Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-марты № 55
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-мартындагы №55 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
|
Нарын облусу | |||||
Нарын шаары | |||||
1 | Нарын шаардык | Токошев Айбек Муратбекович (№6) (деп фракциясы «Ала-Тоо ынтымагы») | Өз арызы | №6, 5.02.2021-ж |
|
Жалал-Абад облусу | |||||
Таш-Көмүр шаары | |||||
2 | Таш-Көмүр шаардык | Орозбаев Эрк Нарынбекович (№1 ) («Таш-Көмүр жаштары деп фракциясы») | Өз арызы | №10, 19.02.2021-ж |
|
Жалал-Абад шаары | |||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Салиев Зарылбек Алимжанович (№1 ) («Республика деп фракциясы») | Өз арызы | №43/65, 25.02.2021-ж |
|
4 | Салимов Дилмурод Махамадтажиевич (№3 ) («Республика деп фракциясы») | Өз арызы | №43/65, 25.02.2021-ж |
| |
Чүй облусу | |||||
Аламүдүн району | |||||
5 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Боталиева Аида Азаматовна | Жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөөлүү себептерсиз бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбеген | №36/142, 28.12.2020-ж |
|
6 | Шерматов Алтынбек Эрмекбаевич | Жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөөлүү себептерсиз бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбеген | №36/142, 28.12.2020-ж |
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-мартындагы №55 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Бегимбаев Азамат Асаналиевич (№15) («Ала-Тоо ынтымагы» с/п) | Өз арызы | №7, 7.02.2021-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-мартындагы №55 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | |||||
Нарын облусу | |||||||||
Нарын шаары | |||||||||
1 | Нарын шаардык | Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович (№17) («Ала-Тоо ынтымагы» с/п) | Убактылуу бош | №7, 7.02.2021-ж | |||||
Жалал-Абад облусу | |||||||||
Таш-Көмүр шаары | |||||||||
2 | Таш-Көмүр шаардык | Осмонов Тилек Сыдыгалиевич (№11) («Таш-Көмүр жаштары» с/п) | Убактылуу бош | №10, 19.02.2021-ж | |||||
Жалал-Абад шаары | |||||||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Нурумбетов Батырбек Джанышович (№ 6) (с/п «Республика ») | Адвокат | №43/65, 25.02.2021-ж | |||||
4 | Чынгараев Замирбек Маманович (№8) (с/п «Республика ») | ГП Кыргыз теплоэнерго, башкы адис | |||||||
Чүй облусу | |||||||||
Аламүдүн району | |||||||||
5 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Исакова Асель Кавакбековна | «Нурдан Нур» бала бакчасында тарбиячы | №65, 27.01.2021-ж | |||||
6 | Насирдинов Кутман Насирдинович | Убактылуу бош | №66, 27.01.2021-ж | ||||||