Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-декабры № 221-П
«Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы №691 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткарууга алып жана коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттарына өтүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Мамлекеттик башкаруу секторунун эсептик саясаты, Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттуулугун даярдоо боюнча Жобо жана Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча Жобо (1, 2- жана 3-тиркемелер) бекитилсин жана Бирдиктүү казыналык эсеп жана Бирдиктүү эсеп-чоттор планы киргизүү күнүнөн баштап аракетке киргизилсин.
2.Коомчулук менен байланышуу сектору (З.К. Малаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында ушул буйрукту жана ага карата тиркемелерди расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3.Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | О.Лаврова |
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонуучу бухгалтердик эсепти жүргузүү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи болуп бухгалтерлердин эл аралык федерациясына караштуу МСФО ОС боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыгуучу Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары саналат (мындан ары - МСФО ОС).
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыларды башкаруу реформаларын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 токтому менен бекитилген 2012-2015-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруу системасын реформалоо боюнча Орточо мөөнөттүү иш аракеттер планынын 2-бөлүгүнүн 2.1-бөлүмчөсүнүн 4-пунктун аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МСФО ОС ылайык бухгалтердик эсеп системасын реформалоо боюнча ишти жүргүзүп жатат.
МСФО ОСко өтүүнүн максаты бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп системасын рыноктук экономиканын талаптарына ылайык келтирүү, бюджеттик мекемелердин финансылык абалы жана ишинин натыйжаларынын объективдүү сүрөтүн берген маалыматка бардык кызыкдар колдонуучуларга мүмкүнчүлүктү камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунун консолидирленген отчету болуп саналат.
Бул милдетти МСФО ОС маселелери боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди иштеп чыгуу аркылуу чечүү эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттар системасын түзүүгө; эл аралык деңгээлде стандарттарды гармониялаштыруунун негизги тенденцияларына ылайык Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин реформасын байланыштырууну камсыздоого; бухгалтердик эсептин реформаланган моделин түшүнүү жана киргизүүдө бюджеттик мекемелерге методикалык жардам көрсөтүүгө жардам берет.
МСФО ОСко бюджеттик мекемелерди өткөрүү боюнча реформаларды ийгиликтүү жылдыруу максатында окуу модулу иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук аппаратты, аймактык финансылык органдарынын кызматкерлери, бюджеттик мекемелердин жана мамлекеттик органдардын финансылык кызматтарынын кызматчылары .үчүн окуу семинарлары жана трёнингдер өткөрүлгөн.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик жана методологиялык документтери иштеп чыгарылышкан:
-Эл аралык стандарттарга ылайык келген жалпы багыттагы финансылык отчеттуулукту даярдоодо жана тапшырууда бюджеттик мекемелер кабыл алган конкреттүү принциптер жана эсепке алуунун эрежелери белгиленген эсепке алуу саясаты;
МСФО ОС ылайык калыптандырылуучу бюджеттик, финансылык очтеттуулук формалары баяндалган отчеттулук боюнча Жобо;
Бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча Жобо, анда бухгалтердик эсептин уюмуна негизги талаптар баяндалган: бухгалтердик кызматтын маселелери, милдеттери жана жетекчинин жана башкы бухгалтердин жоопкерчилиги, бухгалтердик эсепте документтик жүгүртүү, бухгалтердик эсептин каттоочулары, ички контрол системасына талаптар, каталарды оңдоо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы №177-Б буйругуна ылайык Бирдиктүү эсеп-чот планы (ЕПС) жана аны Мамлекеттик башкаруу секторунун колдонулушу боюнча Жетекчилик бекитилген. ЕПСти Бирдиктүү казыналык эсеп-чотту киргизүү күнүнөн баштап аракетке киргизүү пландалууда, Ушуга байланыштуу, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди.
Кенейтилген кредиттик механизмдин (ЕКФ) алкагында колдонулган жана МВФ жактырган программага дагы ылайык бирдиктүү эсеп-чот планынын жана эл аралык ченемдердин негизинде бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана даярдоо түзүмдүк контролдук көрсөткүч болуп саналат. ЕКФ алкагында келишимдерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык программасын ишке ашырууга жана бюджетти колдоого кредиттик ресурстарды өз убагында бөлүүгө өбөлгө түзөт.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасына Евробиримдигинин макрофинансылык жардамынын алкагында (30 млн.евро өлчөмүндө) Кыргыз Республикасы менен Евробиримдигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун З-Шартында бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча иш чаралар киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 691 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткарууга алып, «Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругунун долбоору иштелип чыкты.
Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясынын башкармалыгынын башчысы |
Ч. Сапарбаева |
КР Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ