Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 13-мартындагы
№ 175 токтому менен
бекитилген
Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана
арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын
жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун
ТАРТИБИ
1-глава
Жалпы жоболор
1. Бул Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана арча) кон-
фискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын мамлекет тарабынан
пайдалануунун жана сатуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Рес-
публикасында өзгөчө баалуу (жањгак жана арча) дарактар породаларын кыю-
уга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга,
экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана соттордун өкүмдөрүнүн, анык-
тамаларынын жана токтомдорунун негизинде конфискацияланган Өзгөчө
баалуу дарак породаларынын (арча, жањгак) конфискацияланган тамырларын,
уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин жөнгө
салат.
2. Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана арча) конфиска-
цияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын (мындан ары - тамырлар,
уюлдар жана жыгач) пайдалануу жана сатуу маселесин облустардын мамле-
кеттик администрациялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары) түзүүчү
комиссия чечет.
Комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамына облустук мамлекеттик
администрациялардын (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын), облустук
(шаардык) ички иштер, улуттук коопсуздук башкармаларынын органдарынын,
жањгак жемиштүү токой экосистемаларын өнүктүрүүнүн жана айлана-чөйрөнү
коргоонун аймактык башкармасынын, салык кызматынын өкүлдөрү, соттук ат-
каруучулар кирет. Комиссияны облустук мамлекеттик администрация башчы-
сынын орун басары (Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери) жетектейт.
Комиссия өзүнүн ишин ушул Жобого жана Комиссия бекитүүчү Регла-
ментке ылайык жүргүзөт.
3. Комиссия чечимди өзүнүн заседаниелеринде кабыл алат, заседание-
ге комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса укук ченемдүү
деп эсептелет. Чечим ал үчүн мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы добуш берсе
кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар тењ болуп калганда Комиссиянын тө-
рагасынын добушу чечүүчү болот.
2-глава
Тамырларды, уюлду жана жыгачты пайдалануу
4. Конфискацияланган тамырлар, уюл жана жыгачтар Кыргыз Республи-
касынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин же анын аймактык
подразделениелеринин Комиссияга жиберген өтүнүчү боюнча андан ары пай-
далануу үчүн балдар үйлөрүнө, интернат үйлөргө, интернат мектептерге,
карылар жана майыптар үйлөрүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.
3-глава
Тамырларды, уюлду жана жыгачтарды сатуунун тартиби
5. Тамырларды, уюлду жана жыгачтарды сатуу аукцион жолу менен ишке
ашырылат. Аукцион өткөрүү боюнча чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча
мамлекеттик агенттиктин аймактык подразделениеси көтөрөт.
6. Аукцион - бул тоорук өткөрүү жолу менен сатуу, анда тамырларды,
уюлдар жана жыгачтар аукционго коюлган тамырлар, уюл жана жыгачтар үчүн
баарынан жогору бааны сунуштаган жакка өтөт.
7. Сатуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин аймак-
тык подразделениеси болот.
Тамырларды, уюлду жана жыгачтарды сатып алуучулар Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жеке адамдары же
юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке адамдар жана юридика-
лык жактар боло алышат.
Аукционго катышуу укугуна сатып алуучунун талонун алган адамдар ээ
болушат.
8. Сатып алуучунун талонун алуу үчүн төмөнкүлөр тапшырылат:
жеке адамдар - паспортун;
юридикалык жак (анын ыйгарым укуктуу жагы) - мамлекеттик каттоосу
жөнүндө күбөлүгүн.
Тоорук учурунда сатып алуучунун талонун башка жактын пайдалануусу-
на жол берилбейт.
Талондун баасы - 1 эсептик көрсөткүч. Сатып алуучунун талону та-
мырлардын, уюлдун жана жыгачтардын партиясына тоорук өткөрүү учурунда
гана жарактуу болот.
Тоорук аяктаганда сатып алуучунун талону жараксыз деп эсептелет.
Төлөнгөн сумма кайра берилбейт жана аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө
кеткен чыгымдарды жабууга жумшалат.
9. Тамырларды, уюлду жана жыгачты сатуудан түшкөн каражат респуб-
ликалык бюджетке кириштелет.
10. Аукцион өткөрүлөөрү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү Сатуучу
жалпыга маалымдоо каражаттарына аны өткөрүүчү күндөн 3 айдан кем эмес
мурдатан жарыялайт жана анда аукцион өткөрүлчү жер жана убакыт жөнүндө,
аукциондун объекти жөнүндө, ошондой эле аукцион жөнүндө кошумча маалы-
мат алуунун тартиби жөнүндө маалымат болууга тийиш.
11. Аукцион эки жана андан ашык катышуучу болгон шартта өткөрүлөт.
Аукциондун жењүүчүсү талонду алуу үчүн төлөгөн сумма аукциондо
алынчу тамырлар, уюл жана жыгач үчүн төлөнчү акынын эсебине эсептелет.
12. Старттык бааны Комиссия колдонуудагы орточо рыноктук бааларга
карата белгилейт.
Бааны жогорулатуу кадамын Комиссия башталгыч баанын үч процентинен
кем эмес өлчөмдө белгилейт.
13. Комиссия:
аукцион өткөрүлчү күн, убакыт жана орду жөнүндө, ал жөнүндө маалы-
матты жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алат, сатып алуучунун талонунун
формасын жана аны ишке ашыруунун тартибин бекитет;
аукцион өткөрүлөөрү жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып жа-
на аукцион өткөрүлчү күнү ал бүткөнгө чейин сатып алуучунун талондорун
сатат;
тоорукту өткөрүүчү аукционистти дайындайт; анын гонорарын белги-
лейт жана төлөйт;
аукцион өткөрүлгөн күнү жана ал өткөрүлүп жаткан учурда тооруктун
башталганы жөнүндө жарыялайт, аукционистти тааныштырат жана ага тоорук
өткөрүүнү баштоону тапшырат;
тооруктун жыйынтыгын протоколдоштурат, ал эми баарынан ашык бааны
сунуш кылган жакка аукциондо сунушталган сумманы төлөгөн күнү тийиштүү
чечимди берет.
4-глава
Аукцион өткөрүүнүн тартиби
14. Тооруктун учурунда аукциондун объектисине старттык баа жана
андан кийинки баа аукциондун кадамына карата жогорулатылат.
Аукциондогу тоорук төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
дайындалган күнү, убакта жана жерде ушул Тартиптин 11-пунктунда
көрсөтүлгөн сандагы сатып алуучулар болсо комиссиянын төрагасы же анын
тапшыруусу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн бири аукционду ачат, сатып алуу-
чуларга тоорукту өткөрүүнүн эрежеси жөнүндө маалымдайт, аукционистти
сатып алуучуларга тааныштырат жана ага тоорук өткөрүүнү өткөрүп берет;
аукционист тоорукка эмне коюлуп жатканын маалымдайт жана старттык
бааны көрсөтүү менен тоорукту жарыялайт;
сатып алуучу талонду көтөргөнү - сатып алуучу аукционист айткан
бааны төлөөгө даяр экенин билдирет. Аукционист ошол сумманы төлөөгө да-
яр сатып алуучунун талонунун номерин жарыялайт, жана 3кө чейин санайт,
андан кийин ошол сатып алуучуну жењүүчү деп жарыялайт. Эгер ошол убакта
башка сатып алуучунун талону көтөрүлсө, бул ошол талондун ээси аукцион-
дун кийинки кадамы боюнча бааны төлөөгө даяр экенин билдирет. Аукцио-
нист ал жөнүндө жарыялайт. Эгер сатып алуучулардын бир нечесинин талону
көтөрүлсө, анда аукционист алардын көтөрүлгөндүк кезегине жараша аукци-
ондун кадамы боюнча бааны жарыялайт.
15. Тоорук жењүүчү аныкталганга чейин жүргүзүлөт.
Тооруктун жүрүшүндө эњ жогорку бааны сунуш кылган сатып алуучу
тооруктун жењүүчүсү болот. Тооруктун жењүүчүсүн аукционист сатып алуу-
чунун талонунун номерин жана ал сатып алуучу сунуш кылган сумманы жарыя
айтуу менен жарыялайт.
16. Тооруктун жыйынтыгы протоколдоштурулат. Протоколдо сатуучу жа-
на аукциондун жењүүчүсү, аукцион өткөрүлгөн жер жана убактысы, аукцион-
го коюлган аукциондун объектиси, анын старттык баасы жана жењүүчү сунуш
кылган баа жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Протоколго Комиссиянын аукционго катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жењүүчүгө ал өзү айткан сумманы
төлөгөндөн кийин берилет.
17. Сумма аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирбес-
тен төлөнүүгө тийиш. Берилген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда же төлөөдөн
баш тартылса протоколдун көчүрмөсү жана аукциондун объектиси берилбейт,
тоорук ишке ашкан жок деп эсептелет.
18. Аукциондун учурунда жана анын жыйынтыгы боюнча чыккан талаштар
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.