Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 106 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-октябры № 565Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 91, 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" жөнүндө Жарлыгына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль башкармасына өзгөртүп уюштурулсун.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 201 "Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баланын туулгандыгы туу ралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктундагы "Паспорттук жана визалык контроль департаменти" деген сөздөр "Паспорттук жана визалык контроль башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобонун бүткүл тексти боюнча "ПВКД" деген аббревиатура тиешесине жараша "ПВКБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Премьер-министри | И.Чудинов |