Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 24
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Башкаруучулардын жањы муунун мамлекеттик жана муниципалдык
кызматка чакыруу боюнча программа жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомунунредакциясына ылайык)
Апрель окуяларына көптөгөн иштиктүү жаштар катышкан. Үй-бүлөлүк
башкарууга каршы өздөрүнүн жарандык позициясы жана жигердүү иш-аракет-
тери менен алар саясий жактан калыптангандыгын жана өлкөгө кызмат кылу-
уга даярдыгын далилдешти. Ошол эле учурда аларга өлкөнү мамлекеттик жа-
на муниципалдык башкаруу, башкарууну жањылоонун тынчтык программаларына
катышуу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдер жана көндүмдөр жетишпейт.
Жаштарды тартуунун эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат-
чылардын курамын олуттуу жањылоо максатында Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. 2500 (эки миң беш жүз) угуучуну кабыл алууну жана эки ай
окутууну камтыган Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу
кадрларды даярдоо программасы түзүлсүн.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
Программа Бишкек шаарында, облустук борборлордо, ошондой эле чет
мамлекеттер менен өз ара алмашуунун алкагында ишке ашырылат.
Даярдоо программасы үчүн талапкерлерди тандоо 2010-жылдын 1-июнуна
карата аяктасын жана 2010-жылдын 10-июнунан тартып окууга киришсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Иштен ажыратуу менен окутулчу адистер үчүн окуудан жана
стажировкадан, анын ичинде чет өлкөдө эмгек акысын сактоо менен өтүүгө
мүмкүндүк берилсин.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо
программасы боюнча окууга алынган адамдарга 2000 (эки миң) сом өлчөмдө
ай сайынкы стипендия белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомунунредакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына иш-чаралардын
мамлекеттик заказчысынын функциясы, ошондой эле алардын аткарылышын
учурда контролдоо жана адистерди даярдоо сапатын контролдоо боюнча
функциялар жүктөлсүн.
4. Башкаруу кадрларын даярдоо программасын ишке ашырган негизги
аткаруучу катары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башка-
руу академиясы аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы
жогорку кесиптик билимге жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
үчүн башкаруу кадрларын даярдоо программасын жүргүзүүнүн жањы окутуу
технологияларына ээ болгон профессордук-окутуучу курамдын сапаттуу
дењгээлин камсыз кылуу милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Респуб-
ликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агент-
тиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу ака-
демиясы менен бирдикте тиешелүү билим берүү мекемелерин жана өкмөттүк
эмес уюмдарын тартуу менен бир жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдүн долбоор-
лорун иштеп чыксын жана киргизсин:
- Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссия жөнүндө
жобо;
- Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча функцияларды аткар-
ган адистерди, билим берүү мекемелеринин окутуучуларын, органдардын жа-
на уюмдардын кызматкерлерин конкурстук тандоо жөнүндө жобо;
- Башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билим
берүү программаларын тандоо жөнүндө жобо.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыр-
гыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Экономикалык тескөө министрлиги менен бирдикте чет мамлекеттер,
ошондой эле эл аралык жана улуттук органдар жана уюмдар менен башкаруу-
чу кадрларды чет өлкөдө даярдоо жана стажировкалоо маселелери боюнча
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана макулдашууларды түзүүнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен бирдикте төмөнкүдөй кар-
жылоону камсыз кылсын:
- башкаруучу кадрларды даярдоо программасын ишке ашыруу үчүн бюд-
жетте атайын каралган каражаттарды;
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- ошондой эле эл аралык уюмдардын эсебинен.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы
N 197 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик администрация башчылары - облустардын губернаторло-
ру программага туура келген талапкерлерди тандоо боюнча толук чараларды
көрүшсүн жана жергиликтүү дењгээлде жогорку кесиптик билим берүүгө
көмөк көрсөтүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты башкаруучу
кадрларды даярдоонун мамлекеттик программасынын планын ишке ашырууга,
даярдоо программасын натыйжалуу ишке ашырууга талдоо жүргүзүүгө жана
программанын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка ишке
орноштурууга толук көмөк көрсөтүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева