Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-августундагы № 155
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Атайын эсепти башкаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссияга жүктөлсүн;
- 3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн социалдык саясат боюнча координатору Э.С.Ибраимовага» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министрине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «республикалык штаб» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «ведомстволор аралык комиссия» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) атайын эсептин каражаттарын тескөөчү болуп эсептелет.»;
3-пункттагы «Убактылуу» деген сөз алып салынсын;
6-пункттагы «штабдын» деген сөз «ведомстволор аралык комиссиянын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункттагы «эки жолудан» деген сөздөр «бир жолудан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 447 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |