Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-январы N 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Материалдык-техникалык базаны пайдаланууну жакшыртуу, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Башкы спорттук арена" жана "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" мамлекеттик ишканаларынын жана Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичирайон дарегинде жайгашкан Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүп уюштурулчу мамлекеттик ишканалардын укуктары жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына өтө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И. Чудинов |
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы N 20 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" мамлекеттик ишканасынын, "Башкы спорттук арена" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичирайон дарегинде жайгашкан Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында түзүлгөн жана алардын укук улантуучусу болот.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114 токтомунун редакциясына ылаыйк)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) буйруктарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Уставга таянат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114 токтомунун редакциясына ылаыйк)
3. Ишкана түздөн-түз Мамагенттикке баш ийет.
4. Ишкананын эмблемасы, штампы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
5. Ишкананын расмий толук аталышы:
Кыргыз тилинде - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
Орус тилинде - "Государственное предприятие "Главное управление спортивными сооружениями и спортивного обеспечения" при Государственном агентстве Кыргызской Республики по физической культуре и спорту, делам молодежи и защите детей при Правительстве Кыргызской Республики.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114 токтомунун редакциясына ылаыйк)
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында аракеттенүүчү, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, өзүнчө мүлкүнө ээ болот жана өзүнүн ишин өзүн өзү актоонун негизинде жүргүзөт.
Ишкана ага чарбалык башкаруу укугунда берилген мүлккө менчик ээси болуп саналбайт.
Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Т.Молдо көчөсү, 17.
7. Бул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
II. Негизги милдеттери жана функциялары
8. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- республиканын калкынын спорттук-ден соолукту чыңдоо жана маданий кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;
- мамлекетке таандык спорттук курулмаларды жана спорттук шаймандарды кыйла натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо;
- жаңы спорттук курулмаларды эксплуатацияга киргизүү;
- ушул Уставда каралган ишти жүргүзүүнүн эсебинен киреше алуу.
9. Ишкана тапшырылган милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катышат;
- эл аралык, республикалык, дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу, массалык-спорттук, квалификациялык мелдештерди уюштурууга, ошондой эле дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө байланыштуу илимий-практикалык конференцияларга жана башка иш чараларга катышат;
- спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерге, Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына, Олимпиялык, Параолимпиялык жана Азия оюндарына жогорку класстагы спортчулардын, улуттук курама командалардын спорттук резервин даярдоого көмөк көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү жарнак-маалыматтык жана басма иштери менен кошо сергек жашоо образын пропагандалайт;
- белгиленген тартипте региондор аралык жана республикалык дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу, массалык-спорттук иш-чараларды (фестивалдар, конкурстар, мелдештер, олимпиадалар, спартакиадалар ж.б.), ошондой эле ишмердик жана илимий симпозиумдарды, конференцияларды жана республикада дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө байланышкан башка иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү үчүн окуулук-машыгуучу жыйындарды өткөрүүгө катышат жана көмөк көрсөтөт;
- республиканын калкына спорттук-ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтөт;
- чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын жана арналышы боюнча пайдаланылышын камсыздайт;
- спорт товарларын, спорттук жабдууларды жана башка коштоочу товарларды даярдоону, сатып алууну жана сатууну ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иштин башка түрлөрүн жүргүзөт.
Ишкана ага өткөрүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Уставда аныкталган иштер үчүн пайдаланат.
III. Ишкананын укуктары
10. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген кыймылсыз мүлктү Мамагенттикке макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди алууга, ар кандай юрисдикциядагы соттордо доочу жана жоопкер болууга;
- республиканын чарбакер субъекттеринин жана калкынын керектөөлөрүнө жараша, мамлекеттик заказдардын жана түз келишимдердин негизинде аткарылчу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте продукцияны, товарларды, материалдык ресурстарды, башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- Мамагенттик менен макулдашуу боюнча, Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык филиалдарын ачууга;
- юридикалык жана жеке жактардан улуттук да, чет өлкөлүк да валютада коммерциялык негизде алынчу кредит каражаттарды пайдаланууга;
- көрсөтүлчү кызматтарга жана сатылчу товарларга бааларды монополияга каршы органга макулдашуу боюнча бекитүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн түзүлчү жарандык-укуктук келишимдердин негизинде макулдашуу боюнча акы төлөнчү адистерди тартууга;
- Ишкананын милдеттерин аткарган адамдарды иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө, ошондой эле эл аралык, спорттук, маданий иш-чараларга, конференцияларга, семинарларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- Ишкананын каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерин кошумча адистиктерге окутууга, алардын билим деңгээлин жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- Мамагенттик менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин жана ведомствого таандык подразделениелердин кызматкерлеринин жалпы санын аныктоого, квалификациялык талаптарды белгилөөгө;
- эмгектик келишимдердин, мөөнөттүү эмгектик келишимдердин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жарандарды Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн тартууга;
- Мамагенттик менен макулдашуу боюнча кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн формасын жана системасын аныктоого жана иш убакыттын суммаланган эсебин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык дем алыш күндөрдү жана отпускаларды берүү тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү жеке жана юридикалык жактардан коммерциялык негизде улуттук да, ошондой эле чет өлкөлүк да валютада алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле өз каражаттарынын эсебинен ар кандай жеке жана юридикалык жактарга алар менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде карыз берүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга макулдашуу боюнча каражаттарды биргелешкен ишканаларга инвестициялоого, акционердик жана башка коомдорго жана бирикмелерге кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө.
IV. Ишкананы башкаруу
11. Ишкананын ишин Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу башкы директор башкарат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана Мамагенттик менен түзүлгөн эмгектик келишимдин негизинде аракеттенет.
Башкы директордун Ишкананын башкы директорунун сунушу менен Мамагенттиктин директору кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу эки орун басары (анын ичинде бирөө - биринчи орун басары) болот.
Ишкананын башкы бухгалтери кызматка Мамагенттиктин директору тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Мамагенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишине жалпы жетекчилик кылуу жана координациялоо;
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Ишкананын директорунун орун басарларынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди макулдашуу;
- Ишкананын келечек пландарын бекитүү;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген мүлктүн тийиштүү пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
- Ишкананын жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү;
- Ишкананын штаттык расписаниесин макулдашуу;
- Ишкананын жетекчилигине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу.
13. Башкы директор:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- Мамагенттиктин чечимдери аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон, буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жооптуу болот;
- Ишкананын директорунун орун басарларынын, башкы бухгалтеринин, ведомствого таандык подразделениелеринин жетекчилеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Мамагенттикке макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык расписаниесин бекитет;
- Ишкананын ведомствого таандык подразделениелери жөнүндө жоболорду, иш режимин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишканадагы кызмат орундардын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонот;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Мамагенттикке отчет берет;
- Уставга ылайык Мамагенттиктин компетенциясына киргенден башка, Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл башка аракеттерди жасайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114 токтомунун редакциясына ылаыйк)
V. Мүлк жана каражаттар
14. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда таандык мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана уюштуруучунун менчиги болгон жана уюштуруучу Ишкананын балансына өткөрүп берген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
15. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иштери үчүн керектүү, Ишкананын балансында чагылдырылчу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануучу мүлкүн уюштуруучунун же соттун чечими менен гана алып коюуга жол берилет.
16. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ага уюштуруучу чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берген мүлк;
- чарбалык иштерден алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен келишимдердин негизинде жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
- банктардын жана башка мекемелердин кредиттери;
- бюджеттик ссудалар;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ыктыярдуу кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
17. Ишкана чарбалык иштин натыйжасында алган пайда, ошондой эле өздүк каражаттарынын эсебинен сатып алган мүлкү Ишканага таандык болот жана анын балансында эсепке алынат.
18. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга же менчик ээсинин макулдугусуз ал мүлктү башка жол менен тескөөгө укугу жок.
Ишканага чарбалык башкаруу укугунда таандык башка мүлктү ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралгандан башка учурларда өз алдынча тескейт.
19. Ишкананын пайдасынын 20 проценти төмөнкүлөргө жумшалат:
- аз камсыз болгон келечектүү спортсмендерге стипендия уюштурууга;
- өткөрүлчү мелдештерге байге үчүн баалуу белектерди уюштурууга;
- дене тарбия жана спорт системасынын айрым айырмаланган кызматкерлерин сыйлоого;
- дене тарбия жана спорт системасынын кызматкерлерин материалдык жактан көтөрмөлөөгө;
- "Ноу-Хау" иштеп чыгууларына жана новаторлукка;
- маркетингдик изилдөөлөргө.
Бул каражаттарды Мамагенттиктин директорунун буйругу менен Мамагенттиктин жана Ишкананын өкүлдөрүнөн түзүлгөн, курамы 5 адамдан турган комиссия бөлүштүрөт.
Мамагенттиктин директору кызмат орду боюнча комиссиянын төрагасы, Ишкананын башкы директору комиссиянын төрагасынын орун басары болот.
Бул комиссиянын ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби Мамагенттиктин буйругу менен бекитилчү Жободо аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 114 токтомунун редакциясына ылаыйк)
VI. Эсеп, отчет жана контроль
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин оперативдүү, чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
21. Ишкана мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте берет.
Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жүргүзүлүшүн Мамагенттик контролдойт.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Мамагенттиктин чечими боюнча, Ишкананын эсебинен аудит жүргүзөт.
22. Ишканада бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын тууралыгы үчүн жооптуу, мамлекеттик менчиктин уурдалышын жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
VII. Ишкананын жоюлушу, өзгөртүп уюштурулушу
23. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүштүрүү, бөлүү, өзгөртүп уюштуруу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
24. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте уюштуруучунун чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
25. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.