Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-апрели № 99
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ислам Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү, Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 токтомуна тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/м | күб. № | Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Кызмат орду |
1 | 015 | Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) | Ахмед Сарир | Мальдив Республикасы | Делегациянын башчысы, Элчи |
2 | 016 | ИКУ | Шакир Махмуд Бандар | Ирак Республикасы | Элчи, делегациянын мүчөсү |
3 | 017 | ИКУ | Намиг Хусейнов | Азербайжан Республикасы | Элчи, делегациянын мүчөсү |
4 | 018 | ИКУ | Алотаиби Саллал Альхамаидис | Сауд Арабия | Делегациянын мүчөсү |
5 | 019 | Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясы (МШК) | Даштевски Александар | Македония Республикасы | МШКнын төрагасы |
6 | 020 | Македония Республикасынын МШКсы | Стояноски Бобан | Македония Республикасы | МШКнын мүчөсү |
7 | 021 | Македония Республикасынын МШКсы | Лога Кренар | Македония Республикасы | МШКнын мүчөсү |
8 | 022 | Македония Республикасынын МШКсы | Ристовски Оливер | Македония Республикасы | МШКнын мүчөсү |
9 | 023 | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Маэда Сигеки | Япония | Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи |
10 | 024 | Япониянын Элчилиги | Идзицу Сатоши | Япония | Япониянын Элчилигинин экинчи катчысы |
11 | 025 | Япониянын Элчилиги | Ямагути Юдзи | Япония | Япониянын Элчилигинин үчүнчү катчысы |
12 | 026 | Япониянын Элчилиги | Симидзу Минори | Япония | Япониянын Элчилигинин атташеси |