КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-декабры № 752 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрында-гы № 435 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдикукуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралыккомиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия): - 2009-жылдын 19-январына чейин Ведомстволор аралык комиссиянынжумушчу органын - оптималдаштыруу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жанакөмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча эксперттик топ түзүү жөнүндөсунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин; - "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардынжөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603
токтому менен беки-тилген жөнгө салуучу таасирди талдоонун усулуна ылайык 2009-жылдын26-январына чейин колдонуудагы лицензиялык-уруксат берүүчү системаныкайра кароону баалоо боюнча маселелердин стандарттуу тизмесин иштепчыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин. 2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары: - 2009-жылдын 22-январынан кечиктирбестен лицензиялык-уруксатберүүчү ишкердиктин бардык түрлөрүнүн (анын ичинде алардын башкатүрлөрүнүн) инвентаризациясын жүргүзүшсүн жана алардын санын 30 про-центтен кем эмес санга кыскартуу жөнүндө сунуш киргизүү менен толуктизмесин Ведомстволор аралык комиссияга беришсин; - 2009-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен милдеттүү лицензиялануугатийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн калган 70 процентин лицензиялоонунзарылдыгы жөнүндө негиздемелерди жөнгө салуучу таасирдин негизинде Ве-домстволор аралык комиссияга беришсин. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-рлиги: - Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде2009-жылдын 6-апрелине чейин ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленгенмөөнөттө аларды лицензиялоонун зарылдыгы жөнүндө негиздемелер берилбе-ген милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн Тиз-месинен алып салууну караштырган чечимдердин долбоорлорун белгиленгентартипте киргизсин; - ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүнү реформалоо максатындабир айлык мөөнөттө контролдоочу органдарды 30 процентке кыскартуу үчүнкритерийлерди иштеп чыксын жана ишкердик субъекттерине текшерүүжүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмесин аныктоо боюн-ча сунуштарды "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тар-тиби жөнүндө" жана "
Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу бо-юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-июлундагы № 219-ббуйругу менен түзүлгөн комиссиянын кароосуна киргизсин (мындан ары -Комиссия); - бизнес-жамааттын катышуусунда бир айлык мөөнөттө тобокелдиктинкритерийлерин киргизүүнү жана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүнмөөнөтүн кыскартууну караган "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдүжүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети: - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте2009-жылдын 1-апрелине чейин райондук дењгээлде юридикалык коммерциялыкжактарды каттоодон өткөрүүгө тиешелүү маселелерди иштеп чыксын жананормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө киргизсин; - бир айлык мөөнөттө каттоодон өткөн юридикалык жактар жөнүндө ма-алыматты салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнө жеткирүү механизмин жак-шыртсын жана салык маселелери боюнча юридикалык жактын милдеттенмелерижөнүндө маалыматтык эскерткичтерди Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигине өткөрүп берсин. 5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-рлиги эки жумалык мөөнөттө юридикалык коммерциялык жактарды каттоодонөткөрүү жол-жобосуна мониторинг жүргүзсүн жана анын жыйынтыгын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлыкмөөнеттө "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучунормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509
токтому менен анык-талган лицензиялык-уруксат берүүчү чөйрөдөгү ишкердик ишти жөнгө салуу-нун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчиэтабына ылайык "бирдиктүү терезе" принцибин ишке киргизүү аркылуу сала-маттык сактоо системасында лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюн-ча сунуштарды Комиссиянын кароосуна киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигине 2009-жылдын 26-январына чейинки мөөнөттө нотари-алдык жактан күбөлөндүрбөстөн кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишиминин не-гизинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо механизмин иштеп чыксын жаназарыл болгон учурда сунуштарды киргизсин. 8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте2009-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөттө кыймылсыз мүлккө бүтүмдөрдүыктыярдуу нотариалдык күбөлөндүрүүдө мамлекеттик алымдын ставкасынтөмөндөтүү жөнүндө нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксынжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин; - ведомстволук нормативдик актыларды каттоодо Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келүүсүнө жүргүзүлгөн экс-пертизанын сапатын жогорулатсын. 9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Рес-публикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи-лерине баа берүү жана "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттиксаясатты өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 Жарлыгын, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, фили-алдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамле-кеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар орто-сунда өз ара аракеттенүү тартиби женүндө жобону бекитүү тууралуу",2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлкобъекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат доку-менттерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуата-цияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдо-рун, ошондой эле ушул токтомду тийиштүү эмес аткаргандыгы үчүн жоопкер-чиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилсин. 10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги2009-жылдын 2-февралына чейин жањы курулуш курууда телефондук линиягакошулууга техникалык шарттарды алуу жана Мамкентехкөзөмөл органдары та-рабынан кыймылсыз объекттерин курууда жабдууларды эксплуатациялоогоуруксат берүүчү жол-жоболор боюнча милдеттүү талаптарды жоюу маселесинкарашсын жана сунуш киргизишсин. 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 2-февралына чейинкимөөнөттө кыймылсыз объект курууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон инже-нердик техникалык системаларга жана жањы курулуш объекттерин камсыздоотармактарына милдеттүү талаптарды кайра кароо боюнча сунуштарды киргиз-син. 12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов