Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-ноябры № 370
2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө
2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 13-025/11769 жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы № 814 сунуштарынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жумшалуучу бюджеттик каражаттарды акыл-эстүүлүк менен пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн 1-тиркемеге ылайык 45 (кырк беш) шайлоо участогу түзүлсүн.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларын 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого бекитсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтомуна 1-тиркеме |
2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн шайлоо участкаларынын ТИЗМЕСИ
| № УШК | Чет өлкөдөгү мекеме | Дареги | Электрондук дареги |
1 2 3 | 9001 9005 9015 | Россия Федерациясындагы КР Элчилиги | Большая Ордынка көч., 64 | kgembassy.ru@mfa.gov.kg |
4 | 9009 | Екатерингбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугу | Екатеринбург ш., Щорс көч., 54а, 5-офис | kgconsulate.ekb@mfa.gov.кg |
5 | 9010 | Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугу | Новосибирск ш., Крылова көч., 64/1 | kgconsulate.sib@mfa.gov.kg |
6 | 9002 | КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсеси | Санкт-Петербург ш., Чехов көч., д 14 б лит А., 2Нм | konsul_kr_spb@mail.ru |
7 | 9004 | КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсеси | Владивосток ш.,.Алеутская көч., 15 "В", 402-офис | consulvl@mail.ru |
8 | 9003 | КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы Кеңсеси | Красноярск ш., Мир просп. 132 | kgkrasnoyarsk@mail.ru |
9 | 9022 | КРнын Украинадагы Элчилиги | Киев ш., Печерский р-ну, Редутный көч., № 19/34 | kgembassy.ua@mfa.gov.kg |
10 | 9023 | КРнын Беларусь Республикасындагы Элчилиги | Минск ш., Старовиленская көч. 57 | kgembassy.by@mfa.gov.kg |
11 | 9028 | КРнын Казакстан Республикасындагы Элчилиги | Нур-Султан ш., Дипломатиялык шаарчасы В-5, Кунаева көч. 1 | kgembassy.kz@mfa.gov.kg |
12 | 9027 | Алматы шаарындагы КР Башкы консулдугу | Алматы ш., Луганского көч., 30 "А" | kgconsulate.almaty@mfa.gov.kg |
13 | 9025 | КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги | Ташкент ш., Мирзо-Улугбек р-ну, Ниёзбекйули көч., 30-үй | kgembassy.uz@mfa.gov.kg |
14 | 9024 | КРнын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги | Душанбе ш., Саид Носиров көч., 56 а | kgembassy.tj@mfa.gov.kg |
15 | 9011 | КРнын Түркмөнстандагы Элчилиги | Ашхабат ш., Гарашсызлыкшаелы көч., 17-үй | kgembassy.tm@mfa.gov.kg |
16 | 9012 | КРнын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги | Баку ш., Башира Сафарли көч. № 133 ("SatPlaza" Бизнес борбору, 16-этаж) | kgembassy.az@mfa.gov.kg |
17 | 9034 | КРнын АКШ жана Канададагы Элчилиги | 2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008 | kgembassy.usa@mfa.gov.kg |
18 | 9038 | КРнын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилиги | Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ | kgembassy.uk@mfa.gov.kg |
19 | 9039 | КРнын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги | AvenueBlanc 51, 1202 Geneve | kgembassy.cn@mfa.gov.kg |
20 | 9037 | КРнын Бельгия Королдугундагы Элчилиги | Rue de l'Abbaye 47, 1050 Bruxelles | kgembassy.be@mfa.gov.kg |
21 | 9032 | КРнын Австрия Республикасындагы Элчилиги | Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien | kgembassy.at@mfa.gov.kg |
22 | 9029 | КРнын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги (Берлин ш.) | Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin | kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg |
23 | 9030 | КРнын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттиги | Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main | kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg |
24 | 9031 | КРнын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү | Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn | kgconsulate.bonn@mfa.gov.kg |
25 | 9036 | КРнын Туркия Республикасындагы Элчилиги | Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450 | kgembassy.tr@mfa.gov.kg |
26 | 9035 | КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу | Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul | kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg |
27 | 9040 | КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги | г.Пекин, 10/11 King's Villas 18, Xiaun Road, 100016 г. | kgembassy.cn@mfa.gov.kg |
28 | 9041 | КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу | Гуанчжоу ш., Тяньхэ району, Тяньхэ көч. 228, Гуаншэн имараты к. 707 | kgconsulate.guangzhou@mfa.gov.kg |
29 | 9019 | КРнын Япониядагы Элчилиги | 108-0073, Токио ш., Минато-ку, 1-5-7 Мита | kgembassy.jp@mfa.gov.kg |
30 | 9042 | КРнын Корея Республикасындагы Элчилиги | г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17) | kgembassy.kr@mfa.gov.kg |
31 | 9008 | КРнын Индия Республикасындагы Элчилиги | Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057 | kgembassy.in@mfa.gov.kg |
32 | 9048 | КРнын Малайзиядагы Элчилиги | 10-й этаж, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 г.Куала-Лумпур | kgembassy.my@mfa.gov.kg |
33 | 9045 | КРнын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги | 6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511-3562 Kingdom of Saudi Arabia | kgembassy.sa@mfa.gov.kg |
34 | 9046 | КРнын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги | Кувейт, район Сурра, Блок 6, 13-я улица, Вилла-34 | kgembassy.kw@mfa.gov.kg |
35 | 9050 | КРнын Катар мамлекетиндеги Элчилиги | г.Доха, Лежбайлат-64, Вилла № 7, ул. № 963 | kgembassy.qa@mfa.gov.kg |
36 | 9051 | Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги, Абу-Даби ш. | Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби | kgembassy.ae@mfa.gov.kg |
37 | 9044 | КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу | Дубай шайры, Дейра, Ригга р-ну, Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, № 302 офис | kgconsulate.dubai@mfa.gov.kg |
38 | 9043 | Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги | Тегеран шаары, Пасдаран/Наренжестан көчөсү 5, № 24 үй | kgembassy.ir@mfa.gov.kg |
39 | 9049 | Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги | Исламабад ш. № 12, 33 көч. F-8/1 сектору | kgembassy.pk@mfa.gov.kg |
40 | 9007 | КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы Кеңсеси | Иркутск | kgirkutsk@mfa.gov.kg |
41 | 9006 | КРнын РФдагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси | Якутск ш., г. Якутск ул. Пояркова, 4 көч, 58 | kgyakutsk@mfa.gov.kg |
42 | 9013 | КРнын РФдагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Кеңсеси | Южно-Сахалинск ш., Мира прос. 2б/5 | kgysakhalinsk@mfa.gov.kg |
43 | 9014 | КРнын РФдагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Кеңсеси | Сургут ш., Югорский тракт, д. 1 | kgsurgut@mfa.gov.kg |
44 | 9033 | КРнын Италиядагы Элчилиги | Рим ш., via Clitunno 2, 00198 Roma | kgembassy.it@mfa.gov.kg |
45 | 9047 | КРнын Франция Республикасындагы Элчилиги | Париж, 49, rue de Bellechasse 75007 Paris | kgembassy.fr@mfa.gov.kg |