Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-ноябры № 316
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү (1-тиркеме) сүрөттөлүшкө ылайык (2-тиркеме) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү жана пландоо, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык эл аралык байкоочунун күбөлүктөрүн даярдоону уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
|
1-тиркеме |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Эл аралык байкоочунун күбөлүгү - анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.
Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө келтирилди.
Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта КР БШКнын логотиби жайгашкан.
Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында Президентти шайлоонун логотиби жайгашкан.
Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, күбөлүктүн колдонуу шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, өкүлү болуп саналган уюмдун аталышы.
Андан кийин КР БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал КР БШКнын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт.