Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундгы №377 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө»токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 13-июну № 377 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жерресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Приго-родный айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынынжарандары: Сапиянов Актан Токтобековичке - 4,0 га, Сатыбеков СултанбекСадатбековичке - 4,10 га, Калилова Гүлмира Көлбаевнага - 0,5 га жекеменчик укугунда таандык 8,6 га айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка ба-гыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуужана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери мененбирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттажайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар мененкамсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуунукамсыз кылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов