Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-марты № 75
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "каршы", жетекчиси - Карасартова Р.Р.)
2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 10 адам, жетекчиси Карасартова Р.Р. башында турган "каршы" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-12/823) келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 1-катар номери менен курамы 10 адамдан, жетекчиси Карасартова Рита Рахмановна башында турган "каршы" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-мартындагы № 75 токтомунун тиркемеси |
№ 1 "каршы" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | ФАА | Туулган датасы |
1 | Карасартова Рита Рахмановна (жетекчиси) | 25.12.1975 |
2 | Акунова Гульнура Бейшебековна | 20.02.1967 |
3 | Бирюкова Виктория Александровна | 09.05.1995 |
4 | Иманалиева Медина Эрнисовна | 25.04.1996 |
5 | Макенбаева Бурул Джээнбековна | 19.01.1959 |
6 | Мамырбаева Касиет Нурбековна | 31.12.1999 |
7 | Нурбаев Эркинбек Русланович | 14.01.1992 |
8 | Труханова Ольга Юрьевна | 19.02.1990 |
9 | Усманалиева Бурулкан Матиевна | 08.03.1977 |
10 | Чакиев Азамат Асылбекович | 10.06.1973 |