Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-марты № 82
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 8 "макул", жетекчиси - А.А.Пулатов)
2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 12 адам, жетекчиси А.А.Пулатов башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/853) келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 8-катар номери менен курамы 12 адамдан, жетекчиси Пулатов Азамат Акбаралиевич башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. № 8 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жасын кызы Мадина катталсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
төрагасынын орун басары А.Бекматов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 82 токтомунун тиркемеси |
№ 8 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | ФАА | Туулган күнү |
1 | Пулатов Азамат Акбаралиевич (жетекчиси) | 11.03.1987 |
2 | Азизбаев Асылбек Сейитбекович | 14.07.1979 |
3 | Баратов Рысбек Пардабайевич | 04.05.1979 |
4 | Жасын кызы Мадина | 05.02.1997 |
5 | Казыев Алишер Каримбердиевич | 03.09.1994 |
6 | Нурматов Бахтияр Бахапович | 23.03.1969 |
7 | Орунбаев Эмилбек Сматыллаевич | 25.01.1985 |
8 | Саматов Уланбек Каликулович | 22.01.1987 |
9 | Саттаров Бекмурат Абдусаламович | 01.10.1981 |
10 | Суюнбаев Орозали Сабырович | 15.06.1983 |
11 | Ибрагимов Заитбек Кубанычбекович | 10.03.1990 |
12 | Иманкулов Абдипатта Мадалиевич | 15.05.1968 |