Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-сентябры № 697
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 697 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Суу айылдык | Райышбеков Курсантбек Шереманович | Өз арызы | № 65, 30.08.2021-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
2 | Бешик-Жон айылдык | Олжобаева Нуржамал Курманбековна | Өз арызы | № 76, 08.09.2021-ж. |
3 | Базар-Коргон шаардык | Камалдинов Адылбек Камалдинович | Өз арызы | № 77, 10.09.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Төрт-Көл айылдык | Абакиров Данияр Жанболотович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 94, 10.09.2021-ж. |
5 | Дөң-Булак айылдык | Хасанова Суйумкан Бекмуратовна | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 94, 10.09.2021-ж. |
Ноокат району | ||||
6 | Төөлөс айылдык | Аширматов Нургазы Арзыматович | Өз арызы | № 53, 11.09.2021-ж. |
7 | Досбаев Аскарбек Асаталлаевич | Өз арызы | № 53, 11.09.2021-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 697 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
1 | Төрт-Көл айылдык | Алмазов Апастан | Өз арызы | № 94, 10.09.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 697 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Суу айылдык | Чыныбеков Арстанбек Манасович | Убактылуу иштебейт | № 65, 30.08.2021-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
2 | Бешик-Жон айылдык | Аширова Гүлзар Акимбердиевна | Жеке ишкер | № 76, 08.09.2021-ж |
3 | Базар-Коргон шаардык | Юсупов Уланбек Манапович | Жеке ишкер | № 77, 10.09.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Төрт-Көл айылдык | Ысмайылов Эмил Ысмайылович | Жеке ишкер | № 95, 10.09.2021-ж. |
5 | Дөң-Булак айылдык | Айдошева Сабирахан Маматамимовна | Жеке ишкер | № 95, 10.09.2021-ж. |
Араван району | ||||
6 | Төөлөс айылдык | Төроев Мамат Эргешович | Төөлөс жайыт комитетинин төрагасынын орун басары | № 53, 11.09.2021-ж. |
7 | Жапарова Тажихан | Аялдар кеңешинин төрайымы | № 53, 11.09.2021-ж. | |