Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-февралындагы №136 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын негизги милдеттери
III. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын функциялары
IV. Мамлекеттик инспекциясынын уюштурулушу
V. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын инспекторлорунун укугу жана
милдеттери
VI. Мамлекеттик инспекциясын каржылоонун булактары
VII. Мамлекеттик эмгек инспекциясын кайра түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы (мындан ары - Мамлекеттик эмгек инспекциясы), Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды баардык мекемелердин, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан жана бул мыйзам тиешелүү болгон жеке жактардын сактоосуна мамлекеттик көзөмөл жана контролдук жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, эмгектик укук ченемдерин, эмгекти коргоону камтуучу башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигинин чечимдерин жана ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду өзү жана белгиленген тартипте түзүлгөн аймактык уюму аркалуу жүргүзөт.
4. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өзүнүн ишин аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик көзөмөлдөө-контролдоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, прокуратура, профсоюз бирикмеси, иш берүүчүлөр жана башка коомдук уюмдар менен байланышта жүргүзөт.
5. Мамлекеттик эмгек инспекциясы юридикалык жак болуп эсептелет, Мамлекеттик эмгек инспекциясынын мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсептелинет жана ага оперативдик башкаруу укугунда бекитилет.
6. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 99.
7. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын толук аталышы:
мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы";
расмий тилде - "Государственная инспекция труда при Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде - "Мамлекеттик эмгек инспекциясы";
расмий тилде - "Государственная инспекция труда".
8. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын эмгек укугун жана эмгекти коргоо талаптарын коргоону жана сактоону камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарды сактоосун камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдү жана кызматчыларды эмгек мыйзамдарынын жоболорун көбүрөөк натыйжалуу чара жана ыкмада сактоо маалыматтары менен камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөргө жана кызматчыларга Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды өздөштүрүп билүүсүнө көмөк кылуу.
9. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
- мыйзамга ылайык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу, эреже бузууларды четтетүү жөнүндө буйрутмаларды милдеттүү түрдө аткаруу үчүн берүү, текшерүү, изилдөө жүргүзүү аркылуу эмгек мыйзамын, эмгек укуктарынын ченемдерин камтыган эмгек мыйзамдарынын жана башка укук ченемдик актылардын уюмдарда бузулбай сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролду жүзөгө ашырат;
- табылган бузулуулардын жагдайын жана себебин анализдейт, аларды жоюу боюнча жана жарандардын эмгек укуктарынын калыбына келтирет;
- иш жүзүндө колдонууну жыйынтыктайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулуш себептерин анализдейт, аларды өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
- балдар эмгегин инспекциялоону жүргүзөт;
- өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүдө жана эсебин алууда белгиленген тартиптин сакталышына көзөмөлдүк кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык административдик укук бузуу иштерин карайт;
- курулуш тармагындагы техникалык регламент жана башка ченемдик документтердин долбоорлорунун мыйзамдардын жана эмгекти коргоо жөнүндө башка укук ченемдүү актылардын талабына туура келиши жөнүндө корутундуларды берет, тармактык жана тармак аралык нормалардын жана эмгекти коргоо эрежелеринин долбоорун карайт жана макулдашылат;
- мыйзамда аныкталган учурда, вахталык усул менен иштөөнүн узундугу макулдашылат;
- аймактык мамлекеттик эмгек инспекциясынын ишине көзөмөлдүк жана ишмердигине уюштуруучулук жана методикалык жетекчиликти, аларды ченемдик камсыздоо кылат;
- мамлекеттик эмгек инспекторлордун квалификациясын көтөрүү боюнча иш жүргүзөт;
- Эл аралык эмгек уюмуна (ЭЭУ) Мамлекеттик эмгек инспекциясынын эмгек жана эмгекти коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына жүргүзгөн коргоо жана көзөмөлдөө иши жөнүндө баяндамасын берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республикадагы эмгекти коргоо жана эмгек шартынын, өндүрүштүк, өрттүк жана жолдук коопсуздук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлиги аркылуу ар бир жылдык баяндамасын берет;
- өндүрүштүк мертинүүнүн жана кесиптик оорулардын абалы менен себептерин талдайт жана алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ишканаларда эмгек жөнүндө жана эмгекти коргоо жөнүндө укуктук актылардын бузулушу тууралу маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка маалымат берет;
- кызматкерлердин эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин эмгекти коргоо боюнча окуусуна көмөк берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акылуу кызматтарды жүргүзөт;
- граждандарды кабыл алууну жүргүзөт, эмгектик жана эмгекти коргоо укуктарынын бузулушу жөнүндөгү арыздарын, даттанууларын жана башка кайрылууларын караштырат жана түшүндүрүү берет жана табылган бузууларды четтетүү жана бузулган укуктардын калыбына келтирүү боюнча чара көрөт.
- Мамлекеттик эмгек инспекциясына мыйзам чегинде жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
10. Мамлекеттик эмгек инспекциясын Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка алган жана кызматтан бошотула турган Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору жетектейт.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы эмгек инспектору болуп эсептелет.
Мамлекеттик эмгек инспекторунун Директору:
- мамлекеттик эмгек инспекциясына жетекчиликти бир башчылыктын негизинде жүргүзөт жана жүктөлгөн милдеттерди өз убагында сапаттуу аткарылышы үчүн ага берилген укук жана жүктөлгөн милдеттердин тиешелүү түрдө ишке ашыруусуна, анын ичинде отчеттук маалыматтын аныктыгына, каржылоо-чарбачылык ченемдердин сакталышына жекече жоопкерчиликти тартат;
- мамлекеттик жогорку органдарынын чечимдерин тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары жана Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкы бухгалтеринен башкасын) Мамлекеттик эмгек инспекциясынын кызматына коет жана кызматтан бошотот, кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бекитет, алардын кесиптик квалификациясынын жогорулатуусун уюштурат, алардын мыйзамдуулукту, кызматтык, аткаруу жана ички иш тартиптерин сактоо боюнча чара көрөт, аларды сыйлоо жана эмгектик жоопкерчиликке тартуу маселелерин чечет, ошондой эле алардын мамлекеттик кызматты өтөгөндүгүнө байланыштуу, башка маселелерди чечет;
- иш жүргүзүүлөрдүн нормасын сактоону, документтердин сакталышын жана алардын белгиленген тартипте Улуттук архивдик фондго сактоого тапшырылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жогорку органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарын аткарат.
11. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министри кызматка койгон жана кызматтан бошотула турган бир орун басары болот.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары түздөн-түз Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директоруна баш ийет жана өзүнө тапшырылган милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ченеминде Мамлекеттик эмгек инспекциясынын ишкерлигин уюштурат.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын Директору болбогон учурда анын милдетин орун басары аткарат.
12. Аймактык мамлекеттик эмгек инспекциясынын органдарын Кыргыз Республикасынын мыйзам тартибинде Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору кызматка койгон жана кызматтан бошотула турган тиешелүү мамлекеттик эмгек инспекциясынын райондор аралык жана шаардык начальниктер жетектешет.
Тиешелүү мамлекеттик эмгек инспекциясынын райондор аралык жана шаардык начальниктер өздөрүнүн иштеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна толугу менен жоопкерчиликти тартат.
13. Эмгек жана эмгекти коргоо боюнча мыйзамдарды аткаруу укуктарына ээ болгон Мамлекеттик эмгек инспекциясынын, аймактык Мамлекеттик эмгек инспекциясынын кызматкерлери мамлекеттик эмгек инспекторлору болуп эсептелишет.
14. Мамлекеттик эмгек инспекторлор тиешелүү түрдө бекитилген буйруктук жана отчеттун формасын колдонушат.
Мамлекеттик эмгек инспекторлорунда бир үлгүдөгү күбөлүктөр, ошондой эле фамилиясын, алар өкүлү болгон инспекциянын атын, жеке номерин билдирген мөөр болот.
Мамлекеттик инспекторлор өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алар үчүн аныкталган ээлеген кызматына жараша өзгөчөлөнгөн белгиси бар форманы кийишет.
15. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы, жана Кыргыз Республикасынын укук ченемдүү актылары менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик эмгек инспекторлоруна жолдо жүрүү мүнөздөгү иши үчүн транспортту колдонгондугуна аныкталган тартипте төлөнмөлөр жүргүзүлөт.
16. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын борбордук аппаратында жана Мамлекеттик эмгек инспекциясынын аймактык бөлүктөрүндө штаттан тышкары мамлекеттик эмгек инспекторлор институту түзүлүшү мүмкүн.
17. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын, аймактык Мамлекеттик эмгек инспекциясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
18. Мамлекеттик эмгек инспекциясында төлөмдүк кызматына алынган каражатты аккумуляция кылуу үчүн атайын эсеби болот.
19. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын аймактык бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте уюшулат, өзгөртүлөт жана ишкердиги токтотулат.
20. Аймактык Мамлекетти эмгек инспекциясынын укуктук жана ишкердигин уюштуруу негиздери, ошондой эле функциясы жана каражаттарынын топтолуш булактары Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укук актылары менен аныкталат.
21. Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун укуктары:
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо үчүн, кабыл алынган үлгүдөгү кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен тоскоолдуксуз кайсыл убакытта болбосун ишканаларга, менчик формасына карабай, келүүгө (тиешелүү нормативдик укуктук актылар менен аныкталган өзгөчө тартиптеги инспекторлук текшерүү жүрүүчү ишканалардан тышкарысы);
- өзүлөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн ишканалардын жетекчилеринен жана кызмат кишилеринен, аткаруучу укук органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан, иш берүүчүлөрдөн (алардын өкүлдөрүнөн) документтерди, түшүнүктөрдү, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- иш берүүчүлөргө (алардын өкүлдөрүнө) эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын бузгандыгын жоюу жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө, граждандардын бузулган эмгек укугун калыбына келтирүүгө, бул бузуулардагы күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууга же аныкталган тартипте кызматынан четтетүүгө сунуштоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарын бузган күнөөлүү адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартууга;
- текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө, ошондой эле сотко доомат берүүгө;
- жумушчу кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтире тургандай кырдаал туулса, ал бузулуштарды жөнгө салмайынча айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын иштерин токтотууга;
- иш берүүчүгө (анын өкүлүнө) билдирген шартта колдонулуучу жана иштелүүчү материалдардын жана буюмдардын үлгүсүн анализ кылуу үчүн алууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын чакырууга;
- төлөнүүчү кызмат кылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандай башка укуктарын жүзөгө ашырууга.
22. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын жетекчиси, орун басары 8-пунктта көрсөтүлгөн укуктардан тышкары укуктарга ээ:
- кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтире тургандай кырдаал туулса, ал бузулуштарды жөнгө салмайынча ишканалардын кызматын токтотууга;
- мамлекеттик корутунду бар болсо ишканаларды жоюу жана алардын структуралык бөлүмдөрүнүн иштерин тыюу жөнүндө талапты сотко жиберүүгө;
- ылайык келүү сертификаты болбогон же эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик ченемдик талаптарга туура келбеген жекече жана жамааттык сактануу кызматкерлердин каражаттарын чыгарууга жана колдонууга тыюу салууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция Министрлигине сунуш киргизүүгө;
- аткаруу бийлик органдарынан, ошону менен бирге ички иштер органдарынан жана аймактык бөлүктөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, статистикалык органдардан, прокуратура органдарынан, жана башка уюмдардан статистикалык жана башка маалыматтарды алууга;
- эмгекти коргоо жана эмгектик шарттары боюнча тармактык жана тармактар аралык ченемдик-укуктук, ченемдик-усулдук жана ченемдик-техникалык документтерди кароого, макулдашууга жана бекитүүгө;
- мамлекеттик эмгек инспекциясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ишканалар менен төлөмдүү жардам берүү жана башка иш жүзүндө жана методикалык жардам берүү жөнүндө келишим түзүүгө;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарты тармагында сунуштарды иштеп, маселелерди карап чыгуу боюнча убактылуу илимий-техникалык кеңешти түзүүгө;
- КМШга кирген мамлекеттердин, чет өлкөлөрдүн көзөмөл жүргүзүү боюнча тийиштүү органдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ишмерлик чөйрөсүндө эл аралык уюмдарга жана союздарга кирүүгө.
23. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда мамлекеттик органдардан көзкаранды эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, ушул жобо жана башка ченемдик укук актыларын колдонмо кылат.
24. Мамлекеттик эмгек инспекторлору өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда алынган мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды сактоого, иш берүүчүлөргө (алардын өкүлдөрүнө) жана башка кызматкерлерге арыз, доомат же башка кайрылуу менен кайрылган адамдар тууралу маалыматтарды бербөөгө, эгерде алардын автору ушуну талап кылса.
25. Мамлекеттик эмгек инспекциясын жана аймактык мамлекеттик эмгек инспекциясын каржылоо төмөнкүлөрдөн жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттен;
- акы төлөнүүчү кызматтардан алынган каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка булактардан.
VII. Мамлекеттик эмгек инспекциясын
кайра түзүү жана жоюу
26. Мамлекеттик эмгек инспекциясын кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
27. Жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын "Улуттук архивдик фонд жөнүндө" мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.