндө кабарлоо эгерде мындай өзгөртүү же кабарлоо арыздарды берүүмөөнөтү аяктаганга чейин конкурстук комиссияга келип түшсө, анык депэсептелет. 21. Арыздарды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук комиссия-га берилген арызы бар конверт ачылбайт жана берилген документтердин жа-на материалдардын тизмеси менен кошо аларды берген конкурстун катышуу-чусуна кайтарып берилет, тизмеге арызды алуудан баш тарткандыгы жөнүндөбелги коюлат. 22. Конкурстун бир катышуучусу бир гана арыз берүүгө укуктуу. V. Конкурсту өткөрүү үчүн конкурстук документтердин мазмуну 23. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүү укугунаконкурстук тандоо өткөрүү үчүн конкурстук документтер (мындан ары -конкурстук документтер) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу-ну түзүү жөнүндө долбоорду иштеп чыгуучу болуп эсептелген Өкмөт, атка-руу бийлигинин жергиликтүү органы (мындан ары - заказ берүүчү) тарабы-нан иштелип чыгат. 24. Конкурстук документтер төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: 1) 1-бөлүм. "Киришүү", мында конкурстук документтердин мазмуну жа-на бөлүмдөрдүн баяндалышы көрсөтүлөт. 2) 2-бөлүм. "Жалпы жоболор", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү укугуна конкурсту (мындан ары -конкурс) өткөрүүнүн укуктук негизи; - конкурстук документтерде колдонулуучу терминдер жана аныктама-лар; - заказчы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишти жүргүзүүжөнүндө макулдашуу түзүү укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук ко-миссия (мындан ары - конкурстук комиссия); - предмети, конкурсту өткөрүүнүн шарттары; - конкурстун критерийлери жана конкурстун критерийлеринин мааниле-ри; - курамы жана баяндоолор, анын ичинде техникалык-экономикалыккөрсөткүчтөр, макулдашуунун объектти; - макулдашуунун негизги шарттары; - конкурстук документтерди берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү; - конкурстук документтердин түшүндүрүүчү жоболорун берүүнүн тарти-би жана мөөнөтү; - конкурска катышуучулар берүүчү документтердин жана материалдар-дын тизмеси жана мазмуну (анын ичинде алардын конкурстун катышуучулары-на коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсүн тастыктаган документтер жана ма-териалдар), ошондой эле мындай документтерди жана материалдардыберүүнүн формалары; - конкурстук документтерди өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби. 3) 3-бөлүм. "Конкурска катышууга арыз берүү жана конкурстун каты-шуучуларын алдын ала тандоо", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - конкурска катышууга арыздарды берүүнүн жана кабыл алуунун тарти-би жана аларга коюлуучу талаптар, анын ичинде конкурска катышууга арыз-дардын мазмунуна, формасына жана курамына коюлуучу талаптар; - конкурска катышууга арыздарды берүүнүн орду жана мөөнөтү (датасыжана бул мөөнөттүн башталган жана аяктаган убактысы көрсөтүлөт); - конкурска катышууга арыздарды өзгөртүүнүн жана (же) кайра алуу-нун тартиби жана мөөнөтү; - конкурска катышууга арыздары бар конверттерди ачуунун тартиби,орду, датасы жана убактысы; - конкурска катышуучуларды алдын ала тандоону өткөрүүнүн тартибижана мөөнөтү, конкурска катышуучуларды алдын ала тандоону өткөрүүжөнүндө протоколго кол коюнун мөөнөтү; - алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучуларына коюлуучуталаптар, аларга ылайык конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоожүргүзүлөт; - арыздарды талдоо үчүн комиссия тарабынан эксперттик топторду жа-на (же) көз карандысыз эксперттерди тартуунун тартиби. 4) 4-бөлүм. "Конкурстук сунуштарды берүү жана баалоо", мындатөмөнкүлөр көрсөтүлөт: - конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү (дата-сы жана бул мөөнөттүн башталган жана аяктаган убактысы көрсөтүлөт); - конкурска катышуучулардын конкурстук сунуштарына коюлуучу талап-тар, алар сунуштардын техникалык, финансылык, юридикалык бөлүктөрүнөкоюлуучу талаптарды, ошондой эле башка маселелер боюнча сунуштарды кам-тышы мүмкүн; - конкурстук сунуштарды өзгөртүүнүн жана (же) кайра алуунун тарти-би жана мөөнөтү; - конкурстук сунуштар бар конверттерди ачуунун тартиби, орду, да-тасы жана убактысы; - конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун тартиби, аныничинде конкурстук сунуштарды баалоонун критерийлери; - конкурстук сунуштарды талдоо үчүн конкурстук комиссия тарабынанэксперттик топторду жана (же) көз карандысыз эксперттерди тартуунунтартиби; - конкурстун жењүүчүсүн аныктоонун тартиби; - конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун натыйжаларыжөнүндө протоколго кол коюунун мөөнөтү; - макулдашууну түзүү боюнча милдеттенмелерди жана конкурстун каты-шуучусу конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жењүүчүсү деп табылганучурда макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуусунтастыктаган документтерди берүү жөнүндө талаптарды аткарууну конкурстункатышуучусу тарабынан камсыз кылуусунун ыкмалары. 5) 5-бөлүм. "Макулдашууну түзүү", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - конкурстун жењүүчүсү менен же макулдашуу түзүүгө укугу бар башкаадам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби; - макулдашуу боюнча милдеттенмелерди өнөктөш тарабынан аткаруусункамсыз кылуунун ыкмаларын көрсөтүү; - макулдашууну түзүүнүн тартиби жана мөөнөтү. 6) 6-бөлүм. "Конкурстук комиссия", мында конкурстук комиссияжөнүндө жобо камтылат. 7) 7-бөлүк. "Тиркемелер". Конкурстук документтердин бөлүмдөрү негизги тексттен жана ага тир-кемеден турат. Бардык тиркемелер конкурстук документтердин ажырагысбөлүгү болуп эсептелет. 25. Конкурстук документтерге мыйзамдарга карама-карыш келбегенбашка бөлүмдөр жана жоболор киргизилиши мүмкүн. Конкурстук документтер макулдашуунун долбоорун да камтышы мүмкүн. VI. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоону өткөрүү 26. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоо конкурстун катышуу-чуларын алдын ала тандоонун талаптарына шайкеш келген конкурстун каты-шуучуларын аныктоо максатында өткөрүлөт, алар конкурстук сунуштардыберүүгө укук алышат. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоонун та-лаптары ушул Жобого ылайык конкурстук документтерде белгиленет. 27. Конкурстун катышуучусу алдын ала тандоонун төмөнкүдөй жалпыталаптарына шайкеш келүүгө тийиш: - белгиленген тартипте каттоонун бар болушу, ага карата башталганжоюу жол жобосунун жоктугу; - акыркы беш жыл ичинде ага карата башталган жана (же) жүргүзүлгөнбанкрот кылуу жол жобосунун жоктугу; - Кыргыз Республикасынын бардык дењгээлиндеги бюджетинин алдындаже каалагандай бюджеттен тышкаркы фонддун алдында акыркы календардыкжылдын аягына карата акыркы отчеттук мезгил үчүн аныкталуучу конкурстункатышуучусунун активине карата проценттик катышта эсептелүүчү Өкмөт та-рабынан аныкталган чоњдуктан ашык өлчөмдөгү салык, жыйымдар же башкамилдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу. Эгерде ал мындай карызгаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каршы болсожана арызды кароо датасына карата мындай талаш боюнча мыйзамдуу күчүнөкирген сот чечими жок болсо, же конкурстун катышуучусунун пайдасына че-чилген чечим бар болсо, конкурстун катышуучусу бул талапты аткарган бо-луп эсептелет. - конкурсту даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелердичечүүгө катышпоосу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ылайык, келишим-дик милдеттенмелер же сот чечимдери менен конкурска катышуу же мамле-кеттик заказ боюнча товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү укугунанажыратылбагандыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан узактыгы аныкталуучуакыркы мезгилдин ар бир жылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан аныкталган чоњдукка эквиваленттүү жылдык жүгүртүүнүн, активдердинбар болушу; - акыркы эки жылдын ар бир жылына карата иштен таза кирешенин (са-лык төлөгөндөн кийин) бар болушу; - конкурстук документтерде белгиленген конкурска катышууга тыюусалуу шарттарына туура келбөөсү; - макулдашуу объектине окшош объекттерге карата долбоорлорду өзалдынча же башка жактар менен биргелешип ишке ашырууда катышуучу болупишке ашыруу боюнча тажрыйбасынын бар болушу; - долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө бу-зууларсыз, анын ичинде заемдук каражаттардын эсебинен каржылоо; - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк схемасы боюнча долбоорлорду ишкеашыруу үчүн мамлекеттик эмес каржылоону тартуу тажрыйбасынын бар болу-шу. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жерги-ликтүү органдарынын катышуусунун формаларынын жана макулдашуунун объек-тисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен конкурстук документтерде алдынала тандоонун башка жана (же) кошумча талаптар, анын ичинде финансылык,пайдалануу, юридикалык жана техникалык талаптар белгилениши мүмкүн. 28. Алдын ала тандоо төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: - конкурстук документтерде белгиленген талаптарга арыздардын шай-кеш келүүсүн аныктоо; - конкурстук документтерге ылайык конкурстун катышуучуларына кою-луучу алдын ала тандоонун талаптарына (мындан ары - талаптар) конкурс-тун катышуучуларынын шайкеш келүүсүн аныктоо. 29. Алдын ала тандоо конкурстук документтерде көрсөтүлгөнмөөнөттө, бирок арыз жазылган конверт ачылган күндөн тартып 14 жумушчукүндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 30. Алдын ала тандоону өткөрүү үчүн конкурстук комиссия көз каран-дысыз эксперттерди жана (же) эксперттик топторду тартууга укуктуу. 31. Арыздарды кароодо конкурстук комиссия арызда көрсөтүлгөн маа-лыматтардын тууралыгын текшерет. 32. Конкурстун катышуучусу арыздын курамында толук эмес же ишенич-сиз маалыматтарды берген учурда конкурстун катышуучусун коюлган талап-тарга шайкештигин ырастоо максатында конкурстук комиссия конкурстун ти-ешелүү катышуучусунан ал берген арыз боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө(мындан ары - суроо-талап) берүүнү талап кылууга укуктуу. Конкурстункатышуучусунан арыздын жоболоруна карата түшүндүрмө алуу боюнча кон-курстук комиссиянын суроо-талабы конкурстун катышуучусунун арызындакөрсөтүлгөн почталык дарек боюнча бергендиги жөнүндө билдирүү менен за-каздык кат же арызда көрсөтүлгөн факстын номери боюнча факсимилдик бай-ланыш аркылуу бергендиги жөнүндө билдирүү менен жиберилет. Конкурстуккомиссиянын суроо-талабы эгерде талапта башка мөөнөт каралбаса, алганкүндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде конкурстун катышуучусу тарабынанкаралууга жана аткарылууга тийиш. Конкурстун катышуучусу арыздытүшүндүрүү жөнүндө конкурстук комиссиянын суроо-талабын көрсөтүлгөнмөөнөттө аткарбаган учурда конкурстук комиссия арыздын курамында берил-ген маалыматты толук эмес жана (же) ишеничсиз деп таанууга жана кон-курстун катышуучусун коюлган талаптарга шайкештигин таануудан баш тар-туу чечимин кабыл алууга укуктуу. 33. Арыздарды кароонун жыйынтыктары боюнча конкурстук комиссия ал-дын ала тандоого катышкан конкурстун ар бир катышуучусу боюнча төмөнкүчечимдердин бирин кабыл алат: - конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышу-учусунун шайкештигин жана алдын ала тандоодон өткөндүгүн таануужөнүндө; - конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышу-учусунун шайкештигин таануудан баш тартуу жана аны алдын ала тандоодонөтпөгөндүгүн таануу жөнүндө. Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышуу-чусунун шайкештигин таануудан баш тартуу жөнүндө чечим конкурстук ко-миссия тарабынын төмөнкү учурларда кабыл алынат, эгерде: - алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучусу конкурстункатышуучуларына коюлган талаптарга ылайык келбесе; - арызы коюлган талаптарга ылайык келбесе; - алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучуларына берилгендокументтер жана материалдар толук эмес жана (же) ишеничсиз болсо. 34. Алдын ала тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктарынын негизинде кон-курстук комиссия алдын ала тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндөпротоколду (мындан ары - протокол) тариздешет, ал өзүнө конкурстун арбир катышуучулары боюнча конкурстук комиссиянын кабыл алынган чечиминнегиздөө менен алдын ала тандоодон өткөн жана конкурстук сунуштардыберүү укугуна ээ болгон конкурстун катышуучуларынын маалыматтарын,ошондой эле алдын ала тандоодон өтпөгөн жана конкурстук сунуштардыберүү укугу жок конкурстун катышуучуларынын маалыматтарын камтыйт. Алдын ала тандоонун жана конкурстук комиссиянын кабыл алынган че-чимдеринин жыйынтыктары жөнүндө конкурстук комиссиянын мүчөлөрү прото-колго кол койгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде конкурстун ка-тышуучуларына билдирүү жиберилет. Мында аларга төмөнкү документтержөнөтүлөт: - алдын ала тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына конкурстунтиешелүү катышуучусун алдын ала тандоодон өткөндүгүн таануу тууралуучечимди камтуучу протоколдун көчүрмөсү жана конкурстук сунуштарды кир-гизүү укугун берүү жөнүндө билдирүү жиберилет; - алдын ала тандоодон өтпөгөн конкурстун катышуучуларына конкурс-тун катышуучусунун коюлган талаптарга шайкештигин таануудан баш тартуутууралуу чечимди камтуучу протоколдун көчүрмөсү жана конкурстун катышу-учусун аны алдын ала тандоодон өтпөгөндүгүн таануу жөнүндө чечим жибе-рилет. VII. Конкурска катышуу үчүн конкурстук сунуштарды баалоо 35. Конкурска катышуу үчүн конкурстук сунуштарды кароо жана баалооконкурстук документтерде белгиленген конкурстун критерийлерине конкурс-тук сунуштун шайкештигин аныктоо жана конкурстук сунуштарында камтылганконкурстун жењүүчүсүн аныктоо үчүн шарттарды салыштыруу максатында кон-курстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 36. Конкурстун критерийлери жана конкурстун критерийлеринин маани-си конкурстук сунуштарды баалоо үчүн мыйзамдардын жана ушул Тартиптинталаптарын эске алуу менен конкурстук документтерде белгиленет. 37. Конкурстук документтер конкурстун төмөнкү критерийлерин камты-шы мүмкүн: - макулдашуу объектисинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн; - макулдашуу объектисин түзүү жана (же) реконструкциялоо мөөнөтүн; - макулдашуу объектисинин өнөк берүүчү сапатынын кепилдигин; - макулдашууну аткаруу максатында Өкмөт, аткаруу бийлигинин жерги-ликтүү органдары тарабынан берилүүгө тийиш болгон каржылоо көлөмү, мүлкже мүлк укуктарынын тизмеси; - макулдашууну аткаруу үчүн тартылууга тийиш болгон өнөктүн кара-жаттарынын көлөмүн; - макулдашуу боюнча өнөктүн өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз-доону; - макулдашууда каралган ишти аткарууда чыгарылган товарларга, ат-карылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга чектик бааларды (тариф-терди), ушундай бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү; - өнөк өзүнө алуучу тобокелдиктерди; - конкурстук документтерде каралган башка критерийлерди. 38. Ар бир конкурстук сунуш конкурстук сунушту тариздөө жана доку-менттерди жана маалыматты толук берүү боюнча конкурстук документтердинталаптарына шайкештигине текшерилүүгө тийиш. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун курамында толук эмес жеишеничсиз маалыматтарды берген учурда конкурстук комиссия конкурстунтиешелүү катышуучусунан анын конкурстук сунушу боюнча жазуу жүзүндөтүшүндүрмө берүүнү талап кылууга укуктуу. Конкурстук комиссиянын кон-курсун катышуучусунун анын конкурстук сунушунун жоболорун түшүндүрүүжөнүндө суроо-талабы конкурстун катышуучусунун конкурстук сунушуна кош-тоочу катында көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча бергендиги жөнүндө бил-дирүү менен заказдык кат же конкурстун катышуучусунун конкурстук суну-шуна коштоочу катында көрсөтүлгөн факстын номери боюнча факсимилдикбайланыш аркылуу бергендиги жөнүндө билдирүү менен кийин заказдык катжөнөтүү менен жиберилет. Конкурстук комиссиянын суроо-талабы конкурстункатышуучусу тарабынан тапшыруу жөнүндө билдирүүдө же көрсөтүлгөн почта-лык дарек боюнча конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрү жок болгондугунабайланыштуу корреспонденцияны тапшыруу мүмкүн эместиги жөнүндө бил-дирүүдө көрсөтүлгөн конкурстун катышуучусунун почталык дареги боюнчакат келип жеткен күнү алынган деп эсептелинет. Конкурстук комиссиянынсуроо-талабы конкурстун катышуучусу тарабынан суроо-талапта башкамөөнөт белгиленбесе алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ка-ралууга жана аткарылууга тийиш. Суралган документтер көрсөтүлгөнмөөнөттө берилбеген же конкурстун катышуучусунун конкурстук сунушундагымаалыматтардын туура эместиги белгиленген учурда мындай конкурстук су-нуш конкурстук комиссия тарабынан баалоого жатпайт. Конкурстук сунуштун конкурстук документтердин талаптарына шайкешкелбестиги жөнүндө чечим конкурстук комиссия тарабынан төмөнкү учурлар-да кабыл алынат: - конкурстук документтерде белгиленген талаптарга конкурстук су-нуштун шайкештигин ырастоочу жана конкурстук сунушта камтылган маалы-матты ырастоочу конкурстук документтерде каралган документтер жана ма-териалдар конкурстун катышуучусу тарабынан берилбесе; - конкурстун катышуучусу берген документтер жана материалдар туураэмес болсо. 39. Конкурстук документтерге ылайык берилген конкурстук сунуштардыбаалоо конкурстук сунуштарды алардын комплекстик баалоосунун жыйынтык-тарынын жана аларда камтылган шарттардын пайдалуу даражасы боюнча са-лыштыруунун негизинде рангга бөлүү аркылуу конкурстук комиссия тарабы-нан жүргүзүлөт. Ар бир баалануучу конкурстук сунуш боюнча конкурстуккомиссия рейтинг (тизмедеги орун) ыйгарат. Конкурстун жењүүчүсү кон-курстук комиссиянын корутундусу боюнча эњ жагымдуу шарттарды сунуштаганконкурстун катышуучусу таанылат. Эгерде эки же андан көп конкурстук су-нуш бирдей жакшы шарттарды камтыса (бирдей рейтинг) көрсөтүлгөн кон-курстун катышуучуларынын арасынан конкурстук комиссияга конкурстук су-нушу биринчи киргизген конкурстун катышуучусу жењүүчү деп таанылат. 40. Конкурстук сунуштарды кароодо жана баалоодо конкурстук комис-сия тарабынан түзүлгөн көз карандысыз эксперттердин же эксперттик топ-тун пикирин көњүлгө алууга конкурстук комиссия укуктуу. 41. Конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун жыйынтыктары бо-юнча конкурстук комиссия конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо боюнчатөмөнкүлөрдү камтуучу протоколду тариздейт: - конкурстук документтерде белгиленген конкурстун критерийлеринеконкурстук сунуштардын шайкеш эместиги жөнүндө конкурстук сунуштаргакарата чечим кабыл алынган конкурстук сунуштарды көрсөтүү менен кон-курстук сунуштарды кароонун жыйынтыгын; - конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгын; - конкурстун жењүүчүсүнүн аталышы жана жайгашкан жери, конкурстункатышуучусун конкурстун жењүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комис-сия тарабынан кабыл алынган чечимдин негиздемесин. 42. Конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун протоколу кон-курсту өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо үчүн каралган тартипте кон-курстук сунуштарды кароо мөөнөтү бүткөндөн күндөн тартып он жумушчукүндүн ичинде жарыяланууга тийиш. Конкурстун катышуучуларына конкурстуксунуштарды кароонун жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгүбилдирүү жиберилиши мүмкүн. 43. Эгерде конкурстук сунуштарды кароонун жыйынтыктары боюнча кон-курстук комиссия конкурстук документтерде белгиленген конкурстун крите-рийлерине бир да конкурстук сунуш шайкеш келбесе конкурс жараксыз дептаанылат. 44. Конкурстук сунуштарды конкурстук комиссия тарабынан кароонунжана баалоонун мөөнөтү конкурстук документтерде белгиленет жана кон-курстук сунуштар конверти ачылган учурдан тартып 60 күндөн ашпашы ке-рек. VIII. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнүн жарыяланышы 45. Конкурс өткөндөн кийин өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бил-дирүү жалпы республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланатжана заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат. 46. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүү конкурстуөткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган он жумушчукүндүн ичинде же белгиленген тартипте конкурстун болбой калганын жарыя-лоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы конкурстук комиссия тарабынан жары-яланат. 47. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүдө конкурс-тун жењүүчүсүнүн же бул чечимди негиздөө менен конкурстун болбой калга-нын жарыялоо жөнүндө чечимдин аталышы (юридикалык жак үчүн) же аты-жөнү(жеке жак үчүн) көрсөтүлөт. IX. Конкурстук тандап алуу жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун корутундусу 48. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жењүүчү менен МЖӨжөнүндө макулдашуу түзүлөт. 49. МЖӨ жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 20 күн ичиндезаказчы өзүнүн расмий Интернет-сайтында түзүлгөн макулдашуу жөнүндө ма-алыматты жана макулдашуунун бөлүгү болуп саналган бардык тиркемелердикошкондогу толук текстин жайгаштырат. X. Түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун корутундусу 50. Жеке жана юридикалык жактар Өкмөт, аткаруу бийлигинин жерги-ликтүү органы менен түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ демилгечиси болупчыгууга укуктуу. 51. Жеке жана юридикалык жактар заказчынын кароосуна МЖӨ жөнүндөдолбоорлор боюнча сунуштарды берет. Сунуш кылынган документтер бул Тар-типтин IV жана V бөлүмдөрүндө каралган конкурстук документтерге коюлуу-чу талаптарга шайкеш келиши керек. 52. Заказчы бул арыздарды баалайт, эгерде алардын техникалык-эко-номикалык негиздемелери, ошондой эле арыздардын техникалык жана финан-сылык мүнөздөмөлөрү Өкмөт белгилеген критерийлерге шайкеш келсе, - арызберүүчү менен макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 53. Макулдашуу шарты боюнча консенсус абалында болсо тараптар МЖӨжөнүндө макулдашуу түзүшөт. 54. МЖӨ жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 20 күн ичиндезаказчы өзүнүн расмий Интернет-сайтында түзүлгөн макулдашуу жөнүндө ма-алыматты жана макулдашуунун бөлүгү болуп саналган бардык тиркемелердикошкондогу толук текстин жайгаштырат.