Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 234
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн, Токтогул жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн, Токтогул жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн, Токтогул жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн, Токтогул жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-сентябрындагы № 234 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Сокулук айылдык | Бахтыбаев Бахтияр Согушпекович | Жеке арызы | № 6, 18.09.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
2 | Кажы-Сай айылдык | Асаналиева Гулмира Шейшеевна | Каза болгондугуна байланыштуу | № 14, 18.08.2020-ж. |
Балыкчы шаары | ||||
3 | Балыкчы шаардык | Алиев Максат Согушбекович (№ 4) ("Ата-Журт" деп. фракциясы) | Каза болгондугуна байланыштуу | № 37, 14.09.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Куршаб айылдык | Эшматов Каныбек | Каза болгондугуна байланыштуу | № 14, 17.09.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
5 | Э.Аралбаев айылдык | Ажыбаев Толукбек Бектурсунович | Жеке арызы | № 17, 21.09.2020-ж. |
6 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Сманова Гүлбайра Бабановна | Жеке арызы | № 19, 21.09.2020-ж. |
Чаткал району | ||||
7 | Каныш-Кыя айылдык | Кудайкулов Айбек Обганович | Жеке арызы | № 6, 21.09.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-сентябрындагы № 234 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Сокулук айылдык | Исагалиев Мирлан Карыпбекович | Убактылуу иштебейт | № 6, 18.09.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
2 | Кажы-Сай айылдык | Абдыкеев Алмазбек Сартбаевич | Бала бакча, чарба башчысы | № 14, 18.08.2020-ж. |
Балыкчы шаары | ||||
3 | Балыкчы шаардык | Култашев Чынгыз Фазылович (№ 13) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | Кумтор Оперейтинг, коопсуздук кызматы | № 37, 14.09.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Куршаб айылдык | Кыргызбаев Суюн Жумабаевич | Пенсионер | № 14, 17.09.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
5 | Э.Аралбаев айылдык | Ɵмөров Анаржан Аскерович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 18, 21.09.2020-ж. |
6 | Кызыл-Өзгөрушский айылдык | Көкүмов Жуманалы Бекович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 20, 21.09.2020-ж. |
Чаткал району | ||||
7 | Каныш-Кыя айылдык | Жолдошов Муратбек Акимбекович | "Вертекс Голд" компаниясынын райондук өкүлү | № 7, 21.09.2020-ж. |