Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-августу № 175
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Москва, Кара-Көл жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ысык-Көл, Москва, Кара-Көл жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл, Москва жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Ысык-Көл жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-августундагы № 175 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Тамчы айылдык | Иманалиев Нурбек Табынович | Өз арызы | № 16, 21.08.2020-ж. |
2 | Бостери айылдык | Учкурткаев Замир Турдубекович | Өз арызы | |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
3 | Биринчимай айылдык | Назаров Хайрулло Сайфуллоевич | Өз арызы | № 7, 14.08.2020-ж. |
4 | Александровка айылдык | Мырзабеков Улан Болотбекович | Өз арызы | № 18, 18.08.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
5 | Жалал-Абад шаардык | Ормоков Эрнисбек Абдижалилович (№ 1) ("Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 43/39, 20.08.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-августундагы № 175 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл району | ||||
1 | Кара-Көл шаардык | Түркбаев Айбек Бактыбекович (№ 31) ("Энергетик" с/п) | Өз арызы | № 11, 21.08.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-августундагы № 175 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Тамчы айылдык | Максутов Нурлан Ногойбаевич | Убактылуу иштебейт | № 16, 21.08.2020-ж. |
2 | Бостери айылдык | Солтонбаев Кенжебек Аскерканович | ОФ "Адеп булагы" | |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
3 | Биринчимай айылдык | Казыкеев Бактияр Элчибекович | Жеке ишкер | № 7, 14.08.2020-ж. |
4 | Александровка айылдык | Шамурза Арли Мухамеевич | Мурап, АВП | № 18, 18.08.2020-ж. |