Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-марты № 91
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгү Жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021- жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жала референдум өткөрүү боюнча Миссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021 - жылдын 11 - апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын шын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү эл аралык байкоочунун мандатына ылайык 1,2,3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү жана пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмү аккредитация жөнүндө берилген арыздарга ылайык эл аралык байкоочунун күбөлүктөрүн даярдоону уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетаына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Респубюликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2021-жылдын 26 - марты № 91 токтомуна
2021 – жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү
Эл аралык байкоочунун күбөлүгү - анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.
Күбөлүк түсүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө келтирилди.
Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта КР БШКынын логотиби жайгашкан.
Ортосунда «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы» деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумун логотиби жайгашкан.
Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, күбөлүктүн колдонуу шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: «Эл аралык байкоочу», эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атаынын аты, өкүлү болуп саналган уюмдун аталышы.
Андан кийин КР БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал КР БШКнын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт.