КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-декабры № 691 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2009-жылдын 13-февралын-дагы № 964-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуубоюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин-де каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуугадайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов @1 Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,1997-жыл, № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 4-статьянын 5-пунктчасы "банк операцияларын" деген сөздөрдөнкийин ", жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин не-гизинде" деген сөздөр менен толукталсын. 2. 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менентолукталсын: "Кыргыз Банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринеылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар аткарышы үчүн милдеттүү норма-тивдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна кошумча стан-дарттарды, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка карата ко-шумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кењештин мүчөлөрү үчүн талап-тарды белгилөөгө укуктуу.". 3. 20-статьянын 6-пунктчасы "эл аралык практикага" деген сөздөрдөнкийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери-не ылайык" деген сөздөр менен толукталсын. 4. 21-статья "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн кийин ", аныничинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык" де-ген сөздөр менен толукталсын. 5. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац ме-нен толукталсын: "Кыргыз Банкы келишимдик негизде ислам банкына каражат береалат.". 6. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Кыргыз Банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезеси" барбанктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежесин аныктайт жана банк ишининжана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчүбанктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушканучурда чара көрөт.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти