Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-сентябры № 225
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын (1-тиркеме).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 токтомуна |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/м | күб № | Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу | Ф.А.А. | Өлкө | Кызмат орду |
1 | 066 | Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы | Постивый Сергей Александрович | Украина | Украинанын БШК мүчөсү |
2 | 067 | Украинанын БШК | Шараг Екатерина Дмитриевна | Украина | Украинанын БШК Секретариатынын жетекчиси |
3 | 068 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Харази Саид | Иран Ислам Республикасы | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
4 | 069 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Ростамиян Таги | Иран Ислам Республикасы | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи кеңешчиси |
5 | 070 | Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгү | Хайне Ронни Дирк | Германия Федеративдик Республикасы | Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | 071 | ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) | Покраяц Саша | Сербия Республикасы | ЕККУ ДИУАБ узак мөөнөттүү байкоочулардын координатору |
7 | 072 | ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) | Ханжин Андрей Сергеевич | Россия Федерациясы | ДИУАБ Миссиясынын улуттук азчылыктар маселелери боюнча эксперт |
8 | 073 | Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчилиги | Карстенс Андрэ | Нидерланд Королдугу | Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчиси |
9 | 074 | Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгү (IFES) | Левовски Рената Василевна | Молдова Республикасы | Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгүнүн директору (IFES) |
10 | 075 | Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлчүлүгү | Хонг Ын Хе | Корея Республикасы | Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары |
11 | 076 | Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Сироткин Сергей Никанорович | Россия Федерациясы | Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
12 | 077 | Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Абдусаломов Мирза-Улугбек Элчиевич | Өзбекстан Республикасы | Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы |
13 | 078 | Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Алимов Шерзод Батырович | Өзбекстан Республикасы | Өзбекстан Республикасынын БШКнын МКТ бөлүмүнүн башчысы |
14 | 079 | Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Френкель Галина | Израиль | Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Консул |