Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 3-июну № 344 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалыкрегламент" Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мый-зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент 1-БӨЛҮМ ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ 1-бап Жалпы жоболор 1-берене. Техникалык регламентти колдонуунун максаттары жана чөйрөсү 1. Бул техникалык регламент жарандардын өмүрүн жана ден соолугун,жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүн, мамлекеттик жана муниципалдыкмүлктү өрттөн сактоо максатында иштелип чыккан, өрт коопсуздугу жаатын-да техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукция-ларга (коргоо объекттерине), анын ичинде имараттар менен курулмаларга,өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арна-лыштагы продукцияларга болгон өрт коопсуздугунун жалпы жоболорун белги-лейт. 2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ушулжалпы техникалык регламенттин жоболору төмөнкү учурларда милдеттүү түр-дө аткарылууга тийиш: курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, кайра профилдөөдө, кай-ра пландоодо же реконструкциялоодо, капиталдык оњдоодо, коргоо объект-терин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодожана утилдештирүүдө; өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган атайын техникалык регламен-ттерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда, коргоообъекттерине техникалык документтерди иштеп чыгууда. 3. Атайын арналыштагы коргоо объекттерине, анын ичинде аскердикарналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен ма-териалдарды сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттар-ды жок кылуу жана өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, тоо-кен иштетүү, то-кой объекттерине ушул жалпы техникалык регламент менен катар КыргызРеспубликасынын тийиштүү мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугу-нун талаптары да кошумча сакталууга тийиш. 2-берене. Негизги түшүнүктөр Бул техникалык регламенттин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасын-дагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамында камтылган негизги түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшү-нүктөр колдонулат: авариялык эшик - эвакуация жолуна, түздөн-түз сыртка же коопсуззонага алып баруучу эшик (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткарууүчүн кошумча эшик катары колдонулат, бирок өрт учурунда адамдарды кооп-суз эвакуация кылуу шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуацияжолдорунун жана эшиктеринин дал келишин баалоодо эсепке алынбайт; коопсуз зона - адамдар өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирле-ринен корголгон же өрттүн коркунучтуу факторлору жок зона; жарылуу - чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдар-дын пайда болушу менен коштолгон ылдам химиялык айланышы; жарылууга коркунучтуу аралашма - аба менен күйүүчү газдардын, оњойжалындоочу суюктуктардын, күйүүчү чањ же буланын абада тењ салмак абал-га кыймылсыз бөлүштүрүлгөн абалга өткөндө от алуунун төмөнкү концентра-циялык чеги 65 г/м ге чейин жеткен аралашмасы, ал белгилүү концентраци-яда жана жарылууга түрткү берүүчү булак пайда болгондо жарылууга жөн-дөмдүү; коргоо объектинин жарылуу-өрт коркунучу - коргоо объектинин жары-луу жана өрт пайда болуу ыктымалдыгы менен мүнөздөлгөн абалы; күйүүчү чөйрө - тутандыруу булагынын таасиринен от алып кетүүгөжөндөмдүү чөйрө; жандыруу булагы - күйүүнүн келип чыгышына түрткү болуучу энергия-лык таасир этүүчү каражат; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялыкөрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсекте-ринин өрттүн күчөшүнө жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун пайда болу-шуна курулуш конструкцияларынын катыш дењгээли менен аныкталуучу клас-сификациялык мүнөздөмөсү; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин функциялык өрткоркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектерининалардын арналышы жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичиндеаларда жүрүүчү өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрүменен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү; сырткы орнотмо - аппараттардын жана технологиялык жабдуулардынимараттын сыртында жайгашкан комплекси; эвакуацияга зарыл убакыт - өрт чыккан учурдан баштап өрттүн корку-нучтуу факторлорунун таасиринин натыйжасында адамдардын өмүрүнө жанаден соолугуна зыян келтирилбей коркунучсуз зонага эвакуациялануу мезги-ли; коргоо объекти - өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же бел-гиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрү, мамле-кеттик жана муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды,транспорт каражаттарын, технологиялык орнотмолорду, жабдууларды, агре-гаттарды жана бөлөк мүлктөрдү кошкондо); кычкылдандыргычтар - күйүүчү заттар менен реакцияга кирип, алардынкүйүүсүн пайда кылуучу, ошондой эле күйүүнүн ылдамдыгын жогорулатуужөндөмдүүлүгүнө ээ заттар менен материалдар; өрттүн коркунучтуу факторлору - таасир этүүсү адамдын жаракат алы-шына, ууланышына же каза болушуна жана (же) материалдык зыянга алыпкелүүчү өрт факторлору; өрттүн очогу - өрттүн биринчи күйүп баштаган жери; өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - өрттүн алгачкы стадиясындаөрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн көтөрүп жүрмө же көчмө ка-ражаттары; өрт - материалдык зыян, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна,коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтире турган контрол-донбогон күйүү; өрт маалымдагыч - өрт тууралуу белги берүүгө арналган техникалыккаражат; өрт кабарлагыч - адамдарга өрт тууралуу кабар берүүгө арналгантехникалык каражат; коргоо объектинин өрт кооптуулугу - коргоо объектинин өрт чыгыпкетүү жана өрттүн күчөө ыктымалдуулугу, ошондой эле адамдарга жана ма-териалдардык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийги-зүүсү менен мүнөздөлгөн абалы; заттар менен материалдардын өрт кооптуулугу - заттар менен матери-алдардын күйүү жана жарылуу коркунучу; коргоо объектинин өрт коопсуздугу - коргоо объектинин өрт чыгуужана өрттүн күчөп кетүү ыктымалдыгынын, ошондой эле адамдарга жана ма-териалдардык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийги-зүүсүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлгөн абалы; өрт делосу - өрттөн сактоо кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткарууүчүн зарыл болгон өрт техникасын сактоо жана аны техникалык тейлөө жай-лары, жеке курамды жайгаштыруу үчүн кызмат жайлары, өрт тууралуу кабар-ларды кабыл алуучу жай, техникалык жана жардамчы жайлар жайгашкан өрт-төн коргоо объекти; өрт отсеги - имараттын (курулманын) өрткө каршы дубал жана өрткөкаршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өртучурунда өрттүн чектен чыгып таралып кетпешин камсыз кылуучу бөлүгү; заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу - заттар мененматериалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шар-тындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу жежарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү; өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар зона - туюк же ачык мейкин-диктин бөлүгү, анын чегинде күйүүчү заттар дайыма же мезгил-мезгили ме-нен өтүп турат жана алар мында технологиялык процесстин нормалдуу жебузулуу (авария) режиминде болушу мүмкүн; өрт-техникалык изилдөө - өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушунтабуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жүргүзүлүүчүизилдөө; өрт автоматикасын башкаруу прибору - өрт өчүрүүнүн жана (же) түтүнчыгаруунун, жана (же) кабарлагычтын, жана (же) башка түзүлүштөрдүн ав-томаттык каражаттарына башкаруу сигналдарын берүүгө арналган техникалыккаражат; өрт автоматикасынын кабылдагыч-контролдоо прибору - өрт маалымда-гычтардан сигналдарды кабыл алууга, өрт сигналдарынын шлейфинин, окуя-лардын жарык индикациясынын жана добуш сигналдарынын бүтүндүгүн конт-ролдоого, өрт автоматикасын башкаруу приборун иштетүүнүн баштапкы им-пульсун калыптандырууга арналган техникалык каражат; конструкциянын отко туруктуулук чеги - от таасир эте баштаганучурдан ошол конструкция үчүн отко туруктуулуктун нормаланган чектикабалдарынын бирине жеткенге чейинки убакыт; өндүрүш объекттери - өнөр жайлык жана айыл чарбалык арналыштагыобъекттер, анын ичинде кампалар, инженердик жана транспорт инфраструк-турасынын (темир жолдун, автомобиль, аба жана куур транспортторунун),байланыштын объекттери; өрткө каршы бөгөт - имараттын (курулманын) бир бөлүгүнөн бөлөк бө-лүгүнө, же имараттардын (курулмалардын, жашылдандырылган тилкелердин)араларына өрттүн таралышын алдын алууга арналган, имараттын нормаланганотко туруктуулук чеги жана конструкциялык курулуш классына ээ көлөмдүүэлементи же башка инженердик чечим; өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) - имараттардын жана (же)курулмалардын ортосундагы нормаланган аралык, ал өрттүн таралышын алдыналуу үчүн белгиленет; өрт тууралуу кабарларды берүү системасы - коргоо объектиндеги өртжөнүндөгү кабарлоону, кызматтык жана контролдоо-диагностикалык кабар-лоолорду байланыш каналдары боюнча берүү жана борборлошкон байкоо жүр-гүзүү пунктунда кабыл алуу үчүн, ошондой эле (кер байланыш каналы барболсо) телебашкаруу командаларын берүү жана кабыл алуу үчүн арналганбирдиктүү аракеттенүүчү техникалык каражаттардын жыйындысы; өрт сигналдар системасы - бир объектке орнотулган жана жалпы өртпостунан контролдонуучу өрт сигнал орнотмолорунун жыйындысы; өрттү алдын алуу системасы - коргоо объектинде өрттүн келип чыгуумүмкүнчүлүгүн жойгон уюштуруу иш-чаралар менен техникалык каражаттаркомплекси; өрттөн коргоо системасы - адамдарды жана мүлктөрдү өрттүн корку-нучтуу факторлорунун таасиринен коргоого жана (же) коргоо объектинеалардын тийгизген таасиринин салдарын чектөөгө багытталган уюштурууиш-чаралар менен техникалык каражаттар комплекси; түтүндөн коргоо системасы - өрт учурунда имараттар менен курулма-лардын түтөө коркунучун, ошондой эле анын коркунучтуу факторлорунунадамдарга жана материалдык байлыктарга тийгизүүчү таасирин алдын алуугаже чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чаралардын, көлөмдүк-пландоо чечим-деринин, инженердик системалардын жана техникалык каражаттардын комп-лекси; курулма - көтөргүч, айрым учурда тоскуч конструкциядан турган жанаар кандай түрдөгү өндүрүш процесстерин аткарууга, материалдарды, буюм-дарды, жабдууларды, сактоого, адамдардын убактылуу турушуна, адамдар-дын, жүктөрдүн ж.б. орун которуштуруусуна арналган көлөмдүк, жалпак желиниялык, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш системасы; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко чыдамдуулукдењгээли - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин колдону-луучу курулуш конструкциялардын отко чыдамдуулук чеги менен аныкталуучуклассификациялык мүнөздөмөсү; кабарлоонун жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары -адамдарга өрт тууралуу кабарлоого арналган техникалык каражаттардын(кабарлагычтарды башкаруу приборлорунун, өрт кабарлагычтардын) жыйынды-сы; технологиялык чөйрө - технологиялык аппаратурада (технологиялыксистемада) айланган заттар жана материалдар; коргоо объектинин өрттөгү туруктуулугу - коргоо объектинин өрттүнкоркунучтуу факторлору таасир эткенде жана алардын экинчи пайда болу-шунда конструкциялык бүтүндүгүн жана (же) функциялык арналышын сактапкалуу касиети; өрт маалымдагычты орнотуу - өрттү табууга, өрт тууралуу кабарды,атайын маалыматтарды жана (же) өрт өчүрүүчү жана түтүндү чыгаруучу ав-томаттык орнотмолорду, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошон-дой эле өрткө каршы башка коргоо түзүлүштөрүн ишке киргизүү командасыништеп чыгууга жана тийиштүү түрдө берүүгө арналган техникалык каражат-тардын жыйындысы; эвакуация - адамдардын аларга өрттүн коркунучтуу факторлору таасирэтиши мүмкүн болгон имараттын ичинен сыртка же коопсуз зонага уюшкантүрдө өз алдынча (өз алдынча эмес) жөнөө (баруу) процесси; эвакуациялоо жолу (эвакуация жолу) - өрт учурунда коопсуз эвакуа-циялоонун талаптарын канааттандырган, жөнөгөн жана (же) бараткан адам-дарды түздөн түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу жол; эвакуациялык эшик - эвакуация жолуна, түздөн түз сыртка же коопсуззонага алып баруучу эшик. 3-берене. Өрт коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мый-замдары жана ушул Жалпы техникалык регламент өрт коопсуздугу жаатындатехникалык жөнгө салуунун укуктук негизи болуп саналат, ушуларга ылайыккоргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жөнгөсалуучу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары иштелип чы-гат жана кабыл алынат. 4-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу Ар бир коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасыболууга тийиш. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасы өзүнөөрттү алдын алуу системасын, өрткө каршы коргоо системасын, өрт кооп-суздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар комплексинже алардын айкалышын камтыйт. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасы өрттүннатыйжасында үчүнчү жактарга зыян келтирүү коркунучун алдын алууга ба-гытталган жана өрттүн пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган иш-чара-лар комплексин милдеттүү түрдө камтууга тийиш. 5-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүү шарттары 1. Эгер өрт коопсуздугунун ушул техникалык регламент, атайын тех-никалык регламенттер жана бөлөк нормативдик укуктук документтер мененбелгиленген милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объек-тинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет. 2. Шаарлар менен айылдык калктуу пункттардын жана администрациялыкжабык аймактардын өрт коопсуздугу аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекет-тик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынанөрт коопсуздугунун иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында камсыз кылы-нат. Экстерриториялык объекттердин, Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Адилет министр-лигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комите-тинин жана токой, тоо, жер алдындагы өндүрүштөрдүн, шахталардын өрткоопсуздугу өзүлөрүнүн кызматтары менен же Кыргыз Республикасынын Өзгө-чө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен өзара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык өрт коопсуздугунунчараларын жүзөгө ашыруунун алкагында камсыз кылынат. 2-бап Өрттөрдү жана өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоо 6-берене. Өрттөрдү классификациялоо Өрттөр күйүүчү материалдардын түрлөрү боюнча классификацияланатжана төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: - күйүүчү катуу заттар менен материалдардын өрттөнүшү - "А"; - күйүүчү суюктуктардын же эрүүчү катуу заттар менен материалдар-дын өрттөнүшү - "В"; - газдардын өртү - "С"; - металлдардын өртү - "Б"; - чыњалуудагы электр орнотмолорунун күйүүчү заттары менен матери-алдарынын өрттөнүшү - "Е"; - ядролук материалдардын, радоактивдүү калдыктардын жана радоак-тивдүү заттардын өрттөнүшү - "Р". 7-берене. Өрттүн коркунучтуу факторлору 1. Өрттүн адамдарга жана материалдык байлыктарга таасир этүүчүкоркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет: - жалын жана учкундар; - жылуулук агымы; - айлана-чөйрөнүн жогору температурасы; - күйүүнүн жана заттардын ысыктан ажыроосунун уулуу продуктулары-нын жогорку концентрациясы: - кычкылтектин төмөнкү концентрациясы; - көрүүнүн түтүндөн төмөндөшү. 2. Өрттүн коркунучтуу факторлорунун коштоочу көрүнүштөрүнө төмөн-күлөр кирет: - талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, орнотмолордун жанаконструкциялардын бөлүктөрү, сыныктары; - талкаланган аппараттар менен орнотмолордон айлана-чөйрөгө чыкканрадоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар; - конструкциялардын аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчүбөлүктөрүнө жогорку чыњалуунун өтүшү; - өрттөн улам болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору; - от өчүрүүчү заттардын таасири. 3-бап Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана классификациясы 8-берене. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү Заттар менен материалдардын агрегаттык абалдарына жараша өрт-жары-луу жана өрт коркунучун баалоо үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөрдүн тизме-си ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таблицада берилген. Ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таблицада берилгензаттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун ыкмалары жана өрткоркунучунун көрсөткүчтөрүн аныктоо методдору тийиштүү техникалык рег-ламенттер менен белгиленет. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт кор-кунучунун көрсөткүчтөрү аларды колдонуунун талаптарын нормалаштыруу жа-на өрт коркунучун эсепке алуу үчүн колдонулат. 9-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялооалардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу каси-еттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет. Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстильматериалдарды кошпогондо) төмөнкү топторго бөлүнөт: - күйбөөчү - абада күйбөй турган заттар менен материалдар. Күйбөө-чү заттар өрт-жарылуу коркунучуна ээ болушу мүмкүн (мисалы, кычкылдан-дыргычтар же суу, абадагы кычкылтек же бири бири менен өз ара аракет-тенгенде күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу заттар); - кыйындык менен күйүүчү - тутандыруу булагы таасир эткенде абадакүйүүчү, бирок тутандыруу булагы четтетилгенде өз алдынча күйүүгө жөн-дөмсүз заттар менен материалдар; - күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүчү, ошондойэле тутандыруу булагы четтетилгенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүүзаттар менен материалдар. Күйүүчү суюктардан оњой жалындап кетүүчү жанаөзгөчө коркунучтуу оњой жалындап кетүүчү деген топторго бөлүнөт, алар-дын буулары өрт коопсуздугу боюнча нормативдик актылар менен аныкталгантөмөнкү температурада от алып кетет. Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүн сыноо методдору атайынтехникалык регламент менен белгиленет. 10-берене. Курулуш жана текстиль, булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо 1. Курулуш жана текстиль (анын ичинде булгаары) материалдарын өрткоркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн коркунучтуу факторло-рун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет. 2. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучу төмөнкү ка-сиеттер менен мүнөздөлөт: - күйгүчтүгү; - жалындагычтыгы; - үстүнкү бетинде жалындын таралуу ылдамдыгы; - түтүн пайда кылгычтыгы; - күйүү продукттарынын уулуулугу. 3. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары күйүүчү (К) жана күйбөө-чү (КБ) болуп бөлүнөт. Курулуш материалдары тажрыйба жолу менен аныкталуучу күйгүчтүк па-раметринин төмөнкү маанилеринде күйбөөчүлөргө кирет: температуранын жо-горулашы 50 град. Цельсиядан көп эмес, үлгүнүн массасын жоготуусу50%дан көп эмес, туруктуу жалындап күйүүсү 10 секунддан көп эмес. Көрсөтүлгөн параметрлердин жок дегенде бир маанисин канааттандыр-баган курулуш материалдары күйүүчүлөр классына кирет. Күйүүчү курулуш материалдары төмөнкү топторго бөлүнөт: - начар күйүүчү "К1" (түтүндүү газдардын температурасы 135 град.Цельсиядан көп эмес, сыналуучу үлгүнүн узундугу боюнча бузулуу дењгээли65%дан көп эмес, массасы боюнча бузулуу дењгээли 20%дан көп эмес, өзалдынча күйүү узактыгы - 0 град. Цельсия); - жай күйүүчү "К2" (түтүндүү газдардын температурасы 235 град.Цельсиядан көп эмес, узундугу боюнча бузулуу дењгээли 85%дан аз же ба-рабар, сыналуучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу дењгээли 50%дан кепэмес, өз алдынча күйүү узактыгы - 30 град.Цельсия); - нормалдуу күйүүчү "К3" (түтүндүү газдардын температурасы 450град.Цельсиянан көп, узундугу боюнча бузулуу дењгээли 85%дан көп, сына-луучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу дењгээли 50%дан көп эмес, өз ал-дынча күйүү узактыгы - 300 град.Цельсия); күчтүү күйүүчү "К4" (түтүндүү газдардын температурасы 450град.Цельсиядан көп, узундугу боюнча бузулуу дењгээли 85%дан көп, сына-луучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу дењгээли 50%дан көп, өз алдынчакүйүү узактыгы 300 град. Цельсиядан көп); 4. Күйгүчтүгү "К1" - "К3" топторуна кирген материалдар үчүн сыноо-до эритиндинин күйүп жаткан тамчыларынын пайда болушуна жол берилбейт. 5. Күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полготөшөгүчтөр) жалындагычтыгы боюнча жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынынкризистик чоњдугуна жараша төмөнкү тоиторго бөлүнөт: - кыйындык менен жалындоочу "В1" (жылуулук агымынын беттик тыгыз-дыгынын чектүү чоњдугу 35 кВт/м ден аз же барабар); - жай жалындоочу "В2" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чек-түү чоњдугу - 20дан 35 кВт/м2 ге чейин); - оњой жалындоочу "В3" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынынчектүү чоњдугу - 20 кВт/м ден кичине). 6. Үстүнкү бети боюнча жалындын таралыш ылдамдыгына карата күйүүчүкурулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жы-луулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоњдугуна жараша төмөнкүтопторго бөлүнөт: - таралбоочу "РП1" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүүчоњдугу 11 кВт/м ден көп); - начар таралуучу "РП2" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынынчектүү чоњдугу - 8ден 11 кВт/кв.м ге чейин); - жай таралуучу "РПЗ" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чек-түү чоњдугу - 5ден 8 кВт/кв.м ге чейин); күчтүү таралуучу "РП4" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чек-түү чоњдугу - 5 кВт/кв.м ден кичине). 7. Түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү боюнча күйүүчү курулуш матери-алдары түтүн пайда кылуу коэффициентинин маанисине карата төмөнкүдөйтопторго бөлүнөт: - түтүндү аз пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "Д1" (түтүн пайда кы-луу коэффициенти - 50 кв.м/кгдан көп эмес); - түтүндү орточо пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "Д2" (түтүи пайдакылуу коэффициенти - 50ден 500 кв.м/кг га чейин); - түтүндү күчтүү пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "ДЗ" (түтүн пайдакылуу коэффициенти - 500 м.2/кг дан көп). 8. Күйүү продуктуларынын уулуулугу боюнча күйүүчү курулуш матери-алдары ушул жалпы техникалык регламенттин тиркемесиндеги 2-таблицасынаылайык төмөнкү топторго бөлүнөт: - аз коркунучтуу (Т1); - орточо коркунучтуу (Т2); - жогорку коркунучтуу (Т3); - эњ коркунучтуу (Т4). 9. Өрт коркунучунун класстары курулуш материалдарынын өрт коркуну-чунун тобуна жараша ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 3-таб-лицада келтирилген. 10. Килем сымал полго төшөгүчтөр үчүн күйгүчтүк тобу аныкталбайт. 11. Текстиль материалдары жалындагычтыгы боюнча оњой жалындоочужана кыйындык менен жалындоочу болуп бөлүнөт. Эгер сыноодо төмөнкү шарттар аткарылса, кездеме (токулбаган кезде-ме) оњой жалындоочу материал катары классификацияланат: - үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүртөн күйгүзүп сыноодо жалындапкүйүү мезгили 5 секунддан ашык болсо; - үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн күйгүзүп сыналганда четтеринечейин калбай күйүп кетсе; - пахта кебези сыналуучу үлгүлөрдүн кайсынысында болсо да күйөт; - үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн же четинен күйгүзгөндө үстү-нүн дүрт этиши от койгон чекиттен 100 ммден көп аралыкка таралса; - үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн же четинен күйгүзгөндө көмүр-гө айланган жеринин орточо узундугу 150 ммден көп болсо. 12. Материалдарды классификациялоо үчүн жалындын таралуу индекси-нин маанисин (I) - материалдардын (заттардын) жалындоо, үстүнкү бет бо-юнча таралуу жана жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү шар-ттуу өлчөмсүз көрсөткүч колдонулууга тийиш. Жалындын таралышы боюнча текстиль материалдары төмөнкүдөй топторгобөлүнөт: - үстүнкү бети менен жалын таратпоочу (жалындын таралуу индекси0гө барабар); - үстүнкү бети менен жалынды жай таратуучу (жалындын таралуу ин-декси 20дан көп эмес); - үстүнкү бети менен жалынды ылдам таратуучу (жалындын таралуу ин-декси 20дан көп). 13. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучунун класси-фикациялык көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча сыноо методдору атайын техни-калык регламент менен белгиленет. 4-бап Жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациясы 11-берене. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү 1. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу техно-логиялык процессте катышкан заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунункөрсөткүчтөрү жана технологиялык процесстин параметрлери менен мүнөздө-лөт. Заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучун баалоо үчүн зарыл көр-сөткүчтөрдүн тизмеси ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таб-лицада келтирилген. 2. Технологиялык чөйрөлөрдүн курамына кирген заттардын жарылуу-өртжана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүн аныктоо методдору атайын техника-лык регламент менен белгиленет. 12-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт коркунучу боюнча классификациялоо 1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт коркунучу боюнча төмөнкүдөйтопторго бөлүнөт: - өрт коркунучу бар; - жарылуу-өрт коркунучу бар; - жарылуу коркунучу бар; - өрт коркунучу жок. 2. Күйүүчү чөйрөнүн, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишерлик ку-баттуулуктагы тутандыруу булагынын пайда болушу мүмкүн болгон чөйрө өрткоркунучу бар чөйрөгө кирет. 3. Кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чањдар жана аэрозол-дор менен түзүлүп, тутандыруу булагынын пайда болушу жарылууга жана(же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болгончөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет. 4. Абанын күйүүчү газдар, буулар, оњой от алуучу суюктуктар жанакүйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чањдар жана булалар менен ара-лашмасынын пайда болушу мүмкүн болгон, эгер күйүүчү заттар менен болгонбелгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы (тутандыруу булагы)пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгөкирет. 5. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргыч жок мейкиндик өрт коркуну-чу жок чөйрөгө кирет. 5-бап Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо 13-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо 1. Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: П-I -дүрт этүү температурасы 61 град.Цельсия жана андан жогоруболгон күйүүчү суюктуктар бар жайларда жайгашкан, зоналар; П-II -төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65г/куб.м ден кеп болгон күйүүчү чањ же була бөлүнүп чыгуучу жайлардажайгашкан зоналар; П-IIа - күйүүчү катуу заттар бар жайларда жайгашкан зоналар; П-III - дүрт этүү температурасы 61 град.Цельсия жана андан жогоруболгон күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардын (курул-малардын) сыртында жайгашкан зоналар. 2. Өрт коркунучу бар зоналардын классификациялык көрсөткүчтөрүнаныктоо тийиштүү эрежелер менен белгиленет. 14-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо 1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жанаузактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстаргабөлүнөт: 0-класс - жарылууга коркунучтуу аралашма дайыма же бир саат боюбар болуучу зоналар; 1-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде аба менен жарылуугакоркунучтуу аралашмаларды пайда кылуучу күйүүчү газдар жана оњой оталуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зона-лар; 2-класс - күйүүчү газдардын же оњой от алуучу суюктуктардын буула-рынын аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмалар жабдуулар нормалдууиштеген режимде пайда болбоочу, бирок технологиялык жабдуу авариягаучураганда же оњ болбогондо гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зона-лар; 3-класс - күйүүчү чањдын аба менен болгон жарылууга коркунучтууаралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65г/м жана андан аз болгон жана мындай аралашмалар дайыма бар болуучу зо-налар; 4-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде абада тењ салмакабалга өтүүчү жана 65 г/куб.м жана андан аз концентрацияда аба менен.жарылууга коркунучтуу аралашмаларды пайда кылуучу күйүүчү чањдар же бу-лалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 5-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде 65 г/куб.м жана ан-дан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чањдардын же булалардын жарылу-уга коркунучтуу аралашмалары пайда болбойт, бирок күйүүчү чањдардын жебулалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын пайда болушутехнологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оњ эместигинин гана на-тыйжасында болуучу жайларда жайгашкан зоналар; 2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациялык көрсөткүчтө-рүн аныктоо атайын техникалык регламент менен белгиленет. 6-бап Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациясы 15-берене. Электр жабдууларын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча классификациялоо 1. Өрт жана жарылуу-өрт коркунуч дењгээлине жараша электр жабдуу-лары төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: - жалпы өнөр жайлык; - жарылуудан корголгон. 2. Өрт жана жарылуу-өрт коркунуч дењгээли деп электр жабдууларыныничинде тутандыруу булагынын келип чыгуу коркунучу жана (же) тутандыруубулагынын электр жабдууларынын айланасындагы күйүүчү чөйрөгө тийүү кор-кунучу түшүнүлөт. Жарылуу-өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары өрттөн жа-на жарылуудан сактоо дењгээли боюнча классификацияланбайт. 16-берене. Өрттөн корголгон электр жабдууларын классификациялоо 1. Өрт коркунучу бар зоналарда колдонулуучу электр жабдуулары ошолэлектр жабдуусунун конструкциясы менен камсыздалып, жабдуунун ичинесуунун киришинен жана сырттагы катуу нерселердин түшүп кетишинен корго-луш дењгээли боюнча классификацияланат. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын классификациясы ушул Жалпытехникалык регламенттин тиркемесиндеги 4 жана 5-таблицаларга ылайык жү-зөгө ашырылат. 2. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо дењ-гээлин аныктоо методдору тийиштүү атайын техникалык регламенттер мененбелгиленет. 3. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо дењ-гээлин маркалоо эл аралык коргоо белгисинин (IP) жардамы менен жана экицифра менен белгиленет, биринчиси катуу нерселердин түшүн кетишинен,экинчиси суунун киришинен корголо тургандыгын билгизет. 17-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо 1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо дењ-гээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстарыбоюнча классификацияланат. 2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо дењ-гээли боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: - өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (дењгээли - 0); - жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (дењгээли - 1); - жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (дењгээли- 2). 3. Жарылуу коркунучу таптакыр жок электр жабдуулары - бул жарылуу-га каршы кошумча каражаттары бар жарылуу коркунучу жок электр жабдуула-ры. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары иштин нормалдуу режиминдеда, бузулууда да, коргоо каражаттары бузулгандан башка учурларда жары-луудан коргоону камсыз кылат. Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин нор-малдуу режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бу-зулуу жок болгон учурларда). 4. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоонунтүрлөрү боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: - жарылуу өткөрбөөчү кабыкчасы бар (d); - кабыкчасы ашыкча басымдын астында коргоочу газ менен толтурулганже үйлөтүлгөн (p); - учкундан коопсуздандыруучу электр чынжыры бар (i); - ток өткөрүүчү бөлүктөрү бар кабыкчасы кварц менен толтурулган(q); - ток өткөрүүчү бөлүктөрү бар кабыкчасы май менен толтурулган (o); - объекттин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган атайын түрү (s); - коргоонун ар кандай башка түрү (e). 5. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары зоналарда колдонууга жолберилиши боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: - өнөр жай газдары жана буулары менен (II топ жана НА, ИВ, НС топ-чолору); - кенден метан алынган менен (II топ). 6. II топтун жарылуудан корголгон электр жабдуулары үстүнкү бетинежол берилген эњ жогорку температурага жараша төмөнкүдөй температуралыккласстарга бөлүнөт: Т1 (450 град.Цельсия); Т2 (300 град.Цельсия); Т3 (200 град.Цельсия); Т4 (135 град.Цельсия); Т5 (100 град.Цельсия); Т6 (85 град.Цельсия). 7. Жарылуудан корголгон электр жабдуусу маркаланууга тийиш. Төмөнкүлөр төмөнкүдөй ырааттуулукта көрсөтүлүүгө тийиш: - электр жабдууларынын жарылуудан корголуу дењгээлинин белгиси (2,1, 0); - электр жабдууларын жарылуудан корголгондугун билгизүүчү белги(Ех); - жарылуудан коргоонун түрүнүн белгиси (d, p, i, q, o, s, e); - электр жабдууларынын тобунун же топчосунун белгиси (II, IIA,IIB, IIC); - электр жабдууларынын температуралык классынын белгиси (Т1, Т2,Т3, Т4, Т5, Т6). 8. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын тийиштүү дењгээлге,түргө, топко (топчого) температуралык класска таандыктыгын сыноо атайынтехникалык регламент менен белгиленет. 7-бап Сырткы орнотмолордун өрт коркунучу боюнча классификациясы 18-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо 1. Сырткы орнотмолор өрт коркунучу боюнча төмөнкү категорияларгабөлүнөт: - жогорку жарылуу-өрт коркунучу (Ан); - жарылуу-өрт коркунучу (Бн); - өрт коркунучу (Вн); - орточо өрт коркунучу (Гн); - төмөндөтүлгөн өрт коркунучу (Дн). 2. Сырткы орнотмолордун өрт коркунучу боюнча категориялары орнот-модогу күйүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун касиеттери-не, санына жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнө карай анык-талат. Эгер орнотмодо күйүүчү газдар, дүрт этүү температурасы 28град.Цельсиянан төмөн болгон оњой от алуучу суюктуктар, суу, абадагыкычкылтек жана (же) бири бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүгө жөн-дөмдүү заттар жана (же) материалдар (көрсөтүлгөн заттардын басым тол-кундарын пайда кылуу менен мүмкүн болгон күйүшүндө сырткы орнотмодон 30метрге чейинки аралыкта потенциалдуу коркунучтун чоњдугу жылына10^(-6)нан ашык болгон шартта) бар болсо (сакталса, кайра иштетилсе,ташылса), ал "Ан" категориясына кирет. Эгер орнотмодо күйүүчү чањдар жана (же) булалар, дүрт этүү темпе-ратурасы 28 град.Цельсиянан жогору болгон оњой жалындоочу суюктуктар,күйүүчү суюктуктар (чањ-аба жана (же) буу-аба аралашмаларынын басымтолкундарын пайда кылуу менен мүмкүн болгон күйүшүндө сырткы орнотмодон30 метрге чейинки аралыкта потенциалдуу коркунучтун чоњдугу жылына10^(-6)нан ашык болгон шартта) бар болсо (сакталса, кайра иштетилсе,ташылса), ал "Бн" категориясына кирет. Эгер орнотмодо күйүүчү жана (же) кыйындык менен күйүүчү суюктук-тар, күйүүчү кагуу жана (же) кыйындык менен күйүүчү заттар жана (же)материалдар (анын ичинде чањдар жана (же) булалар), суу, абадагы кыч-кылтек жана (же) бири бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүгө жөндөм-дүү заттар жана (же) материалдар бар болсо (сакталса, кайра иштетилсе,ташылса), эгер орнотмону "Ан" же "Бн" категорияларына киргизүүгө мүм-күндүк берүүчү категориялар жүзөгө ашырылбаса (көрсөтүлгөн заттардынжана (же) материалдардын мүмкүн болгон күйүшүндө сырткы орнотмодон 30метрге чейинки аралыкта потенциалдуу коркунучтун чоњдугу жылына10^(-6)нан ашык болгон шартта), ал "Вн" категориясына кирет. Эгер орнотмодо иштетүү процесси нур чыгаруучу жылуулук, учкун жана(же) жалын чыгуу менен коштолуучу ысык, абдан кызыган жана (же) эригенабалдагы күйбөөчү заттар жана (же) материалдар, ошондой эле отун катарыжагылуучу же утилдештирилүүчү күйүүчү газдар, суюктуктар жана (же) ка-туу заттар бар болсо (сакталса, кайра иштетилсе, ташылса), ал "Гн" ка-тегориясына кирет. Эгер орнотмодо муздак абалдагы күйбөөчү заттар жана (же) материал-дар бар болсо (сакталса, кайра иштетилсе, ташылса) жана жогоруда сана-лып өткөн критерийлер боюнча "Ан", "Бн", "Вн", "Гн" категорияларынакирбесе, ал "Дн" категориясына кирет. 3. Сырткы орнотмолордун өрт коркунучу боюнча категорияларын анык-тоону алардын категорияларга таандыктыгын эњ көп коркунучтуусунан "Ан"эњ аз коркунучтуусуна "Дн" карай ырааттуу түрдө текшерүү жолу менен иш-ке ашыруу зарыл. 4. Сырткы орнотмолордун өрт коркунучу боюнча категорияларынынклассификациялык белгилерин аныктоо тийиштүү стандарттар менен белгиле-нет. 8-бап Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт коркунучу боюнча классификациясы 19-берене. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категорияларын аныктоо 1. Өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча өндүрүштүк жана кампаүчүн арналыштагы жайлар функциялык арналышына карабастан, төмөнкү кате-горияларга бөлүнөт: - жогорку жарылуу-өрт коркунучу "А"; - жарылуу-өрт коркунучу "Б"; - өрт коркунучу "В1 - В4"; - орточо өрт коркунучу "Г"; - төмөндөтүлгөн өрт коркунучу "Д". 2. Жайлардын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категорияларыаппараттардагы жана жайындагы күйүүчү заттар менен материалдарга, алар-дын санына жана өрт коркунучунун касиеттерине, ошондой эле жайдынкөлөмдүк-пландалыш чечимине жана анда жүргүзүлүп жаткан технологиялыкпроцесстердин мүнөздөмөсүнө карай аныкталат. Жайлардын категорияларын аныктоону алардын категорияларга таандык-тыгын эњ көп коркунучтуусунан "А" эњ аз коркунучтуусуна "Д" карайырааттуу түрдө текшерүү жолу менен ишке ашыруу зарыл. "А" категориясына жарылууга коркунучтуу буу-газ-аба аралашмасынпайда кылуучу сандагы жана аралашмалар от алса, жайда жарылуунун 5 кПа-дан көп эсептик ашыкча басымы келип.чыгуучу күйүүчү газдар менен дүртэтүү температурасы 28 град.Цельсиянан төмөн болгон оњой жалындоочу су-юктуктар жана (же) суу, абадагы кычкылтек (же) бири бири менен өз арааракеттенгенде жайда жарылуунун эсептик ашыкча басымы 5 кПадан ашып ке-те турган сандагы жарылууга жана күйүүгө жөндөмдүү заттар жана матери-алдар бар (айланып турган) жай кирет. "Б" категориясына жарылуу коркунучу бар чањ-аба же буу-аба аралаш-маларын пайда кыла алуучу сандагы күйүүчү чањдар же булалар, дүрт этүүтемпературасы 28 град.Цельсиянан жогору болгон оњой жалындоочу суюктук-тар, күйүүчү суюктуктар бар (айланып турган) жай кирет, бул аралашмаларжалындаса жайда жарылуунун эсептик ашыкча басымы 5 кПадан ашып кетет. Күйүүчү жана кыйындык менен күйүүчү суюктуктар, күйүүчү катуу жанакыйындык менен күйүүчү заттар жана материалдар (анын ичинде чањдар жанабулалар), суу, абадагы кычкылтек жана бири бири менен өз ара аракеттен-генде күйүүгө гана жөндөмдүү заттар жана материалдар бар жайлар "А" жа-на "Б" категорияларына кирбесе, "В1 - В4" категорияларына кирет. Жайларды "В1", "В2", "В3" же "В4" категорияларына киргизүүкөрсөтүлгөн жайлардагы күйүүчү нерселердин санына жана жайгаштыруу ыгы-на, ошондой эле аны түзүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуукасиеттерине жараша жүзөгө ашырылат. "Г" категориясына иштетүү процесси нур чыгаруучу жылуулук, учкунжана жалын чыгуу менен коштолуучу ысык, абдан кызыган жана эриген абал-дагы күйбөөчү заттар жана материалдар жана (же) отун катары жагылуучуже утилдештирилүүчү күйүүчү газдар, суюктуктар жана катуу заттар бар(айланып турган) жайлар кирет. "Д" категориясына күйбөөчү муздак абалдагы заттар жана материалдарбар (айланып турган) жайлар кирет. 3. Имараттардын, курулмалардын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу бо-юнча категориялары ошол имараттагы, курулмадагы тигил же бул коркунучкатегориясындагы жайлардын үлүшүнө жана жалпы аянтына жараша аныкталат. Эгер имараттагы "Л" категориясына таандык жайлардын жалпы аянтыбардык жайлардын аянтынын 5%ынан көбүн ээлесе же 200 кв.мден көп болсо,анда ал имарат "А" категориясына кирет. Эгер имараттагы "А" категориясына таандык жайлардын жалпы аянтыимаратта жайгашкан жайлардын жалпы аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 1000кв.мден көп эмес), ал имарат "А" категориясына кирбейт жана бул жайларөрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса, имарат "Б" кате-гориясына кирет: имарат "А" категориясына кирбесе жана "А" жана "Б" ка-тегорияларына таандык жайлардын жалпы аянты бардык жайлардын аянтынын5%ынан көбүн ээлесе же 200 кв.мден көп болсо. Эгер имараттагы "А" жана "Б" категорияларына таандык жайдын жалпыаянты имаратта жайгашкан жайлардын жалпы аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок1000 кв.мден көп эмес), ал имарат "Б" категориясына кирбейт жана булжай өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса, имарат "В" кате-гориясына кирет: имарат "А" жана "Б" категорияларына кирбесе жана "А","Б", "В1", "В2" жана "В3" категорияларына таандык жайлардын жалпы аянтыбардык жайлардын аянтынын 5%ынан көбүн (эгер имаратта "А" жана "Б" ка-тегорияларына таандык жайлар жок болсо, 10%) ээлесе. Эгер имараттагы "А", "Б", "В1", "В2" жана "В3" категорияларынатаандык жайлардын жалпы аянты имаратта жайгашкан бардык жайлардын жалпыаянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 3500 кв.мден көп эмес), ал имарат "В"категориясына кирбейт жана бул жайлар өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмо-лору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса, имарат "Г" кате-гориясына кирет: имарат "А", "Б" же "В" категорияларына кирбесе жана"А", "Б", "В1", "В2", "В3" жана "Г" категорияларына таандык жайлардынжалпы аянты бардык жайлардын аянтынын 5%ынан көп болсо. Эгер имараттагы "А", "Б", "В1", "В2", "В3" жана "Г" категориялары-на таандык жайлардын жалпы аянты имаратта жайгашкан бардык жайлардынжалпы аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 5000 кв.м ден көп эмес), ал имарат"Г" категориясына кирбейт жана "А", "Б", "В1", "В2" жана "В3" категори-яларындагы жайлар өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер имарат "А", "Б", "В" же "Г" категорияларына кирбесе, анда ал"Д" категориясына кирет. 4. Имараттарды, өндүрүштүк жана кампа үчүн арналыштагы жайлардыөрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категорияларга киргизүүнүн клас-сификациялык белгилерин аныктоо атайын техникалык регламент менен бел-гиленет. 5. Имараттардын, өндүрүштүк жана кампа үчүн арналыштагы жайлардынөрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категориялары капиталдык курулушжана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтү-лөт. 9-бап Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрт-техникалык классификациясы 20-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өртотсектерин өрт-техникалык классификациялоо Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык клас-сификациялоо төмөнкү критерийлерди эске алуу менен жүзөгө ашырылат: - отко туруктуулук дењгээли; - конструкциялык өрт коркунуч классы; - функциялык өрт коркунуч классы. 21-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин отко туруктуулук дењгээли боюнча классификациялоо 1. Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери отко туруктуулук дењ-гээли боюнча I, II, III, IV жана V дењгээлдеги отко туруктуу имараттар,курулмалар жана өрт отсектери деп бөлүнөт. 2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко турук-туулук дењгээлин аныктоо тартиби ушул техникалык регламенттин 62-бере-неси менен белгиленет. 22-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин конструкциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери конструкциялык өрт корку-нуч классы боюнча С0, С1, С2 жана С3 деп бөлүнөт. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин конструкциялык өрткоркунуч классын аныктоо тартиби ушул техникалык регламенттин 62-бере-неси менен белгиленет. 23-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин функциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо 1. Имараттар (курулмалар, өрт отсектери жана имараттардын бөлүктө-рү - жайлардын же функциялык жактан өз ара байланышкан жайлардын тобу)функциялык өрт коркунуч классы боюнча арналышына, салынганына канча жылболгонуна, физикалык абалына жана имараттагы адамдардын санына, алардынуктоо абалында болуу мүмкүнчүлүгүнө карай төмөнкүдөй бөлүнөт: "Ф 1" - адамдар туруктуу жашоочу жана убактылуу болуп туруучу има-раттар, анын ичинде: "Ф 1.1" - мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин, адистешкенкарылар жана майыптар үйлөрүнүн (квартиралуу эмес) имараттары, оорука-налар, интернат тибиндеги билим берүүчү мекемелердин жана балдар меке-мелеринин уктоочу корпустары; "Ф 1.2" - мейманканалар, жатаканалар, жалпы типтеги санаторийлерменен эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттар-дын уктоочу корпустары; "Ф 1.3" - көп квартиралуу турак үйлөр; "Ф 1.4" - бир квартиралуу, анын ичинде тосмолонгон, турак үйлөр; "Ф 2" - оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттары,анын ичинде: "Ф 2.1" - театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цир-ктер, трибуналуу спорттук курулмалар, китепканалар жана жабык жайлардакелүүчүлөр үчүн эсептелген сандагы отуруучу орундары бар башка мекеме-лер; "Ф 2.2" - музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары жана ушул сыяктуу жа-бык жайлардагы мекемелер; "Ф 2.3" - "Ф 2.1"де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык абадагы имарат-тары; "Ф 2.4" - "Ф 2.2"де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык абадагы имарат-тары; "Ф 3" - калкты тейлөө боюнча ишканалардын имараттары, анын ичинде: Ф 3.1 - соода ишканаларынын имараттары; Ф 3.2 - коомдук тамактануу ишканаларынын имараттары; Ф 3.3 - бекеттер; Ф 3.4 - эмканалар жана амбулаториялар; "Ф 3.5" - турмуш-тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканаларынынкелип-кетүүчүлөр үчүн эсепке алынбаган сандагы отуруу орундары бар ке-лип-кетүүчүлөр үчүн жайлар; "Ф 3.6" - көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок дене тарбия-ден соолукчыњдоо комплекстери жана спорттук-машыктыруу мекемелери, турмуш-тиричи-ликтик жайлары, мончолор; "Ф 4" - илимий жана билим берүү уюмдарынын, долбоорлоо уюмдарынын,башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары, анын ичинде: "Ф 4.1" - жалпы билим берүү мекемелери, балдарга кошумча билимберүү мекемелери, кесиптик баштапкы жана кесиптик орто билим берүү ме-кемелери; "Ф 4.2" - кесиптик жогорку билим берүү жана адистерге кесиптик ко-шумча билим берүү (квалификация жогорулатуу) мекемелери; "Ф 4.3" - башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструк-тордук уюмдары, маалымат жана редакция-басма уюмдары, илимий уюмдар,банктар, кењселер, офистер; "Ф 4.4" - өрт деполору; "Ф 5" - өндүрүштүк жана кампа үчүн арналган имараттар, анын ичин-де: "Ф 5.1" - өндүрүштүк имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк жаналабораториялык жайлар, устаканалар; "Ф 5.2" - кампа имараттары жана курулмалары, техникалык тейлөө жа-на оњдоо кызматы жок автомобиль токтоочу жайлар, китеп сакталуучу жай-лар, архивдер, кампалар; "Ф 5.3" - айыл чарбалык арналыштагы имараттар. 2. Өндүрүштүк жана кампа үчүн жайлар, анын ичинде "Ф 1" - "Ф 4"класстарына таандык имараттардагы лабораториялар жана устаканалар "Ф 5"классына кирет. 24-берене. Өрт деполорунун имараттарынын классификациясы 1. Өрт деполорунун имараттары арналышына, автомобилдердин санына,жайларынын жана аянттарынын курамына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлү-нөт: I - шаар конуштарын өрттөн сактоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобил-дүү өрт депосу; II - шаар конуштарын өрттөн сактоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүүөрт депосу; III - уюмдарды өрттөн сактоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилдүүөрт депосу; IV - уюмдарды өрттөн сактоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүү өрт де-посу; V - айыл-кыштактарды өрттөн сактоо үчүн 1, 2, 3 жана 4 автомобил-дүү өрт депосу. 2. Өрт депосунун I жана III типтеги имараттары калк жашаган пункт-тун же уюмдардын аймагынан орун алган өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлө-рүнүн башкаруу органдары жана (же) өрткө каршы кызматтын нөөмөттүк-дис-петчерлик кызматы жайгашкан учурда долбоорлонот. 10-бап Курулуш конструкцияларынын жана өрткө каршы бөгөттөрдүн өрт-техникалык классификациясы 25-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо 1. Имараттар менен курулмалардын курулуш конструкциялары стандарт-тык сыноо шарттарында алардын өрттүн таасирине жана өрттүн коркунучтууфакторлорунун таралышына каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө жараша тө-мөнкүдөй отко туруктуулук чегине ээ курулуш конструкцияларына бөлүнөт: - нормага салынбаган; - 15 мүнөттөн кем эмес; - 30 мүнөттөн кем эмес; - 45 мүнөттөн кем эмес; - 60 мүнөттөн кем эмес; - 90 мүнөттөн кем эмес; - 120 мүнөттөн кем эмес; - 150 мүнөттөн кем эмес; - 180 мүнөттөн кем эмес; - 240 мүнөттөн кем эмес; - 360 мүнөттөн кем эмес. 2. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чеги стандарттыксыноо шарттарында аныкталат. Көтөрүүчү жана тосуучу курулуш конструкци-яларынын отко туруктуулук чектери стандарттык сыноо шарттарында жеэсептөөлөрдүн натыйжасында бир же чектик абалдардын төмөнкү бир нечебелгилерине ырааттуу түрдө жетүү убактысы боюнча белгиленет: - көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу "К"; - бүтүндүгүн жоготушу "Е"; - жылытылбоочу үстүнкү бетинде температуранын жогорулашынан уламконструкциянын жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн чектик маанисине чей-ин жоголушу "I" же конструкциялардын жылытылбоочу үстүнкү бетинен нор-мадагы аралыкта жылуулук агымынын тыгыздыгынын чектик чоњдугуна жетиши"W". 3. Өрткө каршы бөгөттөр бүтүндүгүн жоготкондо "Е", жылуулук өткөр-бөө жөндөмдүүлүгүнүн "I", жылуулук агымынын тыгыздыгынын "XV" жана (же)түтүн-газ өткөргүчтүгүнүн "8" чектик чоњдугуна жеткенде өрткө каршы бө-гөттөрдөгү боштуктарды толтургуч үчүн отко туруктуулук чегине жетиши-лет. 4. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жана чектикабалдарынын белгилерин аныктоо методдору атайын техникалык регламентменен белгиленет. 5. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шарттуубелгилери чектик абалынын жана тобунун тамга түрүндөгү белгилерин кам-тыйт. 26-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо 1. Курулуш конструкциялары отко туруктуулугу боюнча төмөндөгүкласстарга бөлүнөт: - өрт коркунучу жок "К0"; - өрт коркунучу аз "К1"; - өрт коркунучу орточо "К2"; - өрт коркунучтуу "К3". 2. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучу боюнча классы ушулЖалпы техникалык регламенттин тиркемесиндеги 6-таблицада көрсөтүлгөнталаптарга ылайык аныкталат. Курулуш конструкцияларын өрт коркунучу боюнча белгилүү бир класскатаандык кылуу критерийлеринин сандык маанилери атайын техникалык регла-мент менен бекитилет. 27-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдүн классификациясы 1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуу-сун алдын алуу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: - өрткө каршы дубалдар; - өрткө каршы тосмолор;. - өрткө каршы калканчтар; - өрткө каршы ажырымдар; - өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар; - өрткө каршы суу тосмолору; - өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер. 2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бө-гөттөрдөгү боштуктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люк-тар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгү-нүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршыбөгөттөрдөгү боштуктар үчүн каралган тамбур-шлюздар элементтеринин тип-терине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: Дубалдар 1-же 2-тип; Тосмолор 1-же 2-тип; Калканчтар 1-же 2- же 3- же 4-тип; Эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар 1- же2- же 3-тип; Терезелер 1- же 2- же 3-тип; Көшөгөлөр 1-тип; Тамбур-шлюздар 1-же 2-тип. 3. Өрткө каршы бөгөттөрдү тигил же бул типке киргизүү өрткө каршыбөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана бөгөттөрдөгүбоштуктарды толтуруу тибине жараша ушул техникалык регламенттин тирке-месиндеги 14-таблицага ылайык жүзөгө ашырылат. 11-бап Тепкичтердин жана тепкич клеткаларынын өрт-техникалык классификациясы 28-берене. Тепкичтерди классификациялоо 1. Өрттө имараттар менен курулмалардан адамдарды эвакуациялоо үчүнарналган тепкичтер төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: - тепкич клеткаларындагы ички тепкичтер; - ички ачык тепкичтер; - сырткы ачык тепкичтер. 2. Өрт өчүрүүнү камсыз кылууга жана авариялык куткаруу иштеринжүргүзүүгө арналган өрт өчүрүү үчүн тепкичтер төмөнкүдөй типтергебөлүнөт: П1 - тик тепкичтер; П2 - жантаймалуулугу 6:1ден ашык эмес марш тепкичтери. 29-берене. Тепкич клеткаларынын классификациялоо 1. Тепкич клеткалары өрт учурунда түтүндөн корголуу дењгээлине жа-раша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: - кадимки тепкич клеткалары; - түтөбөөчү тепкич клеткалары. 2. Кадимки тепкич клеткалары жарыктандыруу ыгына жараша төмөнкүдөйтиптерге бөлүнөт: "Л1" - сырткы дубалдагы ар бир кабаттагы айнектелген же ачык тере-зечелер аркылуу табигый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткала-ры; "Л2" - жабык жердеги айнектелген же ачык терезечелер аркылуу таби-гый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткалары. 3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыгына жарашатөмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: "Н1" - түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча ка-баттан тепкич клеткасына чыгуучу эшиги бар тепкич клеткалары; "Н2" - өрттө тепкич клеткаларына атайын аба үйлөгүчү бар тепкичклеткалары; "Н3" - ар бир кабатта тепкич клеткаларына тамбур-шлюз аркылуу чы-гуучу эшиги бар, дайыма же өрт учурунда атайын аба үйлөөсү камсыз бол-гон тепкич клеткалары. 12-бап Өрт техникасынын классификациясы 30-берене. Өрт техникасын классификациялоо Өрт техникасы арналышына жана колдонуу жаатына жараша төмөнкүдөйтиптерге бөлүнөт: - өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары; - өрт өчүрүүнүн ыкчам каражаттары; - өрт өчүрүүчү орнотмо; - өрт автоматикасынын каражаттары; - өрт жабдуулары; - өрттө адамдарды коргоонун жана куткаруунун жеке каражаттары; - өрткө каршы шаймандар (механикалаштырылган жана механикалашты-рылбаган); - өрт сигнализациясы, байланыш жана кабарлоо. 31-берене. Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын классификациясы жана колдонуу жааты Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары өрт менен күрөшүү максатындаколдонууга арналган жана төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: - көтөрүп жүрмө жана жылдырылуучу өрт өчүргүчтөр; - өрт крандары жана аларды колдонууну камсыз кылуу каражаттары; - өрт инвентары; - тутануу очогун бөлүү үчүн жабуу, брезент, кийиз, кум. 32-берене. Өрт өчүрүүнүн ыкчам каражаттарынын классификациясы Өрт өчүрүүнүн ыкчам каражаттарына өрткө каршы кызматтын өздүк ку-рамы өрт өчүрүү үчүн колдонууга арналган транспорт жана транспорттолуу-чу өрт машиналары кирет. Өрт өчүрүүнүн ыкчам каражаттары төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: - өрт автомобилдери (негизги жана атайы); - өрт поезддери; - өрт мотосоргучтары; - ыњгайлаштырылган техникалык каражаттар (сүйрөгүчтөр, чиркегичтержана тракторлор ж.б.). 33-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорунун классификациясы 1. Өрт өчүрүү курулмалары - бул от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолуменен өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы. Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кы-лууга тийиш. Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт: - конструкциялык түзүлүшү боюнча - агрегаттык жана модулдук; - автоматташтыруу дењгээли боюнча - автоматтык, автоматташтырылганжана кол менен иштетилүүчү; - от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча - суу, көбүк, газ, порошокколдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан; - өчүрүү ыкмасы боюнча - көлөмдүк, үстүнкү, чектелген-көлөмдүк,чектелген-үстүнкү. 2. Өрт өчүрүү курулмаларынын типтери, өчүрүү ыкмасы, от өчүрүүчүзаттардын түрү долбоорлоочу уюм тарабынан аныкталат. Ошол эле учурдаөрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: - өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркинкүчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун; - суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун жана от өчүрүүчүзаттардын салыштырмалуу сарпталышын; - өрттү жок кылууну оперативдүү күчтөр менен каражаттарды аракеткекелтирүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде же чектөө максатында өчүрүүнү; - талап кылынган иштөө ишенимдүүлүгүн. 34-берене. Өрт автоматикасынын каражаттарын классификациялоо Өрт автоматикасынын каражаттары өрттү автоматтык түрдө табууга, алтууралуу адамдарды маалымдоого жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу-га, автоматтык түрдө өрттү өчүрүүгө жана түтүндү кетирүүгө, имараттарменен объекттердин инженердик жана технологиялык жабдууларын башкаруугаарналган. Өрт автоматикасынын каражаттары төмөнкүдөй бөлүнөт: - өрт маалымдагычтар; - кабыл алгыч-контролдоо өрт приборлору; - башкаруучу өрт приборлору; - кабарлоонун жана эвакуацияны башкаруунун өрт техникалык каражат-тары; - өрт тууралуу маалымдоолорду берүү системалары; - өрт автоматикасынын системаларын куруу үчүн башка приборлор жанажабдуулар. 35-берене. Өрттө адамдарды коргоонун жана куткаруунун жеке каражаттарын классификациялоо Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары өрттөн коргоо кызматы-нын бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамын жана жарандарды өрттүн коркунучтууфакторлорунун таасиринен коргоого арналган. Өрттө адамдарды куткаруукаражаттары өрттөн коргоо кызматынын бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамынынөзүн-өзү куткаруусуна жана күйүп жаткан имараттан (курулмадан) жаран-дарды куткарууга арналган. Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары төмөнкүдөй бөлүнөт: - дем алуу жана көрүү органдарын коргоонун жеке каражаттары (ажы-ратуучу аракеттеги); - өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргонуу каражаттары. Өрттө адамдарды бийиктиктен куткаруу каражаттары төмөнкүдөй бөлү-нөт: - адамдарды куткаруунун жеке каражаттары; - адамдарды куткаруунун жамааттык каражаттары. 13-бап Өрттү алдын алуу системасы 36-берене. Өрттү алдын алуу системасын түзүүнүн максаты Өрттү алдын алуу системасын түзүүнүн максаты өрттүн келип чыгуушарттарын четтетүү болуп саналат. Өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү күйүүчү чөйрөнүн пайда болуушарттарын жана (же) күйүүчү чөйрөдө тутандыруу булагынын пайда болуу(же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү аркылуу жетишилет. Коргоо объектиндеги өрттү алдын алуу системаларынын курамы жанафункциялык мүнөздөмөсү ушул техникалык регламент жана атайы техникалыкрегламент менен белгиленет. Өрттү алдын алуу системаларынын мүнөздөмөлөрүн изилдөөнүн (сыноо-нун жана өлчөөнүн) эрежелери жана методдору атайын техникалык регламентменен белгиленет. 37-берене. Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү ыкмалары Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардынбири же бир нечеси аркылуу ишке ашырылууга тийиш: - күйбөөчү заттар менен материалдарды колдонуу; - күйүүчү заттар менен материалдардын массасын жана (же) көлөмүнчектөө; - күйүүчү заттар менен материалдарды, ошондой эле бири бири мененөз ара аракеттенгенде күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна алып келүүчү ма-териалдарды жайгаштыруунун абдан коопсуз ыкмаларын пайдалануу; - күйүүчү чөйрөнү тутандыруу булагынан бөлүү (обочолонгон отсек-терди, камераларды, кабиналарды колдонуу); - кычкылдандыргыч жана (же) күйүүчү заттардын чөйрөлөрүндө коопсузконцентрацияны кармап туруу; - кычкылдандыргычтын күйүүчү чөйрөдөгү концентрациясынын корголуу-чу объектте азайтылышы; - чөйрөнүн температурасын жана басымын жалындын таралышы болбойтурган температурада жана басымда кармап туруу; - күйүүчү заттардын айланып жүрүшү менен байланышкан технологиялыкпроцесстерди механикалаштыруу жана автоматташтыруу; - өрттөн кооптуу жабдууларды өзүнчө жайларга же ачык аянтчага ор-нотуу; - өндүрүш жабдууларын коргоочу, күйүүчү заттардын жайдын көлөмүнөчыгышына жол бербей турган түзүлүштөрдү колдонуу; - жайлардан, технологиялык жабдуулардан жана коммуникациядан өндү-рүштүн өрттөн кооптуу калдыктарын чыгаруу, туруп калган чањдарды, пыр-ларды тазалоо. 38-берене. Күйүүчү чөйрөдө тутандыруу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү ыкмалары Күйүүчү чөйрөдө тутандыруу булагынын пайда болуу шарттарын четте-түү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу жетишилүүгө тийиш: - өрт коркунучу жана (же) жарылуу коркунучу бар зонанын классына,жарылуу коркунучу бар аралашманын категориясына жана тобуна ылайык кел-ген электр жабдууларын колдонуу; - конструкцияда ыкчам аракеттенүүчү, тутандыруу булагынын пайдаболушуна алып келүүчү электр орнотмолорунун жана башка түзүлүштөрдүнкоргоочу өчүрүү каражаттарын колдонуу; - статикалык электр тогунун пайда болушун четтетүүчү жабдуулардыжана технологиялык процесстерди жүргүзүү режимдерин колдонуу; - имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды чагылгандан коргоону(чагылган тоскуч) орнотуу; - күйүүчү чөйрө менен тийишүүчү күйүүчү заттардын, материалдардынжана беттердин коопсуз ысуу температурасын кармап туруу; - күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын энергиясын коопсуз маанилеринечейин чектөөчү ыкмалар менен түзүлүштөрдү колдонуу; - оњой жалындоочу суюктуктар жана газдар менен иштегенде учкунданкоркунучсуз аспапты колдонуу; - айланып туруучу заттардын, материалдардын жана буюмдардын өзүнөнөзү ысыктан, химиялык жана (же) микробиологиялык от алып кетүүчү шарт-тарын жоюу; - пирофордук заттардын аба менен тийишүүсүн четтетүү; - жалындын бир көлөмдөн чектеш жаткан көлөмдөргө таралуу мүмкүнчү-лүгүн четтетүүчү түзүлүштөрдү колдонуу; Тутандыруу булактарынын параметрлеринин коопсуздук маанилери тех-нологиялык процесстерди аларда айланып жүргөн заттар менен материалдар-дын ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таблицада аныкталганөрт коркунучу көрсөткүчтөрүнүн негизинде өткөрүү шарттары менен аныкта-лат. 14-бап Өрттөн коргоо системасы 39-берене. Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты адамдар менен мүлктөрдүөрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын зала-касын чектөө болуп саналат. Адамдар менен мүлктөрдү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасири-нен коргоо жана (же) анын залакасын чектөө өрттүн коркунучтуу факторло-рунун күчөө динамикасын басањдатуу, адамдарды жана мүлктөрдү коопсуззонага эвакуациялоо жана (же) өрттү өчүрүү менен камсыздалат. Өрттөн коргоо системасы өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатынажетүү үчүн зарыл болгон убакыт ичинде өрттүн коркунучтуу факторлорунунтийгизген таасирлерине бекем жана туруктуу болууга тийиш. Объекттердин өрттөн коргоо системасынын курамы жана функциялыкмүнөздөмөсү ошол продукцияга жана/же өрткө каршы коргоо системасына ти-йиштүү атайын техникалык регламент менен аныкталат. 40-берене. Адамдарды жана мүлктөрдү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары Адамдарды жана мүлктөрдү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасири-нен коргоо же алардын таасиринин залакасын чектөө төмөнкү ыкмалардынбири же бир нечеси аркылуу камсыздалат: - өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылу-учу көлөмдүк-пландык чечилиштерди жана каражаттарды колдонуу; - өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарын канааттандыруучуэвакуация жолдорун куруу; - өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигналдарынын автоматтыксистемасы), маалымдоочу жана адамдарды эвакуациялоону башкаруучу систе-маларды орнотуу; - өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттыккоргоо системаларын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргоо кара-жаттарын колдонуу; - отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жанаимараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук дењгээлинежана алардын конструкциялык өрт коркунучу классына жооп берүүчү өрткоркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу; - курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатууүчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттонкорголгон сырларды колдонуу) жана курулуш материалдарын (беттерди кап-тагычтарды) колдонуу; - өрт коркунучу бар суюктуктарды авариялык куйгучтарды жана күйүү-чү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу; - технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу системасынорнотуу; - өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу; - өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун колдонуу; - мамлекеттик өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүнүн ишмердигин уюш-туруу. 41-берене. Өрттө адамдарды эвакуациялоо жолдору Ар бир имарат же курулма өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоонукамсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилишине жанаконструкциялык аткарылышына ээ болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуа-циялоо мүмкүн болбогон учурда аларды коргоо жамааттык коргоо системала-рын колдонуу аркылуу камсыздалууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр ат-карылууга тийиш: - зарыл болгон сандагы, өлчөмдөгү жана тийиштүү конструкциялык ат-карылыштагы эвакуациялоо жолдору жана эшиктери орнотулууга; - эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялоо эшиктери аркылууадамдардын тоскоолсуз кыймылы камсыздалууга; - маалымдоо жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын тоскоолсузкыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, добуштук жана сүйлөө маа-лымдамаларын колдонуу аркылуу) башкаруу уюштурулууга. Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоопроцесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарылболгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды ко-опсуз эвакуациялоо камсыз кылынган деп эсептелет. 42-берене. Өрттү табуу, маалымдоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруу системасы Өрттү табуу (өрт сигналдарынын орнотмолору жана системалары), маа-лымдоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруу системасы конкрет-түү объекттин шартында адамдарды коопсуз (жол берилген өрт тобокелдигинэске алуу менен) эвакуациялоону уюштуруу максатында өрт тууралуу маа-лымдоо системасын иштетүүгө зарыл болгон убакыт ичинде өрттү автоматтыктабууну камсыз кылууга тийиш. Өрт сигналдарынын, маалымдоонун жана өрттө адамдарды коопсуз эва-куациялоону башкаруу системалары орнотулуучу объекттер тиешелүү атайынтехникалык регламент менен аныкталат. 43-берене. Өрттө адамдарды жамааттык коргоо жана жеке коргоо каражаттар системалары Адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен жамааттыккоргоо жана жеке коргоо каражаттар системалары адамдарга өрттүн корку-нучтуу факторлору таасир эткен убакыт ичинде алардын коопсуздугун кам-сыз кылууга тийиш. Адамдарды жамааттык коргоо системасы өрт болгон мезгил ичинде жеөрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичиндеадамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул учурда адамдардынкоопсуздугу имараттар менен курулмалардагы өрттөн коопсуз зоналардынкөлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы аркылуу (аныничинде имараттын кабаты менен сыртка аба зонасы аркылуу байланышкантепкич клеткаларын куруу аркылуу), ошондой эле эвакуациялоо жолдорундаөрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды сактоо үчүн тех-никалык коргоо каражаттарын (анын ичинде түтүнгө каршы коргоочу кара-жаттарды) колдонуу аркылуу жетишилүүгө тийиш. Адамдарды жеке коргоо каражаттары (анын ичинде көрүү жана дем алууоргандарын коргоо) адамдарды өрттөн коопсуз зонага эвакуациялоо үчүнзарыл убакыт ичинде же өрттү өчүрүү боюнча атайын иштерди аткаруу үчүнзарыл болгон убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тий-иш. Адамдарды жеке коргоо каражаттары эвакуацияланып жана куткарылыпжаткан адамдарды эле эмес, өрттү өчүрүүгө катышын жаткан өрт өчүрүүчү-лөрдү да коргоо үчүн колдонулууга тийиш. 44-берене. Түтүнгө каршы коргоо системасы Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасы өр-ттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде жеөрт күчөгөн жана күйүү продуктуларын жана ысыктан бузулган нерселердичеттетүү жана (же) анын алдын алуу жолу менен өрттү өчүрүүнүн убагындаадамдарды эвакуациялоо жолдорунда жана өрттүн коркунучтуу таасирлериненсактаган коопсуз зоналарда адамдарды коргоону камсыз кылууга тийиш. Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы агуучу-соруучу жел-детүү системасы көлөмдүк-пландык чечилишке жана конструкциялык аткары-лышка жараша механикалык же табигый түрдө иштей тургандай аткарылуугатийиш. Түтүнгө каршы агуучу-соруучу желдетүү системасында иштөө ыкмала-рына карабай түтүнгө каршы желдетүүнүн автоматтык жана аралыктан колменен ишке киргизүүчү аткаруучу механизмдери жана түзүлүштөрү болуугатийиш. Имараттар менен курулмалардын көлөмдүк-пландык чечилиши күйүү про-дуктуларынын өрт болгон жайдын, өрт отсегинин жана (же) секциянын чеги-нен сырткары таралуу мүмкүндүгүн четтетүүгө тийиш. Имараттар менен курулмалардын функциялык арналышына жана көлөм-дүк-пландык жана конструкциялык чечилишине жараша аларда түтүнгө каршыжелдетүүнүн агымдуу-соруучу же соруучу системасы алдын ала каралуугатийиш. Имараттар менен курулмалардын чегинен күйүү продуктуларын чыгарууүчүн соруучу желдетүүнү механикалык же табигый соруучу түтүнгө каршыжелдетүү түзүлүшү жок колдонууга жол берилбейт. Түтүнгө каршы соруучу желдетүү өрт учурунда күйүү продуктуларынтүздөн-түз өрт болгон жайдан, эвакуациялоо жолдорундагы коридорлордон,холлдордон четтетүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы системасынын агымдуужелдетүү системасы өрт болгон жайлардагы жанаша жаткан жайларда, тепкичклеткаларында, лифт холлдорунда жана тамбур-шлюздарда аба берип туруунужана ашыкча басымды түзүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмаларды түтүнгө каршы коргоо элементтерининконструкциялык чечилиши жана мүнөздөмөсү түтүнгө каршы коргоонун мак-саттарына жараша коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл уба-кыт ичинде же өрт болгон мезгилдин ичинде түтүнгө каршы агымдуу-соруучужелдетүү системасынын бузулбай иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желде-түү системасынын аткаруучу механизмдери менен түзүлүштөрүн автоматтыкиштетүү автоматтык өрт сигнализациясы же автоматтык өрт өчүрүүчү орнот-молор иштегенде жүзөгө ашырылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желде-түү системасынын механизмдери менен түзүлүштөрүн аралыктан кол менеништетүү эвакуациялык эшиктерде жана өрт постторунун жайларында же дис-петчер персоналдардын жайларында жайгашкан ишке киргизүү элементтериаркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Өрттө имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучужелдетүү системасын иштетүүдө жалпы алмаштыруу жана технологиялык жел-детүү, абаны конденсациялоо системалары милдеттүү түрдө өчүрүлүүгө тий-иш. Аэрозолдук, порошоктук жана газ менен өрт өчүрүүчү автоматтык ор-нотмолордун жана жайдагы түтүнгө каршы желдетүү системаларынын өрт бол-гон жайда бир мезгилде иштетүүгө жол берилбейт. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасынынкурамына, элементтеринин конструкциялык аткарылышына, колдонуу өзгөчө-лүктөрүнө жана иштетүүнүн ырааттуулугуна коюлуучу талаптар алардын фун-кциялык арналышына жана архитектуралык-пландык чечилиштерине жарашатийиштүү атайын техникалык регламенттин талаптарына ылайык долбоорлоо-догу тапшырма менен аныкталат. 45-берене. Имараттар менен курулмалардын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу Имараттар менен курулмаларда ал имараттар менен курулмаларда откотуруктуулук чеги жана өрт коркунуч классы бар негизги курулуш конструк-циялары жана талап кылынган отко туруктуулук дењгээлине жана алардынконструкциялык өрт коркунуч классына шайкеш келген өрт коркунучунункөрсөткүчтөрү бар курулуш материалдары колдонулууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын талап кылынган отко туруктуулук дењ-гээли жана алардын конструкциялык өрт коркунуч классы ушул техникалыкрегламенттин 62-беренесинде аныкталган. 46-берене. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунучклассы алардын конструкциялык чечилиштеринин, тийиштүү курулуш матери-алдарын колдонуунун, ошондой эле оттон коргоо каражаттарын пайдалануу-нун эсебинен камсыз болууга тийиш. Курулуш конструкцияларынын талап кылынган отко туруктуулук чегиимараттар менен курулмалардын талап кылынган, ушул техникалык регламен-ттин тиркемесиндеги 11-таблицада келтирилген отко туруктуулук дењгээли-не шайкеш келүүгө тийиш. 47-берене. Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө төмөнкү ыкмалардын бириже бир нечеси аркылуу камсыз кылынууга тийиш: - өрткө каршы бөгөттөрдү куруу; - өрт отсектерин жана секцияларын куруу, ошондой эле имараттар ме-нен курулмалардын кабаттуулугун чектөө; - өрттө орнотмолор менен коммуникацияларды авариялык өчүрүү жанакоторуу түзүлүштөрүн колдонуу; - өрттө суюктуктардын төгүлүшүн жана жайылып кетишин болтурбоочуже чектөөчү каражаттарды колдонуу; - жабдууда отко бөгөт болуучу түзүлүштөрдү колдонуу. 48-берене. Имараттар менен курулмалардагы өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары Имараттар менен курулмалар өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары ме-нен камсыз болууга тийиш. Имараттар менен курулмаларда өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынжайгаштыруунун номенклатурасы, саны жана орду күйүүчү материалдын түрү-нө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландык чечилишине, айлана-чөйрө-нүн парметрлерине жана тейлөөчү персоналдын жайгашуу ордуна жарашааныкталат жана атайын техникалык регламент боюнча белгиленет. Ошону ме-нен бирге имараттын, курулманын өрттөн коргоо системасы (анын ичиндеөрттү табуу системасы, адамдарды эвакуациялоо жолдору жана түтүнгө кар-шы коргоо системасы) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары иштебей калганучурда өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен өрт өчүрүүгө катышыпжаткан тейлөөчү персоналдын коопсуз эвакуациялануу мүмкүнчүлүгүн камсызкылууга тийиш. 49-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкү максаттардын бирине жебир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш: - жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маани-лери келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга; - жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук че-гине жеткенге чейин өрттү жок кылууга; - жайда (имаратта) корголуучу мүлккө келтирилүүчү зыяндын жол бе-рилген эњ чоњ маанисине жеткенге чейин өрттү жок кылууга; - жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун)талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголгон объекттер, авто-маттык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү жана аныөрттүн очогуна жиберүү ыкмасы күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын жекурулманын көлөмдүк-пландык чечилишине жана айлана-чөйрөнүн парметрле-рине жараша аныкталат жана тийиштүү стандарттар менен белгиленет. Ошонуменен бирге эле отту өчүрүүчү затты жиберүүчү түзүлүштү жайгаштыруу өр-ттү убагында табууну жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш. 50-берене. Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдар менен калктуу ко-нуштардын аймактарында өрт өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен жабдуу бу-лактары болууга тийиш. Өрткө каршы суу менен жабдуу булагы катары табигый жана жасалмакөлмөлөр, ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү (анын ичинде ичи-лүүчү, чарбалык-ичилүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүм-күн. Жасалма көлмөлөрдү куруу, табигый көлмөлөрдү пайдалануу жана өрткөкаршы суу түтүктөрүн куруу, ошондой эле алардын параметрлери атайынтехникалык регламент менен белгиленет. 51-берене. Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объекттеринин өрткоопсуздугун уюштуруучулук-укуктук, финансылык, материалдык-техникалыкжактан камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу; - аймакты өнүктүрүү пландарында жана программаларында каралуугатийиш болгон муниципалдык менчик объекттеринин өрт коопсуздугун камсызкылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, өрткө каршысуу менен жабдуу булактарынын тийиштүү абалын камсыз кылуу, муниципал-дык менчиктеги турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын өрт коопсузду-гун камсыз кылуу каражаттарын оњ абалда кармоо; - өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча муниципалдыкмаксаттуу программаларды иштеп чыгуу жана аткарууну уюштуруу; - муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарында өрт өчүрүү үчүн күчтөрдүжана каражаттарды тартуу жана авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүүпланын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын контролдоо; - муниципалдык түзүлүштүн аймагында өрткө каршы өзгөчө режим орно-туу, ошондой эле режим колдонулган учурга өрт коопсуздугунун кошумчаталаптарын иштеп чыгуу; - өрт болгон жерге өрт техникасынын тоскоолсуз өтүшүн камсыз кы-луу; - байланышты жана өрт тууралуу кабарлоону камсыз кылуу; - калкты өрт коопсуздугунун чараларына окутууну жана өрт коопсуз-дугу жаатында үгүт иштерин уюштуруу, өрт-техникалык билимдерди таратуу-га көмөктөшүү; - жарандар менен уюмдардын өрттөн коргоого, анын ичинде өрттөр ме-нен күрөшүүгө ыктыярдуу катышуусуна социалдык жана экономикалык жактандем берүү. II БӨЛҮМ АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ ДОЛБООРЛООДО ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ 15-бап Шаар куруу ишмердигинде өрт коопсуздугунун талаптары 52-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймактарын пландоодо шаар куруу документтерине коюлуучу талаптар Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоо жана имарат куруушаар куруу документтерине, шаарлар менен калктуу конуштардын ушул жанабашка техникалык регламенттердин өрт коопсуздугунун талаптары эскеалынган генералдык пландарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. Калктуу ко-нуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасынын курамы жана функ-циялык мүнөздөмөсү долбоордук документтерге "Өрт коопсуздугун камсызкылуу боюнча иш-чаралардын тизмеси" деген бөлүк түрүндө кирүүгө тийиш. 53-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймактарында жарылуу-өрт коркунучу бар объекттерди жайгаштыруу 1. Өнөр жайлык коопсуздугу тууралуу декларация милдеттүү түрдө иш-телип чыгуучу (мындан ары - жарылуу-өрт коркунучу бар объекттер) жары-луу-өрт коркунучу бар заттар жана материалдар алынуучу, пайдаланылуучу,кайра иштетилүүчү, жасалуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучукооптуу өндүрүш объекттери айылдык жана шаардык калктуу конуштардынсыртына жайгаштырылууга тийиш, эгер бул мүмкүн болбосо же максаткаылайык келбесе, анда объектинин аймагынын сыртындагы адамдарды, имарат-тарды жана курулмаларды өрттүн жана (же) жарылуунун коркунучтуу фактор-лорунан коргоо боюнча чаралар иштелип чыгууга тийиш. Аймагында "А", "Б"жана "В" категорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу бар имарат-тар жана курулмалар жайгашкан башка өндүрүш объекттери айылдык жанашаардык округдардын аймагында да, алардын сыртында да жайгаштырылышымүмкүн. Көрсөтүлгөн объекттерди айылдык жана шаардык калктуу пункттардыничинде жайгаштырууда коњшу корголуучу объекттерге өрттүн коркунучтууфакторлорунун мүмкүн болгон таасирлерин, жердин климаттык жана геогра-фиялык өзгөчөлүктөрүн, рельефин, дарыялардын агымынын багытын жана ша-малдын көбүрөөк соккон багытын эске алуу зарыл. Бул учурда өндүрүш объ-ектинин участкасынын чек арасынан "Ф1" - "Ф4" функциялык коркунуч клас-сындагы имараттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпыбилим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелери-нин участкаларына чейинки аралык 50 мден кем болбоого тийиш. Суюлтулган табигый газ комплекстери калктуу конуштардын шамал сок-погон ылымта жагында жайгашууга тийиш. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оњой жа-лындоочу суюктуктардын кампалары калктуу пункттардын турак жай зонасы-нан сыртта, шамалдын багытынан ыктоо, турак жай зонасын көздөй көп сок-погон тарабында жайгашууга тийиш. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оњой жа-лындоочу суюктуктардын кампаларын курулуу үчүн участкалар дарыя агымыбоюнча калктуу конуштардын, пристандардын, дарыя бекеттеринин, гидроэ-лектр станциялардын, кеме оњдоочу жана кеме куруучу уюмдардын, көпүрө-лөрдүн жана курулмалардын төмөн жагында, эгер көрсөтүлгөн объекттердинаралыгы атайын техникалык регламент менен андан алыс бекитилген болбо-со, 300 мден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш. Кампаларды дарыя агымыбоюнча жогоруда көрсөтүлгөн объекттердин жогорку жагында, кампалар ка-барлоо жана байланыш каражаттары, ошондой эле өрттү чектөө жана өчүрүүкаражаттары менен жабдылган шартта 3000 мден кем эмес аралыкта жайгаш-тырууга жол берилет. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оњой жа-лындоочу суюктуктардын кампаларынын курулмалары коњшу калктуу конуштар-дын, уюмдардын аймактарына, жалпы тармактагы темир жолдорго салыштырма-луу кыйла төмөн дењгээлде жайгашууга тийиш. Көрсөтүлгөн кампаларды коњшу калктуу конуштардын, уюмдардын аймак-тарына, жалпы тармактагы темир жолдорго салыштырмалуу кыйла жогоркудењгээлдеги аянтчаларда 300 мден ашык аралыкта жайгаштырууга жол бери-лет. 300 мден аз, бирок 100 мден жакын эмес аралыкта жайгашкан кампа-ларда суюктуктун калктуу конуштун, уюмдардын аймагына, жалпы тармактагытемир жолдорго агуусун алдын алуу чаралары (анын ичинде экинчи топуракжалдары, авариялык сыйымдуулуктар, буруп кетүүчү каналдар, траншеялар)көрүлүүгө тийиш. Өндүрүш объекттерин кооптуу өндүрүш объекттерине киргизүү тартибиКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 2. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарды аймактык зоналарга бө-лүштүрүүдө турак жай, коомдук-ишкердик, өндүрүштүк зоналардын, инженер-дик жана транспорттук инфраструктура зоналарынын, айыл чарбада пайдала-нылуучу зоналардын, рекреациялык арналыштагы зоналардын, өзгөчө кайта-руудагы зоналардын, атайы арналыштагы, аскердик объекттер жайгашкан зо-налардын жана аймактык зоналардын башка түрлөрүнүн ортосундагы жайгаш-тыруулар жана аралыктар боюнча өрт коопсуздугунун тийиштүү стандартта-рында каралган талаптары сакталууга тийиш. 3. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын турак жай, коомдук-иш-керлик, рекреациялык зоналардын чегинде аймагында "А", "Б" жана "В" ка-тегорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу бар имараттар жана ку-рулмалар жок өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жол берилет. Бул учурдаөндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан турак жайларга, мектепкечейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин,саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки ара-лык атайын техникалык регламент менен белгиленет. Адамдарга жана турак жай имараттарына турак жай курулуштарынын че-гинде жайгашкан жарылуу-өрт коркунучу бар объекттердеги өрттүн жана жа-рылуунун коркунучтуу факторлорунун таасирин четтетүү мүмкүн болбогонучурда кубаттуулукту азайтуу, ишканалардын же өзүнчө өндүрүштүн багытынөзгөртүү же аны турак жай курулуштарынын чегинен чыгарып кетүү керек. 54-берене. Имараттарга жана курулмаларга киши өтүүчү жолдор, машина өтүүчү жолдор жана подъезддер 1. Машина өтүүчү жолдорду долбоорлоодо өрт автомобилдеринин жакын келишин төмөнкүдөй камсыз кылуу зарыл: узата кеткен эки тарабынан - адамдардын туруктуу жашашына же убак-тылуу келип кетишине арналган, бийиктиги 28 мге чейин жеткен имараттар-га; бардык тарабынан - арналышына карабастан бийиктиги 28 мден ашканимараттарга жана окутуу жүргүзүлүүчү, мектепке чейинки балдар мекемеле-ринин имараттарына, стационары бар дарылоо мекемелеринин имараттарына,оюн-зоок жана маданий агартуу мекемелеринин, илимий жана долбоорлооуюмдарынын, башкаруу мекемелеринин имараттарына. Өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына бүткүл узун-дугу боюнча өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз кылынууга тийиш: бир тарабынан - имараттын же курулманын туурасынын кењдиги 18 мгечейин болгондо; эки тарабынан - туурасынын кењдиги 18 мге чейин болгондо, ошондойэле туюк жана жарым-жартылай туюк короолордун курулушунда. Имараттарга өрт автомобилдеринин бир гана тарабынан жакын келишитөмөнкү учурларда каралат: ушул берененин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөнгөкараганда имараттын кабаттары аз болгондо; квартиралары же жай эки тараптуу жайгашса; бири бири менен байланышкан кабаттардын лоджиялары менен балкондо-рун өз ара байланыштырган тышкы тепкичтер курулган болсо же коридорлуупландалган имаратта 3-типтеги тепкичтер бар болсо. Курулуш аянты 10 га же туурасынын кењдиги 100 мден көп болгон има-раттарга өрт автомобилдеринин бардык тарабынан жакын келиши камсыз бо-лууга тийиш. Имараттар менен курулмаларга өрт техникасы бурула алгыдай аянтча-луу туюк жолдор салынган жана ошол аянтчага өрт гидранттары курулганшартта автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен өндүрүш има-раттары менен курулмаларынын четки дубалына чейинки аралыкты 60 мге че-йин узартууга жол берилет. Бул учурда имараттардан жана курулмаларданөрт техникасы бурулуучу аянтчаларга чейинки аралык 5 мден кем эмес жана15 мден ашык эмес, ал эми туюк жолдордун аралыктары 100 мден ашпооготийиш. Өрт техникасы үчүн жолдордун кењдиги 6 мден кем болбоого тийиш. Имараттын негизги подъездине баруучу өрткө каршы машина өтүүчүжолдун жалпы кењдигине подъездге кирүүчү жанжолду (тротуарды) кошуугажол берилет. Подъезддин ички четинен имараттын дубалына чейинки аралык төмөнкү-дөй болууга тийиш: 5-8 м - бийиктиги 28 мге чейинки имараттар үчүн; 8-16 м - бийиктиги 28 мден ашкан имараттар үчүн. Бул зонада тосмолорду жайгаштырууга, электр берүүнүн абадагы лини-яларынын болушуна жана бак-дарактарды отургузууга жол берилбейт. Өрт техникасы үчүн жолдун үстүнө төшөлүүчү катмардын конструкциясыогуна өрт машинасынан 10 тоннадан кем эмес эсептик салмакка ылайык дол-боорлонууга тийиш. 2. Туюк жана жарым-жартылай туюк короолордо өрт автомобилдери үчүнтөмөнкүдөй жолдор каралууга тийиш. Имараттардагы өтмө жаа өткөөлдөрү (аркалар) жазылыгы 3,5 мден кемэмес, бийиктиги 4,5 мден кем эмес болуп, ар бир 300 мден ашпаган ара-лыкта, ал эми реконструкцияланып жаткан райондордо периметри боюнча ку-рууда ар бир 180 мден ашпаган аралык жайгашканда кабыл алынат. Калктуу пункттардын тарыхый курулуштарында өтмө жаа өткөөлдөрүнүн(аркалардын) мурдагы өлчөмдөрүн сактоого жол берилет. 3. Машина кирүүчү туюк жолдор өрт техникасы үчүн өлчөмү 15 x 15 мболгон бурулуу аянтчалары менен аяктоого тийиш. Туюк машина жолдордунэњ узуну 150 мден ашпоого тийиш. 4. Имараттардагы тепкич аянтчалары аркылуу өтүүчү өтмө өткөөлдөрдүбири биринен 100 мден ашпаган аралыкта жайгаштыруу зарыл. Имараттар би-ри бирине бурчтары менен жакындашкан болсо, бет мањдайларынын периметрибоюнча өрт гидранттары бар сырткы суу түтүгү орун алган тарабындагыаралык эсепке алынат. 5. Подъезддин стилобатынын жабуусун өрт техникасы өтүш үчүн колдо-нууда стилобаттын конструкциясы огуна 16 тоннадан кем эмес салмаккаэсептелүүгө тийиш. 6. Дарыяларга жана көлмөлөргө өрт техникасы суу алуу үчүн баратурган жолдор каралууга тийиш. 7. Аз кабаттуу турак жай курулуштарынын (бийиктиги 3 кабатка чейинболгон имараттар да кирет) пландык чечилиши өрт техникасынын имараттарменен курулмаларга 50 мден көп эмес аралыкка өтүшүн камсыз кылууга тий-иш. 8. Багбанчылык (дача) бирикмелеринин аймактарынын пландык чечилишиөрт техникасынын топторго бириккен бардык бак участкаларына жана жалпыпайдалануу объекттерине өтүшүн камсыз кылууга тийиш. Багбанчылык (дача) бирикмесинин аймагында көчөнүн машина жүрүүчүбөлүгүнүн кењдиги 7 мден кем эмес, машина кирүүчү жолдуку 3,5 мден кемболбогондо кабыл алынат. 55-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарды өрткө каршы суу менен жабдуу 1. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоо-до сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу булактары каралууга тийиш. Өрткө каршы суу менен жабдуунун сырткы булактарына төмөнкүлөр ки-рет: - өрт гидранттары бар сырткы суу түтүк тармактары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өрт өчүрүү максатындапайдаланылуучу башка суу объекттери. 2. Калктуу конуштар өрткө каршы суу түтүктөрү менен жабдылуугатийиш. Бул учурда өрткө каршы суу түтүгүн чарбалык-ичилүүчү же өндүрүш-түк суу түтүгү менен бириктирүүгө жол берилбейт. 3. Жашоочуларынын саны 5000ден ашык калктуу конуштар үчүн, өрткөкаршы айланма суу түтүгү жок калктуу конуштарда жайгашкан, көлөмү 1000куб.м ге чейинки өзүнчө турган коомдук имараттар, "В", "Г" жана "Д" ка-тегорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча өндүрүшү барсырткы өрт өчүрүүгө 10 л/с суу чыгымдай турган өндүрүш имараттары, кө-лөмү 1000 куб.м ге чейин болгон кесек тоют кампалары, көлөмү 5000 м гечейин болгон минералдык жер семирткич кампалары, радиотелекөрсөтүүлөрдүберүү станцияларынын имараттары, муздаткычтар менен жашылча-жемиштердисактоочу жайлардын имараттары үчүн өрткө каршы сырткы суу менен жабдууүчүн табигый же жасалма көлмөлөрдү кароого жол берилет. 4. Жашоочуларынын саны 50гө чейин, бийиктиги 2 кабатка чейинки ку-рулуш имараттары бар калктуу конуштар, ошондой эле калктуу конуштарданобочо жайгашкан, имаратынын көлөмү 1000 куб.мге чейинки коомдук тамак-тануу ишканалары жана аянты 150 кв.мге чейин болгон соода ишканалары,калктуу конуштарда жайгашкан отко туруктуулугу I, II, III жана IV дењ-гээлдеги, көлөмү 250 куб.мге чейинки коомдук имараттар, отко туруктуу-лугу I жана II дењгээлдеги, көлөмү 1000 куб.мге, чейинки (корголбогонметалл же көтөрүүчү жыгач конструкциялуу, ошондой эле полимер жылуула-гычтуу, көлөмү 250 куб.мге чейинки имараттарды кошпогондо) "Д" катего-риясындагы өрт жана жарылуу өрт коркунучу бар коомдук имараттар, имара-тынын көлөмү 1000 куб.мге чейинки мезгилдүү универсалдуу айыл чарбаазыктарын кабыл алуу-даярдоо пункттары, аянты 50 мге чейинки кампа има-раттары үчүн сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу каралбайт. 5. Калктуу пункттарда сырткы өрт өчүрүүгө суу түтүктөр тармагынансууну чыгымдоо ушул техникалык регламенттин тиркемесинин 7 жана 8-таб-лицаларына ылайык жүргүзүлөт. 6. Бийиктиги же көлөмү 8-таблицада көрсөтүлгөндөн жогору имарат-тарда, ошондой эле көлөмү 25000 куб.мден жогору жана адамдар массалыктүрдө келүүчү коомдук имараттарда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо25%дан кем эмес көбөйтүлүүгө тийиш. Күйүүчү же полимер жылуулагычтуу профилденген болот же асбест-це-мент тактасынан жасалган тосуучу конструкциялуу жана көтөргүч болотконструкциялуу, бийиктиги 18 мден ашпаган бир же эки кабат өндүрүш объ-екттеринде жана бир кабат кампа имараттарында сырткы өрт өчүрүүгө суунучыгымдоо ушул техникалык регламенттин тиркемесинин 9 жана 10-таблицала-рында көрсөтүлгөндөн 10 л/сга көп кабыл алынууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин өзүнчө турган көмөкчү имараттарында сырткыөрт өчүрүүгө сууну чыгымдоону 8-таблицага ылайык коомдук имараттар үчүнкабыл алынгандай, ал эми өндүрүш имараттарынын ичине курулгандар үчүнимараттын жалпы көлөмү боюнча 9-таблицага ылайык кабыл алуу зарыл. Сыйымдуулугу 10 мињ куб.мге чейинки токой материалдар кампаларындааларды "В" категориясындагы отко туруктуулугу V дењгээлдеги имараттаргакошуу менен, сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоону 9-таблицага ылайыккабыл алуу зарыл. Радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттарында имарат-тын көлөмүнө жана калктуу конушта жашаган калктын санына карабастан,эгер 9 жана 10-таблицаларга ылайык сууну көп чыгымдоо талап кылынбаса,сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо 15 л/сдан кем эмес кабыл алынат.Көрсөтүлгөн талаптар иштеп жаткан жана долбоорлонуудагы байланыш объек-ттерине орнотулган радиотелекөрсөтүү ретрансляторлоруна колдонулбайт. 9 жана 10-таблицаларда көрсөтүлгөндөн көп көлөмдөрдөгү имараттардасырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо өрт коопсуздугунун нормативдик доку-менттерине ылайык белгиленет. 7. Жогорку басымдагы суу түтүктөрүндө стационардык өрт насосторуөрт чыккандыгы тууралуу сигнал берилгенден 5 мүнөттөн кеч эмес убакыттанасостун иштей башташын камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш. Төмөнкү басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минималдууэркин басым (жер бетинин дењгээлинде) өрт өчүрүүдө 10 мден кем болбооготийиш. Жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минималдууэркин басым өрт өчүрүүгө сууну толук чыгымдаганда жана өрт түтүгү эњбийик имараттын эњ бийик чекитинде турганда суунун жыйнактуу агымынын20 мден кем эмес бийиктикке атылышын камсыз кылууга тийиш. 8. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото жолдун машина жү-рүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 мден ашык эмес аралыкта, бирок имараттардындубалдарына 5 мден жакын эмес аралыкта орнотуу каралат; гидранттардымашина жүрүүчү бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилет. Бул учурда гидрант-тарды суу түтүктөр тармагынан бутактануу кеткен жерге орнотууга жол бе-рилбейт. Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагына жайгаштыруу ошол тармакаркылуу тейленген ар кандай имаратта, курулмада же анын бөлүгүндө сырт-кы өрт өчүрүүгө 15 л/сдан (секундуна литр) кеп сууну чыгымдоодо 2 гид-ранттан жана 15 л/сден аз чыгымдоодо 1 гидранттан камсыз кылууга тийиш. 9. Багбанчылык (дача) бирикмесинин жалпы пайдалануу аймагында өртөчүрүүнү камсыз кылуу үчүн участкалар 300гө чейин болсо сыйымдуулугу 25куб.м ден кем эмес, 300дөн көп болсо сыйымдуулугу 60 куб.мден кем эмесөрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар (ар бири насос менен суу алуу жана2ден кем эмес өрт автомобилинин келүү мүмкүнчүлүгү бар, өрт техникасынорнотуу үчүн аянтчасы менен) каралат. 10. Сырткы өрткө каршы суу түтүктөргө талаптар, ошондой эле өртгидранттарынын зарыл саны жана жайгаштыруу орду атайын техникалык рег-ламент менен белгиленет. 16-бап Айылдык жана шаардык калктуу конуштарда өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун жалпы талаптары 56-берене. Өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүн айылдык жана шаардык калктуу конуштарда жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары 1. Өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүн айылдык жана шаардык калктууконуштардын аймагына жайгаштыруу биринчи бөлүкчөнүн чакыруу келген жер-ге жетүү мезгили шаардык калктуу конуштарда 8-10 мүнөттөн, ал эми айыл-дык калктуу конуштарда 20 мүнөттөн ашууга тийиш эмес деген шартка кара-та аныкталат. 2. Калктуу конуштардын өрткө каршы кызматынын бөлүкчөлөрү өрт де-полорунда жайгаштырылууга тийиш. 57-берене. Өрт деполоруна өрт коопсуздугунун талаптары 1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээжолдорго чыгуучу машина өтүүчү жолу бар жер участкаларында жайгаштыры-лууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жарашадолбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат. 2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же туракжай имараттарына чейинки аралык 15 мден кем болбоого, ал эми жалпы би-лим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участ-каларына чейинки аралык 30 мден кем болбоого тийиш. 3. Өрт деполору участкада кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чы-гуучу мањдай жагына чейин 15 мден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга ти-йиш, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн бул аралыкты 10 мге чейинкыскартууга жол берилет. 4. Өрт деполорунун аймагында жайгашуучу имараттар менен курумалар-дын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берил-ген техникалык тапшырма менен аныкталат. 5. Өрт депосунун аймагында машина кирүүчү (чыгуучу) эки жайы бо-лууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын кењдиги 4,5 мден кемболууга тийиш. 6. Өрт депосунун аймагындагы жолдор менен аянтчалардын бетине ка-туу жабуу төшөлүүгө тийиш. 7. Өрт депосунун машина чыгуучу аянтчасынын мањдайындагы көчөнүнмашина жүрүүчү бөлүгү жана тротуары айтай сигналы берилип, өрт автомо-билдери гараждан чыгып жаткан убакта транспорттун жана жөө адамдардынкыймылын токтотуп турууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) акусти-калык сигнал бергичи бар жарык көрсөткүчтөрү менен жабдылууга тийиш.Светофорду күйгүзүү жана өчүрүү Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдынбайланыш пунктунан аралыктан башкаруу менен жүргүзүлөрү каралат. III БӨЛҮМ ИМАРАТТАР МЕНЕН КУРУЛМАЛАРДЫ ДОЛБООРЛООДО ЖАНА КУРУУДА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ 17-бап Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо өрт коопсуздугунун жалпы талаптары 58-берене. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерине коюлуучу талаптар Имараттар менен курулмалардын, курулуш конструкцияларынын, инже-нердик жабдуулардын жана курулуш материалдарынын документтери ушул тех-никалык регламентте жана тийиштүү атайын техникалык регламенттерде ка-ралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш. Өрт коопсуздугунун нормативдик талаптары жок имараттар менен ку-рулмалар үчүн ушул техникалык регламенттин талаптарынын негизинде алар-дын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүгүн чагылдырган жана өрткоопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл инженердик-техникалык жана уюш-туруучулук иш-чаралар комплексин камтыган атайын техникалык шарттар иш-телип чыгуу тийиш. 59-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функциялык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландык жа-па инженердик-техникалык чечилиштери өрт болгон учурда төмөнкүлөрдүкамсыз кылууга тийиш: - өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсүнүн айынанадамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин алардыкоопсуз зоналарга эвакуация кылууну; - адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн; - имараттар менен курулмалардагы ар кандай жайларга коргоо бөлүк-чөлөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүүмүмкүнчүлүгүн; - от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүнчүлүгүн; - өрттүн коњшулаш имараттар менен курулмаларга таралбоосун; - өрттөн коргоонун заманбап сигналдар системасы бар учурда электржабдууларын, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу жана суу менен жы-лытуу тармактарынын ишин токтотуу жана авариялык жарыкты жандыруу (көпкабаттуу турак үйлөрдө - ар бир подъездде тепкич клеткаларында жанаквартиралардын кире беришинде) каралууга тийиш; - имараттар менен курулмалар ушул жана башка техникалык регламент-терде каралган имараттар менен курулмалардын коопсуздугунда колдонулуу-чу өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин жарылуу-өрт жанаөрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайлар бул объект-тер үчүн техникалык регламенттерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча до-кументтерде көрсөтүлгөн учурлардан башка убактардын барында сырткы ду-балдардын жанында, ал эми көп кабат үйлөрдө үстүнкү кабатында жайгашуу-га тийиш. IV БӨЛҮМ ӨНДҮРҮШ ОБЪЕКТТЕРИНЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЖАЛПЫ ТАЛАПТАРЫ 18-бап Өндүрүш объекттерине коюлуучу өрт коопсуздугунун жалпы талаптары 60-берене. Өндүрүш объекттеринин документтерине коюлуучу талаптар Өндүрүш объекттеринин, анын ичинде имараттардын, курулмалардын жа-на технологиялык процесстердин документтери ушул техникалык регламенттежана өрт коопсуздугу боюнча башка нормативдик актыларда каралганөрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасынынкурамы жана функциялык мүнөздөмөлөрү долбоордук документтерде өз алдын-ча бөлүм түрүндө таризделүүгө тийиш. 61-берене. Өндүрүш объекттеринин өрт коркунучтуулугун талдоо 1. Технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугун талдоо техно-логиялык процесске катышуучу заттар менен материалдардын өрт коркунуч-туулук көрсөткүчтөрүн технологиялык процесстин параметрлери менен са-лыштырууну карайт. Технологиялык процесске катышуучу заттар менен материалдардын өрткоркунучтуулук көрсөткүчтөрүнүн алардын агрегаттык абалдарына жарашатехнологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуулук мүнөздөмөсү үчүн зарыл жанажеткиликтүү болгон тизмеси ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги1-таблицада келтирилген. Өрт коркунучтуу технологиялык чөйрөнү тутанды-руучу потенциалдык булактардын тизмеси технологиялык процесстин жанабөлөк тутандыруу каражаттарынын параметрлери менен заттардын жана мате-риалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүн салыштыруу аркылуу аныкта-лат. 2. Өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалды аныктоо ар биртехнологиялык процесстин өрт коркунучтуулугун талдоонун негизинде жүзө-гө ашырылууга тийиш жана аларды ишке ашырууда өрттүн коркунучтуу фак-торлору таасирин эткен жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун экинчитаасиринин залдары бар зоналардагы адамдар үчүн коркунуч келип чыгуучукырдаалдарды тандоону карайт. Кырдаалдын натыйжасында адамдардын өмүрүжана ден соолугу үчүн коркунуч пайда болбогон кырдаалдар өрт коркунучубар кырдаалдарга кирбейт. Мындай кырдаалдар өрт коркунучун эсептөөдөэске алынбайт. Ар бир өрт коркунучу бар кырдаал үчүн өндүрүш объектинде өрт кор-кунучу бар кырдаалдын келип чыгуу жана күчөө себептерин, алардын чыгууорундарын жана ал жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна корку-нуч келтирүүчү факторлорду баяндоолордун тизмеси болууга тийиш. 3. Өрт коркунучу бар кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктооүчүн күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна жана тутандыруу булагынын келипчыгышына алын келиши мүмкүн болгон окуялар белгиленүүгө тийиш. 19-бап Имараттар менен курулмалардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө кошулуучу талаптар 62-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар 1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко турук-туулук дењгээли алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт коркунучтуулугу-на, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык про-цесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын,курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулукдењгээлдерине дал келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өртотсектеринин отко туруктуулук дењгээлдери менен аларда колдонулган ку-рулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин дал келүү дењгээлиушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 11-таблицада келтирилген. Өрткө каршы бөгөттөрдүн боштуктарын кошпогондо, ачыктыктардын(эшиктер, дарбазалар, терезелер жана люктар, ошондой эле фонарлар, аныничинде зениттик, жана башка жабуулардын төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунукучасткалары) толтурулушунун отко туруктуулук чектери нормага салынбайт. Түтөбөөчү "Н1" тибиндеги тепкич клеткасында "К0" өрт коркунучу "II15" классы чегиндеги отко туруктуу тепкич аянтчаларын жана марштарынкароого жол берилет. 2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкция-лык өрт коркунучу классы алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт корку-нучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган техноло-гиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучтуулук классы имараттардын,курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрткоркунучу классына дал келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жанаөрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучтуулук классы менен алардаколдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучуклассынын дал келүү дењгээли ушул техникалык регламенттин тиркемесинде-ги 12-таблицада келтирилген. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын кошпогондо, башка имараттар-дын тосуучу конструкцияларынын ачыктыктарынын (эшиктер, дарбазалар, те-резелер жана люктар) толтурулушунун өрт коркунучтуулугуу нормага салын-байт. "Ф 1.1" функциялык өрт коркунучтуулуктагы имарат үчүн "К0" клас-сындагы сырткы жылуулоо системаларын колдонгондо аларда күйбөөчү мате-риалдарды колдонуу зарыл. 3. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отко туруктуулук чекте-рин жана өрт коркунучтуулук класстарын аныктоо боюнча сыноо тийиштүүстандарттар менен белгиленген методикалар боюнча сыноо шарттарындажана/же тийиштүү стандарттар менен белгиленген эсептөө методу мененаныкталат. 63-берене. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө коюлуучу талаптар Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошон-дой эле ар кандай класстагы функциялык өрт коркунучтуулуктагы жайларнормага салынган отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркуну-чу бар тосуучу конструкциялар же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгөтийиш. Бөлүүчү мындай конструкцияларга жана өрткө каршы бөгөттөрдүнтиптерине коюлуучу талаптар жайлардын функциялык өрт коркунучтуулугун,өрттүн жүктөмүнүн чоњдугун, имараттардын, курулмалардын жана өрт отсек-теринин отко туруктуулук дењгээлдерин жана конструкциялык өрт коркунуч-туулук классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Жалпы техникалыкрегламенттин талаптарын шайкеш келүүгө тийиш. 1. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструк-цияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, ачыктыктарды аларгашайкеш келүүчү толтуруу типтери жана тамбур-шлюздар ушул Жалпы техника-лык регламенттин тиркемесиндеги 13-таблицада келтирилген. Өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөр "НГ" күйүү тобундагы материалданжасалууга тийиш. Өрткө каршы 2-4-типтеги бөгөттөр күйүү тобу "Г1"дентөмөн болбогон материалдардан жасалууга тийиш. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын тийиштүү толтуруу типтериүчүн отко туруктуулук чектери ушул техникалык регламенттин тиркемесин-деги 14-таблицада келтирилген. Тамбур-шлюздардын элементтеринин ар кандай типтерине коюлуучу та-лаптар ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 15-таблицада келти-рилген. 2. Өрткө каршы дубалдар имараттардын жана курулмалардын бүткүл би-йиктиги боюнча тургузулууга тийиш жана өрттүн чектеш жаткан өрт отсек-терине таралбоосун, анын ичинде имараттын конструкциясынын өрттүн очогужагындагы бир капталы урап калганда, камсыз кылууга тийиш. Өрткө каршы дубалдардын, калканчтардын жана тосмолордун имараттар-дын, курулмалардын жана өрт отсектеринин башка бөлүүчү конструкцияларыменен ашташкан жерлери алар менен ашташкан бөгөттөрдүн отко туруктуулукчегинен кем эмес отко туруктуулук чегине ээ болууга тийиш. Өрткө каршы дубалдардын имараттардын, курулмалардын башка дубалда-рынын ашташуучу жерлеринин конструкциялык аткарылышы өрттүн бул бөгөт-төрдү айланып өтүп таралуу мүмкүндүгүн жок кылууга тийиш. 3. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү терезелер ачылбай турган болууга тий-иш, ал эми өрткө каршы эшиктерде, дарбазаларда, люктарда жана клапан-дарда өзү жабылуу жана тыгыздалуу үчүн түзүлүштөр болууга тийиш. Ачыкабалда пайдаланылуучу өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана кла-пандар өрттө алардын автоматтык түрдө жабылышын камсыз кылуучу түзүлүш-төр менен жабдылууга тийиш. 4. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү ачыктыктардын жалпы аянты атайын тех-никалык регламенттерде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо алардын аянты-нын 25%ынан ашпоого тийиш. "А" жана "Б" категорияларындагы жайларын башка категориядагы жай-лардан, коридорлордон, тепкич клеткалары менен лифт аянтчаларынан бөлүптурган өрткө каршы бөгөттөрдө туруктуу атайын аба үйлөгүчү бар там-бур-шлюздар каралууга тийиш. "А" жана "Б" категорияларындагы эки же ан-дан көп жанаша жайгашкан жайлар үчүн жалпы тамбур-шлюздарды курууга жолберилбейт. "А" жана "Б" категорияларындагы жайларды башка категориядагы жай-лардан бөлүп туруучу өрткө каршы бөгөттөрдө тамбур-шлюздарды же "В" ка-тегориясындагы жайларын башка категориядагы жайлардан бөлүп турганөрткө каршы бөгөттөрдө өрткө каршы эшиктерди, дарбазаларды, люктардыжана клапандарды куруу мүмкүн болбогон учурда өрттүн жакынкы кабаттаргажана жайларга таралышынын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплекси кара-лууга тийиш. Өрткө каршы бөгөттөрдүн өрткө каршы эшиктер, дарбазалар менен жа-буу мүмкүн болбогон ачыктыктарында "В" же "Г" жана "Д" категорияларын-дагы чектеш жайларды байланыштыруучу өрттү автоматтык өчүрүүчү орнотмо-лор менен жабдылган ачык тамбурлардын куруу же өрткө каршы эшиктердин(дарбазалардын) ордуна өрткө каршы штора (экран) орнотуу каралууга ти-йиш. Бул тамбурлардын калкалоочу конструкциялары өрткө каршы болуугатийиш. 5. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын толтуруу, эгер ушул техни-калык регламентте башкалар каралбаган болсо, күйбөй турган материалдарменен аткарылууга тийиш. Өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар бул конст-рукциялардын отко туруктуулук чектеринин нормативдик маанилерин камсызкылуучу "НГ" күйүү тобундагы материалдарды же "Г1", "Г2" жана "Г3" күй-үү тобундагы материалдарды колдонуу менен аткарылууга тийиш. Өрткө кар-шы шторалар жана экрандар "НГ" күйүү тобундагы материалдардан жасалуугатийиш. 6. Өрткө каршы 1-типтеги дубалдар менен калканчтарды күйүүчү газ-дарды, чањ-аба аралашмаларын, суюктуктарды, заттар менен материалдардыташуу үчүн каналдардын, шахталардын жана өткөрмө түтүктөрдүн кесип өтү-шүнө жол берилбейт. Мындай өрткө каршы бөгөттөрдүн жогорудакөрсөтүлгөндөн айырмаланган чөйрөлөрдү ташуу үчүн каналдар, шахталаржана өткөрмө түтүктөр менен кесилишкен жерлеринде түтүндөн коргоо сис-темаларынын каналдарын кошпогондо, күйүү продукттарынын каналдар, шах-талар жана өткөрмө түтүктөр боюнча таралышынын алдын алуучу автоматтыктүзүлүш каралуусу керек. 7. Лифт шахталарынын жана лифттердин (чатырда жайгашкандарын кош-погондо) машина бөлүмдөрүнүн жайларын, ошондой эле коммуникация жүргү-зүү үчүн каналдар менен шахталардын тоскуч конструкциялары өрткө каршы1-типтеги бөгөттөргө жана 3-типтеги калканчтарга коюулуучу талаптаргашайкеш келүүгө тийиш. Лифт шахталары менен лифттердин машина бөлүмдөрү-нүн ортосун тосуучу конструкциялардын отко туруктуулук чеги нормага са-лынбайт. Лифт шахталарынын тоскучтарындагы эшик оюктары отко туруктуулукчеги "EI 30"дан кем эмес болгон жана өрт учурунда лифт шахталарынынэшик оюктарын автоматтык жабуучу өрткө каршы эшиктер менен, же күйбөөчүматериалдардан жасалган отко туруктуулук чеги "EI 45"тен кем эмес эк-рандар менен корголууга тийиш же имараттар менен курулмалардагы лифтшахталары коридорлордон, тепкич клеткаларынан жана башка жайларданөрткө каршы 1-типтеги бөгөттөрү жана 3-типтеги калканчтары бар тамбур-лар же холлдор менен бөлүнүп турууга тийиш. Бийиктиги 28 м жана андан жогору имараттардагы чыга беришинде ата-йын аба үйлөткүчү бар тамбур-шлюздары жок лифт шахталары өрт учурундалифт шахтасына атайын аба үйлөткүч системасы менен жабдылууга тийиш. Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүргүч системалары мененжабдылган имараттарда лифттерде блокировка болууга тийиш жана өрт бол-гон учурда автоматтык түрдө 1-кабатка түшүүгө, эшиги ачылууга жана жа-былбаган бойдон калууга тийиш. 8. Тепкичтер менен тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландык чечилишижана конструкциялык аткарылышы өрт болгон учурда адамдарды имараттанкоопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүнтаралышына тоскоол болууга тийиш. 9. Имараттар менен курулмалардын жерпайындагы жана жер астындагыкабаттарында лифтке кирүү өрт учурунда атайын аба үйлөтүлүүчү 1-типтегитамбур-шлюздар аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. 64-берене. Эвакуация жолдоруна, эвакуациялык жана авариялык эшиктерге коюлуучу өрт коопсуздугунун талаптары 1. Имараттар менен курулмалардын эвакуация жолдору жана эшиктериадамдарды имараттан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга тийиш. Эвакуациялык жолдорду жана эшиктерди эсептөө аларда колдонулганөрт өчүрүү каражаттарын эсепке албастан эле жүргүзүлөт. 2. Адамдар, балдар жана калктын басып жүрүү мүмкүнчүлүгү чектелгентоптору массалык түрдө болуучу жайлардын жайгашуусу, эвакуация жолдору-нун конструкциялык элементтеринде өрт коркунучу бар курулуш материалда-рын колдонуу ушул Жалпы техникалык регламенттин талаптарына ылайыканыкталууга тийиш. 3. Имараттар менен курулмалардын төменкүдөй жактарга алып баруучуэшиктери эвакуация эшиктерине кирет: 1. биринчи кабаттагы жайлардан сыртка төмөнкүдөй чыгуучу: - түздөн-түз; - коридор аркылуу; - вестибюль (фойе) аркылуу; - тепкич клеткасы аркылуу; - коридор жана вестибюль (фойе) аркылуу; - коридор жана тепкич клеткасы аркылуу; 2. биринчи кабаттан башка ар кандай кабаттын жайларынан: - түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке; - түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу кори-дорго; - түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу эшигибар холлго (фойеге); - 3-типтеги тепкичке алып баруучу пайдалануудагы үй үстүнө же үйүстүнүн атайы жабдынган бөлүгүнө; 3. ошол эле кабаттагы ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пунктта-рында көрсөтүлгөн эшиктер менен камсыз болгон коњшу жайларга ("А", "Б"категорияларынын "Ф 5" классындагы жайларды кошпогондо) чыгуучу. Турук-туу жумушчу орду жок техникалык жайлардан "А" жана "Б" категорияларын-дагы жайларга чыгуу, эгер техникалык жайларда бул өрт коркунучу баржайларды тейлөө үчүн жабдуулар жайгашкан болсо, эвакуациялык деп ата-лат. Жер төлөдөгү жана жерпайдагы кабаттардын эвакуация эшиктери ушултехникалык регламент менен белгиленген учурларды кошпогондо, түздөн-түзсыртка алып баруучу жана башка имараттын, курулманын жалпы тепкич клет-каларынан обочолонгон болуп каралуусу керек. Ошондой эле төмөнкүлөр эвакуация эшиктери болуп саналат: - жертөлөдөн жалпы тепкич клеткалары аркылуу обочолонгон жана теп-кич клеткасынын башка бөлүктөрүнөн жертөлөнүн полунан биринчи, экинчикабаттардын тепкич марштарынын аралык аянтчасына чейин жайгашкан 1-тип-теги өрткө каршы туюк тоскуч менен бөлүнгөн тамбурга чыгуучу эшиктер; - "В4", "Г" жана "Д" категорияларындагы жайлары бар жертөлөдөгүжана жерпайындагы кабаттардан "В4", "Г", "Д" категорияларындагы жайлар-га жана "Ф 5" классындагы имараттардын биринчи кабатында жайгашкан вес-тибюлга чыгуучу эшиктер; - "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" класстарындагы имараттардын жертөлөдөгүжана жерпайындагы кабаттарында жайгашкан фойеден, кийим илүүчү жайдан,тамеки тартуу үчүн жана санитариялык түйүндөрдөн 2-типтеги өзүнчө теп-кичтер боюнча биринчи кабатка чыгуучу эшиктер; - өрт коопсуздугу боюнча нормативдик документтерде белгиленгенчектөөлөр аткарылган шарттарда жайлардан түздөн-түз 2-типтеги тепкичке,ушундай тепкичке алып баруучу коридорго, холлго (фойеге, вестибюлга)алып баруучу эшиктер; - темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн дарбазалардагы экитараптуу калиткалар. 4. Имараттар менен курулмалардагы төмөнкүдөй жактарга алып баруучуЭБШКтер авариялык эшиктерге кирет: - балкондун (лоджиянын) туура жак четинен айнектелген терезеге(айнектелген эшикке) чейин 1,2 мден кем эмес же балконго (лоджияга) чы-гуучу айнектелген терезенин ортосу 1,6 мден кем эмес туюк дубалчалуубалконго же лоджияга; - "Ф 1.3" классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өртотсегине алып баруучу туурасы 0,6 мден кем эмес өткөөлгө; - балкондорду же лоджияларды кабат боюнча байланыштыруучу, сырткытепкич менен жабдылган балконго же лоджияга; - полдон 4,5 мден кем эмес жана 5,0 мден ашык эмес бийиктен өлчөмү0,75 x 1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6 x 0,8 м люкаркылуу жайдан түздөн-түз сыртка. Бул учурда эшик чуњкурчага чыкса,чуњкурча тепкич менен, люк аркылуу чыкса жайдагы тепкич менен жабдылуу-га тийиш. Бул тепкичтердин жантаюусу нормага салынбайт; - өлчөмү 0,75 x 1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү0,6 x 0,8 м лкж аркылуу тик же жантайган тепкич менен "С0" жана "С1"класстарындагы отко туруктуулугу I, II жана III дењгээлдеги имараттар-дын чатырына. 5. Эвакуация эшиктеринин оюктарында жылдырылма, көтөрүп-түшүрмө,айланма эшиктерди жана турникеттерди орнотууга тыюу салынат. 6. Кабаттардагы жана имараттардагы жайлардан чыгуучу эвакуацияэшиктеринин саны жана кењдиги алар аркылуу эвакуациялануучу адамдардынмүмкүн болгон эњ көп санына жана адамдардын болушу мүмкүн болгон эњчеттеги жерден (жумуш ордунан) жакынкы эвакуациялык эшикке чейинки жолберилген чектик аралыкка жараша аныкталат. Имараттын өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнгөн ар кандай функциялыкөрт коркунучу бар бөлүктөрү өз алдынча эвакуация эшиктери менен камсызболууга тийиш. 7. Кабаттан чыгуучу эвакуация эшиктери функциялык өрт коркунучубар төмөнкүдөй класстардагы имараттарда экиден кем эмес болууга тийиш: 1) "Ф 1.1"; "Ф 1.2"; "Ф 2.1"; "Ф 2.2"; "Ф 3"; "Ф 4"; 2) "Ф 1.3" - имараттын кабатындагы квартиралардын (секциялык тип-теги имарат үчүн секциялар) жалпы аянты 500 кв.мден көп болгондо; 3) "А" жана "Б" категорияларындагы "Ф 5" классы - иштегендердинсаны эњ көп сменада 5 кишиден кеп, "В" категориясында - 25 киши; 4) эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуация эшиги болууга тийишжайлар бар болсо, ар кандай класстардагы функциялык өрт коркунучу баримараттарда; 5) жертөлөдөгү төмөнкү жана жерпайындагы кабаттардан турган, ка-баттын жалпы аянты 300 кв.мден көп, ошондой эле эгерде аларда бир мез-гилде 15тен көп адамдын болушу каралган болсо, ар кандай функциялык өрткоркунучу бар имараттарда. 15 мден бийик эмес, "Ф 1.2"; "Ф3" жана "Ф 4.3" класстарындагыфункциялык өрт коркунучу бар имараттарда төмөндөгү шарттар бир мезгилдеаткарылганда кабатта (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн өрткө каршыбөгөттөр менен тосулган бөлүгүндө) бир эвакуация эшигинин болушуна жолберилет: - кабаттын аянты 300 кв.мден ашпаганда; - кабатта бир мезгилде болуучу адамдардын саны 20 кишиден ашпаган-да; - тепкич клеткасына чыгуучу эшиктер өрткө каршы 2-типтеги эшиктерменен жабдылганда. "Ф 1.3" классындагы функциялык өрт коркунучу бар имараттардын ка-батындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциянын)жалпы аянты 500 кв.мден кем эмес болсо жана бийиктиги 15 мден жогоружайгашкан кабаттагы ар бир квартира үчүн бир эвакуация эшиги бар болсо,андан тышкары дагы авариялык эшик каралууга тийиш. Имараттан чыгуучу эвакуация эшиктеринин саны имараттын ар кандайкабатынан чыгуучу эвакуация эшиктеринин санынан кем болбоого тийиш. 8. Жайдын эњ четинен ("Ф5" классындагы имараттар үчүн - эњ четкижумуш ордунан) эвакуация жолунун огу менен ченелүүчү эњ жакынкы эвакуа-ция эшигине чейинки жол берилген аралыктагы чеги жайдын жана имараттынфункциялык өрт коркунучуна жана өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнчакатегориясына, эвакуациялануучулардын санына, жайдын жана эвакуацияжолдорунун геометриялык параметрлерине, имараттын өрт коркунучтуулукжана отко туруктуулук классына жараша аныкталат. Жайдагы 2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугу анын үчэселенген бийиктигине барабар кабыл алынышы зарыл. 9. Эвакуация жолдору лифттерди, эскалаторлорду, ошондой эле төмөн-дө көрсөтүлгөн участкалар аркылуу өтпөөгө тийиш: - эгер лифт шахталарынын тосуучу конструкциялары, лифт шахталары-нын эшиктерин кошпогондо, өрткө каршы бөгөттөргө коюлуучу талаптаргажооп бербесе лифт шахталарынын эшиктери чыккан коридорлор аркылуу, лифтхоллдору жана лифттердин чыга беришиндеги тамбурлар аркылуу; - тепкич клеткасынын аянтчасы коридордун бөлүгү болуп саналса теп-кич клеткалары аркылуу, ошондой эле 2-типтеги эвакуациялык эмес тепкичжайгашкан жай аркылуу; - пайдаланылуучу чатырды же конструкция боюнча пайдалануудагы ча-тырга окшош чатырдын атайын жабдылган участкасын кошпогондо, имараттынчатыры боюнча; - экиден көп кабаттарды (ярустарды) байланыштыруучу, ошондой элежертөлөдөгү жана жерпайындагы кабаттардан чыгуучу 2-типтеги тепкичтербоюнча; - жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттарды байланыштыруучу теп-кичтер жана тепкич клеткалары боюнча. 65-берене. Өрт бөлүкчөлөрүнүн ишмердигин камсыз кылуу 1. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөрдү куруукаралууга тийиш: - имараттар менен курулмаларга атайын же функциялык машина жолдоржана жакын баруучу жолдор менен бириктирилген өрт техникасы өтүүчү жол-дор жана жанына баруучу жолдор; - сырткы өрт тепкичтери жана өрткө каршы кызматтын өрт бөлүкчөлө-рүнүн өздүк курамын жана өрт техникасын кабаттарга жана имарат үстүнөкөтөрүү үчүн каражаттар, анын ичинде "өрт бөлүкчөлөрүн ташуу үчүн" де-ген режимге ээ лифттер; - өрткө каршы суу түтүгүн, анын ичинде чарбалык менен бириктирил-ген же атайын, суусуз түтүктөрдү жана өрт идиштерин (резервуарларын),ал эми турак үйлөрдө квартира ичинде өрт өчүрүү үчүн - чарбалык-ичилүү-чү суу түтүк тармагы менен; - өрткө каршы кызматтын өрт бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамынын жүрүүчүжолдорун түтүндөн коргоо системасы; - адамдарды куткаруу үчүн жеке жана жамааттык каражаттар. 2. Бийиктиги 10 метрден жана андан ашык имараттарда өрт машиналарыжүрүүчү жолдун бетинен чатырдын кырына же сырткы дубалдын үстүнө (пара-петке) түздөн-түз тепкич клеткасынан же чатыр аркылуу, болбосо 3-типте-ги тепкичтер же сырткы өрт тепкичтери аркылуу чыгуу каралууга тийиш. Имараттын чатырына чыгуучу жолдордун саны (бирден кем эмес) жанаалардын жайгашуусу имараттын функциялык өрт коркунучтуулугуна жанаөлчөмүнө жараша каралууга тийиш: - "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" класстарындагы имараттын чатыры-нын ар бир толук жана толук эмес 100 м узундугуна жана чердагы жок жа-былган ар бир толук жана толук эмес 1000 кв.м аянтына бирден кем эмесчыгуу; - "Ф 5" классындагы имараттын периметри боюнча ар бир 200 мде өрттепкичтери боюнча. Төмөнкүлөрдү болбошуна жол берилет: - эгер имараттын туурасы 150 мден ашпаса жана башкы фасадынын ту-шунда өрткө каршы суу түтүгү бар болсо, имараттын башкы фасадынын ту-шунда өрт тепкичинин болбошуна; - имараттын чатырынын аянты 100 мден ашпаса, үстүнө чыгуучу жолдунболбошуна. 3. "Ф 1.4" классындагы имараттарды кошпогондо башка имараттар ме-нен курулмалардын чатырларында өлчөмү 0,6 x 0,8 мден кем эмес эшиктер,люктар же терезе аркылуу чатырга чыгуучу туруктуу тепкич менен жабдыл-ган жолдун болушу каралууга тийиш. Тепкич клеткаларынан чатырга же чердакка чыга турган жолдор чыгабериштеги аянтчалуу тепкич марштары боюнча өлчөмү 0,75 x 1,5 мден кемболбогон өрткө каршы 2-типтеги эшик аркылуу өтүшү каралууга тийиш.Аталган марштар менен аянтчалар күйбөөчү материалдардан жасалууга жанажантаюусу 2:1ден ашпоого жана кенендиги 0,9 мден кем болбоого тийиш. Бийиктиги 15 мге чейинки "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" классында-гы имараттарда чатырга чыга турган жолдорду тепкич клеткаларынан беки-тилген болот шатыча боюнча өлчөмү 0,6 x 0,8 мден кем эмес өрткө каршылюктар аркылуу курууга жол берилет. 4. Техникалык кабаттарда, алын ичинде техникалык жертөлөлөрдө жанатехникалык чатырларда жарыкка чыгуучу өткөөлдөрдүн бийиктиги 1,8 мден,бүт имараттын узундугу боюнча чатырда 1,6 мден кем болбоого тийиш. Булөткөөлдөрдүн жазылыгы 1,2 мден кем болбоого тийиш. Узундугу 2 мден аш-паган айрым участкаларында өткөөлдүн бийиктигин 1,2 мге, кењдигин 0,9мге чейин азайтууга жол берилет. 5. Мансардасы бар имараттарда чатырлардын ичиндеги тосуучу конст-рукцияларда люктардын болушу каралууга тийиш. 6. Чатырдын бийиктигинин 1 мден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде(анын ичинде имарат үстүнө аэроциялык жарык фонарларын чыгаруу үчүн)өрт тепкичтеринин болушу каралууга тийиш. Чатырдын бийиктигинин 10 мден көп өйдө-ылдый болгон жерлериндеэгер чатырдын аянты 100 кв.мден көп ар бир участкасында чатырга чыгуучужол бар болсо же чатырдын төмөнкү участкасынын бийиктиги 10 мден ашпасаөрт тепкичтеринин болушу каралбайт. 7. 10 мден 20 мге чейин чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктигинин 1леден 20 мге чейин өйдө-ылдый болгон жерлеринде "П1" тибиндеги өрт теп-кичтеринин болушу, ал эми 20 мден өйдө чыгуу үчүн жана чатырдын бийик-тиги 20 мден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде "П2" тибиндеги өрт теп-кичтеринин болушу зарыл. Өрт тепкичтери күйбөөчү материалдардан жасалууга, терезелерге 1мден жакын жайгашпоого жана өрттөн коргоо бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамы-нын аскер кийимчен жана жабдыктар менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кы-луучу конструкциялык аткарылышка ээ болууга тийиш. 8. Тепкич марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолору-нун кармоочторунун ортосундагы жазылыгы 75 мден кем эмес кобул болушукаралууга тийиш. 9. Бийиктиги 5 мден жогору "Ф 1.1" классындагы имараттар менен ку-рулмалардын, бийиктиги 28 мден жогору функциялык өрт коркунучтуулугунунбардык класстарындагы ("Ф 1.3" классындагы имараттарды кошпогондо) има-раттар менен курулмалардын ар бир өрт отсегинде өрт бөлүкчөлөрүн ташууүчүн лифттер каралууга тийиш. 10. Карнизге же сырткы дубалдын үстүнкү кырына (парапетке) чейинкибийиктиги 10 мден жогору, чатыры 12%га чейин жантайыњкы имараттардын,ошондой эле карнизге чейинки бийиктиги 7 мден жогору, чатыры 12%га чей-ин жантайыњкы имараттардын чатырында тийиштүү стандарттарга ылайык тос-молордун каралышы зарыл. Бул тосмолор имараттардын бийиктигине карабас-тан, имараттын колдонуудагы жалпак жабылган чатырларында, балкондорун-да, лоджияларында, сырткы галереяларында, сырткы ачык тепкичтерде, теп-кич марштары менен аянтчаларында каралууга тийиш. 11. Жогорку кабаттын полунун белгиси 75 мден көп болгон имараттар-дын жабуусунда өрт вертолетунун куткаруу-ташуу кабинасы үчүн өлчөмү 5 x5 м болгон аянтчалар каралууга тийиш. Бул көрсөтүлгөн аянтчалардынүстүнө антенналарды, электр өткөрүүчү зымдарды, кабелдерди жайгаштыруу-га тыюу салынат. 66-берене. Имараттардын, курулмалардын жаиа орнотмолордун ортосундагы өрткө каршы аралыктарга коюлуучу өрт коопсуздук талаптары Имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун ортосундагы өрткөкаршы аралыктар атайын техникалык регламент менен белгиленет. 20-бап Өрт деполорун жайгаштырууга, жолдорго, машина кирүүчү (чыгуучу) жолдорго жана өткөөлдөргө, өндүрүш объекттериндеги суу менен жабдуу булактарына коюлуучу талаптар 67-берене. Өндүрүш объекттеринин аймактарында өрт деполорун жайгаштыруу Өндүрүш объекттеринин аймагында өрт деполору жалпы колдонуудагыжолдорго жанаша жаткан жер участкаларында жайгашууга тийиш. Өрт деполорунан машина чыгуучу жолдор чакырыкка бараткан өрт авто-мобилдери негизги транспорт агымын кесип өтпөгөндөй жайгаштырылууга ти-йиш. Өрт деполорунун жайгашкан орундарына жана өрт деполорунун тейлөөрадиустарына коюлуучу талаптар ушул техникалык регламенттин 57-беренесименен белгиленген. 68-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагындагы жолдорго, машина кирүүчү (чыгуучу) жолдорго жана өткөөлдөргө коюлуучу талаптар Аянтынын өлчөмүнүн чоњ-кичинелигине карабастан, жалпы тармактагыавтомобиль жолуна чыга турган, же кампанын же ишкананын чоњ жолго чы-гуучу жолдоруна кошула турган экиден кем эмес машина жолу болууга тийишI жана II категориялардагы мунайзат жана мунайзат продуктулар кампала-рын кошпогондо, аянтынын өлчөмү 5 гадан чоњ болгон өндүрүш объекттери-нин экиден кем эмес машина жолу болууга тийиш. Өндүрүш объектинин аянтынын жактарынын өлчөмү 1000 мден көп бол-гондо жана ал көчөнү же автомобиль жолун бойлой жайгашкан болсо, ошолжагынан аянтка кирүүчү экиден кем эмес машина жол каралууга тийиш. Булжолдордун аралыгы 1500 метрден ашпоого тийиш. Аянты 5 гадан чоњ болгон өндүрүш объекттеринин аянтынын ичиндегитосулган участкалардын (ачык трансформатор станциялары, кампалар ж.б.)экиден кем эмес машина кирүүчү жолу болууга тийиш. Имараттар менен курулмаларга алардын бүт узундугу боюнча: имаратже курулманын туурасы 18 мге чейин болсо бир жагынан, имарат же курул-манын туурасы 18 мден чоњ болсо, ошондой эле туюк жана жарым туюк коро-олорду курууда эки жагынан өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз кы-лынууга тийиш. Курулуш аянты 10 гадан чоњ же туурасы 100 мден чоњ болгон имарат-тарга бардык тараптарынан өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз бо-лууга тийиш. Өндүрүш шарттары боюнча жол куруу талап кылынбаган учурларда авто-мобилдеринин жазылыгы 3,5 м келген, чополуу жана кумдак (чањдуу) кыртышар түрдүү жергиликтүү материалдар менен бекемделип, үстүнкү суулар агыпкетсин үчүн жантайыњкы кылып пландалган жер боюнча өрт автомобилдерининжакын келүүсүнө жол берилет. Өрт автомобилдеринин өтүшүн камсыз кылуучу машина жүрүүчү бөлүктүнже пландалган жердин четинен бийиктиги 12 мге чейинки имараттардын ду-балына чейинки аралык 25 мден, бийиктиги 12 мден 28 мге чейинки имарат-тарда 8 мден, ал эми бийиктиги 28 мден жогору имараттарда 10 мден аш-поого тийиш. Өрткө каршы суу менен жабдуу булагы болгон көлмөлөргө, ошондой элетуз алынуучу көлмөлөргө, чачыраткыч бассейндерге жана суусу өрт өчүрүү-гө пайдаланылышы мүмкүн болгон башка курулмаларга өрт автомобилдери бу-рула алгыдай, аларды токтотуу жана суу алуу үчүн өлчөмү 12 x 12 м бол-гон аянтчалуу жолдор алдын ала каралууга тийиш. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото, жолдун машина жүрүү-чү бөлүгүнүн четинен 2,5 мден ашпаган, ал эми имараттардын дубалына 5мден жакын эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Объекттердин ичиндеги темир жолду машина жана жөө адамдар өтүүчүжолдор кесип өткөн жерлер өрт автомобилдерин өткөрүү үчүн дайыма бошболууга жана рельстин башы менен тењ туташ төшөлмөсү болууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин аянтчасына кирүүчү машина жолдун дарбазасы-нын кењдиги негизги жана атайын өрт автомобилдеринин кедергисиз өтүшүнкамсыз кылууга тийиш. 69-берене. Өндүрүш объекттериндеги суу менен жабдуу булактарына коюлуучу талаптар Өндүрүш объекттери сырткы өрткө каршы суу менен камсыз кылуу мененжабдылууга (өрткө каршы суу түтүгү, табигый жана жасалма көлмөлөр ме-нен) тийиш. Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагында жайгаштыруу ошолтармак тейлеген ар андай имараттардагы, курулмалардагы, же алардын бө-лүгүндөгү өрттү өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Өрт өчүрүү максатындагы суунун запасы жасалма көлмөлөрдө сырткыөрт өчүрүүгө жана өрттү өчүрүүнүн узактыгына эсептелген сарпталуучу су-уга жараша ушул техникалык регламенттин тиркемесиндеги 9, 10-таблица-ларга ылайык аныкталууга тийиш. 70-берене. Өндүрүш объекттеринде өрттүн таралышын чектөөгө коюлуучу талаптар Имараттар менен курулмалардын, кампалардан имараттар менен курул-маларга чейинки, кампалардын, технологиялык ачык орнотмолордун, агре-гаттар менен жабдуулардын ортосундагы, ошондой эле алардан имараттарменен курулмаларга чейинки, күйүүчү газдар үчүн газгольдерлерден өндү-рүш объектинин аймагындагы имараттар менен курулмаларга чейинки аралык-тар имараттардын отко туруктуулук дењгээлине, жарылуу жана өрт корку-нучтуулук категориясына жана башка мүнөздөмөлөрүнө жараша өрттүн биримараттан же курулмадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш. Өндүрүш объекттеринин резервуар парктары же өзүнчө турган мунайпродукттар, суюлтулган газ, уулу заттар резервуарлары өндүрүш объектте-ринин имараттары менен курулмаларына караганда кыйла төмөн жайгаштыры-лууга жана күйбөөчү материалдардан салынган туташ дубал менен же топу-рак жал менен (жердин рельефи эске алынуу менен) тосулууга тийиш. Аталган курулмалар бийик жерлерде жайгашкан болсо, жер үстүндөгүрезервуарларда авария болгон учурда төгүлгөн күйүүчү суюктуктардын то-суучу курулмалардын чегинен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алуу үчүнкошумча чаралар каралууга тийиш. Күйүүчү суюктуктар менен газдардын сырткы тармактарын өндүрүш объ-екттеринин имараттары менен курулмаларынын алдында жайгаштырууга жолберилбейт. Идиштеги мунай продуктуларын сактоо үчүн өндүрүш объекттерининаянттарынын периметри боюнча жалданган туюк же күйбөөчү материалдардантосмо дубал салынат. Мындан сырткары туюк жал же күйбөөчү материалдардан салынган тосмодубал жер үстүндөгү резервуарлардын ар бир тобунун периметри боюнча ка-ралууга жана төгүлүүчү суюктуктун гидростатикалык басымына эсептелүүгөтийиш. Жер үстүндөгү резервуарлардын бир тобунун чегиндеги көлөмү 20000куб.м же андан көп болгон ар бир кийинки резервуар же көлөмдөрүнүн жал-пы суммасы 20000 куб.м болгон кичине резервуарлардын тобу туюк жал жекүйбөөчү материалдардан салынган тосмо дубал менен төмөнкүдөй бөлүнүүгөтийиш: - май жана мазут резервуары башка мунай продукттарынын резервуар-ларынан; - этил кошулган бензиндер сакталуучу резервуар топтун башка резер-вуарларынан. Жал менен тосулган аймактын жалдардын жантайыњкы капталдары жетосмо дубалдар пайда кылуучу курулуш жок бош жерлеринин көлөмүн топтогуэњ чоњ резервуардын же өзүнчө турган резервуардын номиналдык көлөмүнөбарабар төгүлүүчү суюктуктун эсептелген көлөмү боюнча аныктоо керек. Резервуарлардын ар бир тобу тосулуучу жалдардын жана тосмо дубал-дардын бийиктиги, резервуарлардын капталдарынан жалдардын ички жантай-ыњкы капталдарынын же тосмо дубалдардын түбүнө чейинки аралык өрт кооп-суздугу боюнча техникалык регламенттердин жана (же) нормативдик доку-менттердин талаптарына ылайык аныкталат. Жер алдындагы резервуарларды жал менен тосуу ал резервуарларда му-най жана мазут сакталган учурларда гана каралат. Жалдардын ички жантай-ыњкы капталдарынын ортосунда пайда болуучу боштуктун көлөмү топтогу эњчоњ резервуардагы суюктуктун көлөмүнүн 10%ына барабар сандагы төгүлүүчүсуюктукту кармап туруу шартына ылайык аныкталат. Күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүн-дөгү тармагын өндүрүш объектинин аймагында жайгаштыруу төмөнкүлөр үчүнтыюу салынат: - күйүүчү суюктуктар жана газдар бар транзиттик ички аянттык өт-көрмө түтүктөрдү - эстакадаларга, өзүнчө турган күйүүчү материалдарданкурулган колонналарга жана түркүктөргө, ошондой эле отко туруктуулугу Iжана II дењгээлдеги имараттарды кошпогондо имараттардын дубалдары мененчатырларына; - күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - галерея-ларда, эгер бул продукттардын аралашуусу жарылуу же өрт пайда кылышымүмкүн болсо; - күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - күйөтурган жабуулар менен дубалдар боюнча, "А" жана "Б" категорияларындагыжарылуу-өрт жана өрт коркунучтуу имараттардын жабуулары менен дубалдарыбоюнча; - күйүүчү газдардын газ түтүктөрүн - катуу жана суюк күйүүчү мате-риалдардын кампаларынын аймактары боюнча. Өзүнчө таянычтарга жана эстакадаларга орнотулуучу, күйүүчү суюк-туктар үчүн өткөрмө түтүктөрдүн тармагын оюктары бар дубалдардан 3 мденкем эмес, оюктары жок дубалдардан 0,5 мден кем эмес аралыкта жайгашты-руу зарыл. V БӨЛҮМ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ӨРТ ТЕХНИКАСЫНА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАРЫ 21-бап Жалпы талаптар 71-берене. Өрт техникасына коюлуучу талаптар 1. Өрт техникасы белгиленген талаптарга, пайдалануу мүнөздөмөлөрү-нө жана арналышына ылайык келүүгө тийиш. Өрт техникасынын конструкциялык аткарылышы жана колдонулган мате-риалдары өрт техникасын ташууда, сактоодо, иштетүүдө жана утилдештирүү-дө коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. 2. Өрт техникасын маркалоо аларды идентификация жүргүзүүгө мүмкүн-дүк берүүгө тийиш. 3. Өрт техникасынын техникалык документтери аны натыйжалуу колдо-нуу жана иштетүү эрежелерине персоналды үйрөтүү үчүн маалыматтарды кам-тууга тийиш. 4. Өрт техникасын сыноо тийиштүү техникалык регламент менен анык-талат. 72-берене. От өчүрүүчү заттарга коюлуучу талаптар 1. От өчүрүүчү заттар өрт өчүрүүнүн тактикасына ылайык берүү мү-нөздөмөлөрүнө жараша аларды көлөмдүк же үстүртөн жиберүү ыкмасы мененберүүдө өрттү өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш. 2. От өчүрүүчү заттар күйүүчү заттар менен материалдардын физика-лык-химиялык касиеттерине жараша колдонулууга тийиш. 3. От өчүрүүчү заттар ташуу жана сактоо мөөнөтүнүн убагында өртөчүрүү үчүн зарыл болгон касиеттерин сактоого тийиш. 4. От өчүрүүчү заттар адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгөкабыл алынган, жол берилген маанилеринен ашык зыяндуу таасир тийгизбөө-гө тийиш. 73-берене. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар 1. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражат-тары бири бири менен, ошондой эле алар менен бирдикте аракеттенүүчүбашка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештик-ти камсыз кылууга тийиш. 2. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражат-тарынын ортосундагы байланыш линиясы өрт болуп жатканда өрттү табуу,эвакуация жана эвакуациянын мезгилинде, ошондой эле башка техникалыккаражаттарды башкарууга зарыл убакыт жөнүндө сигнал берүүгө зарыл бол-гон мезгил ичинде алардын иштешин камсыз кылууга эсептелип аткарылуугатийиш. 3. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларынбашкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана белгилүү объект-тин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш. 4. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражат-тары алар өз функциясын аткарып жаткан мезгилде электр энергиясы мененүзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш. 5. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражат-тары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон жол берилген чектик дењ-гээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тий-иш, бул учурда алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объек-ттеги техникалык каражаттарга терс таасир тийгизбөөгө тийиш. 74-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар 1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин келипчыгышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында отөчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрттү өчүрүү-нү камсыз кылууга тийиш. 2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу объекттин (имарат-тар менен курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбоочу чөй-рөнү түзүүнү камсыз кылууга тийиш. 3. Үстүнө жиберүү жолу менен өрттү өчүрүү от өчүрүүчү заттардыкорголуучу аянтка жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кы-лууга тийиш. 4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар мененкурулмаларда жана ачык аянтчаларда өрттүн пайда болушуна жана (же) күй-үүчү материалдардын жарылуусуна алып келбөөгө тийиш. 5. Башка талаптар ушул продукцияга тиешелүү стандарттар мененаныкталат. 22-бап Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарына коюлуучу талаптар 75-берене. Өрт өчүргүчтөргө коюлуучу талаптар 1. Көтөрүп жүрмө жана жылдырма өрт өчүргүчтөр аларды жасап чыгар-ган ишкананын техникалык документтеринде көрсөтүлгөн аянттарда өрттүбир кишинин өчүрүүсүн камсыз кылууга тийиш. 2. Көтөрүп жүрмө жана жылдырма өрт өчүргүчтөрдөн чыккан от өчүрүү-чү заттардын агымынын узундугу өрт өчүрүүдө адамдын коопсуздугун камсызкылууга тийиш. 3. Көтөрүп жүрмө жана жылдырма өрт өчүргүчтөрдүн конструкциялыкэлементтеринин бышыктык мүнөздөмөлөрү аларды өрт өчүрүүдө колдонуунункоопсуздугун камсыз кылууга тийиш. 76-берене. Өрт крандарына коюлуучу талаптар 1. Өрт крандарынын конструкциясы бекиткич түзүлүштү бир кишининача алышын жана өрт өчүрүүнү камсыз кылуучу сууну беришин камсыздооготийиш. 2. Өрт крандарынын бириктиргич бөрктөрүнүн конструкциясы аларгамамлекеттик өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрү колдонуучу өрт өчүрүү тү-түктөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш. 23-бап Өрт өчүрүүнүн ыкчам каражаттарына коюлуучу талаптар 77-берене. Өрт автомобилдерине коюлуучу талаптар Негизги жана атайын өрт автомобилдери төмөнкү функциялардын атка-рылышын камсыз кылууга тийиш: - өрт өчүрүү кызматынын өздүк курамын, от өчүрүүчү заттарды, өртжабдууларын, жеке коргоо жана куткаруу каражаттарын, өрт шаймандарынөрт чыккан жерге жеткирүүнү; - авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү; - өрттүн очогуна от өчүрүүчү заттарды берүүнү; - өрттү өчүрүүгө байланышкан авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү-нү; - өрт өчүрүү кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун коопсузду-гун камсыз кылууга. 78-берене. Өрт поезддерине коюлуучу талаптар Поезддер өрттү өчүрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү жабдууменен жабдылууга тийиш. 79-берене. Өрт мотопомпаларына коюлуучу талаптар 1. Өрт мотопомпалары суу түтүктөр тармагынан, идиштерден жана (же)ачык суу булактарынан суу алууну жана өрттүн очогуна өрттү өчүрүүдөгүмилдеттерди аткарууну камсыз кылган чыгым жана күч менен сууну берүүнүкамсыздоого тийиш. 2. Көтөрүп жүрмө өрт мотопомпаларынын конструкциясы аны эки опера-тордун көтөрүп жүрө алышын жана топурак кыртышына орнотулушун камсызкылууга тийиш. 3. Чиркелгич өрт мотопомпалары автомобиль чиркегичтерине стацио-нардуу чиркелүүгө тийиш. Чиркегичтердин конструкциясы мотопомпаны өртчыккан жерге коопсуз жеткирүүнү жана сууну алууда жана берүүдө турук-туулугун камсыз кылууга тийиш. 24-бап Өрт учурунда өрт өчүрүүчүлөрдүн жана жарандардын жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар 80-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар 1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өрттөн коргоо бөлүк-чөлөрүнүн өздүк курамын өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирлеринен,климаттык шарттардын таасирлеринен жана өрт өчүрүүдө жана авария-лык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө жаракат алуудан коргоого тийиш. 2. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өз ара эргономикалыктүрдө шайкештикке жана көрүү начар болгон учурларда өрт өчүргүчтөрдүбайкап турууга жана издөөгө мүмкүндүк берүүчү жарык сигналынын элемент-терине ээ болууга тийиш. 81-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар 1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоокаражаттары дем алууга жарамсыз жана көздүн былжыр челин дүүлүктүрүүчүчөйрөдө иштегенде өрт өчүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууга тийиш. 2. Дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары механи-калык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, маанилериөрттө авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдарды куткаруу жана өртөчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу тактикасынаылайык аныкталуучу эргономикалык көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүгө тий-иш. 3. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттары бет кептин алдындагыбоштукта адамдын дем алуу процессинде ашыкча басымдын кармалып турушункамсыз кылууга тийиш. 4. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттарынын коргоо мезгили (өп-көдө абанын айлануусу 30 л/мүнөт болгондо) 1 сааттан, кычкылтектик-изо-ляциялоочу аппараттардыкы 4 сааттан кем болбоого тийиш. 5. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттары-нын конструкциялык аткарылышы дем алуучу аралашма бар баллонду жана ре-генерациялык патронду тез алмаштырууну (атайы аспаптарды колдонбостон)кароого тийиш. 6. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоокаражаттарын колдонуу, техникалык тейлөө жана оњдоо өрт өчүргүчтөрдүнэмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына ылайык жүзөгө ашырылат. 7. Дем алуу органдарынын чыпкалоочу аракеттеги жеке коргоо кара-жаттарын өрт өчүрүүчүлөрдү коргоо үчүн колдонууга тыюу салынат. 8. Кычкылтектик дем алуу аппараттарын жогорку жылуулуктун таасири-нен коргоочу атайын кийимдер жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдерменен бир комплектте колдонууга тыюу салынат. 82-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн коргоочу атайын кийимдерине коюлуучу талаптар 1. Коргоочу атайын кийимдер (жалпы арналыштагы, жылуулуктун тааси-ринен коргоочу жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер) өрт өчүрүү-чүлөрдү зыяндуу таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш. Бул учурдакоргоо дењгээли маанилери өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуздугункамсыз кылуу зарылдыгына ылайык белгиленүүчү көрсөткүчтөр менен мүнөз-дөлүүгө тийиш. 2. Коргоочу атайын кийимдерге колдонулган материалдар жана конст-рукциялык аткарылышы кийимдин ичине от өчүрүүчү заттардын киришине тос-коол болууга жана кийимди шашылыш чечүү мүмкүнчүлүгүн, дем алуу аппара-тынын баллонундагы басымды көзөмөлдөөнү, маалыматты (добуштук, көрүнүү-чү же атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен) кабыл алууну жана берүүнүкамсыз кылууга тийиш. 3. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдердин материалдарыжана конструкциялык аткарылышы изоляциялоочу типтеги коргоочу атайынкийимчен иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуздук шарттарынкамсыз кылуучу ашыкча аба басымын кийим ичинде кармап турууга тийиш. Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө колдонулуучуизоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим адамдын терисин жана ичкиоргандарын агрессиялуу жана (же) радиоактивдүү заттардан коргоону кам-сыз кылууга тийиш. Радиациялык-кооптуу объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө жана авария-лык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө колдонулуучу изоляциялоочу типтеги кор-гоочу атайын кийим мындан сырткары адамдын жашоосу үчүн маанилүү орган-дарын иондоштуруучу нурлануудан коргоону камсыз кылууга тийиш. Булучурда энергиясы 2 МэВ болгон бета нурлануу (нурлануу булагы Sr90) ме-нен сырткы нурлануунун азаюу коэффициенти 150 кэВден кем эмес, энергия-сы 122 кэВ болгон гамма-нурлануу (булагы Co57) менен сырткы нурлануунуназаюу коэффициенти 5,5 кэВден кем эмес болууга тийиш. 4. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдин массасы өрт өчү-рүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга тийиш. 83-берене. Колду, бутту жана башты коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар 1. Колду коргоо каражаттары өрттөрдү өчүрүүдө жана авариялык-кут-каруу иштерин аткарууда адамдын колунун манжаларын жылуулук, механика-лык жана химиялык таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш. 2. Башты (анын ичинде каскалар, шлемдер, шлем ичинен кийилүүчү беткеп) жана бутту коргоо каражаттары өрттөрдү өчүрүүдө жана авария-лык-куткаруу иштерин аткарууда адамды суудан, жылуулук, механикалык жа-на химиялык таасирлерден, ошондой эле климаттык жагымсыз таасирлерденкоргоону камсыз кылууга тийиш. 84-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттары (өрт арканы, өрт куружана өрт карабини) 10,0 кНдон кем эмес статикалык жүктү көтөрө алууга,өрт өчүргүчтөр бийиктикте иштеген учурда коопсуздукту жана өртөчүрүүчүлөрдүн бийиктиктен өз алдынча түшүп келүү мүмкүнчүлүгүн камсызкылууга тийиш. 85-берене. Жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттары эва-куациянын коопсуздугун жана адамдардын өзүн өзү сактап калышын камсызкылууга тийиш. Бул учурда ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуудењгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулугунун көрсөт-күчтөрү, өрт учурунда адамдарды түтүн болгон жайдан эвакуациялоодо жанаар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардан бийиктик дењгээлде-ринен куткарууда аларды күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоону камсызкылуучу эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт. Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарынконструкциясы боюнча колдонууда ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана аркандай адамдын аларды алдын ала даярдыксыз колдоно алуусуна мүмкүндүкберүүгө тийиш. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функциялык арналышы,техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары тийиштүү техникалыкрегламенттер менен аныкталат. 25-бап Өрт аспабына жана өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандарына коюлуучу талаптар 86-берене. Өрт аспабына коюлуучу талаптар 1. Өрт аспабы функциялык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылы-шын камсыз кылууга тийиш: - ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жанабекитүү боюнча жумуштарды; - тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жанаматериалдарын майдалоо боюнча жумуштарды; - ар кыл диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштерде-ги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды. 2. Механикалаштырылган кол аспабы кыймылдуу механизмдеринин адам-дын денесинин бөлүктөрүнө жана кийимине тийишинен сактоочу түзүлүштөрменен жабдылууга тийиш. Механикалаштырылган кол аспабын башкаруу органдары ага киргизилгенмаалыматтарды көп маанилүү түшүндүрүүнү четтетүүчү көрсөткүчтөр мененжабдылууга тийиш. 3. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт аспаптарынынконструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кам-сыз кылууга тийиш. 4. Өрт аспабынын ашташуучу түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтардыже слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ише-нимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш. 5. Өрт аспабынын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргү-зүүдө оператордун электрдик коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. 87-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандарына коюлуучу талаптар Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандары (анын ичинде өрт фонарлары,жылуулук көрсөткүчтөр, радио- жана добуш маяктары) арналышына жарашаөрт чыккан жерди жарык кылууну, күйүүнүн очокторун жана түтүн болгонатмосферада адамдарды издөөнү, өрт өчүргүчтөрдүн турган орундарын бел-гилөөнү жана өрт өчүрүүдөгү жумуштардын башка түрлөрүн аткарууну камсызкылууга тийиш. Бул учурда көрсөтүлгөн функциялардын аткарылышын камсызкылуу дењгээли өрт учурунда авариялык-куткаруу иштерин аткаруу үчүн за-рыл болгон көрсөткүчтөр менен мүнөздөлүүгө тийиш. 26-бап Өрт жабдууларына коюлуучу талаптар 88-берене. Өрт жабдууларына коюлуучу жалпы талаптар Өрт жабдуулары (өрт гидранттары, колонка гидранты, колонкалар, кы-суучу жана соруучу түтүктөр, пайлар, гидроэлеваторлор жана соруучу тор-лор, түтүктүн бутактануулары, бириктиргич бөрктөр, өрт кол шатылары)өрт өчүрүү жумуштарын жүргүзүү тактикасына ылайык өрттү өчүрүү үчүн за-рыл болгон от өчүрүүчү заттарды өрт болгон жерге талап кылынган чыгымдажана жумушчу басымда берүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле өздүк курамдынимараттар менен курулмалардын жайларына киришин камсыз кылууга тийиш. 89-берене. Өрт гидранттарына жана колонкаларына коюлуучу жалпы талаптар 1. Өрт гидранттары сырткы суу түтүк тармактарына орнотулууга жанаөрт өчүрүү максаты үчүн суу берүүнү камсыз кылууга тийиш. 2. Өрт колонкалары жер алдындагы гидранттардын ачылуу (жабылуу)мүмкүндүгүн жана суу түтүк тармактарынан суу алуу жана аны өрт өчүрүүбутасына берүү үчүн өрт түтүктөрүнүн бириктирилишин камсыз кылууга тий-иш. 3. Жумушчу басымда өрт колонкасынын жабуучу түзүлүштөрүн башкарууоргандарындагы механикалык күч келүү 150 Ндон ашпоого тийиш. 90-берене. Өрт түтүктөрүнө жана бириктиргич бөрктөргө коюлуучу талаптар 1. Өрт түтүктөрү (соруучу, кысуучу-соруучу жана кысуучу) от өчү-рүүчү заттарды өрт болгон жерге жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуугатийиш. 2. Бириктиргич бөрктөр өрт түтүктөрүн бири бири жана бөлөк өртжабдуулары менен ылдам, жылчыксыз жана бекем бириктирилишин камсыз кы-лууга тийиш. 3. Өрт түтүктөрүнүн жана бириктиргич бөрктөрдүн бышыктык жана экс-плуатациялык мүнөздөмөлөрү өрт бөлүкчөлөрү колдонгон гидравликалык жаб-дуунун техникалык параметрлерине шайкеш келүүгө тийиш. 91-берене. Өрт пайларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга коюлуучу талаптар 1. Өрт пайларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдүкамсыз кылууга тийиш: - чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бө-лүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ жана чачыраган агымын ка-лыптандырууну; - чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын те-гиз бөлүштүрүлүшүн; - агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрү-шүн; - от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги пайлар үчүн) берүүнүтоктотпой туруп, алардын чыгымынын өзгөрүшүн; - пайдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчубасым астында жылчыксыз болушун; - тик жалпак беттерде берилген бурчтар боюнча лафеттик пайлардынабалын бекемдөөнү; - тик жана туурасынан жалпак беттерде лафеттик иайлардын буруучумеханизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жанааралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгүн. 2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылуу-га тийиш: - орто жана жогорку бөлүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн үз-гүлтүксүз агымын калыптандырууну; - пайдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчубасым астында жылчыксыз болушун; 3. Көбүк аралаштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычыменен) аба-көбүк пайларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүн-гүчтүктөгү көбүк алуу үчүн көбүк пайда кылгычтын берилген концентрация-дагы суудагы эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш. 92-берене. Өрт түтүк суу жыйнагычтарына жана өрт бутактанууларына коюлуучу талаптар 1. Өрт түтүк суу жыйнагычтары суунун эки жана андан көп үзгүлтүк-сүз агымынын өрт насосунун соруучу түтүкчөсүнө кирерде бириктирүүнүкамсыз кылууга тийиш. Өрт түтүк суу жыйнагычтары ар бир бириктирилген соргучтар кер кла-пандар менен жабдылууга тийиш. 2. Өрт бутактануулары суунун же көбүк пайда кылгычтын эритмесининмагистралдык үзгүлтүксүз агымын жумушчу өрт түтүктөрүнүн линияларынабөлүштүрүүнү жана бул линияларда от өчүрүүчү заттардын чыгымын жөнгөсалууну камсыз кылууга тийиш. Жумушчу басымда өрт түтүк бутактанууларынын жабуучу түзүлүштөрүнбашкаруу органдарындагы механикалык күч келүү 150 Ндон ашпоого тийиш. 93-берене. Өрт гидроэлеваторлоруна жана соруучу торлорго коюлуучу талаптар 1. Өрт гидроэлеваторлору суунун бети менен өрт насосунун жайгашуудењгээлинин ортосундагы айырма насостун эњ жогорку суу соруу бийиктиги-нен ашык болгон ачык көлмөлөрдөн суу алууну камсыз кылууга, ошондой элежайдан өрт өчүрүүдө төгүлгөн сууну чыгарууну камсыз кылууга тийиш. 2. Соруучу өрт торлору ачык көлмөлөрдөн алынуучу сууну чыпкалоонужана насостун иштешинин бузулушуна алып келүүчү өлчөмдөгү катуу бөлүк-чөлөрдүн өтүп кетишин болтурбоону камсыз кылууга тийиш. Соруучу өрт торлору кер клапан менен жабдылууга тийиш. 94-берене. Өрт кол шатыларына коюлуучу талаптар Өрт кол шатылары өрткө каршы кызматтын өздүк курамына жайларга жа-на имараттар менен курулмалардын чатырына кирүүгө, көрсөтүлгөн жайларгаот өчүрүүчү каражаттар менен заттарды берүүгө, ошондой эле ушул жайлар-дан эвакуация жолдоруна кайрылбастан эле, адамдарды куткарууну камсызкылууга тийиш. 1. Өрт кол шатыларынын габариттик өлчөмдөрү жана конструкциясыаларды өрт автомобилдеринде ташууга мүмкүндүк берүүгө тийиш. 2. Өрт кол шатыларынын механикалык бышыктыгы, өлчөмдөрү жана эрго-номикалык мүнөздөмөсү бийиктик дењгээлдерден адамдарды куткаруу боюнчамилдеттердин аткаруу мүмкүндүгүн жана зарыл өрт-техникалык куралдардыжана жабдууларды өйдө чыгарууну камсыз кылууга тийиш. VI БӨЛҮМ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЖАЛПЫ АРНАЛЫШТАГЫ ПРОДУКЦИЯЛАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАРЫ 27-бап Өрт коопсуздугунун заттарга жана материалдарга коюлуучу талаптары 95-берене. Заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулугу тууралуу маалыматтарга коюлуучу талаптар Заттар менен материалдарга өндүрүүчү (жабдуучу) тарабынан ошолпродукциянын коопсуз колдонулушу жөнүндө маалыматты камтыган техникалыкдокументтер иштелип чыгууга тийиш. Заттар менен материалдардын техникалык документтери (анын ичиндепаспорттор, техникалык шарттар, технологиялык регламенттер) заттар ме-нен материалдардын жарылуу-өрт жана өрт коркунуч көрсөткүчтөрү жөнүндөмаалыматты камтууга тийиш. Техникалык документтерге киргизилүүчү милдеттүү түрдөгү көрсөткүч-төр төмөнкүлөр болуп саналат: 1) газдар үчүн: - күйгүчтүк тобу; - өзүнөн өзү жалындоо температурасы; - жалындын концентрациялык таралуу чектери; 2) суюктуктар үчүн: - күйгүчтүк тобу; - дүрт этип күйүү температурасы; - жалындоо температурасы; - өзүнөн өзү жалындоо температурасы; - жалындын температуралык таралуу чектери. 3) катуу заттар үчүн: - күйгүчтүк тобу; - жалындоо температурасы; - өзүнөн-өзү жалындоо температурасы; - түтүн пайда болуу коэффициенти; - күйүү продукттарынын уулуулугунун көрсөткүчү. 4) дисперстик катуу заттар үчүн: - күйгүчтүк тобу; - өзүнөн өзү жалындоо температурасы; - жалындын төмөнкү концентрациялык таралуу чектери; - жарылуунун эњ жогорку басымы; - жарылуу басымынын көбөйүү ылдамдыгы; - жарылуу коркунучунун индекси. Жарылуу-өрт жана өрт коркунуч көрсөткүчтөрү жөнүндө кошумча маалы-маттарды киргизүүнү продукцияны даярдоочу чечет. 96-берене. Өрт коопсуздугунун имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга коюлуучу талаптары 1. Курулуш материалдары имараттар менен курулмаларда алардын функ-циялык арналышына жана өрт коркунучтуулугуна жараша колдонулат. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонуу боюнчаөрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын ушул техникалык регла-менттин тиркемесиндеги 16-таблицада келтирилген өрт коркунучтуулугунункөрсөткүчтөрүнө жараша аныкталат. Курулуш материалдарынын техникалык документтери ушул техникалыкрегламенттин тиркемесиндеги 16-таблицада келтирилген материалдардын өрткоркунучтуулугунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле алар менен иштөөдөгү өрткоопсуздугунун чаралары жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш. 2. "А", "Б" жана "В1" категорияларынын "Ф 5" классындагы оњой жа-лындоочу суюктуктар чыгарылуучу, колдонулуучу же сакталуучу жайлардынполу күйбөөчү материалдардан же "Г1" күйгүчтүк тобундагы материалдардансалынышы керек. Жайлардагы же эвакуация жолдорундагы асма шыптардын каркастарыкүйбөөчү материалдардан гана жасалышы керек. Ар кандай функциялык арналыштагы, кабаттуулуктагы жана сыйымдуу-луктагы имараттарда жасалга-кооздоо, каптооч материалдарынын жана эва-куация жолдорунун полуна төшөгүчтөрдүн колдонуу жааты ушул техникалыкрегламенттин тиркемесиндеги 17, 18 жана 19-таблицаларда келтирилген. 3. Уктоо үчүн бөлмөлөрдө жана палаталарда, ошондой эле "Ф 1.1"классындагы балдар топторундагы имараттарда "КМ2" классынан жогорку өрткоркунучундагы жасалга-кооздоо, каптооч материалдарын жана полго төшө-гүчтөрдү колдонууга жол берилбейт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин музыкалык жана денетарбия залдарынын дубалдарынын жана шыптарынын жасалгасы "КМ0" классын-дагы материалдардан жасалууга тийиш. Физиотерапиялык дарылоо үчүн бөлмөлөрдө дубалдын, шыптын жасалгасыжана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт кор-кунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогоркуөрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Диагностика үчүн жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асмашыптардын толтуруулары үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагыматериалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт корку-нучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Операция жана реанимация үчүн жайларда дубалдын, шыптын жана асмашыптардын толтурууларынын жасалгасы үчүн "КМ3" классынан жогорку өрткоркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жо-горку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 1.1" классындагы киши жашоочу жайда дубалдын, шыптын жасалгасыжана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ4" классынан жогорку өрт кор-кунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ4" классынан жогоркуөрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 2.1" классындагы кийим чечүүчү жайларда дубалдын, шыптын жасал-гасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ1" классынан жогорку өрткоркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жо-горку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Окуу залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардынтолтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материал-дарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагыматериалдарды колдонууга жол берилбейт. Китеп сактоочу жайларда жана архивдерде, ошондой эле кызмат ката-логдорунун жана мүлк каттоо жайларында дубалдардын жана шыптардын жа-салгасы үчүн "КМ0" классындагы материалдар каралат. "Ф 2.2" классындагы имараттардын демонстрация залдарында дубалдын,шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынанжогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3"классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол бе-рилбейт. Бий залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын тол-туруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдардыжана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы мате-риалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.1" классындагы жайлардагы соода залдарында дубалдын, шыптынжасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогоркуөрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынанжогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.3" классындагы имараттардын күтүү залдарында дубалдын, шыптынжасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ0" классындагы мате-риалдар колдонулууга тийиш. "Ф 3.4" классындагы имараттардын диагностика жана процедура бөлмө-лөрүндө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтурууларыүчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана пол-го төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдардыколдонууга жол берилбейт. 97-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу талаптары жана алардын өрт коркунучтуулугу тууралуу маалыматтар 1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардынфункциялык арналышына жана өрт коркунучтуулугуна жараша же алардан жа-салуучу буюмдардын арналышына ылайык пайдаланылат. 2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт кооп-суздугунун талаптары бул материалдардын ушул Жалпы техникалык регламен-ттин тиркемесиндеги 19-таблицада келтирилген өрт коркунучтуулук көрсөт-күчтөрүнө ылайык белгиленет. 3. Коргоочу атайын кийимдердин материалдары төмөнкү учурларда жа-лындагычтыгы боюнча сыноодон өттү деп эсептелет, эгер: - үлгүнүн тешилгенче күйгөнү байкалбаса; - жалындын таралышы байкалбаса; - эритиндинин тамчыларынын тамганы байкалбаса; - калдыктуу күйүү убактысы 2 секундга барабар же андан аз болсо; - калдыктуу түтөө убактысы 2 секундга барабар же андан аз болсо. Коргоочу атайын кийимдердин материалдарынын жалындагычтыгынынклассификациялык белгилерин аныктоо методдору атайын техникалык регла-мент менен белгиленет. 4. Коргоочу атайын кийимдердин материалдары бул кийимдердин типте-рине жараша 5тен 40 кВт/м ге чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымытаасир эткенде үлгүнүн (материалдар пакетинин) аркы бетинде 50град.Цельсия температурага жетүү мезгили менен мүнөздөлүүчү жылуулуктанкоргоону камсыз кылууга тийиш. 5. Коргоочу атайын кийимдердин материалдарынын жылуулуктан коргоонатыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо методдору атайын тех-никалык регламенттер менен аныкталат. 6. Коргоочу атайын кийимдердин материалдары ачык жалындын таасири-не туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздыгы 80кВт/кв.м болгондой кылып газды берүү жана чыгымын жөндөө менен газ го-релкасынын жалынын таасир эткенде температуранын 240 град.Цельсияга же-түү мезгили менен мүнөздөлөт. 7. Бекитилүүчү параметрлеринин орточо мааниси боюнча үлгүлөр 5топко бөлүнөт: - В1 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 3-6 сек; - В2 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 7-12 сек; - В3 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 13-20 сек; - В4 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 21-30 сек; - В5 тобу: температуранын жогорулоо мезгили - 31 секунддан көп. 9. Коргоочу атайын кийимдердин материалдарынын ачык жалындын таа-сирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо методдоруатайын техникалык регламент менен белгиленет. 10. Текстиль жана булгаары материалдарынын коштомо документтериндеалардын өрт коркунучтуулугу жана имараттар менен курулмаларда же аркандай функциялык арналыштагы буюмдарда колдонулушу боюнча маалыматтыкөрсөтүү зарыл. 98-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу тууралуу маалыматтарына коюлуучу талаптар Оттон коргоо каражаттарынын техникалык документтери колдонуу жаа-тын, өрт коркунучтуулугун, үстүнкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактынтүрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуушарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералыктаасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабуулардын пайдалануушарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргү-зүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номен-клатурасын камтууга тийиш. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүнү жеанын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар(кошумча жабуу) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоонатыйжалуулугу тийиштүү атайын техникалык регламент менен аныкталуугатийиш. 28-бап Өрт коопсуздугунун имараттар менен курулмалардын курулуш конструкцияларына жана инженердик жабдууларына коюлуучу талаптары 99-берене. Өрт коопсуздугунун курулуш конструкцияларына корголуучу талаптары Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялыкаткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышынын себебиболууга тийиш эмес. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүнотко туруктуулук чектери жалгашуучу курулуш элементтеринин отко турук-туулук чектеринен кем болбоого тийиш. Имараттардын (курулмалардын) залдарда полду жантайтуучу конструк-циялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын аралыгын тоскучтарга(перекрытие) коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Курулуш конструкцияларын кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана бөлөктехнологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучуматериалдардын отко туруктуулук чектери ошол конструкциялар үчүн белги-ленген отко туруктуулук чектеринин маанилеринен кем болбоого тийиш. Тоскучтар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатууүчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко ту-руктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол тоскучтар менен жа-буулардын отко туруктуулук чектерине жана өрт коркунучтуулук классынакоюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы бөгөттөр алардын үстүндөгү бош-туктарды да бөлүүгө тийиш. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чањ-абааралашмаларын, суюк жана катуу материалдары ташуу үчүн каналдар мененөткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Жарылуу-өрт жана өрт коркунучтуулугу боюнча "А" жана "Б" категори-яларындагы жайларда асма шыптарды коюуга жол берилбейт. 100-берене. Өрт коопсуздугунун желдетүү, кондициялоо жана түтүндөн коргоо системаларынын конструкцияларына жана жабдууларына коюлуучу талаптары Ар кандай арналыштагы желдетүү системасынын каналдарынын (аныничинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары откотуруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгү боюнча талап кылынган тыгыздык-тагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү системала-рынын (илинүүчү) каналдарынын бекитүү түйүндөрү жана алардын тосуучукурулуш конструкциялары менен кесилишүү түйүндөрү бул каналдар үчүн та-лап кылынган отко туруктуулук чектеринен төмөн болбоого тийиш. Түтүнгөкаршы желдетүүнүн тартуучу каналдары тармактуу жылуулук кењейүүлөрүнүнконденсаторлору менен жабдылууга тийиш. Өрткө каршы нормалдуу ачык клапандар автоматтык жана аралыктанбашкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердинкурамында жылуулук сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана колдонуукаралышы керек. Өрткө каршы нормалдуу жабык жана түтүн клапандары үчүнжылуулук сезгич элементтерди колдонууга жол берилбейт. Ар кандай типте-ги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири биринекыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл бол-гон минималдык маанилерин камсыз кылууга тийиш, Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдетүүнүн түтүн люктарын ме-ханикалык күч келүүнү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жењүүчү тартуукүчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер(жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) менен колдонуу ке-рек. Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тар-туучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продукттарынынынорун которууларында адамдарды эвакуациялоого (эвакуация жолунда адам-дарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүүмезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөм-дүүлүгүн сактоого тийиш. Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири бир менен кыналуужерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтү-шүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минималдык маанисин камсыз кы-луучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш. Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жанааралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жаб-дылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда жайдапайда болуучу түтүн катмарынын калыњдыгынан кем болбогон күйбөй турганматериалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү, кондициялоо жана түтүндөн коргоо системаларынын анык ма-аниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнөкаршылык көрсөтүүсү) атайын техникалык регламент менен аныкталат. 101-берене. Өрт коопсуздугунун таштанды чыгаруу системаларынын конструкцияларына жана жабдууларына коюлуучу талаптары Таштанды чыгаруу системаларынын пайлары күйбөй турган материалдар-дан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдынөтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыга-руу системасынын пайларынын конструкцияларынын курамына жарылуу мененбузулууга жөндөмдүү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт. Таштанды чыгаруучу пайлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү матери-алдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарылболгон минималдык маанилерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруучу пайлардын таштанды жыйналуучу камераларга орно-тулуучу тосмолору өрт болгон учурда өзү жабылуучу иштеткич менен жабды-лууга тийиш. Мындай тосмолордун талап кылынган отко туруктуулук чектериташтанды чыгаруучу пайлар үчүн белгилегенден кем болбоого тийиш. 102-берене. Өрт коопсуздугунун лифттерге коюлуучу талаптары Автоматтык эшиктери бар жана кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана ан-дан көп болгон жүргүнчү лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигналдарсистемасынан келген сигнал боюнча өрт коркунучун билдирип, ишке кирүүчүжана кабинанын ичиндеги жүккө жана кыймылдын багытына карабастан, аныннегизги түшүү аянтчасына кайтып барып, кабинанын жана шахтанын эшикте-рин ачуучу жана ачык бойдон кармап турууну камсыз кылуучу иш режими бо-лууга тийиш. Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2-типтен төмөн бол-боого тийиш. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалда-рына, ошондой эле башкаруу, сигналдар, байланыш жана энергия менен жаб-дуу системаларына коюлуучу талаптар тийиштүү атайын техникалык регла-менттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш. 29-бап Өрт коопсуздугунун электрдик-техникалык продукцияга коюлуучу талаптары 103-берене. Электрдик-техникалык продукциянын өрт коркунучтуулугу тууралуу маалыматтарга коюлуучу талаптар Электрдик-техникалык продукцияны чыгаруучу ошол продукциянын кооп-суз колдонулушу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган пайдалануу документ-терин иштеп чыгууга милдеттүү. Электрдик-техникалык продукциянын эксплуатациялоо документтери(анын ичинде паспорттор жана пайдалануу боюнча колдонмо ж.б.) анын өрткоркунучтуулугу тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш. Электрдик-техникалык продукция корголуу дењгээлинин класстары бо-юнча колдонулуу чөйрөлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш. 104-берене. Өрт коопсуздугунун электрдик-техникалык продукцияга коюлуучу талаптары Электрдик-техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого жанакүйүүнүн чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш. Электрдик-техникалык продукция үчүн өрт коопсуздугунун талаптарыалардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына жарашатийиштүү атайын техникалык регламенттерде белгиленет. Электрдик-техникалык продукцияда колдонулган конструкциялык эле-менттер жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу би-риктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасиринетуруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук). Электрдик-техникалык продукция авариялык иштөө режиминде (чукултуташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бө-гөт коюууга тийиш. Электрдик-техникалык продукциянын кабыгынын күйүүнүн кабыктын че-гинен тышкары таралышынан корголуу дењгээли продукциянын колдонуу чөй-рөсү менен аныкталат. Коргоо аппараттары авариялык иштөө режими келип чыккан учурда күй-үү пайда болгонго чейин электр тизмегинин участкасын электр энергиясы-нын булагынан ажыратууга тийиш. Электрдик-техникалык продукциянын белгилүү түрлөрүнө өрт коопсуз-дугунун талаптары ошол продукция үчүн тийиштүү техникалык регламенттерменен белгиленет. 105-берене. Өрт коопсуздугунун электр жабдууларына коюлуучу талаптары Электр жабдуулары күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына туруктууболууга тийиш. Электр жабдууларында өрттүн келип чыгуу ыктымалдыгы 10^(-6)жыл^(-1)дан ашпоого тийиш. VII БӨЛҮМ КОРГОО ОБЪЕКТТЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН БААЛОО 30-бап Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоо 106-берене. Шайкештикти баалоонун формалары Продукциянын же башка коргоо объекттеринин долбоорлоо, өндүрүш,курулуш, монтаж, жөндөө, эксплуатация, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жа-на утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин өрт коопсуз-дугунун талаптарына шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгөашырылат: - мамлекеттик өрт көзөмөлү; - экспертизалар; - коргоо объекттерин жана өрт коопсуздук системаларын кабыл алуужана ишке киргизүү; - өндүрүштүк контролдоо; - шайкештигин ырастоо. 107-берене. Өрт коопсуздугунун сакталышына мамлекеттик көзөмөл Продукцияда (коргоо объекттеринде), анын ичинде имараттар мененкурулмаларда, өнөр жай объекттеринде, өрт-техникалык продукцияда жанаөрт коркунучу бар продукцияда өрт коопсуздугунун сакталышын мамлекеттиккөзөмөлдөөнү Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын атайын ыйгарым укуктууорганы ишке ашырат. Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - коргоо объектин долбоорлоо, куруу, профилин кайра түзүү, кайра-дан пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оњдоо, техникалык кайра жаб-дуу жана функциялык арналышын өзгөртүү стадияларында - долбоордун "Өрт-кө каршы иш-чаралар" бөлүмүн макулдашуу жана/же өрт коопсуздугунун та-лаптарына шайкештигин корутундулоо жолу менен; - пайдалануу (колдонуу), техникалык тейлөө стадияларында - мезгилмезгили менен өрткө каршы коргоо системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрткоопсуздук системасынын долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин,текшерүү жүргүзүү менен, ошондой эле өрт коопсуздугунун жана техникалыкрегламенттин талаптарына ылайык келгендиги тууралуу корутундуда көрсө-түлгөн чараларды аткаруу менен. Коргоо объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасы өрткоркунучун талдоонун жана өрт коркунучун баалоонун негизинде долбоор-лонгон учурда же техникалык регламенттин өрт коопсуздугунун талаптары-нан негизделген четтөөнү камтыса, төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш: - коргоо объектинин өрт коопсуздугуна шайкештиги; - долбоордук документтерде жана өрт коопсуздугуна шайкештиги туу-ралуу корутундуда каралган өрт коопсуздугун камсыз кылуу чараларынынаткарылышы; - өрт коопсуздук системасынын иштөө жөндөмдүүлүгү жана анын пара-метрлеринин долбоордук документтерге шайкештиги; - коргоо объекттин колдонууда өрт коопсуздугунун талаптарынын ат-карылышы. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары тарабынан көзөмөлдөө чарала-рын жүргүзүүнүн натыйжасында ушул Жалпы техникалык регламент менен бел-гилеген өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулгандыгынын, ошондой элетийиштүү өрттөн коргоо системасын долбоорлоого жана монтаждоого негизболуп алынган өрт коопсуздук системасынын параметрлеринин долбоордукдокументтерге шайкеш келбегендигинин табылуусу жана өрт коопсуздугунашайкештиги тууралуу корутундуда белгиленүүсү өрт коопсуздугунун милдет-түү талаптарын бузуу болуп саналат. Алар мамлекеттик өрт көзөмөлүнүнорганы тарабынын белгиленген тартипте жана мөөнөттө четтетилүүгө тийиш,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык же жеке жакка ка-рата администрациялык чара көрүүгө негиз болуп эсептелет. 108-берене. Экспертиза Коргоо объекттерин, өрткө каршы коргоо системаларын, өндүрүш, пай-далануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (пайдаланууданчыгаруу) процесстерин жана өрт техникасын, өрткө каршы жабдууларды жанаөрт-техникалык куралдарды өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигинбаалоо үчүн экспертизадан өткөрүү айылдык жана шаардык калктуу конуш-тарды пландоодо, имараттарды, курулмаларды, үйлөрдү жана башка коргоообъекттерин долбоорлоодо ушул техникалык регламенттин 63 и 64-беренеле-ринин талаптарына шайкеш келүүсүнө карата жүргүзүлөт. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсызкылуу системаларын, өндүрүш, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүүжана утилдештирүү (пайдалануудан чыгаруу) процесстерин ушул техникалыкрегламенттин талаптарына шайкештигин баалоо үчүн экспертизадан өткөрүү,текшерүү, изилдөө, сыноо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт: - мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары тарабынан; - аккредиттелген сыноочу лабораториялар тарабынан. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсызкылуу системаларын, өндүрүш, эксплуатация, сактоо, ташуу, сатып өткөрүүжана утилдештирүү процесстерин экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изил-дөө, сыноо Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында бел-гиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасы-нын Улуттук Гвардиясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыр-гыз Республикасынын Чек ара кызматына карган, Кыргыз Республикасынынаймагында жайгашкан эксаймактык объекттердин коргоо объекттерин, алар-дын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүш, пайдалануу,сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстерин экспертиза-дан өткөрүү, текшерүү, изилдөө, сыноо Кыргыз Республикасынын колдонуу-дагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 109-берене. Коргоо объекттерин жана алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуучу системаларды кабыл алуу жана ишке киргизүү Куруу, реконструкциялоо, капиталдык оњдоо, техникалык кайра жабдууаяктаган коргоо объекттерин ишке киргизүүдө жана кабыл алуу, ошондойэле алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуучу системаларды өрт коопсузду-гунун талаптарына шайкештигин мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо) атал-ган коргоо объекттерин жана (же) өрт коопсуздук системаларын ишке кир-гизүүгө кабыл алуу боюнча комиссия иштеп жаткан мезгилде Мамлекеттикөрт көзөмөлүнүн органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 1. Өрт көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспектор комиссиянын курамындаиштегенде төмөнкүлөрдү аткарат: - аткарылган өрткө каршы иш-чаралардын шаар куруу жана дол-боор-сметалык документтерге, техникалык регламенттердин талаптарына жа-на (же) өрт коопсуздугу боюнча нормативдик документтердин сунуштарынашайкештигин текшерет; - өрт коопсуздугун камсыз кылуучу жабдуулардын жана системалардынишке жөндөмдүүлүгүн контролдук сыноону жана текшерүүнү жүргүзүүгө каты-шат; - курулушта колдонулган, сертификаттарда, техникалык паспорттордожана башка документтерде көрсөтүлгөн материалдардын, конструкциялардынжана буюмдардын өрт коопсуздук көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтардыталдайт; - байкалбаган жумуштарды, өрт коопсуздугун камсыз кылуучу жабдуу-ларды жана системаларды сыноо жүргүзүлгөнүн күбөлөндүргөн актылардынбар экендигин текшерет. 2. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органы коргоо объекттерин кабылалуу жана ишке киргизүү боюнча комиссиянын ишине катышуу менен өз ком-петенциясынын алкагында чечүүчү добушка ээ болот. 3. Техникалык регламенттердин талаптары бузулган болсо, коргоообъекттерин жана өрттүн алдын алуу жана өрттөн коргоо системаларын ка-был алууга жана ишке киргизүүгө жол берилбейт. 4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Мамле-кеттик өрт көзөмөлүнүн органдары курулган, реконструкцияланган, оњдол-гон капиталдык курулуштун объекттеринин долбоордук документтеринин,техникалык регламенттердин талаптарына ылайык өрт коопсуздугунун талап-тарына шайкеш келүүсү тууралуу корутунду даярдайт. 5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республика-сынын Улуттук Гвардиясына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттуккоопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына, КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигине караштуу объекттерди, Кыргыз Рес-публикасынын аймагында жайгашкан эксаймактык объекттерди ишке киргизүүүчүн кабыл алуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында бел-гиленген тартипте жүргүзүлөт. 110-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролдоо 1. Продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү, жумушаткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстеринде техникалык регламенттердинталаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоо жеке ишкерлер жана уюм-дардагы жооптуу адамдар тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылууга тийиш. 2. Коргоо объекттеринде өндүрүштүк контролдоо төмөнкү максаттардажүзөгө ашырылууга тийиш: - өрт коопсуздугунун абалын баалоо; - өрттөн коргоо системаларынын, жабдууларынын жана инвентарларыныништешин аныктоо; - продукциянын, жумуш аткаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн, алардыөндүрүү процесстеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин кам-сыз кылуу; - өрт коопсуздугунун талаптарынын сактоо; - Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдарынын жазма буйруктарында ка-ралган иш-чаралардын аткарылышын контролдоо. 3. Өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдүн аткарылышы каралган прог-рамма боюнча жүргүзүлөт: - уюмдарда алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл техникалыкрегламенттердин расмий басып чыгарылган жана актуалдаштырылган версия-ларынын болушун; - зарыл сыноолорду (лабораториялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнү; - чийки заттардын, чала фабрикаттардын, даяр продукциянын, өндү-рүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин тех-нологиялык регламенттин жана (же) өрт коопсуздугунун талаптарына шайкешкелүүсүн; - шайкештигин баалоонун тийиштүү формаларынын (продукциянын кат-талгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн, сыноонун токтомдорунун, өрт коопсуз-дугуна шайкештик декларацияларынын, сертификаттарынын жана белгилүүпродукция үчүн аныкталган шайкештик тууралуу күбөлүктөрдүн) натыйжаларыбоюнча зарыл документтердин болушун контролдоо; - кызмат адамдарына жана жумушчуларга өрт коопсуздугунун чараларынүйрөтүүнү уюштуруу жана алардын белгиленген талаптарга жооп беришин ат-тестациялоо; - эвакуация боюнча окуу айгайларын, айрыкча мектепке чейинки жанамектеп мекемелеринде, ооруканаларда, администрациялык жана коомдук ириимараттарда жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык өрт7коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эсеп жүргүзүүнү жана отчеттуулук-ту. 4. Өндүрүштүк контролду жүргүзүүчү адамдар Кыргыз Республикасынынколдонуудагы мыйзамдарына ылайык анын өз убагында жүргүзүлүшү, толукту-гу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот. 111-берене. Шайкештигин ырастоо 1. Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо объекттеринин өрт кооп-суздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте ыктыярдуу же милдеттүү түрдө жүзөгөашырылат. 2. Өрт коркунучу бар продукция, коргоо объекттеринин өрт коопсуз-дугун камсыз кылуу системалары жана каражаттары, имараттар менен курул-малардын конструкциялык жана көлөмдүк-пландык чечилиштери, өрт техника-сы, жабдуулар жана өрт-техникалык куралдар өрт коопсуздугунун талапта-рына шайкештигине милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш, буларга коюлуучуталаптар ушул техникалык регламент жана башка атайын техникалык регла-менттер менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсө-түлбөгөн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкешти-гин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу түрдөжүзөгө ашырылат. 3. Шайкештикти ырастоо жүргүзүү эрежелери продукциянын конкреттүүтобу үчүн тийиштүү техникалык регламенттерге ылайык аныкталат. 8-БӨЛҮМ КОРУТУНДУ ЖАНА ӨТКӨӨЛ ЖОБОЛОР 112-берене. Бул техникалык регламенттин күчүнө кириши 1. Бул техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн 12 ай өткөн-дөн кийин күчүнө кирет. 2. Бул техникалык регламент күчүнө киргенге чейин белгиленген тар-типте сертификациялоо жүргүзүү органдарына жана аккредитацияланган сы-ноо жүргүзүү лабораторияларына (борборлоруна) берилген аккредитациятууралуу документтер, ошондой эле ушул Жалпы техникалык регламент күчү-нө киргенге чейин кабыл алынган продукциялардын өрт коопсуздугунун та-лаптарына шайкештигин ырастоочу документтер (шайкештик сертификаты,шайкештик тууралуу корутунду) аларда белгиленген мөөнөтү аяктагангачейин жарактуу деп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Президенти