Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 19-июну УӨ №93 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык) Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы ба-шаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жаранда-рына материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтү токтом кылат: 1. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпыбашаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жаран-дарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө тиркелгенжобо бекитилсин. 2. Атайын эсепти башкаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010
-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарын-
дагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө»
Жарлыгы менен түзүлгөн Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы
кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссияга жүктөлсүн.
(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министрине. (2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 токтому менен бекитилген Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө ЖОБО (2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор II. Атайын эсепти түзүүнүн булактары III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби IV. Жабыр тарткан жарандарга акча каражаттарын которуу боюнча ишти уюштуруу I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болупөткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республи-касынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин ка-ражаттарын пайдалануунун тартибин жөнгө салат. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы
№ 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу
боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча
ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия)
атайын эсептин каражаттарын тескөөчү болуп эсептелет.
(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык) 3. Атайын эсептин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контрол-доону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык) II. Атайын эсепти түзүүнүн булактары 4. Атайын эсепти түзүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт: - мамлекеттик жана жеке ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жанажеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан; - кайрымдуулук салымдарынан жана жеке, юридикалык жактардын, аныничинде чет өлкөлүк жактардын кайрымдуулук берүүлөрүнөн; - Эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынан; - бюджеттик эмес башка акчалай түшүүлөрдөн. III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби 5. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ жана Ош, Жа-лал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандык-тын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социал-дык колдоо үчүн гана арналган. Атайын эсептин каражаттарын башка максаттарда пайдаланууга жол бе-рилбейт. 6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимди ведомстволор
аралык комиссия же ушул Жобонун 9-пунктунда каралган учурларда ведомстволор
аралык комиссиянын төрагасы кабыл алат.(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык)
7. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтар ведомст-
волор аралык комиссия тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында ай сайын
жарыяланууга тийиш. IV. Жабыр тарткан жарандарга акча каражаттарын которуу боюнча ишти уюштуруу 8. Ведомстволор аралык комиссияОш, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарындаболуп өткөн жалпы башаламандыктардын кесепетинен жабыр тарткан жаран-дарга материалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча өз ишин заседаниеөткөрүү жолу менен жүргүзөт. Республикалык штабдын заседаниелери зарыл-дыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
(2010-жылдын 10-августундагы №155
токтомунун редакциясына ылайык)
9. Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө ведомстволор аралык
комиссиянын чечими ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы
санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ага ведомстволор
аралык комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана тиешелүү чечим менен таризделет.Ошол эле учурда: - ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы ведомстволор аралык комиссиянын
мүчөлөрүнүн макулдугусуз эле, өз алдынча оперативдүү тартипте атайын эсептен 500000(беш жүз мињ) сомго чейинки же 10000 (он мињ) АКШ долларына чейинкисуммадагы каражаттарды бөлүп берүүгө укуктуу; - 500000 (беш жүз) мињ сомдон ашык же 10000 (он мињ) АКШ доллары-нан ашык каражаттар атайын эсептен ведомстволор аралык комиссиянын чечими
боюнча бөлүнөт. Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын
же төраганын чечимин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы минист-рлигинин Борбордук казыналыгына жиберилет. 10. Кабыл алынган чечимге макул болбогон ведомстволор аралык комиссиянынмүчөсү өзгөчө пикирин тиешелүү кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. 11. Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсызкылуу мамлекеттик агенттиги Республикалык штабдын чечимине ылайык мате-риалдык жардам көрсөтүү үчүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаа-рындагы жабыр тарткан жарандардын тизмесин түзүшөт жана жабыр тартканжарандар жөнүндө маалыматтардын туура жана так толтурулушуна жооп бе-рет. 12. Жабыр тарткан жарандарга акча каражаттарын которуу боюнча иштиуюштуруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казы-налыгына жүктөлөт. 13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казы-налыгы атайын эсептеги акча каражаттарынын эсебин алууну жүргүзөт жанаатайын эсептин каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту ведомстволор
аралык комиссия берүү үчүн зарылдыгына жараша түзөт. 14. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын социал-дык саясат бөлүмү Республикалык штабдын уюштуруучулук жана башка иште-рин камсыздоо боюнча жумушчу орган болуп эсептелет.