Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын 6-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын акционердик коомдоружөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстуктандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн, макулдашууларды түзүүнүнтартиби; - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердиккоомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандо-онун жана көрсөтүүнүн тартиби.2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына сунуштоо үчүн мамлекеттик кызматчыларды тандоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссияга өткөрүп берилсин.
(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомунун
редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийинкүчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода туризм жана ишкерлик бөлүмүнөтапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 323 токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдордун директорлор кењешинин курамына сунуштоо үчүн мамлекеттик кызматчыларды тандоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)