Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы №503 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-январы № 8
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьянын бешинчи бөлүгүндө "жыйырма" жана "жүз" деген сөздөр тиешелүү түрдө "беш жүз" жана "бир миң" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 349-статьянын экинчи абзацында:
"ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "эки жүз элүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"отуздан элүүгө чейинки" деген сөздөр "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 350-статьянын экинчи абзацында:
"ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "бир миң" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 350-1-статьянын экинчи абзацында:
"ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "бир миң" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 350-2-статьянын экинчи абзацында:
"ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "бир миң" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 350-3-статьянын экинчи абзацында:
"ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"элүүдөн жүзгө чейинки" деген сөздөр "бир миң" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти