Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-декабры № 419
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн ЕККУ ДИАУБдун өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 419 токтомуна 1-тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын
ТИЗМЕСИ
№ к/м | күб. № | Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Кызмат орду |
1 | 044 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ЕККУ ДИАУБ) | Мезерич Тамаш | Венгрия Республикасы | ЕККУ ДИАУБдун Миссиянын башчысы |
2 | 045 | ЕККУ ДИАУБ | Титтель Сильке Гизела | Германия Федеративдик Республикасы | ЕККУ ДИАУБдун Миссиянын башчысынын орун басары |
3 | 046 | ЕККУ ДИАУБ | Споррер Вольфганг | Австрия Республикасы | ЕККУ ДИАУБдун саясий аналитиги |
4 | 047 | ЕККУ ДИАУБ | Инаишвили Каха | Грузия | ДИАУБ Шайлоо боюнча кеңешчиси |
5 | 048 | ЕККУ ДИАУБ | Новотны Петер | Россия Федерациясы | ДИАУБ Шайлоо боюнча аналитиги |
6 | 049 | ЕККУ ДИАУБ | Четайкина Светлана | Россия Федерациясы | ЕККУ ДИАУБдун юридикалык аналитиги |
7 | 050 | ЕККУ ДИАУБ | Тилпунов Егор | Украина | ЕККУ ДИАУБдун медиа аналитиги |
8 | 051 | ЕККУ ДИАУБ | Фишер Карло Паппалардо | Италия | ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочу - координатору (LТО) |
9 | 052 | ЕККУ ДИАУБ | Кремлева Валентина | Россия Федерациясы | ДИАУБ ыкчам иштер боюнча эксперти |
10 | 053 | ЕККУ ДИАУБ | Имамович Мисо | Босния жана Герцеговина | ДИАУБ сатып алуулар жана контракттар боюнча улук жардамчысы |
11 | 054 | ЕККУ ДИАУБ | Г олиджашвили Михаил | Грузия | ДИАУБ коопсуздук боюнча эксперти |
12 | 055 | ЕККУ ДИАУБ | Джуракулов Фаррух | Тажикстан Республикасы | ДИАУБдун финансы кызматкери |