ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын №49 «Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Токтому

Редакция20.05.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 49           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер            кызматчыларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Коргоо  министрлигинин   кошундарын   жанабөлүктөрүн  азык-түлүк менен камсыздоо системасын өркүндөтүү максатындажана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыр-гыз  Республикасынын  Мыйзамынын  24-беренесинин 3-бөлүгүн көњүлгө алууменен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине чакырылуучу мобили-зациялык резервдин аскер кызматчылары үчүн тамактанууну Кыргыз  Респуб-ликасынын Коргоо министрлигинин чарбалык эсептик түзүмдүк бөлүмдөрү ар-кылуу белгиленген нормалар боюнча келишимдик негизде уюштурууга уруксатберилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги квартал  сайын  тамакаш продуктуларына бааларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ан-тимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашып  тур-сун.     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынКоргоо министрлигине жүктөлсүн.     4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева