Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-сентябры № 196
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-августундагы "Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 25 чечими тууралу
Ош шаарында иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 15-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-августундагы "Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 25 чечими бекитилсин.
2. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Ош шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн участкаларынын даректери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош аймактык шайлоо комиссиясы кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын 2020-жылдын 7-сентябрына чейин түзсүн.
4. Ош шаарынын мэриясы 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электроэнергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 196 токтомуна тиркеме |
Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун тизмеси
№ | Кошумча УШКнын номери | Жайгашкан жери | УШК жайгашкан имараттын аталышы |
№ 1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
1 | № 5905 (кошумча шайлоо участогу) | “Туштук-Кыргыз геологиялык экспдициясы” мамлекеттик ишканасы | Суюнбаев көчөсү, 43 |
№ 2 "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
2 | № 5906 (кошумча шайлоо участогу) | "Айданек" балдар бакчасы | Ленина көчөсү, 340 |
3 | № 5907 (кошумча шайлоо участогу) | № 4 Киров атындагы мектеп-гимназиясы | Ленина көчөсү, 311 |
4 | № 5908 (кошумча шайлоо участогу) | "Асан-Үсөн" жеке ишканасы | Мамыров көчөсү, 88а |
№ 3 "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
5 | № 5909 (кошумча шайлоо участогу) | №62 "Каныкей" балдар бакчасы | "Кулатов" кичи району, 19а-1 |
6 | № 5910 (кошумча шайлоо участогу) | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филиалы | "Черемушки"кичи району, Моминов көчөсү, 148а |
№ 4 "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
7 | № 5911 (кошумча шайлоо участогу) | Ош мамлекеттик юридикалык институту | И.Раззаков көчөсү, 19-1а |
8 | № 5912 (кошумча шайлоо участогу) | Ош медициналык колледжи (1 корпус) | У.Салиева көчөсү, 57 |
№ 5 "Амир-Темир" муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
9 | № 5913 (кошумча шайлоо участогу) | № 1Федченко атындагы орто мектеби | Целинная көчөсү, 4 |
№ 6 "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгы | |||
10 | № 5914 (кошумча шайлоо участогу) | Кесиптик лицейи | Шакиров көчөсү, 80 |