Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2010-жылдын 9-февралы № 88 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөр-дү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кыз-матынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлүболуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-берене. 1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Ведомосттору, 2008-жыл, № 8, 992-берене) төмөндөгүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1-берене төмөндөгү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздоо туура-луу мыйзамын жөнгө салбаган жана бузбаган бөлүктө социалдык камсыздообоюнча төлөмдөрдү төлөтүү боюнча пайда болгон учурларда салык кодексиколдонулат.". 49-берененин 1-пунктундагы "салык мыйзамы" деген сөздөрдөн кийин"жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамы" деген сөздөрменен толукталсын. 163-берененин 2, 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучукатнаштар пайда болгон учурда ушул беренеге ылайык бекитилген салык ба-засы минималдык эсептик кирешеден кем болбойт. 3. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бир айлык минималдыкэсептик киреше кийинки календардык жылга ушул кодекстин 170-беренелери-нин 1 жана 3-пункттарында каралган стандарттык чегерүүлөрдү эсепке алууменен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизме боюнчаишканалардын айлык акыларынан алыскы зоналарда жана бийик тоолуу шарт-тарда аткарылуучу иштерге карата бекитилген райондук коэффициенттердинжана кошумчалоолордун өлчөмдөрүн эсепке албастан, Кыргыз Республикасы-нын Статистика органынын маалыматтарынын негизинде кызматкерлердин мур-дагы жылдагы регионалдык орто айлык акысынан 50 пайыз өлчөмдөн кем эмесбекитилет. Минималдык эсептик кирешени жана кийинки календардык жылдын бирайлык минималдык эсептик кирешени аныктоо тартиби Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Минималдык эсептик киреше өлчөмү ушул жылдын 1-ноябрынан кечикти-рилбестен өз мөөнөтүндө официалдуу түрдө жарыяланууга жатат. 176-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын: "3. Эгер киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү минималдыкэсептик кирешеден аз сумманы түзсө, кирешеге карай салык боюнча салыкбазасынын өлчөмү минималдык эсептик киреше менен тењ кабыл алынат. 2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жыл, 3-фев-раль, N 8) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын органдары(мындан ары - мамлекеттик салык кызматы) - салык мыйзамы жана КыргызРеспубликасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тууралуу мыйзамыменен бекитилген талаптарга ылайык камсыздандыруу төгүмү боюнча милдет-терди жана салык милдеттерин аткаруу боюнча салык төлөөчүлөргө көмөккөрсөтүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды бюджетке өз учурунда,так жана толугу менен төгүү салык милдеттерин сактоого көзөмөлжүргүзүүнү камсыздоо боюнча функцияларын аткарууну жүргүзүүчү салык ор-ганынын бирдиктүү системасы.". 3. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөкодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1999-ж., N 2, 77-берене) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-зилсин: 81-беренеде: берененин аталышындагы "социалдык камсыздоо органдары" дегенсөздөр "тийиштүү органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын; биринчи беренедеги "социалдык камсыздоо органдарда" деген сөздөр"тийиштүү органдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын; 83-беренеде: берененин аталышындагы "төлөмдөр" деген сөз "төлөм акылары" дегенсөздөргө алмаштырылсын; биринчи абзацтагы "төлөмдөр" деген сөз "төлөм акылары" дегенсөздөргө алмаштырылсын; 535-беренеде: биринчи абзацтагы "беренелери менен каралган" деген сөздөрдөн ки-йин "81, 82, 83" деген сандар менен толукталсын; экинчи абзацтагы "инспекциялары" деген сөз "кызматтары" дегенсөзгө алмаштырылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти