Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 31-октябры № 281
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Жайыл, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аламүдүн, Жайыл, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Жайыл, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Баткен шаардык жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Аламүдүн, Жайыл, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 281 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Лебединовка айылдык | Асанбеков Мурсалы Токтогазиевич | Каза болгонуна байланыштуу | № 35, 19.09.2020-жылы |
Жайыл району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Миссиркулов Эсенкан Каналбекович | Каза болгонуна байланыштуу | № 16, 28.10.2020-жылы |
3 | Красный Восток айылдык | Закиров Бактыбек Кокумбаевич | Каза болгонуна байланыштуу | № 16, 28.10.2020-жылы |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Калмамбетова Анаркүл Кыдыковна (№ 3) ("Ала-Тоо ынтымагы" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 15, 23.10.2020-жылы |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
5 | Баткен шаардык | Амирова Улукбубу Аскаралиевна (№ 6) ("КСДП" деп. фракциясы) | Каза болгонуна байланыштуу | № 7, 29.10.2020-жылы |
6 | Ахмедова Чынара Мамедовна (№ 3) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 29.10.2020-жылы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Ырыс айылдык | Камчиев Зохиджон Омарович | Өз арызы | № 37, 26.10.2020-жылы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
8 | Балбай айылдык | Шаймолдоева Роза Шаршекеевна | Каза болгонуна байланыштуу | № 29, 27.10.2020-жылы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 281 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
1 | Баткен шаардык | Гапарова Максудахан Миңбаевна (№ 19) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | № 7, 29.10.2020-жылы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
2 | Балбай айылдык | Калыков Акылбек Дюшембекович | Өз арызы | № 30, 27.10.2020-жылы |
3 | Байтереков Оболбек Мукатович | Өз арызы | № 30, 27.10.2020-жылы | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 281 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Лебединовка айылдык | Айбеков Эмил Бердибекович | Энергетика тармагында коррупциянын алдын алуу боюнча атайын ыйгарым укукту өкүлү | № 36, 19.09.2020-жылы |
Жайыл району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Шакирова Чинара Макеналиевна | ФАП дарыгер | № 17, 28.10.2020-жылы |
3 | Красный Восток айылдык | Кожоналиев Джапарбек Кубанычбекович | Убактылуу иштебейт | № 17, 28.10.2020-жылы |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Турдалиева Рыскул Муратовна (№ 11) ("Ала-Тоо ынтымагы с/п") | Нарын облустук билим берүү борборунда директордун орун басары | № 16, 28.10.2020-жылы |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
5 | Баткен шаардык | Салиева Гулмира Боруевна (№ 21) ("КСДП" с/п) | С.Айтматов атындагы орто мектеби, мугалим | № 7, 29.10.2020-жылы |
6 | Абдырахманова Перизат Абдиевна (№ 18) ("КСДП" с/п) | Жеке ишкер | № 7, 29.10.2020-жылы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Ырыс айылдык | Нусубалиев Кенешбек Акимжанович | Жеке ишкер | № 38, 26.10.2020-жылы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
8 | Балбай айылдык | Муздабаев Абдысалам Мамбетжанович | Убактылуу иштебейт | № 30, 27.10.2020-жылы |