Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-сентябры № 704
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Ысык-Көл, Балыкчы, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ош, Ысык-Көл, Балыкчы, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Ысык-Көл, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Ош, Ысык-Көл, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Ысык-Көл, Араван, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы № 704 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Эргешов Бекмурза Аскарбаевич (№ 7) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 47, 01.09.2021-ж. |
2 | Исмаилов Нурбек Даткабаевич (№ 11) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 47, 01.09.2021-ж. | |
3 | Кокочоров Долатбек Курманбекович (№ 17) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 47, 01.09.2021-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
4 | Кара-Ой айылдык | Талайбек уулу Бакыт | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. |
5 | Кумбел айылдык | Арыкпаев Алмаз Сыртбаевич | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. |
6 | Темиров айылдык | Малабеков Кылычбек Шукурбекович | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. |
7 | Семенов айылдык | Тентимишев Султан Таалайбекович | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. |
8 | Момбеков Бактыбек Карыпович | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. | |
9 | Абдрахманов айылдык | Жумабаев Данияр Туратбекович | Өз арызы | № 43, 11.09.2021-ж. |
10 | Чолпон-Ата шаардык | Нарынбек уулу Адилет (№ 1) ("Ата-Журт" деп. фракциясы) | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызматка дайындалган | № 44, 11.09.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
11 | Керме-Тоо айылдык | Эшматов Рахманали Суюмбаевич | Өз арызы | № 27, 15.09.2021-ж. |
Ноокат району | ||||
12 | Ноокат шаардык | Азимова Зарифа Жураевна (№ 6) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 54, 18.09.2021-ж. |
Кара-Суу району | ||||
13 | Кара-Суу шаардык | Полотов Жаныбек Токтосунович (№ 19) ("КСДП" саясий партиясы) | Өз арызы | № 70, 17.09.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы № 704 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Сапарбекова Бегайым Сапарбековна (№ 9) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | № 47, 17.09.2021-ж. |
2 | Нарынбекова Гульзат Нарынбековна (№ 12) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | № 47, 17.09.2021-ж. | |
3 | Усубалиева Салтанат Дүйшенбековна (№ 15) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | № 47, 17.09.2021-ж. | |
4 | Рысалиева Эльнура Турарбековна (№ 18) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | № 47, 17.09.2021-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы № 704 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1 | Ошский шаардык | Баетов Болотбек Талайбекович (№ 20) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | Ош ш., адвокаттардын коллегиясы "Я и Закон", адвокат | № 48, 07.09.2021-ж. |
2 | Бакир уулу Шахназар (№ 23) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | ЖЧК "Сапат Глобал", директор | № 48, 07.09.2021-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
3 | Кара-Ойский айылный | Укаев Адилет Бейшебекович | КО "Кара-Ой жаштар ынтымагы", директор | № 43, 11.09.2021-ж. |
4 | Кумбельский айылный | Акелеева Динара Доскалиевна | Орто мектеп, мугалим | № 43, 11.09.2021-ж. |
5 | Темировский айылный | Исмакеев Калыс Тулобаевич | № 82 ПЛ, мугалим | № 43, 11.09.2021-ж. |
6 | Семеновский айылный | Чунуров Аскат Доктурбекович | Убактылуу иштебейт | № 43, 11.09.2021-ж. |
7 | Семеновский айылный | Токишев Бактияр Толомбекович | АВП, сууну бөлүштүрүүчү | № 43, 11.09.2021-ж.. |
8 | Абдрахмановский айылный | Исмаилов Токтобек Турдубекович | Дыйканчы | № 43, 11.09.2021-ж. |
9 | Чолпон-Атинский городской | Орозгожоев Марс Бектурович (№ 4) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | ЖЧК "Орозгожоев", директор | № 44, 11.09.2021-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
10 | Керме-Тооский айылный | Адан уулу Акылбек | "Адан" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 27, 14.09.2021-ж. |
Ноокат району | ||||
11 | Ноокат шаардык | Асанова Насиба Акимовна (№ 9) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | "Махман-ажы" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 54, 18.09.2021-ж. |
Кара-Суу району | ||||
12 | Кара-Суу шаардык | Сатыкулов Белек Исабекович (№ 25) ("КСДП" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 70, 17.09.2021-ж. |