Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-марты № 57
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18 -беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 57 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
| ||
Жалал-Абад облусу | |||||||
Жалал-Абад шаары | |||||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Турдиев Тилекберди Ажиканович (№ 10) (деп фракциясы «Өнүгүү-Прогресс») | Өз арызы | №43/64, 24.02.2021-ж |
| ||
2 | Ирсалиев Арапбай Мурзараимович (№ 11) (деп фракциясы «Өнүгүү-Прогресс») | Өз арызы |
| ||||
3 | Турдукулов Канатбек Турусбекович (№ 19) (деп фракциясы «Өнүгүү-Прогресс») | Өз арызы |
| ||||
4 | Баев Талантбек Даданович (№ 1) (деп фракциясы «Кыргызстан») | Өз арызы | №43/66, 25.02.2021-ж |
| |||
Токтогул району | |||||||
5 | Токтогул шаардык | Ашыралиев Эмил Рысбекович (№2) (деп фракциясы «Мекеним Кыргызстан») | Өз арызы | №6, 07.03.2021-ж |
| ||
Аксы району |
| ||||||
6 | Ш. Назаралиев айылдык | Эшалиев Алимбек Азенбекович | Өз арызы | №2, 08.02.2021-ж |
| ||
Ош облусу |
| ||||||
Кара-Кулжа району | |||||||
7 | Кара-Кулжа айылдык | Аттокуров Жылдызбек Кубанычович | Өз арызы | №7, 01.03.2021-ж |
| ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 57 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | |
Жалал-Абад облусу | |||||
Жалал-Абад шаары | |||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Сейитбеков Жапарали Авиевич (№ 23) («Өнүгүү-Прогресс» с/п) | ЖЧК «Али-Транс» инженер | №43/64, 24.02.2021-ж | |
2 | Нуржанов Эрмек Осконбаевич (№28) («Өнүгүү-Прогресс» с/п) | ЖАК «Кыргыз Петролеум компаниясы» оператор | |||
3 | Эрбаев Айбек Канатбекович (№ 34) («Өнүгүү-Прогресс» с/п) | ЖЧК «Ренессанс и Ко» директордун орун басары | |||
4 | Осмонов Сапарбек Бектенович (№4) («Кыргызстан» с/п) | Жеке ишкер | №43/66, 25.02.2021-ж | ||
Токтогул району | |||||
5 | Токтогул шаардык | Бапаев Азем Сталбекович (№7) («Мекеним Кыргызстан» с/п) | Жеке ишкер | №6, 07.03.2021-ж | |
Аксы району | |||||
6 | Ш. Назаралиев айылдык | Мыктарбеков Дооронкул | Убактылуу иштебейт | №2, 08.02.2021-ж | |
Ош облусу | |||||
Кара-Кулжа району | |||||
7 | Кара-Кулжа айылдык | Бийзаев Келдибек Четинбаевич | Жеке ишкер | №7, 01.03.2021-ж | |