Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору" мекемеси(мындан ары - МКБ) "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактанкоргоо министрлигинин Калкты ишке орноштуруу мамлекеттик департаменти-нин Маалыматтык-консультациялык борбору" мекемесинин укук улантуучусуболуп саналат. 2. МКБ калктын бардык катмарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөишке орноштуруу жана окутуу жөнүндө маалыматка кењири ээ болуусун кам-сыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарына кесиптик багыт берүүкызматын көрсөтүү үчүн түзүлгөн. 3. Өз ишинде МКБ Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодексин,Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, башка ченемдик укуктукактыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. МКБ юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн мөөрү жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында каралган алыш-бериш эсеби, ошондой элеМКБнын иши үчүн зарыл болгон башка реквизиттери болот. 5. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча МКБ - оперативдүү башкаруу уку-гундагы мекеме, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруубоюнча мамлекеттик комитетинин түзүмүнө караштуу мекеме болуп саналат. 6. Мекеменин толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Миграция жанаишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультаци-ялык борбору". 7. МКБнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,Токтогул көчөсү, N 237. II. МКБнын негизги милдеттери 8. Кыргыз Республикасында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ишкеорноштуруу маселеси боюнча жарандарга маалыматтык жана консультациялыккызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу. 9. Кыргыз Республикасынын жарандарын кесиптик билим алуу, кайраокуу, квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат ме-нен камсыз кылуу. 10. Бош орундардын жарманкесин, кесиптик багыт берүү иш-чараларынөткөрүү, практикадан жана стажировкадан өтүү үчүн орун издөө ж.б. аркы-луу иш издөө процессинде инновациялык технологияларды ишке киргизүү жа-на иш издөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу. 11. Кыргыз Республикасынын жарандарына кесиптик багыт берүү кыз-маттарын көрсөтүү. 12. Кыргыз Республикасынын жумушсуз жарандарына психологиялык жар-дам көрсөтүүгө көмөктөшүү. III. МКБнын негизги функциялары 13. Республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен сыртта мамле-кеттик миграциялык саясатты жана калкты ишке орноштуруу саясатын жүзөгөашырууга катышат. 14. Жарандарга Кыргыз Республикасында, жакынкы жана алыскы четөлкөлөрдө ишке орноштуруу жана окутуу боюнча маалымат жана консультацияберет, аларды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт. 15. Бош орундар (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана жакынкыжана алыскы чет өлкөлөрдүн аймагында), ички жана тышкы эмгек мигранттар(Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта иштөөнү жана окуунукаалаган жарандар) боюнча маалыматтар базасын түзөт жана системалуутүрдө толуктайт. 16. Чет өлкөгө барып иштөөнү каалаган жарандарга маалымат берүүүчүн Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитетинин региондук түзүмдүк бөлүмдөрү менен чет өлкөлүк ишберүүчүлөр жана бош орундар жөнүндө маалымат алмашат. 17. Эмгек миграциясы процессин жөнгө салуучу ченемдик жана мыйзамактыларынын маалымат банкын түзөт. 18. Иш берүүчүлөргө МКБнын маалымат банкынан маалыматтарды беретжана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта иштөөүчүн адистерди тандайт. 19. Бош орундардын жарманкелерин жана окуу курстарын, окуу жайла-рынын "ачык эшик" күндөрүн жана жумушсуз жарандар жана жаштар, ошондойэле чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн башка иш-чаралардыөткөрөт. 20. МКБнын ишинин негизги багыттары боюнча эмгек мигранттары, окуужайларынын өкүлдөрү менен иштеген иш берүүчүлөр, фирмалар, уюмдар мененөнөктөштүк мамилелерди түзөт. 21. Маалыматтар базасын, веб-сайттарды, программалык тесттерди жа-на башкаларды түзөт жана туруктуу жањылап турат. 22. МКБнын компьютердик жабдууларынын, бирдиктүү компьютердик тар-магынын жана маалыматтар базасынын иштешин камсыз кылат. 23. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча МКБнын программалыккамсыз кылуусун таркатат, аны пайдалануу боюнча Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин аймактыкоргандарынын кызматкерлерин окутууну уюштурат. 24. МКБнын ишинин негизги багыттары боюнча экономикалык жана соци-алдык-психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт. 25. Жумушсуз жарандарды психологиялык жактан колдоого алуунун на-тыйжалуу ыкмаларын жана формаларын иштеп чыгат жана киргизет. 26. Кесиптик багыт берүү, жумушсуз жарандарды окутуу жана кайраокутуу, потенциалдуу эмгек мигранттарына маалымат жана консультацияберүү жагында иш жүргүзгөн адистерге жардам көрсөтөт, окутуу семинарла-рын уюштурат жана жүргүзөт. 27. Кесиптик багыт берүү боюнча миграция жана ишке орноштуруу кыз-матынын региондук бөлүмдөрүнө усулдук жетекчилик кылат жана ишин коор-динациялайт. IV. МКБнын укуктары 28. Миграция жана ишке орноштуруу маселелери боюнча республикадаөз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптежүргүзгөн мамлекеттик органдар, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жанаэл аралык уюмдардын ишканалары, уюмдары, фирмалары менен кызматташуунужүзөгө ашырууга. 29. Эл аралык келишимдерди, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүнэкономикалык тармактарында республиканын эмгектик потенциалы бар жаран-дарын пайдалануу боюнча максаттуу программаларды жана долбоорлорду ишкеашырууга катышууга. 30. Миграция жана ишке орноштуруу маселелери боюнча эл аралык,республикалык жана региондук конференцияларга, кењешмелерге жана башкаиш-чараларга катышууга. 31. МКБнын ишинин багыттарына ылайык жеке жана юридикалык жактаргаакы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө. 32. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бюд-жеттен тышкаркы каражаттарды пайдаланууга. 33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МКБга таандык фи-нансылык жана техникалык каражаттарды тескөөгө. 34. МКБ үчүн зарыл болгон жабдууларды жана сарпталуучу материал-дарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүгө. 35. Конкурстук негизде МКБнын кадрларын тандоого жана жайгаштыруу-га. 36. Ар кандай, анын ичинде эл аралык долбоорлорго келишимдик жетендердик негизде катышууга. 37. Миграция жана Кыргыз Республикасынын калкын ишке орноштуруужагында саясатты жана стратегияны иштеп чыгууда Кыргыз РеспубликасынынМиграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети менен макул-дашуу боюнча сунуш киргизүүгө. V. МКБнын ишин уюштуруу 38. МКБнын ишине Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнош-туруу боюнча мамлекеттик комитети жетекчилик кылат. 39. МКБ жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими мененбекитилет. 40. МКБ түзүмү ушул Жобонун тиркемеси менен аныкталат, ал ушул Жо-бонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 41. МКБ жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүКыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттиккомитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими мененжүргүзүлөт. 42. МКБнын директору Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республи-касынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошо-тулат. 43. Башкы бухгалтер Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын чечими боюнча кыз-мат ордуна дайындалат жана бошотулат. 44. МКБнын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат жа-на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте МБКнын ди-ректору тарабынан дайындалат. 45. Директор МКБнын ишин уюштурат жана ал үчүн толук жоопкерчиликтартат, МБКнын атынан аракеттенет, бардык уюмдарда, мекемелерде, ишка-наларда МБКнын атынан чыгат, ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган эсептерди ачат. 46. МКБнын директору эмгек мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынынчегинде кызматкерлерди, анын ичинде бекитилген штаттык расписаниегеылайык техникалык кызматкерлерди ишке кабыл алат жана аларды иштен бо-шотот. 47. Директор МКБнын компетенциясынын чегинде борбордун бардык кыз-маткерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат. 48. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу жогорутурган органдын чечимине ылайык МКБнын кызматкерине жүктөлөт. Зарылболгон учурда биринчи кол коюу укугу Кыргыз Республикасынын Миграцияжана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын буйругуменен аныкталат. VI. МКБнын мүлкү 49. МКБнын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой элематериалдык-техникалык баалуулуктардан турат, анын наркы МКБнын өз ал-дынча балансында чагылдырылат. 50. МКБга мүлк оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилет. МБКалган мүлкүн пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык жүргүзөт. VII. МКБны каржылоо 51. МКБ жана анын иши республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-бинен каржыланат. 52. МКБ мамлекеттик отчеттуулуктун белгиленген формасы боюнча бух-галтердик эсеп жана отчет жүргүзөт. 53. МКБ бюджеттин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мигра-ция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине отчет берет. 54. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитети өз кезегинде бюджеттик каражаттардын пайдаланышыжөнүндө отчетту белгиленген формада жана мөөнөттө Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигине берет. VIII. МКБны өзгөртүп кайра түзүү же жоюу 55. МКБ өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору жөнүндө жобого тиркеме Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борборунун ТҮЗҮМҮ --------------------- -----| Директор |------ | --------------------- | | | ---------------------- ---------------------- |Ишке орноштуруу жана| |Сектор - бухгалтерия| | кесиптик багыт | | | | берүүгө көмөк | | | |көрсөтүү боюна бөлүм| | | ---------------------- ----------------------