Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-апрелиндеги № 8 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
РЕГЛАМЕНТИ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 3-июнундагы УӨ № 65 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Убактылуу Өкмөттүн Президиуму
III. Убактылуу Өкмөттүн ишинин уюштурулушу
IV. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди
жол-жоболоштуруу
V. Убактылуу Өкмөттүн актыларында жана Убактылуу Өкмөттүн
жыйналышынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды
аткаруунун тартиби
VI. Убактылуу Өкмөттүн чечимдерин киргизүүнүн жана кароонун
тартиби
VII. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук
тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун
тартиби
VIII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн тартиби
1. Ушул Регламент 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретке ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ишин жана ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү (мындан ары - Убактылуу Өкмөт) мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген ыйгарым укуктарды чечүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат.
Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгү мыйзамдуулуктун, коллегиалдуулуктун, ачык жана айкындуулуктун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоонун, эл алдында өз ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчиликтин принциптерине негизденет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Убактылуу Өкмөт Төрагадан, Төраганын орун басарларынан жана министрлерден (министрлердин милдеттерин аткаруучулардан) турат. Убактылуу Өкмөттү Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы жетектейт.
Убактылуу Өкмөт аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткара албай калган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат.
4. Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы:
1) Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарын алып барат;
2) Убактылуу Өкмөттүн ишин уюштурат;
3) жыйналыштарда каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
4) Убактылуу Өкмөт кабыл алган актыларга кол коет;
5) Кыргыз Республикасында жана андан сырткаркы жерлерге Убактылуу Өкмөттүн атынан чыгат;
6) Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берет, Убактылуу Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу боюнча бүткөрүлгөн иштери жөнүндө алардын отчетторун угат жана көзөмөлдөйт;
7) Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана көзөмөлдөйт;
8) Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча Убактылуу Өкмөттүн чечимдери менен ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын 4 орун басары, анын ичинде биринчи орун басары болот.
Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басарлары Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы жок болгон учурда анын ордунда иштейт, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын тапшырмасы боюнча Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарын алып барат, алардын ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык айрым функцияларды аткарышат.
5. Убактылуу Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде декреттерди, токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
Убактылуу Өкмөттүн актылары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылууга милдеттүү.
Ушул Регламент күчүнө киргенге чейин колдонулган ченемдик-укуктук актылар ушул Регламентке карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
6. Убактылуу Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, мыйзамдарды, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, башка ченемдик-укуктук актыларды аткаруу үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында өз жыйналыштарында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун жана маалыматтарын угат.
7. Маселелерди кароонун жыйынтыктары Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарында төмөндөгүдөй жол-жоболоштурулат:
1) мыйзамдуу күчүнө кирген декреттер түрүндө;
2) ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор түрүндө;
3) ченемдик-укуктук актылар болуп саналбаган оперативдүү жана уюштуруу мүнөзүндөгү маселелер боюнча тескемелер түрүндө.
8. Декреттер Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 добушу менен кабыл алынат. Убактылуу Өкмөттүн башка актылары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
8-1. Убактылуу Өкмөттүн жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы болбогон айрым маселелер боюнча Убактылуу Өкмөт жыйын өткөрбөстөн эле сурамжылоо иретинде чечим кабыл алышы мүмкүн. Мындай учурларда Убактылуу Өкмөттүн актыларынын долбоорлору Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
Убактылуу Өкмөттүн кароосуна сурамжылоо иретинде киргизилген актылардын долбоорлору ушул Регламенттин 8-пунктунда аныкталган шарттарды сактоодо кабыл алынды деп эсептелет.
Сурамжылоо иретинде сын-пикирлер жана сунуштар киргизилген чечимдер кабыл алынат.
Актынын долбоору сын-пикирлери менен бирге макулдашылса жана бул сын-пикирлерди иштеп чыгуучу киргизбесе, актынын долбоору Убактылуу Өкмөттүн жыйынынын кароосуна киргизилет.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы УӨ № 65 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Декреттерди жана башка ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу жөнүндө сунуштар камтылган Убактылуу Өкмөттүн дарегине карата кайрылуулар тиешелүү мамлекеттик органдар тейлеген чөйрөлөргө ылайык мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн органдар өз компетенцияларынын чектеринде чечим кабыл алышат, зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Убактылуу Өкмөттүн кароосуна тийиштүү актылардын долбоорлорун кароого киргизет.
10. Убактылуу Өкмөттүн чечимдери, Убактылуу Өкмөттө өткөрүлүп жаткан жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдору, Убактылуу Өкмөттө каралган документтер боюнча Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын чечимдери Убактылуу Өкмөттүн Аппараты тарабынан жол-жоболоштурулат жана жөнөтүлөт.
11. Мамлекеттик органдарга берилген тапшырмаларга Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы, анын орун басарлары, Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кол коюлат.
Убактылуу Өкмөттүн чечимдеринде камтылган тапшырмалардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы, анын орун басарлары, Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси тарабынан уюштурулат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Убактылуу Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматтан пайдаланышы жана Убактылуу Өкмөттө каралып жаткан маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды жалпы пайдалануунун информациялык системаларына жайгаштыруунун тартиби, мамлекеттик бийлик органдарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинде чагылдырылышынын тартиби мыйзамдарда аныкталат.
12. Убактылуу Өкмөттүн иши анын Аппараты, жетекчилери тарабынан камсыз кылынат, алар кызматка Убактылуу Өкмөттүн чечимдери менен дайындалат жана бошотулат.
Убактылуу Өкмөттүн Аппараты өзүнүн ишин Убактылуу Өкмөттүн чечимдерине ылайык уюштурат.
Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Убактылуу Өкмөттүн токтому менен бекитилет.
13. Убактылуу Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелерди оперативдүү чечүү үчүн анын туруктуу органы катары Убактылуу Өкмөттүн Президиуму иш алып барат.
14. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун курамына Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы, Төраганын орун басарлары, Убактылуу Өкмөттүн дагы башка мүчөлөрү кирет. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун жеке курамы Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы тарабынан бекитилет да, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде жарымын түзөт.
15. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун жыйналыштары зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
16. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун жыйналыштарын Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы, ал жок учурда же анын тапшырмасы боюнча Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын биринчи орун басары же орун басарларынын бири алпарат.
17. Убактылуу Өкмөт Президиуму өзүнүн жабык жыйналыштарында өзүнчө маселелерди карай алат.
18. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун чечимдери эреже катары жалпы макулдашуу боюнча кабыл алынат.
19. Убактылуу Өкмөттүн Президиумунун жыйналыштарында токтом чечимдер же тескеме формасында кабыл алынат.
20. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштары зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
21. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарында каралуучу тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери алардын даярдалышына жана өз убагында тапшырылышына жеке жоопкерчиликтүү болушат.
22. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарынын күн тартибинин долбоору жыйналыштарга чейинки 3 күндүн ичинде Убактылуу Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси тарабынан түзүлүп, тиешелүү материалдары менен Убактылуу Өкмөттүн Төрагасына берилет.
Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы тарабынан жактырылган жыйналыштардын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйналышын өткөрүлүүчү датага чейинки 2 күндөн кечиктирилбестен анын катышуучуларына таратылат. Убактылуу Өкмөттүн жыйналышынын күн тартиби жыйналышта тикелей бекитилет.
23. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле каралуучу маселеге тикелей тиешеси бар башка уюмдардын жетекчилери чакырылат. Убактылуу Өкмөттүн жыйналышына чакырылган адамдардын курамы каралуучу маселелерди даярдоого жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Убактылуу Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси тарабынан аныкталат.
24. Убактылуу Өкмөттүн жыйналышына катышкандарды каттоону Убактылуу Өкмөттүн Аппараты жүзөгө ашырат.
25. Убактылуу Өкмөттүн жыйналышы, эгерде ага Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кеминде 2/3си катышса, укуктуу эсептелет.
26. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарына Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы төрагалык кылат. Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы жок учурда төрагалык кылуучунун милдеттерин Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы тарабынан дайындалуучу Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары аткарат.
27. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарына күн тартибинин маселелери боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, же алардын милдеттерин аткаруучу адамдар баяндама жасашат.
28. Убактылуу Өкмөттүн жыйналышы стеннографияланат. Убактылуу Өкмөттүн стенограммасы талкуунун жүрүшү толук чагылдыруусу тийиш. Ал ошондой эле жыйналыштын күнү, убактысы, жыйналыштын күн тартиби, жыйналышта төрагалык кылуучунун фамилиясы жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
29. Убактылуу Өкмөт тарабынан түзүлгөн координациялоочу жана кеңеш берүүчү органдар өз иштерин өз алдынча алар жөнүндө жоболорго ылайык пландаштырышат.
30. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер протоколдонот. Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштын протоколу жыйналыш аяктагандан кийин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен Убактылуу Өкмөттүн Аппараты тарабынан жол-жоболоштурулат, жыйналышта төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө, ошондой эле мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана кызмат адамдарына таратылып жиберилет.
31. Сунуштар жана сын-пикирлер айтылган актыларды иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Убактылуу Өкмөт мамлекет органдарына тапшырма берет. Эгерде иштен чыгуунун мөөнөтү атайын эскертилбесе, анда ал 5 жумушчу күндүк мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат.
32. Убактылуу Өкмөттүн актыларында, Убактылуу Өкмөттүн жыйналыштарынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын, анын орун басарларынын жана Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу тапшырма даректелген мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан уюштурулат.
Ушул тапшырмаларды аткаруунун мөөнөтүн көзөмөлдөө Убактылуу Өкмөттүн Аппаратына жүктөлөт.
33. Эгерде тапшырма бир нече мамлекеттик органдарга берилсе, анда "чакыруу" деген сөз менен белгиленген мамлекеттик органдын жетекчиси тапшырманын негизги аткаруучусу болуп саналат, анын аткарылышы үчүн жооп берет жана жумушту уюштурат. Жооптуу аткаруучу болуп саналган чакыруу бекитилген мамлекеттик органга кошулуп аткаруучулар тийиштүү органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) колу коюлган сунуштарды тапшырманы аткарууга берилген мөөнөттүн биринчи жарымы ичинде берет.
34. Убактылуу Өкмөттүн кароосуна киргизилген ар бир маселе боюнча так иштелип чыгылган чечимдин долбоору, коштоо каты, макулдашуу барактары, маселенин маңызын баяндаган маалымдама, зарыл эсептер, негиздеме жана сунушталган чечимдердин социалдык-экономикалык, финансылык жана башка натыйжалары көрсөтүлөт. Маалымдамаларга иштеп чыгуучу болуп саналган мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлат.
Документтер пакетте маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүдөгү тексти менен мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
Убактылуу Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлорунун тексттери мамлекеттик органдардын жетекчилеринин фамилияларын жана күнүн көрсөтүү менен парафирленген (кол коюлган) болушу керек.
35. Актынын долбоорлору аларды Убактылуу Өкмөттүн кароосуна киргизгенге чейин алардын иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашуусу тийиш.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жүйөөлүү себептер менен болбой калганда, чечимдердин долбоорлору статс-катчылар же жетекчилердин биринчи орун басарлары (орун басарлары) менен макулдашылат, алар өз колдорун: "министр (жетекчи) жогунда" деген эскертүү менен коштошот, фамилиясын жана күнүн көрсөтөт.
36. Мамлекеттик органдарда актылардын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпашы керек:
1) декреттердин долбоорлору - 10 жумушчу күнгө чейин;
2) токтомдордун долбоорлору - 10 жумушчу күнгө чейин;
3) тескемелердин долбоорлору - 5 жумушчу күнгө чейин.
Чечимдерди ыкчам кабыл алуу зарыл болгондо долбоор мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан же ал ыйгарым укук берген анын орун басары тарабынан Убактылуу Өкмөттүн жыйналышында виза коюлушу мүмкүн.
37. Актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкү варианттарынын бирин көрсөтүүсү тийиш:
1) актынын долбоору сын-пикирсиз макулдашылды;
2) актынын долбоору сын-пикирлер менен макулдашылды;
3) актынын долбоорун макулдашуудан баш тартылды (долбоорго виза коюлган жок). Мында жетекчи же статс-катчы, же биринчи орун басар (орун басар) тарабынан кол коюлган макулдашуудан жүйөөлөнгөн баш тартуу менен коштоочу кат тиркелет.
38. Эгерде актынын долбоору сын-пикирлер менен макулдашылган учурда мамлекеттик орган-иштеп чыгуучу ал макул болгон сын-пикирлерди четтетет, долбоордун акыркы вариантын даярдайт жана аны кайрадан макулдашууга жиберет;
Мамлекеттик бюджеттин кирешелерине же чыгашаларына таасир тийгизүүчү актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы УӨ № 65 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Бардык актылардын долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилиши керек. Макулдашуу жол-жобосун ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл болгон учурда актылардын долбоорлору расмий тилде жиберилет.
Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлорунун тексттери фамилиясын жана күнүн көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан парафирленген (кол коюлган) болушу керек.
Бардык ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) менен макулдашылышы керек, алар менен макулдашылгандан кийин гана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
Акты долбоорун иштеп чыгуунун демилгечиси болуп саналган мамлекеттик орган тарабынан Юстиция министрлигинде макулдашуу жолжобосун өткөрүү үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардан алынган сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде түзүлгөн кызыкдар мамлекеттик органдан алынган тигил же бул сын-пикирдин эсепке алынганынын болбосо алынбаганынын кыскача мүнөздөмөсү менен пикир келишпестиктердин матрицасы жөнөтүлөт.
Юстиция министрлигине министрликтер жана ведомстволор тарабынан акты долбоорунун акыркы версиясы корутундулардын көчүрмөлөрү жана макулдашуу барактары тиркелүү менен берилбеген учурда Юстиция министрлиги документтерди кароосуз кайтарып берет.
40. Акты долбоору Убактылуу Өкмөттүн кароосуна пикир келишпестиктер менен кошо пикир келишпестиктердин, макулдашуу кеңешмесинин протоколдору жана пикир келишпестиги бар тийиштүү жетекчилердин же алардын орун басарларынын колу коюлган сын-пикирлердин түп нускасы менен гана киргизилиши мүмкүн.
41. Убактылуу Өкмөттүн чечими талап кылынган, ушул Регламентте белгиленген тартипте Убактылуу Өкмөткө киргизилген долбоорлорду кароого даярдоону Убактылуу Өкмөттүн Аппараты төмөнкү мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат:
1) тескеме долбоору - 5 жумушчу күндөн көп эмес;
2) токтом долбоору - 10 жумушчу күндөн көп эмес;
3) Декреттердин долбоорлору - 10 жумушчу күндөн көп эмес.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын, анын орун басарларынын жана Убактылуу Өкмөттүн Жетекчисинин чечими боюнча гана жол берилет.
42. Убактылуу Өкмөттүн ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык жактан камсыз кылууну Убактылуу Өкмөттүн Аппараты жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик органдардын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерин координациялоону, ошондой эле актылардын, Убактылуу Өкмөттүн, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын, анын орун басарларынын, Убактылуу Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин протоколдук тапшырмаларынын жана тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
43. Убактылуу Өкмөт жарандардын кайрылууларын кароону жана "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык алар боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы УӨ № 65 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан жарандарды кабыл алуу аптанын белгиленген күндөрү Убактылуу Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алууга жазуу жана уюштуруу Убактылуу Өкмөттүн Аппараты тарабынан камсыз кылынат. Жарандарды кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча чечимдерди аткарууну уюштуруу каралган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга жүктөлөт.