Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-декабры № 481
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2020-жылдын 17-декабрындагы кириш № 01-12/3840 түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18 -беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдары тиркемеге ылайык катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Бекматов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-декабрындагы № 481 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин ишенимдүүадамдарынын тизмеси
№
| Ф. И. О |
1 | Насыров Алмаз Турусбекович |
2 | Мусаева Айжан Эркиновна |
3 | Турпанов Милан Калыбекович |
4 | Алымкулов Болот Карыпбекович |
5 | Ибраимова Эльмира Султановна |
6 | Качаганов Мукамбек Шайзадович |