Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-октябры № 258
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63-беренелеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы № 249 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо жекшембиге, 2020-жылдын 20-декабрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык кайра шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берсин;
2) кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук тутумдардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоодо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыздоодо, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөктөшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыздасын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөктөшсүн.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышына контроль жүргүзүүнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 токтому менен бекитилген |
2020-жылдын 20-декабрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Кайра шайлоо күнү - жекшемби
2020-жылдын 20-декабры
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө БШКнын токтому | (21-октябрь 2020) | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) Маалымат бөлүмү | |
БШКнын жарандарга, саясий партияларга, коомдук, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу | Кайра шайлоо дайындалгандан кийин (21-октябрь 2020) | БШК Маалымат бөлүмү | |
Шайлоону маалыматтык камсыздоо | |||
1 | БШКнын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу | Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө БШКнын токтому расмий жарыялангандан кийин | Маалымат бөлүмү |
2 | БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан эфир убактысын, басылма аянтын бергендиги же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү | Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 13 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 3-ноябрга чейин) | БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренеси 20-бөлүгү (мындан ары - Мыйзам) |
3 | БШК өзүнүн расмий веб-сайтында эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө берген маалыматын жарыялоо | Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 16 күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 6-ноябрга чейин) | Маалымат бөлүмү Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл. |
4 | Жалпыга маалымдоо каражаттарында, коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, интернеттеги жарыялоолорго, кайра шайлоонун жыйынтыктарын божомолдоо жана шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдү жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу | Добуш берүү күнүнө чейин акыркы 3 календарлык күн (2020-жылдын 17-декабрынан тартып) | БШКнын жумушчу тобу Мыйзамдын 22-бер. 6-бөл. |
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участокторун түзүү | |||
5 | Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында тышкы иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча жана аккредитацияланган өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча, добуш берүү жана добуш берүү үчүн жашаган же андан тышкары жерлерде шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участокторун түзүү | КРнын ТИМнин сунушунан кийин | ТИМ БШКсы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Мыйзамдын 13-бер. 3-5-бөл. |
6 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү | Кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен | ТИМ БШКсы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренеси, "КРнын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" жобосунун 9-пункту. |
Добуш берүү үчүн жай | |||
7 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 10-ноябрына чейин) | АШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
8 | Добуш берүүчү жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүү | Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 17-ноябрына чейин) | АШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
9 | Тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү кайрылуусун жөнөтүү | Кайра шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 23-ноябрына чейин) | АШК, УШК, Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | |||
10 | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоону байкоого катышууга чакыруу жөнөтүү | Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө БШКнын токтому расмий жарыялангандан кийин | Президенттин Аппараты, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, БШК Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
11 | КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Өкмөтү, БШКсы тарабынан жиберилген чакырууларынын негизинде байкоочулардын аккредитациясы | Кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | БШК Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
12 | Коомдук байкоочуларды коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде аккредитациялоо | Арыздардын келип түшкөнүнө, КЭУнун көрсөтмөсүнүн негизинде жана кайра шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт | БШК Мыйзамдын 10-1-бер. |
Шайлоочулардын тизмеси | |||
13 | Консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган шайлоочулар жөнүндө маалымат берүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 57 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 24-октябрына чейин) | ТИМ, Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук кызматтарынын жетекчилери МКК Мыйзамдын 14-бер. 6-бөл. |
14 | Ар бир шайлоо участогу, району, шаары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө 53 календарлык күнгө чейин (2020-жылдын 28-октябрына чейин) | БШК (ПТК жана МК) Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл. |
15 | Участкалык шайлоо комиссияларына ар бир шайлоо участогу үчүн түзүлгөн алдын ала тизмелерин тапшыруу | Добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганда (2020-жылдын 31-октябрына чейин) | БШК, АШК, УШК Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл. |
16 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын алдын ала тизмесин карап чыгуу үчүн илүү | Добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда (2020-жылдын 3-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл. |
17 | Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу (андагы каталар же так эместиктер жөнүндө) (№ 1 Форма) | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 3-ноябрынан 10-декабрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл. |
18 | Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын арыздарын шайлоо дареги боюнча кабыл алуу (№ 2 Форма) | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 10-декабрына чейин) | УШК, БШК системдик администратору Мыйзамдын 15-бер. 3-бөл. |
19 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү | Добуш берүүгө чейин 20 календардык күн калганда (2020-жылдын 30-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл. |
20 | Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 12-декабрына чейин) | Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, МКК, УШК Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл. |
21 | Акыркы тизмесин БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө 7 календарлык күнгө чейин (2020-жылдын 13-декабрына чейин) | БШК |
22 | Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын акыркы тизмесинин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 15-декабрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл. |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу | |||
23 | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү | Кайра шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
24 | АШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ операторлору жана четтеги УШК мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрүү | Кайра шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
Талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо | |||
25 | Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар БШКсына шайлоого катышуусу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү жөнөтүү | Кайра шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде (2020-жылдын 25-октябрына чейин) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-бер. 4-бөл. |
26 | Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо жана каттоо күбөлүктөрүн берүү же партиянын өкүлү болгон ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн талапкерлерин каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим | Керектүү документтерди алган күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл. |
27 | Саясий партиянын сунушу жана анын ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө жарандын арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо | Саясий партиянын сунушунан кийин | БШК Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл. |
28 | Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү | Кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 30 календарлык күн калганда шайлоо күнүнө чейин аяктайт (2020-жылдын 20-ноябрына чейин) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-бер. 1-бөл. |
29 | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан талапкерлердин тизмесин каттоого тийиштүү документтерин берүү | Кайра шайлоо күнүнө чейин 27 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 22-ноябры, саат 18:00го чейин) | БШК Мыйзамдын 61-бер. 1-бөл. |
30 | Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо | Кайра шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калганда (2020-жылдын 30-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 61-бер. 5-бөл. |
31 | Саясий партиянын БШКсына талапкерлердин тизмесин алып салуу жана шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 13-декабрына чейин) | Саясий партиялар Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
32 | Саясий партиянын БШКсына айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 17-декабрына чейин) | Саясий партиялар Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
33 | БШКсына шайлоого катышуудан баш тартуу үчүн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин жеке жазуу жүзүндөгү арызын берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 18-декабрына чейин) | Талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
Шайлоо алдындагы үгүт иштери | |||
34 | Үгүт иштерин жүргүзүү | Талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт (2020-жылдын 30-ноябрынан 19-декабрынын саат 08:00го чейин) | Саясий партиялар, Кыргыз Республикасынын жарандары Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл. |
35 | Үгүт иштери үчүн акы төлөнүүчү эфирдик убакытты берүү | Талапкерлердин тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2020-жылдын 30-ноябрынан 19-декабрынын саат 08:00го чейин) | Телерадиоуюмдар Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл. |
36 | Саясий партиялардан талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун берүү | Талапкерлердин тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2020-жылдын 30-ноябрынан 19-декабрынын саат 08:00го чейин) | АШК, Кыргыз Республикасынын БШКсынын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл. |
37 | Ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жайларды берүү | Кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл. |
Шайлоону каржылоо | |||
38 | Саясий партиялар тарабынан шайлоо фондун түзүү | Шайлоо комиссиясы саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттаган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде | Ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 41-бер. 1-бөл. |
39 | Мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү | Кайра шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2020-жылдын 22-ноябры, саат 18:00го чейин) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" жобосунун 31-пункту |
40 | Саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү | Жума сайын жана КР БШКнын талабы боюнча 24 сааттын ичинде | Банк же башка мекемелер, БШК Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл. |
41 | Саясий партиялар шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду БШКга тапшыруу | Биринчи финансылык отчет - шайлоо депозитинин киргизилгендигин тастыктаган документтерди КРнын БШКсына берүү менен бир учурда; Экинчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 13-декабрына чейин) Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 28-декабрына чейин) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" жобосунун 48-пункту |
42 | Финансылык операцияларды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептердеги эсептешүүлөрдү токтотуу | Добуш берүү күнүнөн бир күн мурун саат 18:00до (2020-жылдын 19-декабры, саат 18:00) | Көзөмөлдөө -текшерүү тобу Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл. |
Шайлоо бюллетендери | |||
43 | Бюллетендин текстин бекитүү (Брайль шрифтинде) | Добуш берүү күнүнө чейин 17 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 3-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл. |
44 | Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 13-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл. |
45 | Шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 7 календарлык күн калганда (2020-жылдын 13-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
46 | Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына берүү | Добуш берүү күнүнө 2-1 календарлык күнгө чейин (2020-жылдын 19-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
Добуш берүү тартиби | |||
47 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 18-декабрына чейин) | УШК Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
48 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин 1 календарлык күнгө чейин саат 08:00дон 20:00го чейин (2020-жылдын 19-декабры) | УШК Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
49 | Добуш берүү | 20-декабрь, 2020-жыл (саат 08:00дон 20:00го чейин) | УШК Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл. |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун жыйынтыктарын белгилөө | |||
50 | Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу жана участкалык шайлоо комиссиясынын имаратынын алдындагы стендге жайгаштыруу | Добуш берүү аяктагандан кийин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 23-декабрына чейин) | БШК, АШК, УШК Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
51 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календарлык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 2-январына чейин) | БШК Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл. |
52 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Кайра шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл. |
(*) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КРнын 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирине кыскарган.