Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-ноябры № 359
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Токмок, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Түп, Токмок, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп, Токмок, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Түп, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Түп, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү кеңешке жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 359 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Арал айылдык | Аштыкбаев Нурбек Бейшенович | Өз арызы | № 35, 11.11.2020-ж. |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
2 | Токмок шаардык | Исманов Самат Жекшеналиевич (№ 37) ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 37, 02.11.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Марказ айылдык | Абдирашитов Жаркынали Аскарович | Өз арызы | № 22, 9.11.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
4 | С.Юсупов айылдык | Моминова Кандалатхон Жоробаевна | Каза болгонуна байланыштуу | № 26, 16.11.2020-ж. |
Хомидов Кобилжон Юлчиевич | Каза болгонуна байланыштуу | № 26, 16.11.2020-ж. | ||
Кара-Суу району | ||||
5 | Отуз-Адыр айылдык | Аликулов Таалайбек Абдырзакович | Өз арызы | № 57, 16.11.2020-ж. |
6 | Жоош айылдык | Джантороев Бакытбек Ахмедович | Каза болгонуна байланыштуу | № 58, 16.11.2020-ж. |
Жакыпов Памирбек | Каза болгонуна байланыштуу | № 59, 16.11.2020-ж. | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 359 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Арал айылдык | Исаев Сапарбек Уркасымович | Дарыгер-педиатор | № 36, 11.11.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
2 | Марказ айылдык | Шерматов Акматали Маматысакович | Кароолчу | № 23, 9.11.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
3 | С.Юсупов айылдык | Маннанов Бобир Абдукахарович | "Обид Файз" ЖЧКнын директору | № 26, 16.11.2020-ж. |
Козибаев Хотамжон Абдумаликович | "Президент" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 26, 16.11.2020-ж. | ||
Кара-Суу району | ||||
4 | Отуз-Адыр айылдык | Кожомбердиев Таалайбек Усеналиевич | Убактылуу иштебейт | № 57, 16.11.2020-ж. |
5 | Жоош айылдык | Сулайманов Данияр Каныбекович | "Асфальт-Бетон Групп" ЖЧКнын директору | № 58, 16.11.2020-ж. |
Мамасалиев Төлөгөн Абдималикович | "Кыргыз Телеком" ААКтын Ош областтык филиалынын инженери | № 59, 16.11.2020-ж. | ||