Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-ноябры № 378
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Кара-Буура, Кызыл-Кия жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү кеңешке жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 378 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
1 | Бейшеке айылдык | Кайкиев Балтабай Байсылдаевич | Каза болгондугуна байланыштуу. | № 12, 15.11.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
2 | Кызыл-Кия шаардык | Махмедов Акимжан Касымович (№ 6) ("Республика - Ата Журт" деп. фракция) | депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу | № 15, 16.11.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
3 | Арал айылдык | Абдылдаев Азамат Абдылдаевич | Өзүнүн арызы | № 31, 11.11.2020-ж. |
4 | Турдукеев Шайлообек Азизович | Өзүнүн арызы | № 33, 11.11.2020-ж. | |
5 | Аштыкбаев Нурбек Бейшенович | Өзүнүн арызы | № 35, 11.11.2020-ж. | |
6 | Бокуев Муратбек Асанович | Өзүнүн арызы | № 37, 11.11.2020-ж. | |
7 | Тезеков Аруун Абдылмажинович | Өзүнүн арызы | № 39, 11.11.2020-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 378 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Арал айылдык | Казаков Марлен Мелисович | Өзүнүн арызы | № 32, 11.11.2020-ж. |
2 | Жумадылов Жыргалбек Токтошевич | Өзүнүн арызы | ||
3 | Жунушалиева Элмира Ракымовна | Өзүнүн арызы | ||
4 | Чоркозов Эрлан Акматович | Өзүнүн арызы | № 34, 11.11.2020-ж. | |
5 | Момоев Айбек Исаевич | Өзүнүн арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 378 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
1 | Бейшеке айылдык | Рашев Жамгырбай Турдалиевич | Дыйкан | № 36, 11.11.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
2 | Кызыл-Кыя шаардык | Осмонов Турсунали (№ 11) ("Республика - Ата Журт" с/п) | Пенсионер | № 15, 16.11.2020-ж |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
3 | Арал айылдык | Алпаров Кубатбек Жумабекович | Убактылуу иштебейт | № 32, 11.11.2020-ж. |
4 | Шамбетов Бактияр Капарович | Убактылуу иштебейт | № 34, 11.11.2020-ж. | |
5 | Исаев Сапарбек Уркасымович | Дарыгер | № 36, 11.11.2020-ж. | |
6 | Шабаев Айбек Сагынович | Мугалим | № 38, 11.11.2020-ж. | |
7 | Осмонов Эрмек Иманкулович | Мугалим | № 340, 11.11.2020-ж. | |