Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 14-сентябры № 580 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлүболуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, N 8) төмөнкүдөй толуктоо-лор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Электр энергияны кепилдик берип жеткирүүчү (мындан ары - кепилдикберип жеткирүүчү) - энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынананыкталган жана белгиленген тартипте катталган, жөнгө салуучу тарифтержана шарттар боюнча керектөөчүлөр менен электр энергияны жеткирүү үчүнкелишимдерди түзүүгө милдеттүү юридикалык жак; атаандаш жеткирүүчү - өзүнүн тармактары же башка уюмдардын тармак-тары боюнча өндүрүлгөн же сатылып алынган электр энергияны башка жак-тарга жөнгө салынбаган баалар менен, анын ичинде түпкү керектөөчүлөргөсатууну жүргүзгөн коммерциялык уюмдар; операциялык суткалар - учурдагы сутка, анын өтүшүндө системалыкоператор электр энергиянын дүњ рыногунун субъекттери менен түзүлгөн ке-лишимдерин аткарып, борборлоштурулган оперативдик-диспетчердик башкару-унун операцияларын жүргүзөт; электр энергиянын дүњ рыногу - электр энергияны дүњ сатуу-сатыпалуу жана системалык кызмат көрсөтүү менен байланышкан, рыноктордунсубъекттеринин ортосундагы мамилелердин системасы, ал субъекттер орто-сундагы келишимдердин жана тиешелүү эрежелердин негизинде иштейт; электр энергияны жеткирүүчү - электр тармактары жок жана алардытейлебей турган, дүњ (же) чекене рыноктордун юридикалык же жеке жакта-ры, субъекттери, алар алынган электр энергияны дүњ жана (же) чекене ры-нокторуна жөнөтүүнү жүргүзүшөт; электр энергия рыногу (электр энергетикалык рынок) - электр энер-гияны (кубаттуулукту) сатуу-сатып алуу жана рыноктун субъекттери орто-сундагы кызмат көрсөтүү менен байланышкан экономикалык мамилелердинсистемасы; электр энергиянын чекене рыногу - дүњ рыногунан тышкары электрэнергияны жеткирүүчүнүн жана керектөөчүнүн ортосундагы келишимдердиннегизинде иштеген электр энергияны сатуу-сатып алуу мамилелеринин жанааны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн системасы; системалык оператор - жогорку чыњалуудагы электр тармагы боюнчаэлектр энергияны берүүнү, ошондой эле башка мамлекеттердин энергия сис-темалары менен параллель жумуштарды камсыздоону жүргүзгөн уюм; системалык кызмат көрсөтүү - системалык оператор тарабынан электрэнергиянын дүњ рыногунун субъекттерине борбордук оперативдик-диспетчер-дик башкаруу, техникалык жана коммерциялык диспетчерлөө, жыштыкты жанаактивдүү кубаттуулукту жөнгө салуу, генерациялоочу кубаттуулукту ре-зервдөө, чыњалуунун дењгээлин жөнгө салуу, электр энергияны өндүрүү-ке-ректөө тењдемин уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү; аймактык тармактар уюму - Улуттук электр тармактарына караштууэмес электр тармагы чарбасынын объекттерин колдонуу аркылуу электрэнергияны берүүгө жардам көрсөтүүчү юридикалык же жеке жактар; энергия сатуучу уюмдар - юридикалык же жеке жактар, башка жактаргасатып алынган же иштеп чыгарылган электр энергияны (кубаттуулукту) са-туу же сатып алуу алардын ишинин негизги түрү болуп эсептелет". 2. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын: "4-1-берене. Электр энергиянын рыногун уюштуруунун негизги принциптери 1. Электр энергиянын рыногунун белгиленген эрежелерин сактаган жа-на электр энергиянын рыногунун катышуучуларынын талаптарын канааттан-дырган электр энергияны бардык жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүнрынокко эркин кирүүсү. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Электр энергиянын рыно-гунун эрежелерине ылайык электр энергияны сатуу-сатып алуу боюнчаөнөктөштөрдү дүњ рыноктун субъекттеринин тандоо эркиндиги". 3. Төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-беренелер менен толукталсын: "5-1-берене. Электр энергиянын дүњ рыногу 1. Электр энергиянын дүњ рыногу Кыргыз Республикасынын Граждандыккодексине, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайыктүзүлгөн электр энергияны сатуу-сатып алуу келишимдердин негизинде иш-тейт. 2. Электр энергиянын дүњ рыногу төмөнкүлөрдөн турат: - электр энергияны жеткирип, сатуу-сатып алуу келишимдеринин неги-зинде иштөөчү электр энергия рыногунан; - системалык кызмат көрсөтүү рыногунан. 3. Электр энергиянын дүњ рыногу бирдиктүү рынок аймагы катарындаиштейт, анын технологиялык негизи болуп электр энергиянын дүњ рыногунункатышуучулары саналат. 4. Электр энергиянын дүњ рыногунун бардык субъекттери рынокто Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган алкактарда бирдей укуктар-га ээ. 5. Системалык оператор төмөнкүдөй функцияларды аткарууга мил-деттүү: - электр энергияны өндүрүүнү, берүүнү жана керектөөнү диспетчерлөөбоюнча кызмат көрсөтүүгө; - электр энергияны сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн келишимдердикоммерциялык жактан коштоо; - дүњ рыноктун субъекттерине системалык кызмат көрсөтүүгө. 6. Электр энергиянын дүњ рыногуна кирүү бир түрдүү иштерди аткар-ган субъекттер үчүн ар башка болушу мүмкүн эмес. Электр энергиянын дүњрыногуна киргизилген бардык субъекттердин реестри энергетика боюнча ый-гарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. 5-2-берене. Электр энергиянын чекене рыногу 1. Электр энергиянын чекене рыногу Кыргыз Республикасынын Граждан-дык кодексине, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик-укуктук актыларга ыла-йык түзүлгөн электр энергияны сатып сатуу-сатып алуу келишимдердин не-гизинде иштейт. 2. Чекене рыноктун субъекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - электр энергиянын дүњ рыногуна катышпаган электр энергияныөндүрүүчүлөр; - электр энергиянын дүњ рыногуна катышпаган электр энергияны ке-ректөөчүлөр. 3. Электр энергиянын чекене рыногунун иштөөсүнүн негизги жоболоручекене рыноктун субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн белгилейт. Алэлектр энергияны жеткирүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы кели-шимдерди түзүү жана аткаруу аркылуу жүргүзүлөт". 4. 9-берене төмөнкүдөй мазмунда берилсин: "9-берене. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу жањы өндүрүштүккубаттуулуктарды куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжүргүзүлөт". 5. Төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-берене менен толукталсын: "14-1-берене. Берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарга кирүүнүн тартиби 1. Электр энергетикалык рыногунун катышуучуларына берүүчү жанабөлүштүрүүчү тармактарга ачык жана басмырлоосуз кирүүсүнө мүмкүндүк бе-рилет. 2. Берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарга кирүү тартиби энергетикабоюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат". 6. Төмөнкүдөй мазмундагы 15-2-берене менен толукталсын: "15-2-берене. Чекене рыногунун атаандаштык шартында электр энергияны керектөөчүлөрдү камсыздоо кепилдиги 1. Чекене рыноктун атаандаштык шарттарында электр энергиянын ке-ректөөчүлөрүн камсыздоонун негизги системасы болуп чекене рыногунда ке-пилдик берип жеткирүүчү атайын уюмдардын бар болуусу эсептелет. 2. Кепилдик берип жеткирүүчү атаандаш жеткирүүчү менен келишимтүзбөгөн же келишими жокко чыгарылган кайсы болбосун керектөөчү мененэлектр энергияны сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттүү. 3. Электр энергияны керектөөчүлөргө электр энергияны жеткирүүнүкамсыздаган электр энергетиканын субъекттери, анын ичинде энергиянысаткан уюмдар, кепилдик берип жеткирүүчү жана аймактык тармактык уюмдар(өзүнүн жоопкерчилигинин чегинде) электр энергия менен ишенимдүү кам-сыздоо жана анын сапаты үчүн техникалык регламентке жана башка мил-деттүү талаптарга ылайык электр энергиянын керектөөчүлөрүнүн алдындажооп берет". 7. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-берене менен толукталсын: "18-1-берене. Электр энергияны сатуу-сатып алуу келишими жана жеткирүү келишими боюнча келишимдик мамилелердин өзгөчөлүктөрү 1. Керектөөчүгө атаандаштык чекене рыногунда электр энергияны ке-лишим боюнча жеткирүүнү камсыздаган контрагентти тандоого эркиндик бе-рилет. 2. Электр энергияны жеткирүүчүлөр (кепилдик берип жеткирүүчүлөрдүкошпогондо) жана керектөөчүлөр ар кандай келишимдердин (аралашкан кели-шимдер) элементтери бар келишимдерди түзүүгө укуктуу. 3. Берүү лицензиясынын ээси керектөөчүгө атаандаш жеткирүүчү тара-бынан жеткирилген электр энергияны берүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн баштарта албайт. 4. Берүүчү ишкана жогорку вольттуу электр тармагынын техникалыкмүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган та-рабынан бекитилген тарифтер боюнча төлөтүп, электр энергиясын берүү бо-юнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн келишимдерди түзүүгө милдеттүү. Техникалык чектөөлөр жок болгондо, электр энергиясын берүү боюнчакызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүүдөн баш тартууга жол берилбейт". 8. 19 жана 20-беренелер күчүн жоготту деп табылсын. 9. Мыйзамдын 22-беренесинде "жана шаардык" деген сөздөр алып са-лынсын, "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" де-ген сөздөр менен алмаштырылсын. 10. 30-берене "кырдаалдарда жана табигый кырсык учурунда," дегенсөздөрдөн кийин "электр энергиянын жана кубаттуулуктун жетишсиздик уба-гында," деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти